shuru-kg
-
УЗИден баланын башында суу бар дейт..
1 Май 2016
Салам баарынарга.
Менин эн конулум калган тема экен. Созсуз жооп жазышым керек дедим корор замат.
Мен кош бойлуу кезде, 5-6 ай болуп калганда Бишкектин эн кыйын деген Сулайманов, Харченко, Кочербаева ж.б. УЗИстери тороло элек кызыма атрезия деген коркунучтуу бир диагнозду коюшуп, баары суйлошуп алгандай алдыр дешкен. Менин жашоом токтоп калгандай эле болгон. Кантип журогумдун астында чогуп жаткан журокту, уже адам болуп калган баланы алдырат элем!? Мен алдырган эмесмин. Бассам, турсам Кудайдан тилеп, уктап жаткан жеримден ойгонуп эстеп алып ыйлап журуп срогумдан эрте тороп койдум. "Мен кыйын" деген, тороло элек баламдын жашоосун токтотууга шашкан Сулайманов, Харченко, Кочорбаевалардын айтканы такыр туура эмес болуп чыкты. Азыр кызыма бир ай болду. Баары жакшы. Мунот сайын Кудайга рахматымды айтам. Так что баары Кудайдын колунда. УЗИ Кудай эмес, УЗИден так коруу мумкун эмес. Эч нерседен коркпогула. Баары жакшы болот.
shuru-kg

Супер-Инфо
super.kg
видео



12 Дек 2018 09:17
Мобилдүү версия
shuru-kg