Суперстан: Elizavetta - Профилди кароо

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Профилди кароо
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток

Elizavetta Өздүк маалымат Рейтинг: -----

Elizavetta фотография
  • Билдирүүлөрүн табуу Колдонуучунун билдирүүлөрүн табуу
Тайпасы:
Кыймылы жок
Билдирүүлөр:
14 (0 күнүнө)
Активдүү форуму:
Жүрөк сыры (6 билдирүүлөр)
Катталган:
04 Июль 15
Кароолор:
7 347
Соңку аракети
Пользователь офлайн 12 Ноя 2015 12:59
Учурда:
Offline

Маалымат

Статус:
Момун
Жашы:
13 жашта
Туулган күнү:
Октябрь 7, 2011
Жынысы:
Белгисиз Белгисиз
Калаасы:
312

Байланыш маалыматтар

E-mail:
Жашыруун
  1. Статустагы өзгөрүүлөр
  2. Мен жөнүндө
  3. Темалар
  4. Билдирүүлөр
  5. Блог

Мен ачкан темалар

  1. Башым маң...((((

    Жазылган күн: 9 Июл 2015

    Саламатсыздарбы форумчу эжелер жана достор.Бугунку кундо аябай кенешиниздерге муктажмын.Мумкун сиздердин кенешиниздер мн туура жолду тандап алармын.Мени жемелебей туура тушунуу мн кенешиниздерди бериниздер сураныч.Жанылбаган жаак мудурулбогон туяк болбойт эмеспи,мен да бир жанылдым эми туура жолду тандашым керек.Кыскача эле жазайын.Анда соз башынан болсун.

    Уй-булодо торт бир тууганбыз.Эжем жана 2 иним бар.Асыл апам жана атам бизди эч нерседен кем кылбай остурду.Мен жылдар айланып 11-класста окуп калган убагым.Ал кезде апам мн эжем кор тиригиликтин айынан Россияда иштеп журот болчу.Уйдогу жумуштардын баарын озум жасайм, мектепте да улгулуу окуучу болчумун,айылдагы эжейлер балдар копчулугу мага суктанчу келин кылып алабыз дегендер да четтен чыкчу.Артыман чуркагандарды тенсинбей бой которгон кыз болчумун ал кезде.Бир жагынан "апасы чет жакта журсо,кызы минтип журот" дешпесин деп элдин созунон чочулап эч ким мн суйлошчу эмесмин.Ал кезде досторумун баары жигит жандап калган убагы эле.Мен озумон 6 жаш улуу жигит мн таанышып калдым телефондон. Ал экообуз 2 ай тел.дон суйлошуп журуп жолуктук бир куну.Бой келбети келишкен орто эле болчу.Экообуз мурункудан да коп суйлошчу болдук,ал эми мага суйуу создорун арнай баштады.Омурумдо мындай создорду укпаган жаным ага арбалдым да калдым,эми ага озумо ишенгендей ишенет болчумун.Суйуу деген ушундай болот турбайбы деп асмандын жетинчи кабатында учуп журдум.Менин шартым болбогондуктан кез-кезде гана жолукчу элек.Бир куну ал озунун "максатына" жетти.Мен байкуштун боздоп ыйлаганымчы ошол кунку жер чапчып!! !....(((( Кыз бала алсыз болот эмеспизби ага кучум жетпеди,кыйкырдым ыйладым бирок мени андан болок эч ким укпады.Ал мени сооротуп жатты:"ыйлаба жаным,экообуз бактылуу болобуз мага ишенчи,мен сени суйом эч качан таштап кетпейм" деп....((( Бирок окунучтуусу ошол создорун аткара алган жок...((( Мин наалат ошол кундорумо,азыр да эстеп ыйлап жатам.Мен аны эч качан кечирбейм! !!Мени сыздатып коюп,кантип тынч жашап жатканын билгим келет.Менин убалым аны тынч коер бекен аны бир гана Аллахым билет.Ошентип ага болгон суйуум жек корууго айланды.Себеби ал "ата-энендин алдында жузунду жер каратпайм,сага тийбейм" деген создорундо тура алган жок!Тел аркылуу суйлошуп турдук андан кийин да,бир куну чужой номерден бироо чалат кайра-кайра жанымы койбой таанышалы деп.Мен андан болок эч ким мн суйлошпойт болчумун,болду болбоду номерими ошол берген деп ойлодум да,максаты эмне экенин билгим келди,таанышууга макул болдум.Аз убакыттан кийин эле билинип калды анын досу экени.Ошондогу акыбалымды соз мн жеткирип бере албайм сиздерге...(((( Анын ою досу мн мени тааныштырып туруп,жолуксам эгер устумон чыкмай болгон дагы,ошол шылтоо мн менден кутулуунун амалын пландаган экен.Аны досунан алдап сурап алдым,сизде деле карындаш болсо керек деп ыйлап-сыктап жатып.Ошондон кийин менден алысыраак ойно деп андан умутуму уздум.Ошол кезде мектепти аяктап жогорку балл мн окууга оттум.Окуйун десем эч эле конулум барбай,козумон жашым токтобой калган,уйдо жалгыз калганымда ошол кезде Султан Садыралиевдин "Суйуу тамчысын" жаныртып коюп алып жаздыкка бетими басып алып кыйкырып-кыйкырып ыйлаган кундорум аййй....((( Бир жагынан шаарда озбек-кыргыз кагылыша кетип,шаар башаламан... бир жагынан ошол баскан жолдон баскым келген эмес.Апам Россияда болгондуктан кел кызым бир жыл иштеп барып окуйсун,сени кайсы озбек каерде олтуруп кетет экен деп кыжаалат болуп отурбайын деп чакырганынан, бир жагынан андан алысыраак кетип жумуш мн алаксысам аны унутаармын деген ойдо ал жакка кетууго макул болдум.
    Ошентип Россияга да бардым.Окубай калганыма кайгырсам,бир жагынан аны унутууга убакыт керек деп мекен мн кош айтышып келер-келгиче ыйлап келдим.Келип женилирээк жумушка кирип апам жанымда бир аз болсо да женилдеп калгандай болдум.Бирок баары бир журогумду ойугон окунуч жан-дуйномду сыздатканын койбоду.Убакыт учкан куштай ото берди.Мени мн чогуу иштеген кыздар бар болчу озум тендуу.Алардын бироосуно агасы келип учурашып калчу.Мага да тийишип суйлой берет болчу кыжырым келип тескери басып кетип калчумун.Ал кыздар мн коптон бери чогуу иштеп калганга дос деп кайрылчубуз бири-бирибизге. Ал кыз далай жолу айтып журду сени жакшы коруп калыптыр деп кээде тамашага салышып жене деп алышчу.Бир куну жумуштан чыгып ал кыз айтып калды жур агам келет сени таштап отобуз деп,метродон алысыраак болгонго сууктун куну оюмда эч нерсе жок эле макул болуп отурдум.Машина мн журуп корбогонго жетейин дедикпи деп эле улам-улам сурап коюп бара жаттым.Бир маалда мага бей тааныш коп кабаттуу уйдун алдына келип токтоду.Ал кыз жур уйго бир ууртам ысык чай ичип кет,азыр жеткирип коебуз бат эле деп бири биринин создорун коштоп мени кондурушту. Кирип чай ичтик,дегеле кыймылдайын дебейт ал кыз дагы.Кеттим мен кеч болуп баратат деп шашып калдым,аркы болмодон жоолуктарын которуп эки эже чыгып келатат.Онумбу тушумбу деп селейип эле квтып калдым.Селт эте ой эже эмне кылганыныздар бул деп,салынбайм эле салынбайм деп тополон кылып жоолугун салынбай койдум.Баланы мактап жактап эле жатышат,бири кулагыма кирген жок...тел.н заряды очуп калыптыр апама чалайын десем,ошентип алар мн алышып жатып тун ортосу болуп кетти.Бугун кеч болуп калды эрте мн апандарга кабар беребиз дешти.Ал кыз да агасын мактап макул дей бер ата-энелери жакшы деп жатты.Акыры мен чарчаганда макул аган мн суйлошуп коройун дедим.Оюмда ага болгонун айтсам мени кое берет деген ойдо.Мен ага турмушка чыга албасымды баары жогун айтып салдым.Ал сени коптон бери байкап журом,мен сени жакшы кором,сени бактылуу кылам мени уят кылба деген ондуу бир топ создорду айтты.Бирок мен баары бир макул болбодум.Эртеси апамдар келишти,аларды да ары жак бери жагынан отуп кондуро башташты.Кийин апам мага кирип айтты кызым ойлонуп кор,конулун болсо кала бер жакшы уй-булодон деди.Кыргызстанда кайын журтум атамын алдына барышып тууган-уруктарымы чогултушуп баары макул экоо суйлошкон болсо дешиптир.Алар мурунтан бири-бирин таанышчу экен эле.Ошентип аргасыз макул болуп турмуштун оор сыноолоруна бел байладым.Экообуз башында жакшы эле жашап жаттык.Коп отпой эле кош бойлуу да болуп калыпмын, 3 ай убакыттан сон кайнагам мн абысыным мекенге кетишти.Алар кеткен кундон баштап жашоо тозокко айланды кайра мен учун.Жолдошум кайнагам мн бирге магазинде иштечу,ал кетери мн магазинден чыгып алды да озу суйгон кесип мн ресторандардын биринде ди джей болуп иштеп калды.Кунуго кечинде кетет эрте мн мен жумушка баратканда келет.Кайталанма кундор отуп жатты,эми ал кундузу да уйго келбечу болуп калды.Мага дем алыш кундору тушко жакын келип кечинде кайра кетип калчу.Жумуштан кийин каерде эс алып жатасын деген суроомо жумушта деп жооп берчу.Акыркы кундору телефонуна смстер,звоноктор коп келе баштады.Бир куну кухняда отуруп бир кыз мн эзилишип суйлошуп жатканын уктум,унчукпадым. Бара-бара менин алдымда суйлошуп калды ким ал десем паланча эже,тукунчо эже бирге иштейбиз дейт.Бир жагынан анын баскан-турганы мага жакпай,экинчи жагынан таксикоз болуп аябай кыйналып,жудоп, арыктап кеттим.Кунуго ый кунуго ый болуп жатты,озумду- озум куноолойм... ((( Кайра ага жиним келет эркектин баары бир турбайбы,баарына кайыл болуп алгандан кийин кайра мындай кылганы эмнеси?!... ((( Ыйлап журуп акыры кондум баарына,аябай конулум калып кетти...дегеле жашоо кызыксыз болуп баратты кундон-кунго. ..Олгондун устуно комгон кылып,айыкпаган жараны ырбатты!Баарына чыдап жашашым керек болчу айылга ата-энемин уйуно баргандан намыстанып чыдадым баарына,андан башка жол жок болчу!Уйго кааласа келет болбосо жок,кундор отуп жатты билинбей 5 ай отуп кетти.Ал ортодо экообуз катуу уруша кетип мени аябай сабаган,машина катуу ылдамдыкта журуп баратканда ичимен:Аллахым мени кечир,мен сыноолоруна чыдай албадым,кагылайын апакем ак сутундун бир тамчысын да актай албаганым учун кечир,кечиргиле баарынар! " деп озумду таштап жибердим....(((((( Бирок кудай мени албады,ичимдеги 5 айлык болчу...колу- бутум сыйрылып,башым асфальтка катуу тийгендиктен эс учуму жоготуп жатып калдым.Ошол окуядан сон айылга кетебиз барып жакшы жашайбыз,акыркы кундору озумо озум тушунбой баратам деп калды.Айылга келдик ата-энеси аябай жакшы кабыл алышты жакшы адамдар экен бат эле тил табышып уйронуп кеттим.Кайнатам неберелерине кошуп мени да эркелетип турат уйундо кайнагамын балдары бар болчу.Дагы убактынча жакшы жашап калдык,кайра эле уйронгон адатын баштады.Бир куну жаман кыздардан "оору" жугузуп келиптир.Ушул окуядан сон муздаган журогум ташка айланып калды.Жашабайм деп кыйла эле болдум так секирип,бирок кайын журтум жакшы болгондуктан алардын созунон чыга албадым.
    Ай кунумо жетип уул тородум.Баламы коргондо бардык коргон кыйынчылыктарым заматта унутулуп,ушул убактагы бактылуу коз ирмемдеримин аягы жок болсо экен деп тиленип жаттым.Асыл апакемин кадырын дагы бир жолу тушунуп жеттим.Баары кубанып жатышты.Убакыт ото берди,журогум эч жылыбай койду жолдошума деген.Ал адатын кое албай журо берди.Анын девушкаларына чалгандан да коркот элем,бирде сен аларга эмне чаласын,эмне озгорду деп кол которгонго чейин барган эле.Мына азыр да коптон бери кимдир бироо мн мамиле кылып жургонун сезип,билип турсам да унчукпадым. Себеби айткандан пайда жок,уруш-жанжалдан башка эч нерсе чыкпайт.Бир куну дагы бир кызына чалдым атайын,баарынан тажап балам учун гана жашап жургон элем.Ал кечинде келип телефонуму текшербе дебедим беле,неге чаласын ага деп дагы уруша баштады.

Достору

Elizavetta Досторду кошо элек

Комментарийлер

Elizavetta ге комментарий жазыла элек. "Кандайсың" деп жазып койбойлубу?


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 16 Июн 2025 12:26

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: