Marianna77
-
Табышмактуу жана коркунучтуу окуялар(мистика)
24 Nov 2016
Мындай окуя бизде да болгон. Бирок коп жыл болду. Эн чон байкем малдарды жайлоого жеткирип келе жатса шам болуп калат. Айылдын усту тамеки талаа болчу. Байкем ат менен болчу. Аты Максат эле келе жатса Максат деп бироо чакырыптыр. Уну шумкар деген досунун унуно окшошуптур. Артына кайрылып бир топ жерге чейин издеп барыптыр. Жок кайра келе жатса башка бир досунун унуно окшоштуруп чакырыптыр. Байкем дагы издеп жоноптур. Дагы ар бир досун атын айтып азилдешпегиле чыккыла деп коет экен байкем. Ангыча карангы кирип кетиптир. Максат деген чакырык ар тараптан ар досунун уну болуп жаныра бериптир. Аттын кулагы тик туруп кишенеп жер чапчып кириптир. Байкем коркуп оозуна зорго келме келип атты чаап жоноптур. Уйго ону бопбоз болуп суйлой албай кирип келген. Чонатам чон молдо болчу 7 кун окуп байкем аран озуно келген.
Marianna77

Супер-Инфо
super.kg
видео



02 Feb 2018 19:54
Marianna77