i-bilim
- Кыймылы жок
- 24 (0,01 )
- Кыз-жигит (5 )
- 26 Август 15
- 11 115
25 Фев 2022 09:18
- Момун
- 34
- 7, 1991
- Жынысы:
-
-
Мына, пенсияга чыкканда өлүп калсаң ошого чейин Соцфондго төлөгөн акчаң каякка кетет?
9 Май 2016
Пенсияга чыгып, ай сайын кармап калчу (мисалы, мугалимдерден 20% кармайт) соцфонддун акчасын эми алып баштаганда же ага жетпей кайтыш болуп кеткендердин пенсияга деп төлөнгөн акчасы каякка кетет деп ойлоно берем. Бизде кара ашына деп азыр 5-10 миңге чейин эле берсе керек (так маалыматым жок экен). Мамлекеттин казынасына ушул соцфонддон эле канча акча түшүп жатат.
Мисалы, мен мугалим болуп иштеп жүргөнүмдө айлык 11 миңге чейин болсо, колго 8-8400 алчумун. профсоюз, соцфонд деп бир канчасын кармап калчу экен. Эми эсептесем (орточо эсеп менен) 20% соцфондго 2000 кармаса, бир жылда 24 миң кармачу экен, алдыңкы ишке жарамдуу жылды 20 жыл деп эсептесем 480 миң кармамак. Азыр болсо башка жакта эки эсе көп айлык алам, 5 миңге чукул акчаны кармап калат. Бир жылда 60 миң, алдыңк 20 жылда 1 миллион 200 миң сом кармайт экен.
Чындыгында бул ак эмгек менен мээнет кылып тапкан акча да... Мүмкүн, пенсияга чыгар замат алдыңкы жашай турган 10-20 жылдын пенсиясын төлөп беришсечи? Силер кандай ойлойсуңар?
i-bilim

Супер-Инфо
super.kg
видео



Мобилдүү версия
i-bilim