Aikewa
- Кыймылы жок
- 577 (0,12 )
- Жүрөк сыры (229 )
- 20 Февраль 13
- 25 080
13 Ноя 2024 04:06
- Активист
- 75
- 12, 1950
- Жынысы:
-
- Калаасы:
- Сеул
-
Монолог
26 Июл 2023
Көрдүм))) Сиз мени байкаган жоксуз( Чарчагандай көрүндүнүз, шашпай басып өтүп кетиниз. Ортобузду бир жука Айнек бөлүп турду. Токтосонуз, шашпасаныз деп айткым келди…
Мейли ушул деле мага жетиштүү, алыстан кааранынызды көрүп турсам… -
Монолог
1 Май 2023
Мен сүйгөн көздөрүңүз жамандык көрбөсүн, ден соолугуңуз бекем болуп, Кыргыз элим үчүн кызмат кылып жүрө бериңиз. Ар дайым ийгилик коштоп жүрсүн, Эң бактылуу инсандардан болуңуз. Кош болуңуз!
Сизди унуткан жокмун… Бул аралыкта, жашоомдо коптогон озгоруулор болсо да Сизди унуткан жокмун…
Кудайга мин мертебе шугур, сонун инсандар менен тааныштым, жакшы кесиптеш, жакшы досторду жолуктурдум.
Кеткениме окунбойм, Сизди да кетти дешкенде бир аз тан калдым, бул чечиминизге менин тиешем жок деп ишенем.
Кез кезде көздөрүнүздү, коңур үнүнүздү, кааранынызды сагынам, көргүм келет… Сезимдеримди айтканы күчүм жеткен жок, Сизди жакшы көрөм… -
Мен үчүн эле жазылгандай...
14 Окт 2021
Көрсөм да көрмөксөнгө салгансыймын,
Көңүлдүн көксөгөнүн тангансыймын.
Мертинген тилегиме медер кылып,
Мен Сизсиз жашай албай калгансыймын. -
Монолог
22 Сен 2021
"Кызым" деп башыман сылап эркелеткенинизди эстей албайм, кээде багып алышканбы деген ой келет. Кичинекей кезимде түшүнчү эмесмин, азыр отуздан өтүп билип жатам, энеси менен кызынын мамилесин, бизчи? Бир сырдашып сүйлөшкөн эмеспиз, эсим киргени өзүм менен өзүм, жетелеп мектепке деле алпарган жоксуз, мектепти жакшы окудум, чогуу отуруп сабак даярдаган жокпуз, баягы эле өзүм менен өзүм, мектепти бүтүм, бүтүрүү кечесине деле жалгыз бардым, чоң окуу жайга бюджетке өтүм, иштеп окуп, аны да кызыл диплом менен аяктадым дагы деле жанымда эч ким болбоптур. Чет жака окууга өзүм өтүм анда деле апам мен менен иши жок. Биринчи жолуу каттуу сүйдүм ошондо сиз менен отуруп сырдашкым келген, " ай кызым окуун кандай" деп сурабаптырсыз жигиттер жөнүндө кайдан. Ошол чон сүйүүмөн ажырап уйгө ыйлап келгеним эсимде, бутуңузга башымды коюп ыйлагым келген а сиз укмак турсун эшиктен киргенде эле урушуп... Артымды карасам сизден мактоо деле укпаптырмын, бул ушундай чон энесин тартып, бул кыйратпайт, кебетесин деп кебетемден баштап басканым суйлөгөнүм жакчу эмес. Мына балам акылдуу, жакшы окуйт, менин балам кыйын десениз ошог ишенчүмүн, демек мен мындан да жакшы аракет кылышым керек деп. А атам баарыбызды бирдей эркелетип жакшы көрчү, ойночу, сыймыктанчу, балким атам көп мээрим берген үчүн сизден мээрим деле күткөн эмес окшойм. Баардык энелер ушундай сезилчү. Энеси менен кызынын мамилеси ушундай болот деп ойлочумун, көрсө сырдашып суйлөшуп, башынан сылап эркелетип чачын өрүп...
Апа, азыр мага сырынды айтпайсын, көп суйлөбөйсун деп таарынасыз а мен ушинтип калыптанып калгам өзүм менен өзүм... -
Монолог
21 Сен 2021
Мен сүйгөн көздөрүңүз жамандык көрбөсүн, ден соолугуңуз бекем болуп, Кыргыз элим үчүн кызмат кылып жүрө бериңиз. Ар дайым ийгилик коштоп жүрсүн, Эң бактылуу инсандардан болуңуз. Кош болуңуз!

Супер-Инфо
super.kg
видео




Мобилдүү версия
Aikewa