Otserdsa_privet
-
Сүйүктүү ырлардын тексттери!
16 Авг 2017
Тулпарын мингенмин го,жаштыктын, Арбытат жолдорун жылдардын.
Түшүнүп кайрылбас күндөргө,
Муң кошуп бул ырды мен ырдадым.
Тизгинин тартамын жаштыктын,
Ал жетпей алдырып барамын.
Туулган күн кече эле өткөндөй,
Бүгүн кайра тосуп мен турамын.
Кайырма:
Куйгула досторум шараптан,
Ой басып, буулугуп мен баратам.
Билемин себепкер мезгил го,
Дайрадай шар аккан,
Дайрадай шар аккан,
Дайрадай күчү зор шар аккан.
Себеле, себеле, себеле ак жамгыр
Билинбей кошулду го дагы бир жыл
Энекем үчүн деп мен бүгүн
Ырдаймын жаңы ыр, ырдаймын жаңы ыр.
Ырдаймын мен бүгүн жаңы ыр.
Айлантып жаш кезди ой менен,
Өтүптүр көп күндөр той менен.
Туулган күн белгилеп мен бүгүн,
Армансыз жаштыкты кое берем.
Otserdsa_privet

Супер-Инфо
super.kg
видео



23 Сен 2021 11:45
Мобилдүү версия
Otserdsa_privet