Eltuzor Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Кыймылы жок
- Билдирүүлөр:
- 99 (0,02 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Адабият жана поэзия (84 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 09 Ноябрь 07
- Кароолор:
- 15 202
- Соңку аракети
07 Янв 2020 00:18
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Карапайым
- Жашы:
- Белгисиз
- Туулган күнү:
- Белгисиз
- Жынысы:
-
Эркек
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- E-mail дарегине кат жазуу
Мага баш баккандар
-
Zaatulilm
27 Сен 2019 - 15:56 -
unt_75
11 Фев 2019 - 12:21 -
nurila.11
01 Окт 2017 - 13:40 -
lazygirl
11 Апр 2016 - 22:31 -
Urmat-1989
06 Ноя 2015 - 23:49
Мен ачкан темалар
-
Кыргыз парк
Жазылган күн: 8 Ноя 2015
Кыргыз парк
Туризмди өнүктүрүү жаатында менин кыялым...
Мисалы, Америкада Диснейланд деген оюн зоокпаркы бар. Өтө атактуу парк. Байкашымча ал ошол дисней мултфилмдеринин урматынатүптөлсө крек. Анан Голливууд бар. Ал жердин өзгөчөлүгү болсо кино тасмалар,актерлорго басым жасалган. Ал эми Динозаврлар доорунун паркында динозавр өңдүүнерселерге көңүл бурулган. А эмне үчүн бизде ошондой нерсе курганга болбосун?
Жок биз динозавр жасабайбыз. Биз Голливуддунже Кыргыз киносунун дагы паркын түптөбөйбүз. Ал биздин колдон келбейт. Эч кимгекызыксыз. Диснейланд болсо түшүбүзгө да кирбейт. Кирбей деле койсун, бизгекереги жок. Бизде андан да сонун, андан да кызык байлык бар. Ооба, өзүбүзбилбеген укмуштуудай байлык бар. Ал «көчмөн маданияты» деген нерсе. Биздекөчмөн паркын кура турган укмуштуудай чоң мүмкүнчүлүк бар. Эмне элестете албайтурасызбы? Эмесе байкап туруңуз. Шашпай ой жүгүртүп элестетип көрүңүз...
Кыргыздын керемет тоолорунун койнундабыжыраган боз үйлөр турат. Кадимки Ормон Хандын, же андан наркы Манастынубагындай эч нерсе аралашпаган кыргыз айылы. (Эми аны уюштуруш оңой эле го) Бозүйлөр бир караганда чачкын көрүнгөнү менен баары ирээттүү. Пландары, жолдорубар. Айылдын кире беришинде атайын тосмо коюлган. Балким ал дагы аркайганнайзалар менен, бакандар менен тосулган. Келген туристтер ал жердегикароолдордон билет алып киришет. Ошону менен алар бүтүндөй көчмөндөрдүнжашоосуна сүңгүп кетти десеңиз да болот. Атка чапчаң минген жигиттерден бирэкөө чаап келип келген мейманды анча азоо эмес атка мингизип алып жөнөйт.Албетте, ал жигиттердин гид экени айтпаса да белгилүү болсо керек. Бирок, бизаны атайылап кыргызча аталыш менен атайбыз. Жандооч же болбосо ат кошчу дейбизаны. Ошентип жандооч мейманды кыргыз айылын аралатып отуруп атайын тигилгенөргөөгө алып барат. Эми бул жерде туристтин төлөмүнө жараша жай берилээритурган кеп. Мисалы, акчалуу болсо бийлердин айлына, ак өргөөлөргө жайгашат.Орто болсо карапайым эл арасына конот. Ал эми андан да ылдыйраак болсо беркижылкычылардын, малчылардын чакан боз үйүнө жайгашат.
Анан ошол келгенден тартып көчмөн жашоосубашталат. Атайын форма берилет. Териден тигилген. Ат мингенге ылайыктуу. Саймаөтүк, жаргак шым, тон, чепкен, тебетей, калпак дегендей. Өзү тандайт аларды. Аткаминишет. Ар бир боз үйдөн ар кандай кыргыздын улуттук оюндарына күбө болот.Жумшак даярдалган аянттарда күрөшкө катышат. А дагы бир жерде жабык аянттакаскадер жигиттер найза сайыш уюштуруп беришет. Ага күбө болот. Топ топ болупаттарга минип жүрүштөргө чыгышат. Коңшу уруудан жылкы тийип келишет. (Мунунбаары атайын даярдалат.) Баса атка минип жылкы айдап көргөн киши анын кандайадреналин экенин жакшы билет. Эгер жылкы айдап көрбөсөңүз, баарыңарга сунушкылам. Дүркүрөгөн жылкыны кууп ат чабуу машинаны 200 менен айдагандан алдаканча таасирдүү. Ал эми ага атайын эпизод даядап, спец эффект кошуп берсеңертүбөлүк эсте каларлык нерсе болот. Албетте, ошол учурда атайын даярдалганжерлерден (жашыруун жайлардан, же учкан камера менен) туристтерди видеого, сүрөткөтартса болот. Эми бул бир укмуш сүрөттөр болооруна бөркүмдөй ишенем.
Анан айдалып келген жылкыга аркан ыргытышат. Кармапжайдак минишет. Буга турситти түздөн түз катыштырбаш керек. Ага балким анча-мынчааркан ыргыттырса болот. Бирок, негизги ишти кыргыз жигиттер кылат. Кечкисин,селкинчектер орнотулуп, ырлар ырдалат. Кара жорголор бийленет. Бир өргөөдөМанас, Төштүк сыяктуу дастандар айтылат.
Кыскасы бул паркты аябай кеңейтсе болот. Алтургай душманар менен чабыштырса да болот. Көчмөндүн жашоосунда болгон да ошондой.Мисалы, бир күнү эле турист уктап атса таң атпай ызы-чуу башталат. Бүткүлтуристтер дуулдап боз үйлөрүнөн чыгат. Чыкса эле нары жактан жер жайнапмоңголдор чаап келеткан болот. (Моңголдун көрүнүшүн туристтер таанйыт. Далайкинодон көрүшкөн. А бул жерден өз көзү менен көрөт) Бечара турист өз көзүнөишене албай коркконунан жашынаарга жер таппайт. (балким чындап корккондор даболот. Коркпогондору болсо камераларын алып чыгып тарта баштайт. Бирок,тартканга уруксат бербесе да болот. Башкаларга сыр бойдон калышы үчүн). Эмимоңголдун чабуулун ушундай даярдаш керек. Жер жаңырткан добулбас, ач айкырыккуу сүрөөндү уюштуруп коюу азыр анча деле кыйын эмес. Ар кайсы жерге орнотулганатайын үн бергичтер колдонулат. Ошентип калмактын колу айылга жете берээрде булжактан айыл арасынан кыргыз жигиттери аттанып чыгат. Алар жоого каршы чаапбарып ортодо каскадерлердун оюну башталат. Мына туристтер үчүн жандуу кино.Кылычтар чабылып, жигиттер аттан кулайт. Атка сүйрөлөт. Арканга сүйрөлөт. Атматы менен тоголонот. Ошол убакта кимдир бирөөлөр балким турсттерге да атмингизип жоону карай алып жөнөйт. Анан калмактар качат. Качкан калмактардыкыргыздар кубалайт. Аларга кошулуп туристтер да кубалайт. (туристтерге дакыргызча формалар берилгенин унутпаңыз.) Ошентип алар дагы тарыхка өздөрүаралашкандай таасир алышат. Жоо кууп баратканын элестетишет. Аларга даколдоруна кылыч же найза (жасалма) берилет. Анан жеңишке жетип кайракайткандарында айыл эли (парктын кызматчылары) аларды дүңгүрөтө керней сурнайтартып, алакан жайып бата берип тосуп алат. Той сыяктуу бир нерселеруюштурулат.
Мындай парктарда туристтерге жаа атканга көпэле шарт түзүлөт. Бир атканың баланча сом деп битиребей эле, жөнөкөй жасалганжааларды өздөрү көтөрүп жүрүшсө болот. Атайын жаа атуучу аянтта каалашынча атышсын.Жаанын огу алыс кетмек беле, кайра терип алса болот. Эч нерсе коробойт. Бирок,чет өлкөлүк адамга укмуштай таасир берет. Коопсуздук жаатында болсо алжебелердин учун курч кылбаса да болот. Анан ат жарыштар, көк бөрү уюштурулат. Туристтерди байма-бай атка мингизиш керек. Ал тургай аларга паркка киргенденбаштап кеткенге чейин бир ат берилет. Ошону өзү карап, өзү минет. Албетте аткошчусу да болот. Эми ал гид катары да, жардамчы катары да жүрөт эмеспи. Атбагуу туристтин көбүнө жагат. Керек болсо байларына бүркүт, тайган да берилсеболот. Баарына өзү ээлик кылат. Ат кошчунун жардамы менен аларды өзү багат.Кыргыз тамактары менен тамактанат. Эми кыргыз тамагынан кыйналса батыш тамагыделе берилет. Ал деле кыйын эмес. Эртең менен эрте туруп жылкы байланганынкөрөт. Бээ саалганын көрөт. Кааласа сүтүн ичет. Ошол убакта туристтин көзалдында кадимкидей көчмөн жашоосу жүрүп турат. Койлор жайытка чыгат, уйларбадага кетет. Кыскасы, 3-4 күн, же 5-6 күн балким 10 күндөп турист кыргызайылында эс алат. Мына мен кыялданган «Кыргыз парк»...
-
Ат Башынын картошкасы, Пикассо сатам
Жазылган күн: 6 Ноя 2015
Картошка сатылат. Ат Башыныкы. Пикассо. Чоң.
Комментарийлер
Eltuzor ге комментарий жазыла элек. "Кандайсың" деп жазып койбойлубу?