Meeri777
-
Ийгилик сыры
7 Июл 2017
"Жашоо эмне, кантип жашап, кантип выживать этиш керек" деген сыяктуу ойлор окууну бүткөндө гана келди. Ага чейин мектепте мыкты окусам да, эч нерседен капарым жок кадимки жашоо эле. Ар дайым чечимди өзүм чыгарып, каалаган нерсемди кылчумун. Албетте, ата-энем да кеңешин аябайт. Бирок акыркы чечим менде болуп, алардан "кызым, жакшылап ойлон, кийин өкүнүп калбагандай болсон болду. Биз сени кандай учур болбосун колдоп турабыз" деген сөздөрдү укчумун. Бардык абитуриенттер сыяктуу эле окуу жай тандоо оңойго турган жок. Ошентсе да өз кыялдарымды ишке ашыруу максатында туризм тармагына тапшырдым. Май, июндарда ата-энесин ээрчиген жаштарды көп көрөт эмеспизби. Аларды көрүп, эмнеге меникилер жанымда жок, эмнеге мени жетелеп алып барып, бир окууга киргизип коюшпайт деп капа боло да түшкөм. Азыр ойлосом, турмуш жолуна өз алдынча болууга үйрөнсүн дешкен го. Көпчүлүк учурда көк беттигим менен каалаганыма жетем. Билбейм жакшыбы же жаман сапатпы? Бирок көп учурда жардамы тийди. Жолум болбой баратса да көгөрүп, "мен жетишим керек, колумдан келет" деп өзүмдү күчтүү сезип алчумун. Анан да апамдан калса керек, китепти көп окудум, тарбия, жашоо-турмуш, маалымат, деги эле көп нерсени ошол китептен үйрөндүм. Азыр болсо чет жакта өз кесибим менен иштеп жатам. Жаштын тилегин берет экен. Кыялдарымдын көбү ишке ашып келет, Жаратканга миң мертебе ыраазымын. Ата-энемдин тарбиясы, өзүмдүн айтканымдан кайтпагандыгым ийгилик дебесем да жакшы жашоо үчүн чоң салымын кошту.
Meeri777

Супер-Инфо
super.kg
видео



07 Окт 2019 14:37
Мобилдүү версия
Meeri777
19 Фев 2013 - 16:55