AsmanNuru
- Кыймылы жок
- 40 (0,01 )
- Адабият жана поэзия (21 )
- 05 Январь 15
- 13 352
23 Дек 2021 09:55
- Момун
- 57
- 2, 1969
- Жынысы:
-
-
Нурасман Ызакова
20 Окт 2021
《КҮТӨМ БАКЫТ》
Күтөм бакыт, күтөм сени кечикпе,
Адашпай кел, башка жанга кезикпе.
Ак сүйүүңдөн бөлүп берип башкага,
Жүзүмдөгү кубанчымды кемитпе.
Көп күттүрүп, тагдыр мени кейитпе
Бакытымды бөксөртпө да, кемитпе.
Жолуң карап, бурула албай оң солго,
Түз баратам үмүттүү ошол кейипте.
Келгин бакыт, көп күттүрбө кейитпе
Жол каратпа, бирок шашып, ээликпе.
Мага келчү жолуң тоссо өзгөлөр,
Сен аларга ачууланба, терикпе.
Өзүңдү башкалардан кооруп кел.
Кучагыма кемибестен толуп кел.
Кеч келсең да бакыт менин жаныма,
Түбөлүккө кала турган болуп кел. -
Нурасман Ызакова
20 Окт 2021
《УБАКТЫЛУУ》
Убактылуу кыш да, жай да, көктөм да
Убактылуу жааган жамгыр көктөн да
Азапталган кыйын күндө көзүнүн,
Убактылуу мөлтүр жашын төккөн да.
Убактылуу кызыл коңур күзүң да
Убактылуу бүгүн сулуу жүзүң да
Тамагыңды таттуу кылган азыркы,
Убактылуу кардай аппак тузуң да.
Убактылуу кыйынчылык баштагы
Убактылуу башка чыккан чач дагы
Ушул күндө бийик, асман тиреген
Убактылуу аска зоолуу таш дагы
Убактылуу акча, байлык, мүлкүң да
Убактылуу жүзүңдөгү күлкүң да.
Сулуумун деп мактанбагын эч качан
Убактылуу өң келбетиң, тулкуң да.
Убактылуу башыңдагы багың да
Убактылуу олтурган бул тагың да
Ар мүнөттү сооп амалга пайдалан
Эгер билсең убактылуу жаның да
Убактылуу эгер билсең жаштыгың
Убактылуу сен бирөөгө баштыгың.
Акыретте жообун сурайт мүнөттүн
Ошондуктан топтоп соопту алгының
Ызакова...25.05. 2018 -
Нурасман Ызакова
20 Окт 2021
《Өмүр》
Жамандын жолун тоспогон өмүр
Сүйүшкөн жанды кошпогон өмүр
Сыноону берип, кыйнасаң дагы,
Мен сенден үмүт үзбөгөм өмүр..
-
Бирөөгө көрүүнү зар кылган өмүр
Бирөөнүн жолун тар кылган өмүр
Сүйүшкөн жандарды экиге бөлүп,
Сүйбөгөн жанды жар кылган өмүр
-
Энени - баладан айрыган өмүр
Жакшынын жолун кайрыган өмүр.
Бирөөгө жакшы жашоону берип,
Бирөөнүн тонун сыйрыган өмүр
-
Бирөөнү карыш бастырбай өмүр,
Бирөөнү такыр жактырбай өмүр,
Жалгандан толук бакытты берип,
Бирөөнү койду шаштырбай өмүр.
-
Ай күндү айдап барасың өмүр.
Кээде ак, кээде карасың өмүр.
Сыноону берип сен мени карап,
Жашымды алдап аласың өмүр
-
Көтөрүп туруп кулатат өмүр
Күлтүрүп туруп ыйлатат өмүр
Көздөрүң ыйлап көңүлүң чөксө
Кайрадан өзү сооротот өмүр..
-
Кээ бир күн күлүп гүл атат өмүр
Кээ бир күн келип таш атат өмүр
Жакшылык күндөн үмүтүң үзбө,
Сабырдуу жанды жактырат өмүр
-
Бир жаманды көп сыйлайт өмүр.
Бир жакшыны көп кыйнайт өмүр
Кыйналсаң дагы чыдамдуу болгун.
Бейиштик жанды көп сынайт өмүр...
-
Байлыкты - бакыт деп алдаган өмүр
Азгыр деп шайтанды жалдаган өмүр
Жалганга алданбай түз жүргөн жанга
Бейишти убада чын кылган өмүр...
-
Жаш кезден алдап баргансың өмүр
Жаштыгым арбап алгансың өмүр.
Таттуусуң, сени сүйөмүн, бирок,
Түшүндүм бүгүн жалгансың өмүр...
Ызакова... 06.06.2017 -
Нурасман Ызакова
19 Окт 2021
Билесиңби мен сени кандай сүйдүм,
Сүйүүм үчүн азапка баттым, күйдүм.
Колдоруңду коё берип түбөлүккө,
Ичтен сызып, аргасыз сырттан күлдүм.
Ызаландым, кызгандым, дагы сүйдүм,
Сенден кеттим, а бирок сен деп жүрдүм
Көргөн кезде буулугуп ыйлап алдым,
Жанынан өткөн кезде бакыт үйдүн...
Болушунча талкалап тилектерди,
Үнүн укпай кыйнадым жүрөктөрдү.
Сагынып келбейин деп мындан ары,
Өчүрөм чогу түшкөн сүрөттөрдү.
Сен да келбе күнөөнү мага коюп,
Сезбеген соң өзүңдөгү себептерди.
Ызакова... -
Нурасман Ызакова
19 Окт 2021
Нурум
Нур кошулган атты уксам эрээркеп,
Жашым төгүп ыйлап алам сени эстеп.
Окшош атты угуп калса жүрөгүм,
Жол каратып күтүп калат келет деп.
Түн жашоомду жаркыраткан нурдайым,
Бул өмүрдү таттуу кылган балдайым,
Биз тагдырда айры жолду бассак да
Нурлар бизди кошуп турат ар дайым.
Тааныштырган, нурлар бизди байлаган,
Ортобузга сүйүү берген кайнаган.
Сенден кетип жандасам да башкасын,
Нур кошулган атыңдан эх айланам.
Аябагын көрсөң көзүм ыйлаган,
Сүйөөрүңдөн бир белги бер ымдаган.
Уулду болсом сен экөөбүз тилечү,
Нур кошулган ысымдардан ыйгарам.
Ызакова
AsmanNuru

Супер-Инфо
super.kg
видео



Мобилдүү версия
AsmanNuru