Суперстан: frunze777 - Профилди кароо

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Профилди кароо
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток

frunze777 Өздүк маалымат Рейтинг: -----

frunze777 фотография
  • Билдирүүлөрүн табуу Колдонуучунун билдирүүлөрүн табуу
Тайпасы:
Кыймылы жок
Билдирүүлөр:
93 (0,02 күнүнө)
Активдүү форуму:
Саясат жана коом (45 билдирүүлөр)
Катталган:
17 Июль 13
Кароолор:
10 420
Соңку аракети
Пользователь офлайн 27 Июл 2018 19:39
Учурда:
Offline

Маалымат

Статус:
Карапайым
Жашы:
29 жашта
Туулган күнү:
Октябрь 7, 1995
Жынысы:
Белгисиз Белгисиз

Байланыш маалыматтар

E-mail:
Жашыруун
  1. Статустагы өзгөрүүлөр
  2. Мен жөнүндө
  3. Темалар
  4. Билдирүүлөр
  5. Блог

Мен ачкан темалар

  1. Өкмөттүн ишине ким кандай баа берет?

    Жазылган күн: 27 Июл 2018

    Окмоттун ишине ким кандай баа бергени боюнча супердин журналисттери айрым жепжутарлар менен саясат таануучулардан жана дужурлордон интервью алып пикирлерин сурап коруптур. Силердин Окмоттун ишине баанар кандай, урматтуу форумчулар? ...
  2. Чыгаан журналист жигитибиз каза тапты.

    Жазылган күн: 22 Июл 2018

    Кыргыз журналистикасы орду толгус жоготууга учурады. Белгилүү журналист Уланбек Эгизбаев 22-июлда Чолпон-Атада каза тапты. Ал 28 гана жашта эле.

    "Азаттык" радиосунун иликтөөчү журналисти Уланбек Эгизбаев коомдогу курч маселелерди, көйгөйлөрдү иликтеп, кыргыз элине кеңири таанылган жигит болчу. Ал "Азаттык" радиосунун “Ыңгайсыз суроолор” телепрограммасы үчүн бир катар резонанс жараткан иликтөөлөрдү жасаган.

    Уланбек Эгизбаев өлкөнүн келечегине жан дили менен күйгөн Кыргызстандын мекенчил уулу эле.

    Азырынча Ысык-Көлгө түшүп, эс алууга барган жеринен сууга чөгүп каза болгону кабарланды. Кыргызстандын Ички иштер министрлиги журналист кырсыктаган жерге тергөөчүлөр тобун жөнөттү. Министрликтин басма сөз катчысы Бакыт Сейитов буларды айтты:

    - Келинчеги экөө “Акун” пансионатында эс алып, бүгүн кайтмак экен. Чыгар алдында ал "көлгө бир түшүп келейин" деп кетиптир. Көлгө түшүп жатып чөгүп кеткенин элдин баары көрүптүр, “Тез жардам” чакырып, ооруканага жеткенде каза болгон экен. Суудан алып чыкканда эсине келип-келбей турган деп айтып жатышат. Окуяны Ички иштер министрлиги өз көзөмөлүнө алды.

    Уланбек Эгизбаев 1990-жылы 12-февралда Кочкор районунда туулган.

    Ал 2013-жылы Кыргыз-түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетин, 2015-жылы БГУнун саясат таануу багыты боюнча магистратураны аяктаган.

    2012-жылы "Агым" гезитинде кабарчы болуп иштеген.

    "Азаттык" радиосунда 2013-жылдан тарта иштей баштаган. Бирок студент кезинен тарта биздин сынактарга катышып, интернет сайтыбызга кызыктуу пикирлерин жарыялап келген.

    "Азаттыктын" 2011-жылы Кыргызстандын эгемендигинин 20 жылдыгына байланыштуу мыкты ой толгоолор үчүн жарыялаган сынагында жалаң "К" тамгасынан түзүлгөн "Келечек колубузда... " баяны менен баш байгени утуп алган.

    Уланбек Эгизбаев соңку эки айда Тарых музейиндеги мумия баш болгон экспонаттардын чоо-жайын (иликтөөнүн аталышы: "Саясатташкан мумия"), Бишкекте жана анын тегерегинде өрчүп кеткен көрүстөн сатуу бизнесин (иликтөөнүн аталышы: "Көрүстөндөгү коррупция" ) иликтеген. Анда Эгизбаев кабырлар кызылдай акчага сатыларын, көрлөр тирүү адамдарга да алдын ала сатылып кеткенин айтып чыккан. Айрым учурларда ага телефондон коркутуп-үркүтүүлөр, түшүнүксүз каттар келгени маалым болгон.

    Мансаптуулардын жер “бизнеси”

    Ал өзгөчө бажы тармагындагы шектүү иштер, коррупциялык амалдар тууралуу бир катар материалдарды даярдаган.

    Бажыдагы уурулук.

    Бажыдагы миллиондор.

    Эгизбаев туура бир ай мурда ардагер журналисттердин колунан “Алтын калем” сыйлыгын алган. Сыйлыкты публицист Кален Сыдыкова коомдогу талылуу маселелерди тартынбай элдин алдына алып чыгууга кудуреттүү жаш жана таланттуу журналисттерди колдоо максатында уюштурган.

    Уланбек Эгизбаев 2016-жылы Эгемендиктин 25 жылдыгына карата Ардак грамота менен сыйланган.

    2016-жылы анын кочкорлук окуучу Нургазы тууралуу тарткан “Кыял” даректүү тасмасы дүйнөлүк Webby Awards же Интернет-Оскар сыйлыгын жеңип, тасма авторлору Нью-Йоркко барып келишкен.​

    Нургазыны Нью-Йоркко жеткирген кыял.

    Уланбек Эгизбаев дагы бир тасма менен элдин эсинде калды. Журналист 25 жылдан бери Түп районундагы Долон кыштагынан Жылдыз айылына чейин ат менен барып-келип иштеген карапайым мугалим Кеңешбек Шоруков тууралуу "Жол" деп аталган тасма тарткан эле. Тасмада анын күн сайын эки сааттык азаптуу жолу жана мугалимдик кесипке болгон сүйүүсү чагылдырылган. Көп өтпөй “Жол” аттуу даректүү тасманын каарманы Кеңешбек Шоруковго "Эмгек сиңирген мугалим" наамы ыйгарылган.

    "Азыркынын Дүйшөнү" тасмасы Нью-Йорк фестивалынын мыкты телеберүүлөр сынагынын күмүш медалын да жеңген.

    Азыркынын Дүйшөнү.

    Уланбек Эгизбаев журналисттик негизги кесибинен тышкары, коомдогу актуалдуу маселелерге карата жарандык позициясын ар дайым билдирип келгени менен айырмаланчу. Ал адилетсиздикке, мыйзамсыздыкка кайдыгер карап тура алчу эмес. Эмгекчилдиги, кандан-бектен кайра тартпаган курчтугу менен башкалардан айырмаланган өзгөчө жигит болчу.

    "Фейсбук" баракчасындагы акыркы постунда да карапайым элдин көйгөйүн жазган экен.

    "Скутердин 5 мүнөттүк ижара акысы 500 сом экен. Бул 15 миң сом айлыкка иштеген адамдын бир күндүк маңдай тери. Кымбат эмеспи?"

    "Азаттыктын" жамааты Уланбек Эгизбаевдин ата-энесине, жубайына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат. Жаш болсо да кыргыз тилин мыкты өздөштүрүп, бай тилде сүйлөп, жазган таланттуу, абдан сабаттуу, мыкты кесиптешибизди жоготуу биз үчүн өтө оор кайгы.

    Чыгаан кесиптешибизден айрылганыбызга ишенип-ишенбей, кабыргабыз кайышып турат.

    ____________________________

    Маалымат булагы башка сайт.
  3. Ноокаттагы жүрөк титиреткен кылмыш

    Жазылган күн: 20 Июл 2018

    Ноокаттагы жүрөк титиреткен кылмыш
    19-июль, 2018

    Оштун Ноокат районунда 22 жаштагы кызды энеси менен бир тууган агасы өлтүрүп койгону кабарланууда. Кыздын өлүмүнө шектүүлөр ал никесиз төрөп, начар жүрүш-турушу менен үй-бүлөнүн намысын булгаганы үчүн жазалашканын айтышкан. Коомчулукта бул окуя кызды “өзүм билемдик менен жазалоо” катары кабылданып жатса, милиция бул иш боюнча “Атайылап киши өлтүрүү” беренеси менен кылмыш ишин козгоду.

    22 жаштагы кыздын өлүгү 2-июль күнү Ноокат районуна караштуу Бел айылындагы каналдан табылган. Каза болгон кыздын денесинен анын киши колдуу болгонун көрсөткөн тактар байкалган.

    Милициянын ыкчам иш-аракеттеринин натыйжасында кыздын өлүмүнө шектүү катары энеси менен бир тууган агасы кармалып, алар убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.

    "Никесиз төрөгөнү үчүн жазаланган"

    Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаевдин “ХХХХХХХка” билдиргени боюнча, шектүүлөр кызды начар жүрүм-туруму үчүн жазалоого аракет кылышканын билдиришкен:
    ​- Маркум май айында никесиз төрөп, баласын башка бирөөгө багууга берген. Биздин иликтөө учурунда ал баласын мыйзамдуу түрдө асыроого бергени аныкталды. Кыз төрөгөндөн кийин анын апасы менен агасы “бизди элге шерменде кылдың” деп, эч жакка чыгарбай, үйдө кармоону чечип, камоого аракет кылганда кыз каршылык кылган. Ошондо анын бутун байлап, түнкү саат 12де каналга ыргытып жиберишкен. Кыздын сөөгү сууда 12 күн жаткан.

    Аширбаевдин айтымында, сурак учурунда кыздын энеси ал оорукчан болгонун айткан, бирок иш жүзүндө андай эмес экендиги аныкталган:

    - Биз текшерген учурда “кыз психикалык жактан жабыркайт” деп эч жерде каттоого алынбаганы, мектепти да жакшы окуп бүткөнү аныкталды. Теңтуштарынын айтуусунда да кыз жакшы эле жүргөн. Үй-бүлөсү деле жетиштүү жашоодо жашайт экен.

    Маркумдун башка жакындары менен байланышууга мүмкүн болгон жок. Милициянын маалыматына караганда кыз атасыз чоңойгон.

    "Феодализм дооруна кайттыкпы?"

    Никесиз төрөп, ымыркайды төрөт үйүнө таштап кеткени үчүн “бизди элге шерменде кылдың” деген жүйө менен кыздын өлтүрүлүшү коомчулукта кызуу талкууланып, түрдүү пикирлерди жаратууда. Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулук дагы эле кадыресе көрүнүш катары кабылданып жатканын белгилеген укук коргоочулар Ноокаттагы бул окуя жарандар мамлекет тарабынан корголбой келе жатканын ачыкка чыгарды деп эсептешет.

    “Интербилим” коомдук бирикмесинин Оштогу өкүлү Гүлгаакы Мамасалиева окуяны феодализм заманындагы жоруктарга теңеди:
    ​- Ноокатта жүрөк титиреткен окуя болду. Бул окуя азыр деле үй-бүлө мүчөсүнүн тагдырын, айрым учурларда жашоосун анын ата-энеси, туугандары чечип жатышканын көрсөттү. Бизде дале болсо үй-бүлөдөгү эрежелер мыйзамдан жогору болуп, феодализм учурундагыдай “өзүм билемдик менен жазалоо” өкүм сүрүп келе жатканын ачыкка чыгарды. “Өзүмдүн аялым, эмне кылсам өзүм билем, менин балам, өлтүрсөм-койсом өзүм билем” деген түшүнүк дагы эле элде жашап келе жатат. Үйдө, жабык эшик артындагы “өзүм билемдик менен жазалоо” эң коркунучтуу нерсе. Мындай окуялар кайталанбашы үчүн милиция эл менен иштөөгө тийиш.

    Аялдардын укуктарын коргоочу “Ак жүрөк” кризистик борборунун жетекчиси Дарика Асилбекова мындай кайгылуу окуяга ириде тарбияны жетиштүү бере албаган ата-эненин күнөөсү чоң деп эсептейт:
    ​- Бул кыздын никесиз төрөп, ошол жолго түшүп калышына ким күнөөлүү? Албетте, ага тарбия берген ата-энеси. Өзгөчө энесинде жоопкерчилик чоң. Анткени кызды ошол жашка чейин энеси тарбиялаган. Агасы неге кошулганын түшүнбөдүм. Кызды мындай жүрүм-туруму үчүн өлтүрбөш керек эле. Энеси жакшылап сүйлөшүп, жакшы жагына чечүүгө тийиш эле. Анткени кыздар көбүнчө туура эмес чөйрөгө аралашып, анын курмандыгы болуп калып жатышкан учурлар да аз эмес. Бизде да мындай абалга кептелип калган кыздар бар, биз аларды ушул кыздын тагдырындай тагдырга кептелип калбасын деп, жашырып отурабыз.

    Милициянын маалыматы боюнча Ошто буга чейин начар жүрүм-турумунан улам жакындары тарабынан жазаланган же өлтүрүлгөн кыз-келиндер катталган эмес. Өткөн жылы Өзбекстандын бир облусунда атасы көчөдө денесин сатканы үчүн кызын аёсуз токмоктоп жатканы тартылган видео тасма Интернетте тарап, коомчулукта негизинен жапайычылык катары кабылданган эле.

    ____________________________________

    Маалымат булагы башка сайт.

Достору

  • Фотография
    peri...97  

Показать 50 случайных друзей 2

Комментарийлер

frunze777 ге комментарий жазыла элек. "Кандайсың" деп жазып койбойлубу?


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 16 Июн 2025 00:38

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: