zoloto61
-
Кайнага-келин мамилеси
21 Фев 2017
Менин кайнагам бар кыргызча айтканда "шалпетек" .Келин менен кайнаганын ортосундагы силер айткан дистанцияны билбейт!Аялы менен ажырашып биз менен жашап калды,кундо мас кээде 3-4 кун жоголуп кетип кечиресиздер бул созго ушундай былгып сасып кетет жанына жакын жолосон кусуп жибересин,сийип, сасып кеткенче журо берет.чалат мени бул жердемин алып кеткиле деп,Куйом уйго алып келет жуунтат,кийимин мен жууйм анан аркабызга экоолоп асып алып ар кайсы наркологический больницаны кыдырабыз капайтеттирип аран эсине келтиребиз. Мен туну менен тиктеп жанында отурам каны коюлуп кетип олуп калбасын деп,ысык тамак жасап ачуу кылып кайра кайра жалдырап оозуна куям.уйдон ууру кылат,менин оокаттарымды ,электир чайнек,тошокторумду ар кимге которуп барып жок кылат.Мындай окуя бир эле жолу эмес отооо коооп жолу болгон.Бирок ошондой жакшылык кылсак дагы ар кимге мени,инисин(менин куйоду)жамандап журот.Биз бироо жонундо (туугандардан)жаман айтып же оюндагыны же бир таарынычынды айтып койсок,болот го эми ар бир уйдо алыс тууганына жини келген,же ал сенин жинине тийген дегендей ал созсуз ошолорго барып катындай,жаман ушакчы катындардай болуп токпой чачпай наоборот устуно кошуп,коркомдоп айтып берет.Андай адам эч жакшылыкты билбеген орусча айткан "ШАКАЛ" адамдар деп койсом жанылышпайм! Андай адамдарга ачык эле бетине айтып соз жеткирбесен, уялып келиндей болуп кылыктанып, сыйлоо жарашпайт.Мына ушундай да кайнагалар кездешет.Бул силерге бир эле четин айттым,бул адамдын кылбаганы жок,баарын айтсам бир китеп болгон роман болот.
zoloto61

Супер-Инфо
super.kg
видео



21 Май 2020 20:57
Мобилдүү версия
zoloto61