Boke_boss
-
Сүйүүбү же ... Кеңеш бергиле
26 Янв 2018
Салам Достор! Салам Суперстан! !!
Мындан дээрлик 3 жыл 6 ай мурун, тагыраак айтканда 2014-жылдын 6-август куну "Суйуубу же... Кенеш бергиле" аттуу тема менен суперстанга кайрылган болчумун. Жаштык, суйуу же конуп калуу дейбизби, айтор акылын менен журогун бири бири менен согушуп, коздор тумандап, акылга же журоко баш ийээримди билбей далбастап турган учурда Силерге кайрылган болчумун. Ошол учурда, жашоодо туура багыт алуума Силердин да кенешинердин салымы бар.
Алина озунун жердешине турмушка чыгып 2017-жылы уулдуу болду деп уктум.
А мен, а мен болсо, чыныгы оз суйуумо жолуктум. Аруу, таза, оз суйуктуумо жолуктум. Ооба кудайдан тилеген, баардык жагынан топ келишкен бири-бирибизди ушунчалык суйуп-сыйлап урматтаган махабатыма жолуктум. Ошол учурдагы кабыл алган туура чечимим, мени бугунку бакытыма жолуктурду. Жакында ата-энем кыргыздын салты боюнча суйгонумо сойко салып, "энчилеп" келишти. Биз эле эмес, ата-энелерибиз дагы бири-бири менен аябай жакшы тил табышып, бир топко чейин отуруп аябай кеч келишти. Баарынан да апамын кудундап "Буйруса келиним апасын тартса жаман келин болбойт" деп суйунгонучу. Эх менден да ата-энемдин кубанганы озгочо бакытка болоду. Кыргызда жаны жыл Нооруз майрамы, 21-март деп коёт эмеспи. Ошого, жаны жылда жаны жашоо баштайлы деп, тоюбузду буйруса 21-мартка пландаштыруудабыз. Кандай кырдаалда болбойлу, келечегибиз кудайдан сураган дубабыздан, бугунку туура кабыл алган чечимибизден жана иш-аракетибизден коз каранды экендигин унутпайлы достор!
"Будущее зависит от того, что вы делаете сегодня" Махатма Ганди

Супер-Инфо
super.kg
видео



14 Окт 2021 13:11

Мобилдүү версия
Boke_boss