Bumka
- Кыймылы жок
- 21 (0 )
- Дин жана философия (8 )
- 26 Март 14
- 11 269
11 Авг 2016 11:02
- Момун
- 38
- 4, 1987
- Жынысы:
-
- Калаасы:
- Osh
- Skype:
-
burulay.turdumamatova
-
Таасирлүү окуялар
27 Июн 2016
Достор, бүгүн үйдү көздөй келе жатып, күбө болгон элесимди сиздер менен бөлүшөйүн дедим.Маршруткада келе жаткам, бири чыкса, бири түшүп, токтоп кайра жүрүп келе жатканбыз.Музыканын коштоосу менен, себелеп жаткан жамгырга суктанып,терезени карап ойго тунуп кетипмин.Бир убакта бала жетелеп чыгып калган аял жанымдагы бош орундукка отурду.Бир аз жүргөндөн кийин эле, баягы аял ордунан туруп, ордуна баласын отургузуп өзү туруп алды.Ошол мезгилде,жерде жаткан 100 сом акчага көзүм түштү.Аял турду да, барып ошол акчаны буту менен басып туруп калды.Адамбыз да, эми эмне кылат экен деп утур карап коем, ал жылбай эле турат...Маршруткада адам аз эле, акчаны алганы батына албай жатты.Жанымда отурган 5-6 жашар баласы апасынын этегинен тарткылап,курсагым ачты деди.Эже болсо, азыр түшөбүз балам деп, кабагын чытып койду.Ошондо маани берип карасам,баланын көйнөгү эскилиги жеткен, өзүнө чоң келген көйнөк экен.А эженин жүзүнөн жашоонун кыйынчылыктарын көрүп турдум...Аябай ичим ачышып,өзүмдү жаман сездим, эмне кылсам,көп эмес болсо да жанымдагы акчамды берсемби, кандай ойлойт, эмне дейт, элдин көзүнчө уят го, эч болбосо жол киресин төлөп койсомбу деген түрдүү ойлор менен алышып жатканымда, баягы аял айдоочуга кайрылып, токтотуп коюңузчу деди да, баласын жетелеп түшкөнгө камданды.Баягы 100 сомду ала алган жок, уялды окшойт.Түшүп баратканда, чыдабай ордуман турдум да эже акчаңыз түшүп калды деп, 100 сомду колуна кармата койдум.Биз андан ары кеттик...Достор, үйгө келгенден бери, кыйналып жатам, баланын жалооруган көз карашы, аялдын жүдөгөн элеси...Колуман келгени алар үчүн дуба кылып жатам, сиздер да алар үчүн дуба кылып коюшуңуздарды суранам.
Рахмат урматым менен Динара Баястанова
-
Таасирлүү окуялар
27 Июн 2016
1. Женоненавистница ты наша
2.+2а менимче, мурдатан акылдуулар акылсыздарга жол корсотуп келген. Мээси бар полноценный жогору турган эркектин башын мээси жок болгону бир кыйшык кабырга буза алабы?
(менимче тен элебиз гоо). Анан акылсыздык кылган кабыргага эркек азгырылбай эле койсо болмок да, ал деген жогору болуватпайбы
3. Кошулам. Себеби, бизде патриархат. Балким кыз белгини уят коргон аралда торолгонумдо, тандаган жигитиме алдырып салмакмын
Ошого созду кескин эмес, кенеш катары айтсаныз, он болмок.
4. Мындай кескин созду айтып жатып, жакын кабырга(тоюсс аял) урук- туугандарды унутпасаныз. Тоодон тушуп, элге аралашсаныз, жакындарыныздын арасынан сиз жек коргон же намысын ар турдуу кырдаалда жоготкон (озунузго окшош) кабыргаларды коросуз. Баса, качан эне болуу бакыты боюнча окумдар болгонсуз? Бала кимге буюрган болсо берилет. Сиздин окумунуз кыпындай да кудайды кызыктырбайт деп ойлоп койдум
кудай менен ар бир адам жеке баарлашат, маегине арачы болбой бери турунуз.
5. Халявщик эркектер да аялдардан жогорубу?
Пы. Сы. Оздон чыккан жат жаман дечу эле, бул фанатизминиз менен катын болуп эркеке, жек корумчу орой болуп аялга жакпайсыз.
-
Аравандан форумчулар барсынарбы
27 Июн 2016

Супер-Инфо
super.kg
видео




Мобилдүү версия
Ayip91
09 Июл 2014 - 16:09