SubAz
- Кыймылы жок
- 304 (0.05 )
- Эркин тема (69 )
- 13 March 10
- 27729
01 May 2021 01:43
- Активист
- 37
- 22, 1988
- Жынысы:
-
-
Aksakal 
04 Oct 2023 - 23:08 -
Shanson 
01 May 2021 - 01:44 -
Stervashka 
24 Oct 2020 - 04:02 -
Suluu-aiym 
19 Aug 2020 - 00:51 -
Bek_abad 
30 Jul 2020 - 20:01 -
biznes 
12 Jul 2020 - 16:58 -
ShiRiNiM--KyZyM 
11 Jul 2020 - 03:43 -
unt_75 
14 Feb 2019 - 10:42 -
Sagyn.91 
16 Oct 2018 - 03:14 -
beka.007 
29 Oct 2017 - 10:35
-
Каранкүндөгү кайратмандар
12 Jul 2020
Салам, форумчулар.
“Ата Журт кыйын күнгө кабылганда, айлансын ар бир уулуң чагылганга” деген ыр саптары бар эмеспи. Авторунун тилеги орундалып, могундай калың журттун башына каранкүн түшүп турганда белди бекем бууп, өзүнүн тирилигин токтото туруп, калайыкка жардам кылууга башын сайып койгон элге төбөсү көрүнгөн эр азамат уул-кыздарыбызды, эжелерибизди, байкелерибизди, инилерибизди тизмектей кетсек.
Жогордогу ыр саптарда "уул" деп лимит коюп койгонун уяткаргандай Анжелика Бекболиев (Кайратовна) азыр канча деген адамдардын башын бириктирип, өзү да башында туруп, күнү-түнү уйку бетин көрбөй, каражат чогултуп, муктаж нерселерди сатып алып, аларды тартиби менен таратып жатканын көрүп кыргыздын бактысына ушундай кыз (кимге эже, кимге кыз, кимге карындаш) жаралып калганына ыраазы болуп кетесиң.
(айтмакчы, мени Анжеликанын бир фанаты деп ойлоп албагыла. Чын-чынын айтканда анын бир да ырын билбейм, Айчүрөк эжекебиз менен менен болгон дуэлин эске албаганда
)
Келгиле, ушул темада, кайсы саясатчы, кайсы шоу чөйрөсүнүн өкүлү (ырчы, бийчи, актер, тамада, вайнер жбус, кайсы коомдук ишмер, кайсы жамы журт тааныган бизнесмен, же жөн эле бай адам, кайсы компания, кайсы спортчу, акын, жазуучу, молдо, баптист, теңирчи, атеист, НПОчу, адвокат канчалык деңгээлде (эгер белгилүү болсо өлчөмүн кошо жазып) элге жардам көрсөтүп жатканын тизмектей өтпөйлүбү?
Ким кандай маалымат билсе жаза берсеңер.
Бул жактын админи бир чыгынып, ылдыйда жазылып кеткендерди топтоп биринчи бетке чыгарып койсо жакшы болот эле. (теманын автору (мен), билишимче, бир канча убакыт өткөндөн кийин бул биринчи жазманы оңдой албай калат болушу керек эле).

Супер-Инфо
super.kg
видео


