adyl.xxxxx
- Кыймылы жок
- 2 (0 )
- Адабият жана поэзия (2 )
- 21 Август 13
- 4 909
23 Дек 2016 11:23
- Момун
- 43
- 27, 1983
- Жынысы:
-
-
Тамашалуу ырлар.
21 Ноя 2016
Пенделигим кармадыбы ким билет.
Бир адамды сүйлөп алдым жинди деп.
Ал да менден калышпаган жан окшойт.
Андан дагы коркунучтуу урду кеп.
Атам дагы, энем дагы калбады.
Жаман сөздүн бүтүн баарын арнады.
Ачууну кармана албай бир болсо.
Анын накта жиндилиги кармады)))
Ал жиндини жинди деген мен жинди.
Анын мындай жиндилигин ким билди.
Жинди деген бир сөзүмө жанатан.
Сөгө берип, сөгө берип күйдүрдү.
Мындан ары эже сиңди агайын.
Ким бирөөнү жинди дебей калайын.
Болду эми уга бербей сөгүшүн.
Аны аста черный жака салайын. -
Тамашалуу ырлар.
21 Ноя 2016
Уйку мени, мен уйкуну сүйөмүн.
Ушул уйку алам десе тийемин)))
Экөөбүздүн сүйүүбүзгө а бирок.
Үйдөгүлөр баары каршы, күйөмүн.
Ак сүйүүбүз көңүлүбүз эсимде.
Пайда болгон кичинекей кезимде.
Ушунчалык мени сүйөт ал байкуш.
Кайда жүрсөм таап алат кечинде.
Эрте менен көпкө жатсак эзилип.
Жеңин түрүп апам кирет тебинип.
Эмнегедир ал апамдан жалтанат.
Киргенде эле артка кетет чегинип.
Кээ бир күнү ал да мен да сүйлөнүп.
Айрылгыбыз келбей анан кыйыктанып.
Жеңин түрүп апам кайра келгенде.
Араң - араң коштошобуз кыйналып.

Супер-Инфо
super.kg
видео




Мобилдүү версия
adyl.xxxxx