Суперстан: aikow92 - Профилди кароо

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Профилди кароо
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток

aikow92 Өздүк маалымат Рейтинг: *****

aikow92 фотография
  • Билдирүүлөрүн табуу Колдонуучунун билдирүүлөрүн табуу
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Билдирүүлөр:
1 439 (0,32 күнүнө)
Активдүү форуму:
Суперстан (191 билдирүүлөр)
Катталган:
07 Февраль 13
Кароолор:
38 063
Соңку аракети
Пользователь офлайн 11 Май 2017 09:11
Учурда:
Offline

Маалымат

Статус:
Активист
Жашы:
33 жашта
Туулган күнү:
Январь 1, 1992
Кызыгуусу:
Белгисиз
Жынысы:
Белгисиз Белгисиз
Калаасы:
Белгисиз

Байланыш маалыматтар

E-mail:
Жашыруун
  1. Статустагы өзгөрүүлөр
  2. Мен жөнүндө
  3. Темалар
  4. Билдирүүлөр
  5. Блог

Мен ачкан темалар

  1. Кызыңарды аягыла...

    Жазылган күн: 25 Окт 2015

    Буга чейинки "Эгер кыргыздын аялы мал болбосо", "Апама менин колуктум келиндик милдетти аткарбайт" деген колонкалардын автору Данияр Айтмандын блогу. (Бул автор Данияр Айтман дегенди тушундурот)
  2. Апама "менин колуктум келиндик милдетти аткарбайт дедим

    Жазылган күн: 28 Сен 2015

    Мен башынан эле апама айтканмын: менин колуктум «келиндик милдетти» аткарбайт деп. Ошол сөзүмө бүгүнкү күндө бек турам.

    Мен колуктума карата айтылган бирөөнүн сын-пикирин жактырбайм. Себеби, менин колуктум – менин жасаган негизги тандоом, менин эң чоң жеңишим, менин бакытым, менин ийгилигим. Колуктумду бирөө айыптап, аны капалантса – бул мен үчүн эң чоң ызалык. Автору - Данияр Айтман.

  3. Эгер кыргыздын аялдары мал болбосо...

    Жазылган күн: 24 Сен 2015

    Бул жаман угулушу мүмкүн, бирок мен эркек болуп жаралганыма сүйүнөм. Анткени Кыргызстандагы аялдар малдан дагы арзан турушат, аларды эч ким баалабайт.

    Кадимки бээ үчүн миң доллардан кем эмес акчаны төлөш керек. sapiens бээсин күндүзү эле эшиктен сүйрөп келип, короого байлап, көңүлүн алуу үчүн шириндик, жем берип койсоң болот.

    Кыргызстанда жыл сайын миңдеген кыздарды ала качышат. Изилдөөчүлөрдүн баамында өлкөдөгү айымдардын көпчүлүгү ала качуу менен турмушка чыгышкан. Кордук, зомбулук көргөн аял коомчулукка жан дүйнөсүн арнаган партиот баланы тарбиялай алабы? Андай аял жапайы, кул жана малайларды гана тарбиялашы мүмкүн.

    Кыз алакачууну токтотууга каршы күрөш жүргүзүү боюнча кайсы бир партиянынпрогарммасынын биринчи катарында же алдыңкы катарына киргизилиппи? ,- деп суроосалдым. Улуттун көбөйүшүн шарттагандарды уурдаган браконьерлерди бычып же аздегенде 20 жылга эркинен ажыратуу керек.

    Эгер кыргыз аялдары мал болбосо – анда эмне үчүн бактысыз келинди көргөн туугандары, достору, коңшулары көрмөксөн болуп, тескери бурулушат. Эмне үчүн милиция адам уурдоолорду карабайт, жабырлануучуларды коргобойт. Эмне үчүн кыз ала качуу боюнча камалган адамдын мөөнөтү кой уурдаган адамдын мөөнөтүнөн аз.

    Эгер кыргыз кызы мал болбосо – эмне үчүн ар бир жаш кыргыз кыздын, койчунун кызынан тартып шаардагы студент кызга чейинкилердин баркы кыздык белги менен ченелет.

    Эгер кыргыз аялдары мал болбосо – эмне үчүн жаңы келиндин кош бойлуу экендигин сурап, текшеришет? Эмне үчүн 20 жаштан өткөн турмушка чыга элек кыздарды кара далы катары санашат? Эмне үчүн 30 жаштагы өзүн өзү толук камсыздай алган кыздарды оорулуудай сөөмөй менен көрсөтүшөт? Ал сөзсүз түрдө түрү суук болсо да бир дөбөткө тийиши керекпи?

    Эгер кыргыз аялдары мал болбосо – эмне үчүн эркектердин уруп-согуу, кемсинтүү, көзгө чөп салуусуна карабай малай катары жашоосун өткөрүшөт?

    Шаардагы каалаган кыргыздан “аял биринчи орундабы же ата-энеби деп сурап көрсөңөр. Ал “албетте ата-эне да. Алар жалгыз. Ал эми аялды алмаштырса болот” деп жооп берет.

    12 жыл мурун европалык курсташтарым менен бирге бир залда кыргыз кыздарын ала качканы тууралуу даректүү тасма көргөндө мен уялдым. Мени менен чогуу окуган кыз келип “үйлөнөрдө эч качан кыз ала качпайм деп сөз берчи” дегенде уялганымдан денемди тер басып кетти.

    Ошондон тартып кайсыл жерде болбоюн чет өлкөлүктөр менен Кыргызстан тууралуу сүйлөшкөндө мен Кыргызстан – бул аялдарды мал сыяктуу уурдаган өлкө экенин мойнума алып келем.

  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 17 Июн 2025 12:00

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: