Суперстан: Hyp - Профилди кароо

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Профилди кароо
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток

Hyp Өздүк маалымат Рейтинг: *****

Hyp фотография
  • Билдирүүлөрүн табуу Колдонуучунун билдирүүлөрүн табуу
Тайпасы:
Кыймылы жок
Билдирүүлөр:
67 (0,02 күнүнө)
Активдүү форуму:
Саясат жана коом (16 билдирүүлөр)
Катталган:
20 Ноябрь 13
Кароолор:
18 161
Соңку аракети
Пользователь офлайн 16 Апр 2021 00:32
Учурда:
Offline

Маалымат

Статус:
Карапайым
Жашы:
37 жашта
Туулган күнү:
Июнь 15, 1988
Жынысы:
Эркек Эркек
Калаасы:
Красноярск

Байланыш маалыматтар

E-mail:
Жашыруун

Мага баш баккандар

  • Фотография laki 
    07 Фев 2021 - 22:25
  • Фотография 001KG 
    09 Июн 2020 - 23:58
  • Фотография Zaatulilm 
    23 Авг 2019 - 13:58
  • Фотография .Sheke-brat. 
    22 Авг 2019 - 22:57
  • Фотография salfego 
    20 Авг 2019 - 10:17
  • Фотография roklait 
    20 Авг 2019 - 10:15
  • Фотография aksy.koi-tash 
    20 Авг 2019 - 10:13
  • Фотография mirlanpiter 
    20 Авг 2019 - 10:10
  • Фотография apelsinka 
    20 Авг 2019 - 09:43
  • Фотография One.in.a.million 
    20 Авг 2019 - 09:04
  1. Статустагы өзгөрүүлөр
  2. Мен жөнүндө
  3. Темалар
  4. Билдирүүлөр
  5. Блог

Мен ачкан темалар

  1. ӨБҮШҮҮ ӨМҮРДҮ УЗАРТАТ.

    Жазылган күн: 20 Мар 2016

    Маанайыңыз чөгүп, уйкуңуз качып турабы? Бул учурда сизге бир гана өбүшүү керек. Окумуштуулардын айтымында, узак жана берилүү менен өбүшүү иммунитетти чыңдап, мээдеги кан айланууну жакшыртып, көңүлдү көтөрөт. Кандайча дейсизби? Сурооңузга жоопту төмөнкү макаладан табыңыз.











    ӨБҮШҮҮНҮН ПАЙДАСЫ
    Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун 1981-жылы жүргүзгөн изилдөөлөрү боюнча, өбүшүүнүн зыянынан пайдасы көп.

    •Стресстен арылтат. Өбүшүү учурунда кортизол жана окситоцин гормондору иштелип чыгат. Бул гормондор стрессти басаңдатып, маанайды көтөрөт. Америкалык окумуштуулар күнүгө өбүшкөн адамдар башкалардан орто эсеп менен 5 жыл узак өмүр сүрөрүн жана дээрлик оорубай тургандыгын далилдешкен.


    •Арыктатат. Берилүү менен 1 мүнөт өбүшүү 500 метр аралыкка чуркоо менен барабар. Бул учурда зат алмашуу эки эсе жакшы иштейт. Андыктан эгер арыктагыңар келсе көп, семиргиңер келсе аз өбүшүү керектигин унутпагыла.


    •Картаюунун алдын алат. Өбүшүү – жаак үчүн чыныгы гимнастика. Терең өбүшүү учурунда жаактагы 39 булчуң иштеп, кан айланууну жакшыртат. Демек, жүзүңүзгө бырыш кеч түшүп, картаюунун алдын алат.


    •Ооруну сездирбейт. Шилекейдин курамындагы эндорфин гормону табигый антибиотик, анестетик болуп саналгандыктан баш жана тиш ооруну басаңдатат.


    •Өпкөнүн иштешин жакшыртат. Өбүшүү учурунда жана андан кийин өпкөнүн иштеши жакшырат. Башкача айтканда, мүнөтүнө 60 жолу дем аласыз. Мындай көнүгүү өпкө ооруларынын алдын алат.


    •Инфаркт жана инсульттун алдын алат. Өбүшүү учурунда жүрөк мүнөтүнө 110 жолу согуп, кан айлануу системи жакшырат.


    •Кариеске жана пародонтозго каршы. Чикаголук окумуштуулар кариестин жана пародонтоздун алдын алуу үчүн тамактанган соң дароо өбүшүүнү сунушташат. Алардын айтымында, бул учурда шилекейдин курамында фосфор жана кальций көп болот.


    •Сексуалдык делебени күчөтөт. Шилекейдин курамында андростерон гормону болгондуктан сексуалдык делебени күчөтөт.


    •Иммунитетти чыңдайт. Өбүшкөн учурда организмден нейропептид заты көп бөлүнүп чыгат. Ал эми бул зат активдешкен учурда вирус жана айрым ооруну пайда кылуучу бактерияларды өлтүрөт. Анын натыйжасында иммундук систем чыңдалат.







    ЗЫЯНЫ
    Өбүшүү учурунда шилекей аркылуу сасык тумоо, ангина, гепатит, кургак учук, сифилис, герпестин вирустары жугат.






    ӨБҮҮНҮН МААНИСИ
    • Беттен өбүү – достуктун жана сыйлоонун белгиси.
    • Айымдардын колунан өбүү – кичипейилдиктин белгиси.
    • Маңдайынан сүйүү – кыйын кезде коргой алгандык.
    • Желкесинен өбүү – жардам берүүгө даярдык.
    • Эринден өбүү – жакындык.
    • Сорушуу – сүйүү.






    ДАЯРДЫК КӨРҮҮ

    •Өбүшүү алдында толкунданбай, өзүңүздү эркин сезиңиз.


    •Канчалык чыныгы сүйүү болбосун ооздогу жагымсыз жыт аны иренжитет. Андыктан тишиңизди жууганды унутпаңыз. Жолугушуу алдында пияз, сарымсак сыяктуу кескин жыттуу азыктарды, ачуу татымалдарды жегенден баш тартыңыз.


    •Жагдай-шартты эске алыңыз. Сексопатологдор күүгүмдө өбүшкөн романтикалуу, караңгы болгондуктан өнөктөштөр бири-биринен уялышпайт дешет. Ээн жерде өбүшүү экөөңүздөргө тең ырахат тартуулайт.


    •Жарашыктуу кийинүү сезимдердин ойгонушуна таасир берерин эске алыңыз.


    •Өнөктөшүңүздүн өбүшүүгө даяр, даяр эместигин байкаңыз. Даяр эместигин баамдасаңыз ортодогу сезимдер тууралуу сүйлөшүңүз. Көздөрү жайнап, күлүп, сизге эркелеп же кармалай баштаса, анда өбүшүүгө даяр деп билиңиз.


    •Өбүшүү деген ушул тура деп дароо өбүшкөнгө өткөнүңүз туура эмес. Алгач колунан кармалап, моюнунан, чачынан жыттагылап андан соң өбүшүүгө өтүңүз. Анан да шашылбай, назик өпкүлөңүз. «Французча өбүшүү», «тиштегилеп өбүшүү» ыкмаларын кийинчерээк колдонгонуңуз оң.


    •Колуңуз менен өнөктөшүңүздүн башынан, ийининен сыйпалоону унутпаңыз.


    •Сексопатологдор «өбүшүүнү дароо токтотууга болбойт, чапташкан эриндер ажырашкан соң бир аз кучакташып, жытташып туруу, өнөктөштөргө ырахат тартуулайт» дешет.




    ӨБҮШКӨНҮНӨ КАРАП АБАЛЫН АНЫКТАҢЫЗ

    •Кургак өбүшүү. Эгер ал өпкүсү келбей, жөн гана эриндерин тийгизип койсо – бул өнөктөшүнө кайдигерликтин эмес, сый мамиле жасагандыгынын белгиси. Кыскасы, ал сүйгөнүнө ишенимдүү мамиле жасай алат.


    •Дүүлүккөн өбүшүү. Кокус өнөктөшүңүз ой-боюңузга койбой, кыйнап өпкүлөсө же эриндерин тынымсыз кыймылдатса – бул анын өтө дүүлүккөндүгүнүн жана шашмалыгынын белгиси.


    •Кучакташып өбүшүү. Өнөктөшүн бекем кучактап өпкөндөр же ошол учурда денесин тийгизгендер ар бир кыймыл-аракети менен сизди аябай сүйөрүн билдирет жана ишенимдүү экендигин далилдейт. Өзү да сизден ушундай мамилени талап кылат.


    •«Профессионалдык» өбүшүү. Бул жөн эле эмес, фейерверк түрүндөгү өбүшүү. Ал өнөктөшүнүн куду бир нече эрини бардай, ар кандай ыкмада өпкүлөйт. Кыскасы, эриниңизди соруп, каалагандай кыймылга келтирет. Дайыма жаңы өбүшүүнүн түрүн ойлоп табат. Ал жакшы ойнош болот, бирок ишенимдүү эмес.




    ФАКТЫЛАР, МИФТЕР, САЛТТАР
    • 6-июль – Бүткүл дүйнөлүк өбүшүү күнү.
    • Филематология — өбүшүү тууралуу илим.
    • Филемамания — өбүшүүгө берилгендик.
    • Филемафобия — өбүшүүдөн коркуу.
    • Адам орто эсеп менен өмүрүнүн 336 саатын өбүшүүгө арнайт экен.
    • Адамдардын 66 пайызы көзүн жумуп өбүшүүнү баалашат.
    •Байыркы Римде никени бекемдөө үчүн расмий түрдө өбүшүү жөрөлгөсү киргизилген.
    • Өбүшүп жаткан европалыктарды көргөндөн кийин кытайлар да өбүшө башташкан.
    • «Французча өбүшүү» ыкмасын француздар эмес, байыркы римдиктер ойлоп табышкан.
    • Орто кылымдагы Италияда коомдук жайда эркек аялды кучактаса же өпсө ага үйлөнүүгө мажбурлашкан.
    • Көгүлтүр экранда өбүшүү алгачкы жолу 1896-жылы «Өбүшүү» тасмасында көрсөтүлгөн.
    • «Дон Жуан» классикалык тасмасында 127 жолу өбүшүү көрсөтүлүп, рекорддук көрсөткүч жараткан.
    • АКШнын Индиана штатында мурутчан эркекке бирөөнү өбүүгө тыюу салынган.
    • Адамдардын көпчүлүгү өбүшкөндө башын оң тарапка кыйшайтышат.




  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 15 Июн 2025 17:55

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: