-LEO-
-
Кыргыздын "жаңы деми" Гүлзат Мамытбектин сүрөөнүнө көз карашыңыз
2 Jan 2019
"Кыргыздын деми" деп атап алгандарга сөз жок да. -
2018-жыл эмнеси менен сиздин эсиңизде калды?
2 Jan 2019
Мен ниет кылган нерселер баары орундалды, Кудайга шүгүр. -
Бүгүнкү маанай кандай?
26 Feb 2018
Маанай жок! -
Акыркы көргөн киноң!
26 Feb 2018
Адвокат дьявола -
Кальян жөнүндө
26 Feb 2018
Бермет Эстебесова, Өпкө оорулары боюнча врач:
“Зыяндуу заттар түздөн-түз өпкөгө барат”
Өпкө оорулар боюнча адис Бермет Эстебесова кальян чегүүнүн кесепети чынында коркунучтуу ооруларга алып келиши мүмкүндүгүн айтып берди:
—Терең дем алуу менен тартылган түтүн өпкөгө терең кирет да, организм үчүн зыяндуу заттар тез арада өпкөгө сиңет. Демек, кальяндагы ысып күйгөн заты бар көмүрүндөгү ар кандай аралашмалар, зыяндуу чөптөр сууга аралашпай түздөн-түз өпкөгө барат. Узак убакыт бою аны чеккен адам ага көз каранды болуп, кийин чылым чеккенге өтүүсү мүмкүн. Мындан тышкары, анын курамында никотин бар. Никотиндин зыянын бардыгы билет.
Сингапурдагы Menshealth журналынын маалыматына ылайык, кальян тамекисинин химиялык курамына чайыр – 802 мг, никотин – 2, 96 мг жана көмүртектин кычкылы (CO) – 143 мг кирет. Кальяндагы никотин менен чылымдагы никотин окшош болгондуктан, кальян көз карандылыкты пайда кылат.
Мындан 2-3 жыл мурда Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргызстандын кафе-ресторандарында кальянга чектөөлөр коюлушу керек деген демилгелер айтылган. Бирок кандайдыр бир тиешелүү мыйзам кабыл алынган эмес.
Ал ортодо 2014-жылы Казакстанда жана Россияда кальян бериле турган коомдук жайларга пландан тышкары рейддер өткөрүлгөн. Натыйжада санитардык- эпидемиологиялык экспертиза көрсөткөндөй, тамеки тартылуучу түтүктөрдө, кальян суюктуктарында жана идиштеринде ичеги карын жана көк ириңдүү таякчалар, алтын түстүү стафилококктор, ачыткылар жана грибоктор табылган. Азыркы учурда Казакстанда коомдук тамактануу пункттарында жана оюн-зоок жайларында кальян тартууга тыюу салынган.
Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму келтирген тыянактарга караганда, кальяндын бир эле сеансынын зыяны бир пачка тамеки зыянына барабар. Демек, 40 мүнөттүк кальян чегүү бир топ куту чылым чеккенге барабар. Кальяндын тамекиден бир эле артыкчылыгы, чеккенден кийин ооздон жагымсыз жыт чыкпайт. Тескерисинче, жыпар жыт келип турат. Анда, ушул артыкчылык организмди ууландырууга тетеби?

Супер-Инфо
super.kg
видео



24 Apr 2019 15:01

-LEO-