erkekyz1
-
Монолог
18 Авг 2021
Жакшы көрөм, сагынам, сенин мага кылган жумшак мамилеңе ар дайым ичимен кубана кабыл алам. Кучагыңдан чыккым келбейт, жытыңа ар дайым зармын..... Бирок, кечинде ал кучак башканы кучактайт, башка адам сенин жытыңды жыттап уктайт, башка адам сенин көздөрүңө карап, башка адам таң эрте сенин жаныңда ойгонот.... Мага, менин жүрөгүмө тынчтык бербеген экөөбүздөгү тартылуу күчүн кантип токтоорду да билбей кетем. Сенин мага айткан сезимдериң. ... мен кээде баарына кайыл болуп сендик гана болгум келет. Бирок өзүмдү урушам, токтотом, жемелейм... Аттиң, баарын кеч түшүндүк, баары кеч, бирге болуу мүмкүнчүлүгү жок, эч качан болбойт.... Мен да өз теңимди табышым керек, буюрса табам. Бирок сен дайым жүрөгүмдүн тээ түпкүрүндө орун алып ошол жакта сыр болуп жашайсың.
Моя ссылка -
Акыркы уккан ыр
17 Авг 2021
Коё бербейм, мен сени эч кимге бербейм,
Жүрөгүңдү бир жалгыз өзүм ээлейм,
Экөөбүздүн сүйүүбүз түбөлүк болушун тилейм..... Эрлан Андашев
Жаралап жүрөктү, уйкусуз түн өттү
Кайталап кайрадан дартымды козгобо кой,
Кыялымды сен талкалап,
Тагдырды ойнобо кой! ..... Алмаз Шаадаев
Жакшы ыр болуптур -
Монолог
2 Апр 2020
Сүйүп калуу эмеспи??? -
Монолог
28 Мар 2020
Көөөөп сөз жазайын дейм. Бирок эмне дээримди да билбейм. Акыркы күндөрү жүрөгүм да тынч эмес. Ал жүрөктүн тынчын алып жүргөн себептин да ээси бар. Неси болсо да баары жакшы жагына чечилээрине ишенем. Аллахым өзүң жардам бере көр, суранам. -
Монолог.
1 Янв 2017
Мына ушинтип 2016-жылды узатып 2017-жылды тосуп алдык. Жаратканымдан бул жылы элибизге тынчтыкты, ден соолукту, түгөйсүздөр түгөйлүү, баласыздар балалуу жана ар бир жаран, жер жүзүндөгү ар бир ар бир адам бактылуу болушун суранам.

Супер-Инфо
super.kg
видео



03 Дек 2023 19:46

Мобилдүү версия
erkekyz1