GLOBUS Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Кыймылы жок
- Билдирүүлөр:
- 16 (0 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Үй-бүлө (14 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 26 Август 15
- Кароолор:
- 3 353
- Соңку аракети
21 Ноя 2016 12:41
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Момун
- Жашы:
- 9 жашта
- Туулган күнү:
- Август 26, 2015
- Жынысы:
-
Белгисиз
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- Жашыруун
Мен ачкан темалар
-
Журоктогу боштук
Жазылган күн: 14 Ноя 2015
Негизи турмуш жолуна кылдаттык менен кадам таштагандай болгом. Оюмдагыдай жигит мындан артыгын кайдан табам деп ойлочумун. ( Ал мен учун идеал эле)Чынында азыр деле аны сыртынан тааныган адамдар суктанышат. Баарына оз кучу менен жеткен, билимдуу, сени эч нерседен кем кылбайт дешип, ооба аны мен да мойнума алам бирок... ал башкача, аны ал менен жашаган гана адам тушуно алат, анын мунозун толук билген адамдардан канчалык бирге жашоо оор экенин угуп калам. Экообуз суйлошуп жургондо эле кээде ал менен суйлошуу мен учун зээригиштуу экенин сезип, эмнегедир коз жумуп коер элем. Кийин аз эле жолугушуп уйлондук, анын мунозун жашай баштаганда билдим, бир аз майдачыл, кыйкымчыл мунозу жакпай журду, дайыма мактоо создорду угуп, эркелеп конгон жаным, анын бутпогон сынын уга берип чунчуп кеттим, озумо болгон ишенимим жоголуп, шайыр мунозум тунт адамга айланып бараттым. Баш кошконубузга коп отпой боюма бутуп, бир жылга жетпей балалуу болдук, шаарда турганыбызга байланыштуу кыркы чыкканга чейин айылдан апам келип каралашып журду, эмнегедир апамдын уйдо журушун жактырган жок, анын мунозун копту коргон апам сезбей коймок беле? Бир куну мастит болуп аябай табым ысып, ооруп калдым. Байкуш апам эмне кылаарын билбей куйполоктоп "комфорное масло" суйкосон кичине жардам берет десе эле, жолдошум "андай болбойт" деп кунк этти, да мага жалооруп, "жакшы болуп кетсен экен" деген созу ичимди жылытып да койгон жок, аябай жаман болуп кеттим, апамды карасам кызыктай болуп эле акырын комнатадан чыгып кетти, муунум бошоп, бул эмне кылганы деп ызаланып жаттым.Он кундун ичинде эле апам, "мен эми кетейин кичине тынып калдын, баланы жакшы кара" деп кетип калды. Жашоодогу конул калуулар мына ушундай майда барат нерселерден улам кобоюп жатты. Сен мен дегенди жаман корчумун бирок ошол кылыктан кийин, эмне учун анын студент эки инисин мен унчукпай, кабагымды чытыбай тамагын жасап кирин жууп батырып келем да, менин жалгыз апамды батыргысы келбейт деп жиним келчу болду.
Достору
GLOBUS Досторду кошо элек
Комментарийлер
GLOBUS ге комментарий жазыла элек. "Кандайсың" деп жазып койбойлубу?