Суперстан: perishtesi - Профилди кароо

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Профилди кароо
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток

perishtesi Өздүк маалымат Рейтинг: -----

perishtesi фотография
  • Билдирүүлөрүн табуу Колдонуучунун билдирүүлөрүн табуу
Тайпасы:
Кыймылы жок
Билдирүүлөр:
26 (0,01 күнүнө)
Активдүү форуму:
Адабият жана поэзия (25 билдирүүлөр)
Катталган:
15 Октябрь 15
Кароолор:
2 178
Соңку аракети
Пользователь офлайн 20 Янв 2017 19:15
Учурда:
Offline

Маалымат

Статус:
Момун
Жашы:
34 жашта
Туулган күнү:
Август 19, 1990
Жынысы:
Белгисиз Белгисиз

Байланыш маалыматтар

E-mail:
Жашыруун
  1. Статустагы өзгөрүүлөр
  2. Мен жөнүндө
  3. Темалар
  4. Билдирүүлөр
  5. Блог

Менин билдирүүлөрүм

  1. Темасы: Атасынын периштеси

    Жазылган күн: 20 Янв 2017

    Аягы.Кутуп окууганыныздарга чон рахмат!
  2. Темасы: Атасынын периштеси

    Жазылган күн: 20 Янв 2017

    Ооба, билет. Ал «мага керекэмес, менин эки уулум жетишет» - деди. Алдырып салганга да болбойт, үч айданөтүп калды.

    - Алда балам ай-я! Дегимойнуңа түшкөн азап болду го. Сен ушу, бул жерден кетпей эле койчу, калыпкалсаң балаңды да багышабыз. Анын үстүнө Акылай жалгыз болбойт.

    - Жок. Мен келсем сиздер даушак-айыңдан ажырабас болосуңар.

    - Ушакты ким укпаптыр балам,көңүл бурба.

    - Сиздерге түйшүк болгумкелбейт. Өз түйшүгүмдү өзүм көтөрөм.

    - Эмне кылсаң өзүң билесиң, эң башкысыбалдарыңдын өмүрүн тилеп, оокатыңды кылып жашай бер каралдым. Ким билет, баланыкөрсө кайрылып келеттир. Урушуп-талашпай дагы оокат болчу беле – деп ойлонокете, кайра, -балам, эң негизгиси минтип турмуштун кыйынчылыгынан кутулуунунжолун арактан издебе, ал сени жакшы жолго алып барбайт, бул эсиңде болсун -дегенде, Чынара башын катып, көзү жер тиктеди.



    ***

    Айылдагы турмуш өз жөнү мененөтүп жатты. Ошентип, ортодон бир жарым ай көз ачып жумганча зымырады. Жылдакүздө баягы эле турмуш-тиричилик: жер-жемиш жыйнамай, эгин чапмай, айтор, кышкадаярдык көрүүнүн оокаты. Бул убакыт бою кабары жок кеткен келини кайраданайлына келди… Өңү көк шишик тартып бузулган, боюна карабай калган кебетесинкөрүп чоочуп турган кайната, кайненесине Чынара «Акылайды алып кетем» деп бурк этти.«Алып кетпесең, Чынартай» - деп жалдыраган кемпир-чалга:

    - Силерден эмне кылыштысурабайм, бул менин кызым. Ушул мектептен кайсы билим алып жатыптыр? Мен анышаардан окутам – деп жооп берди.

    Энесинин кейпинен жүрөгүтүшкөн Акылай дароо:

    - Мен кетпейм! – деди.

    - Сенден ким сурап жатыптыр?Кийимдериңди тез жыйна!

    - Жок, мен кетпейм… Кетпейм!– деп жатканда, Чынара үйгө кирди да, кийимдерин баштыкка салып чыкты.

    Чоң атасынын бутуна жабышканАкылай:

    - Чоң ата суранамын, суранам,ата кой бербечи мени – деп көз жашы мөлтүлдөйт. Жүрөгү эзилген чал:

    - Ананайын периштем! Энеңменен бар, ал туура айтат, шаардан жакшы билим аласың, эс алган күндөрү бизгекелип турасың.

    - Ооба, - деди Арууке апачалына кошулуп, - барагой, биз дагы сенин келечегиңди ойлошубуз керек.

    Минтип айткандары менен экөөтең андай болооруна ишенишкен жок. Күтүүсүздөн баланы алып кетем дегенкелининин сөзү гана алардын жанын чийди. Чынара болсо, кызынын барбайм депыйлаганына ыза боло, албууттана:

    - Силердин үйрөткөнүңөр, менижамандап отуруп кызымды алыстаттыңар. Анан түштөн кийин калп эле, «бара кой»,«энеңди ук» деп коюшат – деди да ал Акылайдын колунан ала, диңкилдетип жетелеп,дарбазанын сыртына чыгып кетти. Алардын артынан кемпир-чал дагы чыгышып, көргөнкөздөрүнө ишене алышпайт. Улам артты карап, үңүлдөп ыйлап бара жаткан Акылайдыкөрүшүп, заманасы куурулган чоң ата, чоң эненин да көздөрүнөн бурчак-бурчак жашкетти.



    ***


    Бир жума өтүп-өтпөй, чалшаарга келип, эшикти көпкө чейин тыкылдатып турду да, эч ким ачпагандыктан, кайрадан айылга кайтты. Арууке апага да, анын чалына да Акылай кеткенден берижалындап күйүп турган чырак жалт өчкөндөй сезилди. Үйдү караңгы басып экисөлөкөт үңкүрөп калышты. Баягы Акылай чыгып апасын күткөн шатынын жанында чоңатасы эми өзү туруп периштесин күтөт…

    Акылай болсо шаардагымектебинде окуп жүрдү. Бирок, ал мектеп Акылайга бейтааныш болуп, көнө албады.Ал үчүнчү сабагы бүткөн соң, төртүнчү сабагы дене тарбияга барды. Ага кийгенгеылайык бут кийими жок болгондуктан үйүндөгү көптөн бери кийилбеген балкондо жатканкетаны алып алган. Кета дагы бутуна чоң келип, улам ылдый ийиле бекем тартыпкойгонсуйт. Аны көргөн классташтарынын бири:

    - Эмне муну сен СоветскийСоюздан ырымга алып калдың беле?! – дегенде баары ага кошула каткыра күлүпкалышты.

    Андан кийин көңүлсүз үйүнөкеле жаткан кыз экинчи кабатка көтөрүлгөндө чоң атасын эшиктин алдында турганынкөрдү да, кучактады. Чоң атасы үйгө кирип тактайдын үстүнө толтура айран-сүтүнкойду, анан дагы билгендей небересинин ботасын ала келиптир.

    - Мектебиң жактыбы? – деп сурадычоң атасы периштесинен.

    - Мектеп жакты, ичиндегилержаккан жок.

    - Ичиндегилер сенитаарынттыбы? – деди кайта чоң атасы күлүп. Акылай айткысы келбегендей унчукпайотурду. Аны түшүнгөн чоң атасы башка суроо берип, апасы тууралуу сурады.

    - Апам кече мас болуп келген,жумуштан чыгарып салды деп ыйлап жатты… Чоң апамчы кандай жүрөт?

    - Чоң апаң жүрөт, сенисагынып – деген чоң ата небересин кучактап, жыттагылап сагынычын тараткансыйт. Бирок, ал кайта айлына жөнөп кетти.

    Күндөр өтүп жатты. МындаЧынара айылга келди. Үйгө кирсе кайнатасы жок, жалгыз гана кайненеси отурат.

    - Ии кемпир, - деди Чынара, -отурасың? Почтадан билип келдим пенсияңды алыпсың. Барып эми бир бөтөлкө алыпкел же акчаңдан бер өзүм эле алам, ушу сенден сураганча.

    - Айланайын каралдым, мындайсөздү өз уулуман уккан эмес элем, деги эмне деп жатасың?

    -Укпасаң эми угуп ал, мынданкийин дайыма угасың. Ха- ха-ха! Келе акча! – деди ал колун суна. Анан бербейжаткан кемпирди суурмадан бычак алып, ичимди сайам деп коркутту. Көздөрү чыгыпкетчүдөй алаңдап, аракка суусаган Чынара чын эле баласынын, өзүнүн да өмүрүнжинди сууга тең көрбөй турду. Муун жүнү калчылдаган Арууке апа чыптамасынынчөнтөгүнөн бет аарчыга оролгон акчаны тапты да келинине карматты. Акчаны ала,колдору калчылдаган Чынара бир каткырып, бир аны өөп жыргагансыйт. Кемпирденакча алганга көнүп алган келини үч-төрт күн өтүп кайра келди. Мында да жиндисууга жыргаган Чынара акчага келди. Кебетеси мурункудан дагы бузулган, чачтарыапсыйып, бети көк-ала.

    Бул күнү уйчу оруп калып,уйлар бадага чыкпай калышкан эле. Арууке апа уйга чөп салып, чалы короодоаркы- терки иш кылып жүргөн чак. Чынара кайненесин көрдү да:

    - Өлүп баратам кемпир, өлүпбаратам… Мен кимге керекмин, айтчы кимге? Мм, азыр сен андан көрө уулум курбумАйгүлдү алса болмок деп жатасыңбы? Жүрө-өт Айгүлүң менин үйүмө улам келип.Акыркы күндөрү тез каттачу да болду. Сен жиберип жаткан жоксуңбу? Ыя, кемпир?

    Аны көргөн кемпирдин ичиачышып:

    - Айланайын Чынартай, дегиазыр да кеч эмес, оңолчу балам. Арагыңды ташта, сен өзүңө эле эмес ичиңдегибалага да зыян келтирип жатпайсыңбы.

    - Көп сүйлөбө. Айланбай сентегерен! Бар дүкөнчү кошунаңдан бир бөтөлкө алып кел.

    - Бая күнү эле болгон акчамдыалып кетпедиң беле, каралдым.

    - Акчаң жок болсо карызга ал,мага догурунбай. Муну кара кошунаң келсе «чай ич, нан ооз тий, айран ич» депжаның калбай чуркайсың, бар эми кошунаңды чуркат.

    - Алып келбейм, деги ушинтипотуруп кайда барасың? Акылай балам эмне болуп жатты экен, жаны куурап, байкушум– деп кемпир жашын төгөт.

    Чыр чыгып жатканын көргөнчал, короонун чети менен акырын бери басып келе жатып, Чынаранын:

    - Өз жаныңды карап ал,Акылайды эмне кыласың? Канча күнүң калды экен, кемпир? Төрүңдөн да көрүң жакын– дегенин укканда чалды бирөө алып катуу зым менен муунткандай болду. Аруукеапанычы? Аны тим эле үстүн муз басып, жүрөгүн бычак менен сайгандай болгондур…Ал сөз менен да келини калбай, «барбайм» деп жаткан кемпирди жулкулдатабаштады. Аны көргөн чал, Чынаранын колун ары тартты да жаакка бир чапты. Булубакта баары бир нече мүнөткө чейин тунжурап тымтырс туруп калышты. Анан чалдынколу калтыраган бойдон дарбазанын сыртына чыгып кетти. Арадан бир нече саатөтүп, кеч курун чал үйүнө келди. Келини үйдө көрүнбөйт. Ал:

    - Кантип?.. Кантип мен кошбойлуу кызымды чапканга колум барды? Ушул колум… – деген чалдын көзүнөн жашкетип, оозунан арактын жыты буркурайт. Кемпири эмне демекчи, унчуккан жок.

    Чыдай албаган чал эртесишаарга келди. Акылайдын сүйүнгөнү ай… Ал чуркап барып чоң атасынын жакшы көргөнгезитин алып берип, чоң атасын көрүп кубанычы көккө жетип турду. Бир убактасырттан Чынара кирди. Ал кайнатасын көргөндө тигиле карап турду. Акылай жүзүнжылмайтып:

    - Чоң атам келди, апа – дедижагымдуу үнү менен.

    - Көрүп жатам, сокур эмесмин– деп өзүнүн бөлмөсүнө эшикти тарс эттире жаап кирип кетти. Бир аздан кийинЧынара бөлмөдөн чыгып, жиндене чалды жулкулдата, - Жогол! Кет, бар кет! – дептүрткүлөйт. Ортодо чырылдаган кыз чоң атасына болуша экөөнү ажырата тургандайапасын түртөт. Күчү тең эмес баланы Чынара бир чапканда жыгылды. Абалдыкүчөтпөйүн деген, небересине жүрөгү ооруй, аны да сооротуга мүмкүнчүлүгүболбогон чоң атасы кийимдерин сыртка ыргытып жаткан келинин карап эшиктин аркыбетинде кала берди. Жерден кийим-буюмун терип, тепкичке отура калган чалдынжашы сакалынан ылдый акты.Үй ичинде анын көз-айнегин көргөн Акылай:

    - Ии… атакем көз айнегинунутуп кеткен турбайбы. Мейли эмки келгенде алат – деди аны ката, чоң атасынкелерине дагы бир себеп болгондой.


    ***


    Убакыт өтө, зырылдаган кыштынэки айы аягына чыкты. Акылай чоң атасынын келбей калганына абдан кабатырланыпжатты. Чынара баягы эле арактын азабын берип, челкейген ичине карабастаничкенин токтотподу. Баятан чоң атасынын көз-айнегин сүртүп отурган Акылайапасына жакындады да:

    - Апа, сиз айылга барыпжүрөсүзбү? Эмнегедир чоң атам келбей калды, бизге таарынса керек.

    - Чоң атаң болду келбейт.

    - Эмнеге?

    - Ал… Ал өлүп калган –дегенде Акылайдын мууну бошоп:

    - Жок, жок, сиз бүгүн дагымас экенсиз, мен сизге ишенбейм! – деп башын чайкап, ишене албаса да, бул сөзанын жүрөгүнө октой тийип, көздөрүнөн жаш чыгарды. Бул учурда эшикти бирөөшыңгыратты. Чынара эшикти ачканда курбусу Айгүл кирди. Аны көргөн Акылай: -Айтыңызчы, Айгүл эже апам калп айтып жатабы? – деп өпкө-өпкөсүнө кагып ыйлайт,- атам өлдү деп калп айтып жатабы?

    Айгүл Чынараны карады да:

    - Эмнеге Акылайды келбейжатат десем, сен айткан эмес турбайсыңбы? – деди дароо. Муну укканда Акылайчоң-атасынын чыны менен каза болгонун билип, бөлмөсүнө чуркай качты. Анынартынан бөлмөгө кирген Айгүл, кызды сооротуп, бир жагынан аны көрүп өзү ыйлады.Ал Акылайга, - эртең чоң атаңдын кыркы болот, мен сени алып барам. Эртең мененакырын апаңа көрүнбөй саат алтыда чыксаң, мен эшикте күтүп турган болом – дедиал чекесинен кызды өөп. Алар сүйлөшкөндөй эртеси жолугушуп, айылга кележатышты. Улам үйүнө жакындаган сайын буулугуп, жүрөгү мына эми, эми жарылатургандай сезилди. Акылай көп адамдардын сыртта тургандарын көрдү да үйүнөкирди. Чоң апасына эки-үч аял кошулуп, аркы дубалды карап ыйлап жатышыптыр. Алардын жанына келген дагы бир башка кемпир чоң апасына келип «болду, кайраткыл» деди. Акылай да олтура кетип кошогун айтты. Көзүнөн жаш куйултту. Алкошогун баштаганда кээбирөө ыйламыш болуп, кургак көзүн бетаарчы менен сүртүпжаткандардын да жаштары мелтилдеди. Үңүлдөп ыйлагандардын жашы андан бетертөгүлдү.



    Таптырбайкетти атакем,

    Таштадыбизди атакем.

    Ташжүрөк болгон энемди,

    Кечиргиналтын атакем.



    Кандайдесем атакем,

    Кайтыпкайра келесиң?

    Карачыасыл атакем,

    Ыйлапжатат Периштең.



    Арманымалтын атакем,

    Азаптытартып кеттиң сен.

    Энекемкабар угузбай,

    Күйгөнүмболду атакем.



    Чоңапам калды жалгыздап,

    Ип- ичке жаны алсырап.

    Сенучтуң куштай талпынып,

    Менкалдым торго чалынып.



    Угуптурсаң атакем,

    Айтчыэмне кыламын?

    «Периштем»деген атымды,

    Кимденэми угамын?



    Ошентип Акылай кошогун айтыпбүткөндө, чоң апасы ордунан тура, небересинин жанына келип, экөө кучакташыпыйлашты. Эки күндөн кийин Акылайды издеп келген Чынара, кызын алып кетти. Агаэч ким тоскоолдук кыла алган жок. Ким тоскоол кылмакчы, кемпир менен анынкошунасынан башка эч ким жок болчу. Акылай кемпирдин этегине жабышса да, Чынараага көнгөн жок. Арууке апа небересинин колунан мыкчып жетелеп бара жатканкелинин карап: «Жанымды берчү жалгыз келиним, жамандык кылчу сен белең, көрүмдүказар сен белең?!» деген бойдон кала берди. Чынара Акылайды шаарга алып келгенинАйгүл укканда алардын артынан жете келди. Бул учурда Чынаранын толгоосубашталып, ал төрөт үйүнө жеткирилип, бир нече сааттан кийин кыз төрөдү.Кичинекей. Аларды төрөт үйүнөн чыгарган Айгүл баланы да өзү бакты. Атын Акылай«Сүйүнтай» койгон. Аны үйгө алып келгенден бери Акылайдын кубанычы көккө жетиптурду. Бирок чоң атасынын өлгөнү бир жагынан, чоң апасынын айылда жалгызкалганы экинчи жагынан жүрөгүн ойуп жатты. Чынаранын болсо бала менен деле ишижок, жада калса өзүн таштап, талаалап арак издеп, үйүнө деле келбей коёт.

    Ошентип, жаз дагы жашылданып, гүлүн ачты. Айланага күн тийип, курт-кумурска бирин-серин көрүнө баштады.Күндүн жылымык нуру жерге тийип, бак-дарак бүрдөп, тегерек-четке жанкиргизгенсийт. Акылай бир күнү мектебинен келсе Айгүл эжеси менен апасы бирбөлмөнүн эшигин жаап коюп урушуп жатышыптыр. Бешикти караса бала жок. Акылайакырын ал бөлмөгө жакындап эшиктин ачкыч кирген жыртыгынан карады, жанындайжакшы көргөн сиңдиси бул жактан да көрүнбөйт. Ал сөздөрүн тыңшап отуруп, эртеңменен апасы Сүйүнтайды балдар үйүнө таштап келгенин, чоң апасын номер биринчикарылар үйүнө жеткирип, айылдагы үйдү саткан жатканын түшүндү. Акылай сырткажүгүрө чыкты да, түз жол менен өйдө тердеп-тепчип, көз жашы куюлуп чуркапбаратты. Акактап чарчаган Акылай отургучка отурду. Отургучтун аркы бурчундагыкыз Акылайдын ыйлаганын көрүп, ага жакын жылды:

    - Сен… эмнеге ыйлап жатасың?

    Акылай унчукпайт.

    - Апаңды таппай калдыңбы?

    - Жок – деди Акылай жашынсүртө.

    - А мен апамды издеп жүрөм.

    - Эмнеге?

    -Эмнеге дейсиңби? Мен анытөрт жылдан бери көрө элекмин. Абдан сагындым. Сагынычым өзүмө батпай кетти.Мына, - деп ал бир бүктөлгөн кагазды Акылайга сунду, - бул ырды мен апамажазгам. Аны Акылай алып окуду.



    Кайдакеттиң, кайдасың сен апакем?

    Күтүпжатат сени күндө жан эркең.

    Келчиэми, мен тааныбай калбайын,

    Көргөнүмдөжолдон тосуп алайын.



    Төртжыл болду көрүнбөйт го карааның,

    Билбейжатам кандай экен акыбалың.

    Жокдегенде бир көрүнчү суранам,

    Ошондобактылуумун деп айта алам.



    Ал кыз болсо көптөн бери эчким менен сүйлөшө электей, же аны уккандай мурун эч бир адам болбогондой өзүнүнокуясын айтып баштады. Акылай кунт коюп отурду.

    - Биз, апам, атам, мен,үчөөбүз абдан сонун жашачубуз. Атам жумуштан келгенде мен дароо чуркапбарчумун. Атам ошонда мени өйдө-өө, өйдө учуруп көтөрчү, мен болсо колумдужайып өзүмдү канаттуу куштай сезчүмүн. Апамдын болсо тамагы атам келерде дайымдаяр. Кээде атам өзүнүн табагынан кашык менен алып, бир менин, бир апамдыноозуна салып койчу. Анан кээбирде болсо апамдын оозуна кашык жакындаганда, магаберип койчу. Же тескерисинче, мага келе жаткан кашык апамдын оозуна барыпкалганда, мен таарынып калчумун – дегенде ал кыздын жүзүндө жылмаю пайда болду.

    Бул учурда Чынара менен Айгүлдагы деле урушуп жатышкан. Чынара отургучтан тура, тактайды бир койду да:

    - Жо-ок, - деди Айгүлгөсөөмөйүн көрсөтүп, - сен бары бир менден Канатты тартып алгың келип жүрдүң.Азыр болсо Акылайды тартып алайын деп жатасыңбы? Мага… Мага кемпир-чалдынталашканы жетишет.

    - Кемпир-чалды өз жайына кой,ансыз деле сен алардын эмгегин актабастан тебелеп салдың. Ал эми Акылай жөнүндөайтпай эле коёюн.



    - Я де.

    - Сенин эмнең калды? Жокдегенде бир адамдык сапаттың калдыбы? Же барын арак менен ичип койдуңбу? Менсенин ордуңда болсом, дагы башкага турмушка чыкпастан кызым менен жашай берет элем.

    - Арманың аттын башында-ай!

    -Сенчи кимди сыйладың? Сенжакшылык кылганды билесиңби? Кайненеңди кайда жөнөттүң? Сен ошолордун колунабала кезиңде, он сегиз жашыңда баргансың. Кандай гана кыз элең, менин эңсүйүктүү досум! Азыр сен, аракеч болуп, отуздан ашканда акылыңан айнып калдың.Ооба, эч кимди сыйлабадың, кайнатаңчы?

    - Сен эмне атамды мениөлтүрдүң дегиң барбы?

    - Ооба… дал ошондой! Байкушжаңы төрөлгөн ымыркайчы? Айтчы анда эмне күнөө? Кайсы акың менен таштап келдиң?Аны бир ай бою мен бактым. Жада калса, өз кызыңды эмне үчүн операция болгонунделе билбейсиң. Билбейсиң! Анын ичиндеги тырыкты да көргөн эмессиң, акмак! –деп көз жашын сүртө, - сен өзүңдүн ким экенин да билбейсиң. Чынында айтканда,сен эчким эмессиң! Акылайчы? Анын көздөрү так Канаттын көздөрүндөй! Акылай меникараганда, Канаттын өзүн элестетип кетем. Канат өлсө дагы мен аны унутаалбадым. Акыркы сөзүмдү угуп ал! Канат сенден адашкан!

    - Сени алса адашпайт беле –деген Чынара Айгүлдү чачтан алды.

    Ал эми баягы кыз болсо дагыделе өзүнүн окуясын улантып жаткан:

    - Бирок, - деди ал, - апамэкөөбүз атамдын кантип арак иче баштаганын байкаган жокпуз. Күндөр өтүп, атамбарган сайын көп иче баштады. Кийинки күндөрү апама кол көтөрүүгө да барчуболду. Бул эле эмес колуна тийген нерсени ыргытып жиберчи. Эсимде бир жолуапама тактай тийгенин. Анда да апам чыдады. Ал атамдын оңолоруна ишенди, бирокмага кол көтөргөндөн кийин үмүтүн үзүп койду…

    - Сенин апаңдын аты ким? –деп сурады Акылай.

    - Жамал – деп жооп берген кызкайтадан сөзүн улантты, - бир күнү кечинде атам аябагандай мас болуп келди.Апам экөөбүз эптеп качып жөнөдүк. Ошол түнү апам мени балдар үйүнө калтырды.Колума бир нерсе карматып, көзүнүн жашын куйулта, жерди тиктеп отурду да: «Мениунутпа, апаң сага сөзсүз келет. Мен сени келип алып кетем, апаңды унутпа кызым…унутпа…» - деген бойдон кете берди. Анын сөздөрү дагы деле кулагыма угулат.Апам кеткенде колумду карасам, үчөөбүз бирге бактылуу күндөрдө түшкөн сүрөтүбүзэкен – деп ал сүрөтүн да көрсөттү, - бирок андан бери төрт жыл өттү, апам дагыделе жок… Эми болсо мен балдар үйүнөн качып апамды издеп жүрөм…

    - А сен ал жерден кантипкачтың?

    - Бүгүн эртең менен бирөөымыркай баланы таштап кетиптир, бардыгы ошо менен ызы-чуу болуп жатканда качыпжөнөдүм.

    - Бүгүн дейсиңби?

    - Ооба. Бизге дагы бир жетимкошулду. Байкуш апасы анын тырышкан колундагы көз мончок ко кагазды ороп, кыпчытып коюптур. Анда «Сүйүнтай» деген ат жазылууэкен.

    - Сүйүнтай?! – деди аны укканАкылайдын жүрөгү дикилдеп.

    - Ооба. Болгондо апасы кийинаны ошол аты менен табайын деген окшойт.

    - Жок… жок, андай эмес. Алменин сиңдим… Менин…

    - Кантип?

    - Апам аны таштап салды. Апамарак үчүн баарыбызды таштады. Чоң апамды карылар үйүнө жөнөттү, анын буту оорукчал. Атакемчи?

    - Сенин апаң арак ичеби? Менаталар эле ичет экен десем.

    - Ооба. Мен апам шааргакеткенде ушунчалык чыдамсыздык менен күтүп жүрсөм… Мен анда чоң апам, чоңатамдын колунда болчумун. Апамдын келе жатканын биринчи көрүш үчүн жолду шатыгачыгып карачу му н. Кээде чоң атам:«Апаң келе жаткандыр, карап көрчү» деп койчу. Мен шатыга чыгып апамды көрүп«Ооба, ооба апам келе жатат!» деп сүйүнүп жүрсөм… Чоң атам болсо өзү биринчикөрүп мени чакырып койчу экен. Ал кезде шатыга чыкканымда боюм атамдын боюна датең келбей тургандыгын байкабаптырмын. А сиңдим, байкуш сиңдимдин ден-соолугу начартөрөлдү. Бир жума айнек үкөктө жатты. Апамдын колунабаргандагы, ошол сиңдим гана менин жалгыз сүйүнүчүм болду. Анан өзү дагы ардайым сүйүнүп жүрсүн деп, атын «Сүйүнтай» койгом, бирок эми кайдан… - деп ойлууүшкүрүндү Акылай.

    - Сенинчи, сенин атың ким?

    - Акылай. Бирок чоң атам мениэч качан атыман айткан эмес. Ал дайыма мени «Периштем» деп эркелетчү. А сенинатың ким?

    - Минайым.

    - Канчадасың?

    - Он бир. Сенчи?

    - Ондомун. Минайым сен кайтабалдар үйүнө барасыңбы?

    - Жок, апамды издейм.

    - Сен ал жакка кайра барчы,менин сиңдиме эже боло турчу. Чоң атам мага келген сайын акча таштап кетчү. Меношол акчаны алып, чоң апамды карылар үйүнөн алып келем. Анан сендеги сүрөттүсыналгыга издөөгө берип, апаңды таап алабыз. Ошентип баарыбыз чогу жашайбыз.

    - Ооба, бешөөбүз. Сенин чоңапаң, менин апам, экөөбүздүн сиңдибиз, сен, анан мен болуп – деп Минайым агакошулду.

    - Жок, алтоо болуп жашайбыз,дагы Айгүл эжем бар.

    - Мейли, аны деле кошупалабыз – деп экөө тең булардын барын элестете кыялдана кетиштиби, көпкө чейин унчукпайотурушту. Анан бири-бирин катуу кучактады да коштошушту.

    Акылай үйүнө келсе апасы бирбурчта, ишенип жүргөн Айгүл эжеси экинчи бурчта жатышыптыр. Тактайдын үстүндөэки бөтөлкө, эки стакан. Аны көргөн Акылайдын төбө чачы тик туруп, Айгүл эжесиМинайым экөө түзгөн тизмеден чыгып калды. Ал өзүнүн керектүүлөрүн алып,сумкасына салды дагы, аны асынып, карылар үйүнөн чоң апасын алып кеткени жолгочыкты…





















  3. Темасы: Атасынын периштеси

    Жазылган күн: 13 Янв 2017

    Акылай, кызым, сен жакшы кызбол, чоң ата, чоң апаңа жардам бер, аларды ук.

    - Апа, сиз эми эмнекелбейсизби?

    - Келем, кантип келбей коём?Мен айылга тез-тез каттап турам, силер дагы шаарга келесиңер. Абдан алыс кеткенжокмун, алтыным – деди ал кызын кучактап.

    Бир аздан кийин алардынжанына келип токтогон автобуска түшүп алып Чынара шаарды көздөй жол тартты. Колдорунбулгалап узатышкан чоңэне, чоңата жана небере кыз өздөрүнчө божурашып үйүнө баратышты. Бул күнү асманачык, күн ысык болуп турду. Чанда жылган булут да көрүнбөй алыс узап кетипбаратты. Теректердин жалбырактары акырын жылган желден анда-санда кыймылдапшыр- шур этет. Атасынын колун жетелеп келе жаткан Акылай:

    - Чоң ата-а! – деди.

    - Оо-у периштем!

    - Мен деген асманга колумменен жетким келип жатат. Жанагы үйдө уз-уун шаты бар го, ошого чыксам жетемби?

    - Жок периштем, асман абданбийик да!

    - А ошондой шатыдан экөөнөчыксамчы.

    - Анда да жете албайсың.

    -Шаардычы көрө аламынбы,апамдын кантип жашап жатканын?

    - Көрө албайсың го.

    - Анда ал шаты эшиктиналдында эмне үчүн турат?

    -Ой периштем, сен ал шатыга чыгып, автобустарды карап турсаң болот да, ошондоапаңдын келе жатканын эң биринчи сен көрөсүң! – деди чоң атасы периштесинэркелете башынан сылай. Акылай шатынын бир нерсеге жарарына сүйүнгөндөй атасынжылмайып карап койду.



    ***


    Күндөр өтө берди. Апасыайткандай эле шаардан тез-тез келип, атасынын жакшы көргөн гезиттеринен да алыпкелип жүрдү. Бир күнү келгенде мурдагы бухгалтердик ишине орношконунсүйүнчүлөдү. Жарым жыл өткөн соң, Чынара турмушка чыкканын кабарлады. Анданкийин ал айылга кээде гана каттачу болду. Бары бир кемпир-чал келининин орунтаап бүлө куруп кеткенине сүйүнө жашай беришти. Атасынын периштеси улам баягышатыга чыгып апасын сагына күтөт. Автобустун дүрүлдөгөн үнүн укканда шашылачуркаган кыздын жүзүндө кубаныч пайда болот. Бирок апасынын өңү көрүнбөсөбакырайган бермет көздөрү мөлтүлдөй түшкөн күндөрү дагы болду.

    Арадан бир жыл өтүп, жайдынэкинчи айы аягына чыга келди. Түнү бою ыйлап чыккан сыяктуу, өңү-түсү боз-алаболуп өзгөргөн Чынара айылга беш айдан бери келгени ушул. Муну көргөн Аруукеапа менен анын чалынын да жүрөгүн орутпай койгон жок. Көптөн бери күткөн Акылайапасына алдына отура эркеледи. Ал Чынараны карай:

    - Апа, сиз эмне шишипкалгансыз? – деди.

    - Чарчагандыктан окшойт,кызым.

    - Атамачы гезит алыпкелдиңизби?

    - Ии…балам унутуп койгонтурбаймынбы.

    Дайыма алып келип жүргөнгезитин, мында унутуп койгон Чынара Акылайга эмнегедир кызык көрүндү. Булучурда Арууке апа келининен бир сыр билейин деп Акылайга:

    - Ай «атасынын периштеси» сенбир аз көчөгө ойноп келбейсиңби – деди.

    Аны сезген Акылай тамашалай:

    - Мейли эми барайын, айлажок! – деп курчагын алып эшикке чыкты.

    Арууке апа келининин башынансылап:

    - Айтчы Чынартай, эмне болду?Өңүң бир түрлүү. Жүрөгүм сага тынч эмес – деди.

    - Жолдошум мени таштап кетти.

    - Эмнеге жорук, кече эле башкошкон эмес белеңер!

    -…Өзүм түшүнбөйм – деди бираз турган соң. - Барынан да боюмда барын кантейин. Эмне күнөө кылдым? Кимгежамандык кылдым? Эмнеге мени тагдыр ушунча жазалайт? Мен дагы бүлө кургумкелди, апа… Бул күнөөбү?

    - Ой, секети, бала дагы жазабеле? Мына менин бир гана уулум бар эле, ал дагы узак өмүр сүрбөдү. Өкүнөм да,өкүнөм, жок дегенде багып албаймынбы десең.

    - Мага азыр баланын эмнекереги бар, айтыңызчы? Жаңыдан бары өз ордун таап, кайрадан үй-бүлө курганымда…- деп, Чынара жашын кармай албай коё берди.

    - Ботом, сен боюңда барынайттыңбы?

    - Ооба, билет. Ал «мага керекэмес, менин эки уулум жетишет» - деди. Алдырып салганга да болбойт, үч айданөтүп калды.

  4. Темасы: Жаш ырчылар Айдана Дека жана Диана Дамирова жөнүндө

    Жазылган күн: 12 Янв 2017

    Диана- DJ Акыл Женишбек уулунун балдызыго?
  5. Темасы: Наристем

    Жазылган күн: 22 Дек 2015

    Күн өтүп үйүнө колундагы наристеси менен келишкен Айтумардын башынан арча айлантып апасы ырым-жырымын жасады. Ушул убакытты Айтумар өмүр бою күткөн. Үйгө наристе кучактап киргенин канча жолу элестеткен эле…
    -Билесизби апа? – деди Айтумар креслого жөлөнө отуруп, - Мен ушунчалык бактылуумун. Ушул кичинемди көрүп бакытка чөмүлүп турам, сезип жатасызбы апа?
    - Ооба, кызым.
    - Байкуш мени менен бирге жаткан жаш келиндин баласы чарчап калыптыр. Күйөөсү келгенде экөө бирин-бири кучактай ыйлап жиберишти. Ушунчалык жүрөгүм аларды көрүп сыгылып кетти, апа. Кокус, менин… Жок. Менин наристем, менин жанымда… Карасаңыз апа, кандай таттуу уктап жатат. Көздөрү, мурду Талгаттыкына окшош экен – деп кучагына кызын катуурак кыскансыды.
    - Оо, кудай! Кечир! Кечир мени! – деп ичинен сыздаган апасы майда жаандын тамчысындай жашын ээгинен ылдый кулатты.
    - Сизге эмне болду? Эмнеге ыйлап жатасыз?
    - Бул бакыттын жашы кызым. Сен, кичинебиз, барыбыз биргебиз, андан артык эмне бар?!
    - Ооба, биз бактылуубуз! – деп Айтумар наристени ортого ала апасын кучактады…




    Аягы

Достору

perishtesi Досторду кошо элек

Комментарийлер

perishtesi ге комментарий жазыла элек. "Кандайсың" деп жазып койбойлубу?


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 29 Июл 2025 08:59

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: