asmera
- Кыймылы жок
- 494 (0,1 )
- Дин жана философия (232 )
- 05 Февраль 13
- 13 890
08 Янв 2018 09:30
- Активист
- 38
- 10, 1987
- Жынысы:
-
- Калаасы:
- ОБН
-
unt_75 
12 Фев 2019 - 05:40 -
Алина Айдарбе... 
11 Авг 2017 - 10:29 -
aziret-92 
06 Авг 2017 - 11:16 -
no.comment 
06 Авг 2017 - 05:08 -
Bek_abad 
06 Авг 2017 - 00:38 -
-NURIK- 
05 Авг 2017 - 18:15 -
gulzar_gulu 
05 Авг 2017 - 13:26 -
izdeim.seni 
20 Мар 2017 - 22:15 -
akysya 
06 Мар 2017 - 00:05 -
guard 
06 Фев 2017 - 22:43
-
Конфуций институтуна со-директор керек
3 Мар 2017
Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети 1-марттан 14-мартка чейин КУУнун алдындагы Конфуций институтунун со-директорлук кызматына сынак жарыялайт.
Сынакка катышуучуларга төмөндөгүдөй талаптар коюлат:
- Билими: кесиптик жогорку билим ("Лингвистика" багыты "Кытай тили" профили же "Чөлкөм таануу" багыты "Кытай таануу" профили боюнча "магистр" академиялык даражасы сөзсүз болушу керек)
- Иш стажы: илимий-педагогикалык стажы барларга артыкчылык берилет.
Талапкерлер төмөндөгүлөрдү билиши керек:- Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик жана кошумча билим берүү боюнча мыйзамдарын жана башка укуктук-ченемдик актыларын;
- Кыргыз Республикасынын билим берүү системасын өнүктүрүүнүн приоритеттүү багыттарын;
- билим берүү системаларын башкаруунун принциптерин;
- билим берүү технологияларын колдонуунун жолдорун;
- билим берүүнүн мамлекеттик стандарттарын;
- окутууну уюштуруунун мазмунун жана принциптерин;
- менеджменттин жана персоналды башкаруунун негиздерин.
- институттун саясатын, процедураларын, жоболорун, стандарттарын ж.б.у.с. регламенттик документтерин иштеп чыгуу
- кытай тили курстарына келгендер менен иштөөнүн системасын уюштуруу
- кытай тилинен сабак берген волонтерлор менен иштөөнү уюштуруу
- ар түрдүү багыттагы белгилүү адистердин катышуусу менен билим берүү иш-чараларын, семинарларды уюштуруу,
- билим берүүнүн заманбап технологияларын окуу прцессине киргизүү
- күнүмдүк жана жыйынтык отчетторду түзүү, иштин жыйынтыктарын талдоо
- аты- жөнүн, билим деңгээлин (кесиптик кайра даярдоонун деңгээлин көрсөтүү менен), иш тажрыйбасын, билгичтиктерин, байланыш маалыматтарын (телефон, эл. почта, жашаган жери д.б.у.с.) жана башка өзү каалаган кошумча маалыматтарды камтыган резюме
- кытай тилин чет өлкөлөрдө таратуу боюнча Мамлекеттик канцеляриянын (кыскача - Ханьбань) талаптарына жооп бере турган кытай тилин билүү деңгээли көрсөтүлгөн сертификат (HSKнын 6-деңгээлинен төмөн эмес)
- Конфуций институтун келечекте өнүтүрүү боюнча проект
- " Лингвистика" багыты "Кытай тили" профили же "Чөлкөм таануу" багыты "Кытай таануу" профили боюнча жогорку билим тууралуу диплом (бакалавр жана магистр).
КУУнун алдындагы Конфуций институтунун директорлук кызматына сынак төмөндөгүдөй өткөрүлөт:
1. 2017-жылдын 14-марты саат 17:00гө чейин талапкерлер өздөрүнүн документтерин КУУнун жалпы бөлүмүнө жиберишет.
2. Жөнөтүлгөн документтердин негизинде атайын комиссия алдын ала тандоо жүргүзөт.
3. Тандоо турунан өткөн талапкерлердин тизмеси КУУнун жалпы бөлүмүндө илинип, аларга кийинки, маектешүү, туруна чакыруу жөнөтүлөт.
4. Маектешүү Конфуций институтун Башкаруу Кеңешинин отурумунда 31-мартка чейин жүргүзүлүп, ал жерде тандалып алынган талапкерлер институтту өнүтүрүү боюнча өз проекттерин көрсөтүшөт.
5. Маектешүүнүн жана проекттерди көрсөтүүнүн жыйынтыгын эске алуу менен Комиссия сынактан өткөн талапкер боюнча чечим кабыл алат. Сынактын жеңүүүсү 2017-жыдын 1-апрелинен баштап КУУнун алдындагы Конфуций институтунун директорлук кызматына дайындалат.

Супер-Инфо
super.kg
видео



Мобилдүү версия
asmera