Суперстан: basyz-kaman. - Профилди кароо

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Профилди кароо
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток

basyz-kaman. Өздүк маалымат Рейтинг: -----

basyz-kaman. фотография
  • Билдирүүлөрүн табуу Колдонуучунун билдирүүлөрүн табуу
Тайпасы:
Кыймылы жок
Билдирүүлөр:
85 (0,02 күнүнө)
Активдүү форуму:
Адабият жана поэзия (62 билдирүүлөр)
Катталган:
20 Сентябрь 14
Кароолор:
12 577
Соңку аракети
Пользователь офлайн 22 Апр 2016 11:38
Учурда:
Offline

Маалымат

Статус:
Карапайым
Жашы:
41 жашта
Туулган күнү:
Июнь 26, 1983
Кызыгуусу:
Адабият, Поэзия, Тарых, Санжыра.
Жынысы:
Эркек Эркек
Калаасы:
Кереметтүү Көк-Арт өрөөнү.

Байланыш маалыматтар

E-mail:
Жашыруун
Skype:
Skype  26.06.1983@mail.ru
  1. Статустагы өзгөрүүлөр
  2. Мен жөнүндө
  3. Темалар
  4. Билдирүүлөр
  5. Блог

Менин билдирүүлөрүм

  1. Темасы: Акындар айтышы.

    Жазылган күн: 23 Фев 2016

    Акындардын баары бул жакта го.
  2. Темасы: Тамашалуу ырлар.

    Жазылган күн: 7 Янв 2016

    Б.Борбиевдин ырына пародия.


    Куйгула досторум арактан,
    Мас болуп тамтандап мен баратам.
    Билемин себепкер арак гоо,
    Дайрадай шар акпайт, дайрадай шар акпайт,
    Бирок кучу зоор.


  3. Темасы: Чыр-Дөбө.

    Жазылган күн: 25 Ноя 2015

    Экинчи тому бар же жок экенин билбедим.
  4. Темасы: Ангемелер.

    Жазылган күн: 24 Ноя 2015

    КЫМБАТКА ТҮШТҮ.
    Болумуш


    (Моппасандыкы боюнча)

    Франция менен Италиянын ортосунда, Орто жер деңизинин жээгинде кенедей өлкө бар. Ал өлкө Монако деп аталат. Бул өлкөнүн калкы чоң кыштактын элинен да аздык кылат, бар болгону жети миң адамы бар, ал эми жеринин көлөмүн ушундан билиңиз — жан башына бөлгөндө бир тешеден да келбейт. Бирок бул өлкөнүн да кадимкидей эле падышасы бар. Ал падышанын ак сарайы сарай кызматчылары, министрлери менен архиерейлери, генералдары жана аскерлери да бар.

    Аскери чакан, бар болгону алтымыш адам, ошондой болсо да аскер болуп эсептелет. Падышанын кирешеси деле чеке жылытпайт. Кадимкидей эле салык салынат, тамекиге да, шарапка да, аракка да, жан башына да; ичишкендиктери, тамеки чегишкендиктери менен аз элдин иши аз да, ал эми падыша болсо сарай кызматчыларын, чиновниктерин жана өзүн жансактатууга тийиш. Бирок падышанын өзгөчө кирешеси жок. Анын мамлекетинде өзгөчө киреше кумарканадан — рулетка деп аталган оюндан түшөт. Бири утса, экинчиси уттурат, кумаркананын ээсине болсо дайыма пайда түшүп турат. Кумаркананын ээси падышага көп акча төлөйт. Көп акча төлөгөндүгүнүн себеби азыр бүткүл Европадагы жалгыз кумаркана ушул. Мурда андай кумарканалар немецтик княжестволордо болгон, бирок мындан он жылча илгери аларга-тыюу салынган. Анткени, кумарканаларда ар кандай кырсыктар көбөйүп кетти. Бирөөлөр келет да, ойной баштайт, оюндун күүсүнө берилип кетип, бар мыдырын кумарга сайып жиберет, анан күйүтүнө чыдабай же сууга чөгүп, же атылып өлөт Немецтер өзүнүн княжестволоруна тыюу салып коюшту, ал эми монакандык падышага тыюу сала турган жан болбоду: жалгыз ошондо калды.

    Мына ошол күндөн тартып кумарчылар Монакого чогула турган болушту, мунусу ага пайда. Такыбалардын эмгегинен ак сарай курулбайт эмеспи. Мунун жаман иш экенин монаколук падыша да билет, бирок арга канча? Жансактоо керек эмеспи. Арагың да тамекиң да чеке жылытпады. Монаконун падышасы доорон сүрө берди, бийлик жүргүзүп, күрөп-күрөп акча жыйнады, салабаттуу королдорго окшоп, ак сарайындагы бардык тартипке көз салат. Кадимкисиндей таажысын кийип, такка олтурат, көчөгө да чыгат, сыйлыктарды да таратат, өлүм жазасына да тартат, кечирим да берет, парады да, кеңеши да, закондору да, соттору да кадимкидей. Бир гана жери— бардыгы майда.

    Мындан беш жыл мурда бул падышанын малекетинде киши өлтүрүлдү. Анын калкы куулук — шумдукту билбеген момун немелер, мындай окуя эч болуп көрбөгөн. Койкоё тартып, судьялар чогулушту, соттой башташты. Судьялар да, прокурорлор да, присяжныйлар да, адвокаттар да катышышты. Ары соттошту, бери соттошту, акыры келип закон боюнча кылмышкердин башын алууга өкүм чыгарышты. Өкүмдү королго алып барып беришти. Король окуп чыгып, бекитти. Жазалай турган болгон соң жазалоо керек. Бир гана жери ал жерде гильотиндер да, баш кесерлер да жок болуп чыкты. Министрлер ары ойлонушту, бери ойлонушту, акыры кылмышкердин башын алуу үчүн француздар убактысынча машина жана мастер жибере алышар бекен, эгерде жибере ала турган болсоңуздар, анда бул ишке сарпталуучу чыгымды кабарлап койсоңуздар экен деп француз өкмөтүнө кат жазмак болушту. Кат жөнөтүлдү. Бир жумадан кийин жооп алышты: машинаны жана баш кесерди жиберүүгө болот, ага кетүүчү чыгым он алты миң франк. Падышага айтышты: Падыша ары ойлонду, бери ойлонду — он алты миң франк! «Алиги шүмшүктүн, дейт ал, куну буга татыбайт. Арзандатса болбойт бекен? Антпесе бу он алты миң франкын,— ар адамга эки жарым франктан ашык чыгым салуу дегендик эмеспи. Оор болот го. Бунт чыгарып жүрүшпөсүн». Кеңеш уюштурушту — ишке кантип жардам берүү керек? Ошондой эле катты италиянын королуна да жибермек болушту. Француз өкмөтү — республика, падышаларды сыйлашпайт, ал эми Италиянын королу канткен менен боордош эмеспи, мүмкүн арзаныраак алар. Кат жазышты: андан көп узабай жооп келди. Италиянын өкмөтү машинаны да, мастерди да жан дилибиз менен жиберебиз, ал эми барып-келишин кошуп эсептегендеги чыгым он эки миң франк болот, деп жазыптыр. Мурдакыга караганда арзан, бирок баары бир кымбат. Каргыш тийгирдин куну буга да татыбайт. Жан башына чачканда ашык— кеми жок эки франктан туура келет. Кайра кеңеш курушту. Ары ойлонушту, бери ойлонушту — чын эле арзандатууга болбойбу? Шаан-шөкөтү жок эле солдаттардын бири башын кыя чаап салып жүрбөсүн.— Генералды чакырып келишти. «Кана, баш кесе турган солдат табылып жүрбөсүн? Баары бир согушта бирин бири өлтүрүшөт да. Солдатты ошого даярдайт да». Генерал солдаттарга кеп салды бул ишке кимиңер жарайсыңар? Эч кимиси жарабады. «Жок, дешти, алар, ал иш биздин колдон келбейт жана үйрөнгөн да эмеспиз».

    Эмне кылуу керек? Кайрадан ойлоно башташты, комитетти, комиссияны, кошумча комиссияны чогултушту. Мурдакы өкүмдү бузушту. Өлүм жазасын, дешти, түбөлүк түрмө менен алмаштыруу керек. Ушундан улам падышанын кайрымдуулугу да айгинеленет, чыгым да аз кетет. Падыша макулдугун берди, маселе да чечилди. Азап дагы башталды— өмүр бою камап салууга жарай турган өзгөчө абак жок болуп чыкты. Чакан зындандар бар, ага убактылуу эле камашат. Акыры имарат издеп табышты. Алиги эргулду алып барып камашты. Күзөтчү коюшту.

    Күзөтчү күзөтүн да аткарат, кылмышкерге оокат алып келип берүү үчүн ак сарайга да барат. Алиги эргул ушинтип жарым жыл олтурду, анан бир жылга да толду. Жыл аягында падыша киреше-чыгашаларын эсептеп баштады, караса кылмышкерди туткандык үчүн жаңы чыгым пайда болуптур, анысы да бир кыйла. Өзгөчө коюлган күзөтчү, анын да тамагы. Бир жылга айланганы алты жүз франк. Ал эми алиги эргулуң нары жаш, нары лакыйган неме, элүү жылга чейин жашай турган. Анда эми эсептей бериңиз. Чыгым чоң. Минткени болбойт. Падыша өз министрлерин чакырды: «Алиги шүмшүктөн, дейт ал, арзаныраак кутулуунун айласын тапкыла. Болбосо ал бизге аябай кымбатка түшө турган». Министрлер чогулуп алып ары ойлошту, бери ойлошту. Бири: «Бери караңыздарчы мырзалар, менимче, күзөтчүну алып таштоо керек» — десе, экинчиси мындай дейт: «Анда кылмышкер кетип калбайбы» — «Кетмек түгүл житип кетсин». Падышага айтышты. Падыша да эп көрдү. Күзөтчүнү бошотушту. Эмне болор экен деп карап турушту. Түштөнөр убакыт жеткенде кылмышкер сыртка чыгып, күзөтчүнү издеди, аны таппаган соң тамак алып келмек болуп, падышанын ашканасын карай жөнөдү. Бергенди алды да абакка кайтып келди, каалганы ичинен бекитип, ордуна барып олтурду. Эртеси да ошондой болду. Барып тамак алып келет, бирок кетпейт. Эмне кылуу керек? Ойлоно башташты. Сенин бизге керегиң жок деп өзүнө түз эле айтуу керек, дешти. Кете берсин. Муну бардыгы туура көрүштү. Аны юстиция министри чакырып алып, мындай деди: «Сиз неге кетпей жүрөсүз? Кашыңызда күзөтчү жок. Каалаган жагыңызга кете бербейсизби, падыша деле капа болбос чыгар». — «Падышанын капа болбосу чын деңизчи бирок менин барар жерим жок. Кайда барам? Сиздер өз өкүмүңүздөр менен маскарамды чыгарып салдыңыздар, мени эми эч ким албайт, бардык иштен калдым. Сиздер, дейт ал, мага калганда туура эмес иш кылдыңыздар. Анткениңиздер жарабайт. Айталы, сиздер мени өлүм жазасына өкүм кылдыңыздар, мунуңар жакшы. Мени жазаласаңыздар болмок, антпедиңиздер. Муну бир деңиз. Акыйлашпадым. Анан мени өмүрү өткөнчө жатсын деп түрмөгө камадыңыздар, тамак ташып берип турсун үчүн күзөтчү койдуңуздар, кийин аны да алып таштадыңыздар. Муну эки деңиз. Дагы да акыйлашпадым. Тамакты өзүм алып келип жүрдүм.

    Эми кеткин деп айтасыз. Жок, эмне кылсаңыз ошо кылыңыз, эч жакка кетпейм».

    Кандай арга табабыз? Кайра кеңеш курушту. Эмне кылуу керек? Кептей койду. Ары ойлонушту, бери ойлонушту. Ага пенсия чектеп берүү керек. Антпесек андан кутулбайт окшойбуз. Падышага айтышты. «Арга жок, дейт, андан эптеп кутулуу керек». Ага алты жүз франк чектешти. «Эгерде, дейт, кылтың-мылтыңы жок төлөй турган болсоңуздар кетип деле каламын».

    Ошентмек болушту. Үчтөн бирин мурда төлөтүп алды да, бүткүл бардыгы менен коштошуп, падышанып жеринен чыгып кетти. Барар жери темир жол менен болгону чейрек сааттык жол. Чыгып кетти да, жакын эле жерге барып орунтукташты, азыраак жер сатып алды, короо айдап бак сайды, жыргап-куунап жашап берди. Маалында келип пенсиясын алат да кумарканага кирип, эки-үч франк саят, бирде утса, бирде уттуруп коюп, поезд менен үйүн карай жөнөйт. Эч жанга залалы жок бейкапар өмүр сүрө берди.

    Адамдын башын кыя чаап салууга, өмүр бою түрмөгө олтургузуп коюуга кеткен чыгымдан качпаган мамлекеттер да бар, анын кылмышы ошолордун биринде жасалбаганы ийги иш болгон экен. АЯГЫ.

  5. Темасы: Ангемелер.

    Жазылган күн: 24 Ноя 2015

    Л. Н. Толстойдун "Кымбатка түштү" аңгемесин которгон Э. Долонов.

Достору

  • Фотография
    jiku_83  
  • Фотография
    jigit.85  
  • Фотография
    kyma9183  

Показать 50 случайных друзей 5

Комментарийлер

Баракча 1 - 1
  1. Фотография

    unt_75 

    12 Фев 2019 - 08:45
    Мeнин атым Асель.
    Балким, сизге жагат бул гель.
    TITAN GEL ДИ КОЛДОНУП СИЗ БУЛАРГА ЭФФЕКТИВДҮҮ ЖАНА ОӉОЙ ЖЕТЕ АЛАСЫЗ:
    - Эркектик мүчөӊүздүн узундугун жана жоондугун 6-8 см чоӊойто аласыз
    - Эрекция функциясынын жакшырышы
    - Жыныстык катнaш учурундa дaгы kөбүрөөк ceзимталдык, көпкө coзулган жaнa күчтүүрөөк opгaзмдap
    ЦЕНА 1500 сом
  2. Фотография

    basyz-kaman. 

    21 Ноя 2015 - 04:16
    Ооба жазам.
  3. Фотография

    basyz-kaman. 

    21 Ноя 2015 - 04:16
    Ооба жазам.
  4. Фотография

    belka 

    20 Ноя 2015 - 18:13
    Саламатсызбы чыр добонун уландысын жазасызбы?
  5. Фотография

    basyz-kaman. 

    28 Май 2015 - 18:17
    Интернеттеги соц.сайттардын биринен алдым эле, кайсы сайт экени эсимде калбаптыр.
  6. Фотография

    jigit.85 

    28 Май 2015 - 11:36
    Ээ дос мен сиздеги калпакчан баланын суротун таппай жатам кайсы жактан тапсам болот сиздеги суротту
  7. Фотография

    basyz-kaman. 

    24 Окт 2014 - 00:17
    Жолдо жаткан ташты көрсөң алып кой,
    Жолоочуга чырагынды жагып кой.
    Сындырганча бир дарактын бутагын,
    Чымчык коноор бир чырпыкты сайып кой. Э.Ибраев.
Баракча 1 - 1

  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 17 Июн 2025 06:18

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: