Latyshka
- Кыймылы жок
- 45 (0,01 )
- Эркин тема (12 )
- 04 Ноябрь 14
- 8 403
22 Июл 2021 10:12
- Момун
- 25
- 18, 2000
- Жынысы:
-
-
Силер эмнеден уяласыңар?
1 Фев 2018
Ансыз да башка жоруктары талкууга алынып буто элегинде ЖКнын депутаты Камчыбек Жолдошбаев "Маршруттук такси менен келип, Жогорку Кеңешке жөө басып кирген депутаттардан уялам" деп сүйлөп койду. Анын минтип айткандары албетте, карапайым калкка жаккан жок, болгон жаман сөздөр менен шыбап эле отуруп калышты ачуулары келип. Эми менин суроом мындай: Эгер силер депутат болсоңор же дегеле жогорку кызматтардын бирин ээлеген адам болсоңор, коомдук транспортто жүрөт белеңер. Aчыгыңарды айткыла
Анан дагы силер кандай абалдан же болбосо кайсы нерседен эл алдында уяласыңар? Келгиле ойлонуп королучу..
-
Эмне себептен ажырашуулардын саны өсүп жатат? Кантип азайтсак болот?
6 Дек 2017
Акыркы учурда ажырашуулардын саны өсүп кеткени өкүнүчтүү. Кээ бир тааныштарыңдын үйлөнгөнүн укпай эле ажырашып кеткенин угасың. Аябай көп чыгым кылып чоң той өткөрүп, 1-2 айдан соң ажырашып кетип жатышат. Канчалаган кыздардын тагдырына балта чабылып, боюнда болуп жалгыз калып жатышат. Өкүнүчтүү. Мындан улам азыркы жаштар үй-бүлө курууга олуттуу мамиле кылбай калганбы деген ой келет. Мен бойдокмун. Ажырашуулардын көбөйүп атканын көрүп, жакшылап тандайын, шашпай эле коёюн дейм. Бирок убакыт өтүп жатат. Деги ажырашуулардын эң негизги себептери кайсылар болуп жатат? Канткенде үй-бүлөнү сактап калууга болот? Оюңуздарды окууга кызыкдармын. .. -
Жаңы президенттен эмнени күтөсүз?
27 Ноя 2017
Ошентип 5-президентибиз Сооронбай Жээнбеков расмий түрдө ишке киришти. Шайлоо учурундагы берген убадаларын аткарабы, жокпу, алдыда көрө жатарбыз. А силер анын президенттик 6 жылдык мөөнөтүндө өлкөдө кандай өзгөрүүлөр болушун каалайсыңар? Сунуштарыңарды, андан күтүүлөрүңөрдү жазгыла. 6 жылда Кыргызстанда эмнелер өзгөрсүн? Кандай жаңылыктар кирсин? -
Эгер убакыт унаасы бар болсо, кайсы учурга барып жашайт элеңиз?
23 Ноя 2017
Убакыт унаасы кинолордо эле эмес, чыныгы жашоодо дагы бар болсо деп кыялданып коём... Сиз кайсы учурга барат элеңиз? Келечеккеби же арткабы? Мен мисалы илгерки убакка, хандар бийлеген заманга баргым келет. Баары кыргызча кийинген, боз үйлөр. Анан тынчтык өкүм сүргөн заманга. Анан Сүймөнкул Чокморовду жандуу ушунча көргүм келет))) Убакыт унаасы менен барып, таанышып, баарлашсам. .
Анан адамдар жаңы калыптанып,
кол өнөрчүлүк, дыйканчылык пайда боло баштаган мезгилге дагы баргым келет.
-
Өзүнүн кызын 3 жыл зордуктаган ата
10 Ноя 2016
Өз кызын 3 жыл бою зордуктап жүргөн атаны өмүр бою эркинен ажыраттылды деген кабарды окуп атып, жүрөгүм түшүп калды.
Бул кандай ата? Бирөөлөр балага зар болуп отурса, мунун кыланы эмне болсун. Соттор өмүр бою эркинен ажыратыптыр.

Супер-Инфо
super.kg
видео




Мобилдүү версия
Latyshka