Miiska
- Кыймылы жок
- 72 (0.02 )
- Жүрөк сыры (33 )
- 31 March 14
- 14649
28 Oct 2020 22:35
- Карапайым
- 31
- 14, 1994
- Жынысы:
-
-
Кайрадан ишенүү кыйын болду сага
17 Feb 2018
Саламатсыздарбы! !!
Бүгүнкү күнгө чейин жүрөктү өйүткөн нерсени утута албай келем.Анда сөзүмдү баштасам...
Бизда эл катары эле сүйлөшүп бир жакшына болуп жүрүп кыргыздын салты менен той кылып үйлөндүк.Күндөр өтүп тойда бүттү коноктор таркап өзүбүз эле калдык.Үй бүлөм мени жакшы кабыл кылышты билбегенди үйрөтүп негизи баары оюмдагыдай болду.
Ошентип бактылуу болуп жашап аттык.Күйөөмө ишенип эч тынчын албадым кээде сүйлөшүп коет кээде кеч келет унчукпадым жаңы эле үйлөнсөк деп.Кийин билдим көрсө күйөөм тойдон кийин деле анча мынча кыздарын көңүлүн калтырбай жүргөнүн.
Ошол күнү кеч келди аябай бир аз ичип да алган..унчукпадым кайнатамдарга билдирбей уктатып койдум бирок өзүм уктай албай кыйналдым..каякта жүрдүн деп сурагым келди кайра аны аяп ширин уктап жатканын көрүп тим койдум...отуруп отуруп телефонун эстеди...блокировкасын мас абалында мага көрсөтүп ачып алганле ошону эстеп ачтым...
Мына кызык башталды эч нерсени ойлобой эле карап баштадым...
Вацапка кирсем толтураго смс...
Денемдин баары муууздай болуп суу куюп жибергендей катып отуруп калдым...
Сен болсо баарына эле...жаным жаным жаным жеп жазыпсын теги ким өзү жанын менби же аларбы деп көзүмө жаш толуп отуруп калдым...
Көрсө тойдон кийин эртеси эле сүйлөшүп баштапсын.Ошол кыздарга да таң калдым уят коркуу деген жок экен бир эле айылдан болуп алып үйдөнгөнүн билип туруп өздөрү да жазып чалганына..
Сүрөттөрүчү тим эле го өзүнчө бирөсү ваннга кирип көкүрөгүнүн жарымына чейин ачып түшүп жибергени..
Сенчи сен сен жөн калат белен күндө жалыныпсын сүрөт жөнөтчү жаным сени көрүп уктайын деп..
Акыры жаныңда уктап жатсам мен аздык болупмун...
Ыйлап жибердим сыгылганыман. .өзүмдү жек көрдүм сенин көңүлүңө батпай жакпай атыпмында деп...кайра сени жек көрдүм ушунча шартыңа ынап айтканыңы кылып атсамда мага кылган мамилең көңүлүмү калтырып коюптур...
Мага кызыксыз алар менен жоолугуп жүрдүнбү не болгонуң болгону ошол күндөн баштап сага ишеничим жоголду...мурдагыдай кылган мамилем өчтү...сага өчөшүп менда сүйлөшкүм келди бирок кайра тим болдум өзүмү бастым...
Сага ушунчалык ишенчү элем сүйчү элем эми не болду кызыксыз жашоо..
Ошол күндөн баштап ишенбейм сага..кечирип койчу дегенинчи уккум да келбейт...
Ыйлап жатып сени ойготуп алдым ошо күнү сен болсо не болду деп керсейдин телефонуңу ыргытып жек көрүү менен карасам сездин билдин тутулганыңды бирок эч сыр бербей кайра мени уруштун...неге текшересин неге неге деп.. тынч жашаймбы деп алганынчы мен биринчи жолу текшердим эле
Бутылка менен уруп ийейн деп кайра зорго токтоп калды.. мага баары бир эле өлтүрүп алса да баары бир ушунчалык баардык нерседен үмүтүмдү үзүп коюпмун жакындарымды да эстебей өлүп эле алгым келди...билем көзгө чөп салып кыздары менен жолуукан жерден тутпасамда огол вацаптагы жалынып жазган смстери мени жеп койду
Күндөр өтө берди менда кечке карай бердим телефонун дагыле басылбаптыр. ..
Мына ким десем ал сүйгөнүүүм деп бакырганыңчы. ..
Бирө менен сүйлөшкөн экен алып бербей коюшуптур анан ошол кыздын сиңдиси менен мамиледе экен..
Эжеңден айрылганым жетишет сенда мени таштабачы деп жалынганыңчы. ..
Сүйлөшүп жүргөндө ката кетирипмин эч карачу эмесмин телефонуңу. ..ошондо эле билсем тиймек эмесмин...
Азыр болсо каяка чыксанда каяка барсанда эч тынч отура албайм ишенбейм кечке чалам кайрале уруш анан...
Мага ишен болду бир адаштым дедиң бирок көңүлүм эч ордуна келбей атат
Менда сага ишенип сени сүйгөн көздөрүм менен карагым келет бирок жек көрүү кайра кайра эле эстей берем ошол кыздарыңды. ..
Кечке сыгылганымабы боюма да бүтпөй жатат мүмкүн боюма бүтсө алаксып унутуп кетер элем...
Кайрадан кантип ишенем...жакындарыма айтпай айласыз эле жашап аткандаймын эчтекеге көңүлүм жок...
Кантип ишенем кайрадан...айтыңыздарчы...

Супер-Инфо
super.kg
видео




mirlan_86
28 Mar 2016 - 13:52