begym
- Кыймылы жок
- 61 (0.01 )
- Жүрөк сыры (55 )
- 26 July 14
- 5262
05 Mar 2017 15:54
- Карапайым
- 39
- 5, 1987
- Жынысы:
-
-
Беш жыл күткөн жолугушуу он мүнөткө созулду
5 Nov 2016
Беш жыл мурда бир адамды жоготуп алгам. Мен аны кандай экенин, кимдигин сүрөттөп бере албайм. Ал өтө өзгөчө болчу. Жүз эркектин катарында турса да жаркырап дароо көзгө көрүнө турган касиети бар эле. Орусча харизматичный деп коет го. Өзүнө өтө ишенимдүү, теше тиктеген өткүр көздүү, анан да себинген атырынын жыты өзгөчө укмуш болчу. Андай жыттагы атыр бар экенин ошол кишиден билдим. Беш жыл мурунку ал күн эмне болгонун ушул убакка чейин билбейм. Мен ага, ал мага өтө ынак болчубуз. Мен анын жанында таянар тоосу бар, төрт тарабынан корголгон адамдай коопсуз да, бейпил да элем. Ал мага эң эле мээримдүү мамиле жасачу. Башкадан балким шек санар белем, а ал кишиден качандыр бир мени ыйлатып кетет деген ой үч уктасам да түшүмө кирген эмес. Өмүр бою так ушинтип ал мага таяныч болуп, мен ага жөлөк болуп жашай берчүдөй сезилиптир. Чынын айтсам, ал күндү эстегим келбейт. Капысынан эле бир күндүн ичинде мамилеси муздап, буркан-шаркан түшүп, бурулду да басып кетти. Түшүндүрбөдү эмне болгонун. "Сизге эмне болду?" - деген менин суроом жоопсуз калды. Ишенбедим, кайрылбай кеткенине. Бир ай күттүм, эки ай күттүм, үч ай күттүм... Кайрылбады. Дайынсыз кетти. Телефон номерин өзгөртүп салды. Ортодогу тааныштардан жалдырап сурадым телефон номерин. Беришпеди. "Тигини менен жүрүп атат, буга үйлөнгөнү атат" - деген сөздөрдү айтышты. Сыртымдан ишенгендей түр көрсөткөнүм менен ичимден бир секунд да ишенген жокмун. Күтүүнү, издөөнү уланта бердим. Жумушуна издеп барсам (ал кожоюн болгондуктан, жумушуна анда-санда гана келчү) ал жерде иштегендер мени ага жолоткулары келбегендей, тоскоолдук жаратышкандай сезилди. Балким, шектүү шексинет болуп, аалам караңгы тартып турганга элдин баарынан шек санап туруп алдымбы, билбейм. Анан бир күнү айтышты: "Сени келсе босогодон бери киргизбегиле деп шеф бизге катуу буйрук берди, сенин көңүлүңө карап киргизип койсок, аны билесиң, биздин терибизди тескери сыйрыйт", - деп. Ошондон кийин жумушу тарапка басып барганым жок. Алгачкы бир жылда мен жашаган жокмун. Сөлөкөтүм бар, денем тирүү, жүрөгүм согуп атат - бирок ичимде жан жок. Жеген тамактын даамын билбей, ачык асманды карап бирок андан сулуулукту көрбөгөн акыбалды элестетип кое бергиле. Анан барып аздан унутулду. Жандүйнөнүн оорусу, ыза, таарыныч түп ордунан жок болуп кетпесе да, баягыдай эртели-кечи зырылдап, жүрөгүмдү зыркыратканын токтотту. А бирок анын элеси көз алдымдан кеткен жок. "Эмнеге? Эмнеге? Эмнеге?" - деп күн сайын уктаар алдында аны эстеп кайталап алуу адатка айланды. Эмне себептен бир заматта мен анын душманына айланып калганымды билгим келчү. Ушул күн сайын жаздыкка башым тийгенде үч жолу кайталанчу бир суроо көкүрөгүмдө беш жыл кадалып келди. Убакыт дарылайт деген чын экен, мурда аны өксүк, күйүт менен эстесем, кийинчерээк жөн салды көнүмүш адат менен гана эске түшүрө турган болдум. Сүйүүбү, же башкача атала турган сезимби, аны да билбейм - бирок башка адамга көңүл отумду кое албадым. Балким, бул менин чоң катачылыгым болгондур. Аны да айта албайм. Анан эле капысынан жолугушуп калдым. Күн суукта базардан шашылып чыгып келатсам, бир карылуу кол колумдан бек кармап токтотуп калды. Чочуп кетип карасам... менин арманым, күйүтүм, өксүгүмө айланган ошол адам! Кызыгы, мен өзүмдү абдан токтоо кармадым. Кубанып, толкундануу болгон жок. Күн сайын көрүп жүргөн адамымды жолдон жолуктуруп калгандай эле болдум. Же сезим жылдарга сиңип кеткениби?
Он мүнөттөй сүйлөшүп турдук. Мен анын жүзүнөн кандайдыр бир чарчоону көрдүм. Мурдагыдай эмес. Көзү мурдагыдай өткүр эмес - басмырт, боюу мурдагыдай шыңга эмес - жапыз, чачы өскөн, жүзү да күңүрт тарткансып. .. Же башта алоолонгон сүйүү толгон көздөр менен карап жүргөндүктөн ал мага элден башка көрүнчү беле? Бирок, атыр да себинбептир. А атыр себинбөө ага жат болчу. Беш жыл мурунку мени душманындай көргөн мамилеси жоголуптур. Каргашалуу күнгө чейинки жылуу мамилебиз кайра келгендей тамашалашып, күлүп-жайнап сүйлөп атты. "Андан бери көп жыл өттү го эми айта бериңизчи, ошол күнү эмне болду эле? Эмнеге капысынан эле мамилеңиз өзгөрдү?" - деген беш жыл бою жүрөгүмдө кайнаган суроону бердим. "Аны жолугуп сүйлөшүш керек да... Кой, сен үшүп кеттиң, мурдуң кызарып кетти", - дей салып, коштошууга шашылды. Айла жок, этегинен кармап жооп бер деп чыр салмак белем, мен да коштоштум.
Мен ага бүт дитимди, жүрөгүмдү, жашоомду, ал турмак өмүрүмдү арнадым эле! Мен ага кайтарымына эч нерсе сурабай, акактай таза сүйүү сундум эле! Мен аны жан бүткөндөн өзгөчө жакшы көрүп, жаман сөз, жаман көздөн кооруп, кабагы бүркөлсө кан-жаным чыркырап аядым эле! Ал мага бир да жолу катуу айтпаган! Ал мени кичинекей кыздай көрүп, мээрим толгон көздөрү менен элжиреп тиктечү! Ал жанымда жүргөндө мага башка адамдын суук сөзү эмес, акырая караган көзү да тийе алчу эмес! Ал мени калкалап коргоп турчу! Таарынчактыгымды да, эркелегимди да көтөрчү! Анан эмне болду?! Бир күндө аны башка бирөөгө алмаштырып салгандай, бир заматта катаалданып калды?! Ушул суроо, табышмакка айланып тынчымды алып келатат.
Ошол эле күнү кечинде телефон чалды. Аркы-беркини айтышып, өткөндү эстешип атканбыз, анан эле дагы баягы суроону бере койсом, "унутуп койдум", -деди да, мени сүйлөтө койбой "Макул э, дагы сүйлөшөбүз да, бул жакка адамдар келип калды",-деп телефонду өчүрүп койду. Анчалык жооптон качкыдай бир күндө эмне болуп кетиши мүмкүн? Жообу ал үчүн өтө оор болуп атабы, же жооп берүүгө арзыбай турган сурообу? Ошол бойдон андан бери бир айга жакын убакыт өттү, чалбады. Андан озунуп чалууга менин да эрким жетпеди...
Дагы деле үйлөнө элек экен. Эмнедендир аябай чарчагандай кебетеси бар. Же ооруп жүрөбү?... Ар кандай ойлор келет, бир айга жакын убакыттан бери чалбаганы - сенин мага керегиң деле жок деген белгисиби? А мен аны дагы деле жакшы көрөм...
begym

Супер-Инфо
super.kg
видео


