Суперстан: SubAz - Профилди кароо

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Профилди кароо
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
    • Кыргызстанда
    • Дүйнөдө
    • Суперстан RSS канал блогдору
  • RSS поток

SubAz Өздүк маалымат Рейтинг: -----

SubAz фотография
  • Билдирүүлөрүн табуу Колдонуучунун билдирүүлөрүн табуу
Тайпасы:
Кыймылы жок
Билдирүүлөр:
304 (0,05 күнүнө)
Активдүү форуму:
Эркин тема (69 билдирүүлөр)
Катталган:
13 Март 10
Кароолор:
25 484
Соңку аракети
Пользователь офлайн 01 Май 2021 01:43
Учурда:
Offline

Маалымат

Статус:
Активист
Жашы:
36 жашта
Туулган күнү:
Ноябрь 22, 1988
Жынысы:
Белгисиз Белгисиз

Байланыш маалыматтар

E-mail:
Жашыруун

Мага баш баккандар

  • Фотография Aksakal 
    04 Окт 2023 - 23:08
  • Фотография Shanson 
    01 Май 2021 - 01:44
  • Фотография Stervashka 
    24 Окт 2020 - 04:02
  • Фотография Suluu-aiym 
    19 Авг 2020 - 00:51
  • Фотография Bek_abad 
    30 Июл 2020 - 20:01
  • Фотография biznes 
    12 Июл 2020 - 16:58
  • Фотография ShiRiNiM--KyZyM 
    11 Июл 2020 - 03:43
  • Фотография unt_75 
    14 Фев 2019 - 10:42
  • Фотография Sagyn.91 
    16 Окт 2018 - 03:14
  • Фотография beka.007 
    29 Окт 2017 - 10:35
  1. Статустагы өзгөрүүлөр
  2. Мен жөнүндө
  3. Темалар
  4. Билдирүүлөр
  5. Блог

Менин билдирүүлөрүм

  1. Темасы: Котормолор

    Жазылган күн: 23 Окт 2020

    Уланткыла, эу.
  2. Темасы: Барс агайдын өздүк чыгармалары

    Жазылган күн: 23 Окт 2020

    Просмотр сообщения Барс (17 Март 2010 - 21:37) жазган:

    "Бала тили"
    (Аңгеме)

    Неберем Өмүрбекке арнаймын.

    «Ысык-папа; коркунучтуу- бөө, бөжү; кир, булганч-кых, (түндүктө.быкый); сиемин-чүш; кант-кака; ит-авап, бабап; эт-жиш, (түндүктө.пыйпый); машина-дүдүт; бас-тайтай; суук-офф; жагымдуу, жакшы, көркөм, сулуу-айай; көтөр-опич; нан, токоч-нана; суу-үп; бөбөк-алле, аллей; мышык-мый; миймий; тоок-түтү; кой-маа; эчки-чүчү; ат-чу…»
    (Сен да улантып, билгендериңди жазып кой!)
    Бөбөктөрдүн лексикасынан.

    Анын тили кас-кас туруп, билинбей жүрүп, бара-бара анан басып кеткенсибей, шок эле чыгып калды. Бир күнү эле:
    -Эшек-десе болобу.
    Үйдөгүлөрдүн баары эле (алибетте, уккандары) делдейе түшүшүп, анан биринчилерден болуп таенеси:
    -У садага болоюнум. «Эшек» деген тилиңден,- деп эле баса калып өпкүлөп жатып калды.
    -Оо менин уулум чоң жигит болуп сүйлөп калган турбайбы! Кой, көз тийбесин... тфү-тфү-тфү- деп ырым кылып жерге үч түкүрүп койду таятасы.
    Ал апасы экөө таятасыныкында убактылуу жашап жатышкан.
    Апасы да ага мээрим менен карап, ичи элжирегенинин эч кимге байкатпоого аракет кылып, эмики сүйлөшкөндө, те алыста (Россияда) иштеп жүргөн күйөөсүнө (уулунун атасына), сүйүнчүлөөнү ойлонуп койду: «Абдан кубанып калар…»
    Кийинчерээк убак өткөн сайын «ата, апа, таята, таене, тага…» деген сөздөрдү да өздөштүрдү дечи. Бирок, наристенин биринчи айткан сөзү эсте калары мыйзамченемдүү белем, качан да болсо, анын биринчи айткан ошо «эшек» деген сөзүн эстеп алышып күлүшүп,
    кайра-кайра айтыша берер эле.
    Ошентип жүргөн бир күнү эле, бирөө үйрөтүп койгонсуп:
    -Таене - эшек-десе болобу. Ага да болбой, удаа эле:
    -Таята-эшек- деди. Баарысы күлүп калышты. Буга шерденген бала кайра кайра:
    -Таене-эшек, таята-эшек…- деп ырдай кылып кайталай берсе ой, кудая тооба. Ойда кызык угулат экен. «Башка бирөө укса мине дейт кокуй!..»
    -Кой, уулум, уят болот минтип айтпа. Андан көрө таята-айай, таене- айай де,-дешти. Болбоду. Ошол эшегин, тактап айтканда, таятасынын, таенесинин ким экендигин сөзүнөн жаңылбай, күндө айта берчү болду. Апасы алдап да, чымчып да көрдү. Болбоду.
    Акыры таятасы тамашаладыбы, же чын эле теригип чычаладыбы, айтор, бир күнү:
    -Туура айтасың, уулум. Сени багып («апаң экөөңдү» деп айтпады, бирок анысы дал ошондой угулду кызына), чоңойтуп жаткан биз эшек эмей, ким эшек болмок эле,-дей салды жарыктык киши.
    Мына ушунусу өтө, өтө-ө оор тийди кызына. Арына келген ал баласын кызылдай сабады. Чыңырган баланы таята, таенеси ортого түшүп жатып, араң ажыратып алышты. А тургай «өлтүрөм» деп да жулунду. Балким, ошону да кылат беле ким билет (о койчу, ал жөн опузасы болуш керек, ата-энесинин алдында актанган), айтор, кудай жалгап эртеси күнү эле кызынын күйөөсү алыстан көп акча менен келип, башка жакка көчүп кетишти.
    Ошондон бери дым, кабар жок…
    Ушу күндөрү таене менен таята ошол небересинин кылыгын аябай сагынып жүрүшкөн кези. Эшек болушуп, үстүлөрүнө мингизишкенге деле кайыл алар...



    Эң жаккан, сонун аңгеме го.
    Кайра-кайра окуйм :)
  3. Темасы: Барс агайдын өздүк чыгармалары

    Жазылган күн: 23 Окт 2020

    Просмотр сообщения Барс (10 Апрель 2020 - 20:05) жазган:

    * * *
    Шашпагыла али,
    көп өтпөй
    коронавирус туурасында кино тартышат,
    көркөм чыгарма жазышат.
    “Шедевр экен!.” – дешип,
    ошол чыгармасына
    эң жогорку сыйлыктарды алышат.
    Апыртма калпын дагы,
    азыраак чынын дагы жылмалап,
    элден жашырып,
    бетон менен жабышат.
    Кыйратып коюшкансып капчыктуулар
    бири-бирине орден тагышат!..


    А өлгөндөрчү? !.
    Алар чындыкты айтыша албай,
    мурункулардай эле...
    жер астында чирип калышат...


    10. 04. 2020-жыл.




    Кино тургай сериал да тартылыптыр.
    Кыргызча.
  4. Темасы: ★Мыкты Кыргыз блоггерлер★

    Жазылган күн: 16 Авг 2020

    Просмотр сообщения Welcome. (16 Август 2020 - 01:42) жазган:

    ШОК! Анжелика тапичкесин жоготту, срочно көр! Деген сыяктуу аллергия темаларды коюшат. Ушуга окшогондорду такыр көрбөйм


    Айта көрбө. :D
  5. Темасы: Күчтүүлүгүң жана алсыздыгың

    Жазылган күн: 14 Июл 2020

    Просмотр сообщения Sweet-Lika (14 Июль 2020 - 15:31) жазган:

    Оюм өзгөрбөптүр. .

    күчтүүлүгум - оюм жөн эле өзгөрө бербегениалсыздыгым - оюм кээде тез-тез эле өзгөрө бергени
    :)

  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 04 Июл 2025 22:46

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

IP.Board форум системи
ОсОО "SUPER.KG"ге катталды

Рейтинг@Mail.ru
WWW.NET.KG
Биз социалдык тармактарда: