seven7 Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Кыймылы жок
- Билдирүүлөр:
- 1 (0 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Үй-бүлө (1 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 11 Декабрь 14
- Кароолор:
- 5 227
- Соңку аракети
08 Дек 2018 00:14
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Момун
- Жашы:
- 28 жашта
- Туулган күнү:
- Ноябрь 25, 1996
- Жынысы:
-
Белгисиз
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- Жашыруун
Менин билдирүүлөрүм
-
Темасы: Кайын сиңдинин кылыктары
Жазылган күн: 31 Авг 2015
Иий, эмнесин айтайын...? 3-классымда ортончу байкем аял алып келген,аябай тың болчу колунан да,тилинен да келген, 2-3 жыл өтүп өтпөй ажырашып кетишти. Кийин ошол эле байкем, 8-классымда кайра аял алды,эмнегедир ал жеңем босогодон киргенде эле жаккан эмес, анан үйлөнөөр замат эле өзүнчө бөлүнүп кетишти. Жеңем тойдо кызмат кылып жүргөндө эле байкалды, сүйрөлүп жерде жайылган дасторконго чалынып, жыгылып кала жаздаган, кийин алар бөлүнгөндө дем алыш күндөрү үйүнө барып турчумун,байкасам дасторконго койгон наны эле бир башкача, мен көрө элек, жаккан мешинин тегерегиндеги чаң бери дегенде эле 2,5см, өлө жиним келчү кыймылдаганын, жасаган оокатын көрүп эле, анан деги эле боёнгонун айт,Алла Пугачеванын макияжы артта эле калат, түтөйт экенсиң да айла жоктончу. Артын такыр тазалачу эмес, алганы алган жерде, койгону койгон жерде калаар эле, мен болсо тиртелеңдеп барып артынан оңдоп койчумун, жаман көзүм менен акшыя көп эле карачумун. Анан ал жеңем да сүйрөлүп жүрүп, акыры кетип, анын да, биздин да жаныбыз тынды,апам менден өтүп жактырчу эмес. Ошентип жеңесиз калдым, бир күнү эле классташ кызым экөөбүз сүйлөшүп атып, сөздөн сөз чыгып айтып калды, мага айтышты сенин жеңеңди, үйүндөгү кайын сиңдиси эле кетирди деп, мен болсо оозум ачылып, не дээримди билбей калдым, бирок ушул сөздөн өзүмө жакшы эле сабак алдым. А классташ кызыма бир жакын жеңенин кызы айтыптыр ошо сөздү, ага болсо мамасы айткан экен. Ошо, ошентип жүрүп 11-классты бүтүп, шаарга окууга кеттим, окуум ооруураак болгондуктан, айылга көп каттабай калдым, каникул убагында эле, саналуу күнгө келип кетем. 2-курсумда кичүү байкем үйлөндү, аялы жакшы болсо экен кудайдан жакшы эле тилендик эле, эмнегедир тилегибиздин 50% эле аткарылгандай, баягы эле көрүнүш, өзү шаарда өскөн кыз экен, башында кыйын эле болуп аткан, анан күн өткөн сайын чалкадан кете баштады, иий, үйгө келсем оокаттын баш аягы жок, бүт ирип чирип, ит мн уйга жем болуптур,жада калса оңураак чай бере албайт, сыйлаганды билбейт,бир сөз мн айтканда энеден тарбия албаптыр да,боорум ооруйт байкеме, үйдүн да, тыштын да жумушун өзү кылат экен. Азыр мен жеңеме жаман жакшы айтпайм и карабайм, тура калып ондоп тузоп коем, эч унчукпайм, анткени байкем аябай жакшы көрөт, жеңем да байкемди жакшы көрөт. Жашоосуна кийлигишип, ортолоруна от жаккым келбейт, эмне кылса өзүлөрү билет деп ойлойм.
Достору
seven7 Досторду кошо элек
Комментарийлер
seven7 ге комментарий жазыла элек. "Кандайсың" деп жазып койбойлубу?