perishtesi Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Кыймылы жок
- Билдирүүлөр:
- 26 (0,01 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Адабият жана поэзия (25 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 15 Октябрь 15
- Кароолор:
- 2 178
- Соңку аракети
20 Янв 2017 19:15
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Момун
- Жашы:
- 34 жашта
- Туулган күнү:
- Август 19, 1990
- Жынысы:
-
Белгисиз
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- Жашыруун
Мен ачкан темалар
-
Атасынын периштеси
Жазылган күн: 12 Янв 2017
АТАСЫНЫН ПЕРИШТЕСИ
(аңгеме)
Талгарбек атама арнаймын…
Айылда окуп жүргөнүмдө атам курткамды алып мектептиналдынан тосуп алган. Жыйылган булутту көрүп, атам жаан жаарын сезсе керек…Кийин шаардагы мектепте окуп калдым. Айылда дарбаза сыртында отургуч бар эле.Ошого отуруп атам шаардан мени күткөндөй сезилчү. Келатканымда ордунан турупмени көздөй кубана басып келип кучагына кысканы эсимде. Ошол кучагыңдысагынамын атаке… Мени «Көк картошкам» деп эркелетчү сөзүңдү да сагынамын атаке…
***
Үйдүн ичи. Тигүүчү машиненинүнү бир чыгып, бир басылып жатты. Арууке апа жанында машине тигип отурганкелини Чынарага курактарды көрсөтүүдө. Мурдатан ичиндеги сырын айталбаганЧынара акырын сөзүн баштады:
- Апа… Мен көптөн бери айтаалбай жүрдү элем, атамдан да уялдым.
- Айтагой балам.
- Канаттын өтүп кеткенинемына эки жыл болду, эми мен шаарга өзүмдүн үйүмө кетсем дедим элем.Квартирадагы тургундарды чыгарып, ишке орношуп, мындан ары өзүм да турмушкурайын. Канат экөөбүз он жыл бирге жашадык, бирок ушинтип кырсык болорун кимбилиптир? – деп көзүнөн жаш чыккан Чынара кайненесин кучактады.
-Ооба балам, туура айтасың! Али жашсың, бул жакта камалып отурганда эмне. Турмушкур, жолуң ачык. Чалым экөөбүз деле, айталы деп жүргөнбүз, бирок сага катуутийгизип алабызбы… – деп сөзүнүн аягына чыга албай Арууке апанын да көзүнөнжашы мөлтүлдөдү. – Чынартай, - деп сөзүн бир аздан соң улантты ал, жалгызтуягыбыз Канат да биздин алдыбыздан өтүп кетти, эмне кылабыз? Турмуш ошондой…Адам баарына чыдайт экен. Сен бирок бизге кызыңды калтыра кетчи, аны биз эрмеккылып жашайлы. Экөөң тең кетсең биздин күнүбүз өтпөйт го балам. Келип өзүңкарап тур, кийин биздин көзүбүз өткөндө өзүңдүн колуңа аларсың. Же макулболбосоң, жок дегенде ушу экинчи классты бүтүргөнчөктү жүрсүн…
- Антпеңиз апа, атам экөөңөрдагы көп жашайсыздар. Мен сиздердин сөзүңөрдү эки кыла албайм. Мейлиңиз, кызымсиздердин колуңарда чоңойсун. Анын үстүнө атама абдан жакын.
Алар ушинтип сүйлөшүпотурушканда сырттан Арууке апанын чалы кирди:
- Асманды булут каптап жаанжаган турат. Периштем курткасын кийип кетти беле? – деп сурады. Чын эле баятанбери жылып келе жаткан булуттар күндүн бетин тосуп, айланага көлөкө түшүрдү.
Жашын сүртө койгон Чынара:
- Жок ата, кийген эмес – депкурткасын алып бере койду.
Чоң атасы аны алды да,небересинин мектебине жөнөп кетти.
Бир жума өтүп Чынараны шааргаузата чыгышкан кайнене, кайнатасы менен коштошуп, ал кызынын жанына келди:
- Акылай, кызым, сен жакшыкыз бол, чоң ата, чоң апаңа жардам бер, аларды ук.
- Апа, сиз эми эмнекелбейсизби?
-
Наристем
Жазылган күн: 15 Дек 2015
НАРИСТЕМ
(аңгеме)
Асман булутсуз. Күн чайыттай ачык. Кол кармаша ээрчише басышкан жубайлар шаардын кооз бурчтарын кыдыра эс алып жүрүшөт. Айлананын кооздугуна чөмүлүп баратышкан экөө чымчыктын чырк эткенине улам кулак салышат. Бул кереметке чөмүлгөн:
- Талгат – деди келинчеги аны токтоткондой.
- Угуп жатам.
- Экөөбүз жашаган убакыттын ичинде эң бактылуу деп кайсыл күндү эсептейсиң?
- Сенин жаныңда ар бир мүнөт мен үчүн бакыт!
- Чын айтсаң эми.
- Чын.
- А мен үчүн… Сен эң биринчи мага сүйүүңдү айткан күн. Эсиңдеби? Сен мени «мага турмушка чык» дегенде, мен сени «көпүрөнүн четиндеги тосмого көтөрүлүп: «мен сени сүйөм!» деп айтсаң чыгам дегем.
-Ооба, жинди экенмин мен да.
-Аа-а-а, өкүнөсүңбү?
- Өкүнбөйм! Кокус кулап кетсемчи сен кимге турмушка чыгат элең?
- Мен сенин артыңан секирип, сени жээке чыгарып, анан сага тийип алат элем.
- Мен ойлосом, сен башкага чыгып кутулат экенмин деп.
- Кутула албай жүрөм дечи! – деп Айтумар чуркаган Талгаттын артынан кубалай түштү.
Көңүлдөрү көтөрүңкү, бака-шака болуп үйгө кирип келишкен Талгат менен Айтумар кабагын түйүп отурган апасын көргөндө дым болушту. Айтор, келиндин кайненеси серп эткен кашы менен катуу жини келгенин билдирдиби, үндөбөстөн көз карашын чекчейте аркы бөлмөгө кирди. «Чай ичиңиздер» деген Айтумарга кайнене сыналгыдан көзүн албай, керектүү нерсе көрүп жаткандай, «ары бар» дегенсип колун шилтеп койду. Анын жанында олтурган чал:
- Ичтик, кызым – деп жооп кылды.
Көңүлү зып түшкөн Айтумарды көргөн Талгат:
- Эмне болду сага? – деди.
- Билесиңби, Талгат? Биз жакында балалуу болот окшойбуз. Түшүмдө эгиз уулдарыбыз бар экен. Бирин сен, экинчисин мен көтөрүп алыпмын. Анан экөө менен сүрөткө түшүп жатыптырмын. Сүрөтчү болсо сен экенсиң – деп айтып берип жаткан Айтумардын сөзүн ар жактан кирип келген кайненеси бөлдү:
- Түшүңдөгү бала бул капа жана кайгы. Алдыда сени ошол кайгы күтүп турат. Чай куй! Ким айтты мени ичти деп? Анан сен дагы түшүңдө эмес, баланы өңүңдө көтөр. Түшүңдөгү баланын эмне кереги бар?
- Апа эмне болуп жатасыз? – деди чыдабаган Талгат кабак-кашы түйүлө. Чай куюп жаткан Айтумар билгизбей ары карап жашын сүртүп койду.
- Эмне, чын эмеспи? Жүрө бергиле анда, түшүңөрдө бала көтөрүп, өңүңөрдө түшүңөрдү айтып. Мына, сегиз жыл болду үйүбүздө бала жок, суусуз кургап калган чөлдөй жашап келебиз.
Денеси чымырап кеткен Айтумар ордунан тура, бөлмөсүнө чуркап кетти.
- Апа сиз чайды да жөн ичирбей калдыңыз го! – деп айткан уулуна энеси акырая карап:
- Чайың менен жерге кир! – дей чыныны ыргытып жиберди.
Ыйлап отурган Айтумардын артынан келген жолдошу кучактады:
- Ыйлаба, бери карачы – деп жашын сүртөт, - бала багып алалычы.
- Апам макул болбойт.
- Көндүрөбүз, багып алсак, баланы көрүп эрип кетер.
Башын ийкеген Айтумар макул болгондой Талгатка сөйкөндү. Бир жагынан бул тилек Айтумарга такыр ишке ашпас түш сыяктанды. Бирок, баланы эңсеген Талгат дагы тилегин аткарууга тырышты.
Убакыт өтө жубайлар сүйүнүчтүү кабарды ата-энесине айтууга даярданышты.
- Ата, апа – деп баштады Талгат, - биз документтерди камдап, жакында бала багып алган жатабыз. Көрүп келдик алакандай болгон ымыркайыбызды, эки ай толуптур – деди ал кубанычтуу күлүмсүрөп. Бул Талгаттын сөзүнөн кийин бир топко чейин эч ким үндөбөдү. Айтумардын гана колдорун ушалап манжаларын тырсылдатканы угулду. Кайненесинин кабагын караган келиндин эриндери титирей, көзүнө жаш толо түштү. Бир убакта кайнатасынын:
- Ооба туура кыласыңар, бала деген жакшыда – деген сөзүнөн Айтумар эс алгандай болду эле…
- Ай, чал – деди тарс жарылган кемпир кыжырлана, - ойлонуп сүйлөсөң, каяктагы жетим баланы үйгө алып келгени жатса, туура деп отурасың. Сен багасыңбы? Аның кийин жыргатпайт да, жарытпайт да!
- Биз багабыз, апа. Көрөсүз го алып келгенде жүрөгүңүздүн эрип кетерин, кийин «чоң апа» деп чуркап калгандачы… - деп жаткан Талгаттын сөзүн бөлгөн кемпир:
- Эрибейт. Ай, уйуткусу бөлөк баланы алып келип эмне кыласың? Эки кабат үйдү акчаңдын барын жумшап кимге куруп жатасың? Ошол таштандыга калтырыш үчүнбү? Өз каныңдан жаралган бала керек сага! Төрөбөйбү бул, кетир! Муну сегиз жыл жакшы эле ойсолоңдоттуң! – деп кемпир чыгып кетти. Чал ордунан тура, келининин чекесинен өбүп, ары басты. Мелтилдеп жашы аккан Айтумар башын жерге салат. Иреңи бозоро, ага ушу менен күнү бүткөндөй сезилди. Талгат алдына олтура, Айтумардын колун өзүнө тартып келинчегин сооротту. Алар жакында жаңы үйүнө көчүшсө бир кыз, бир уул багып алышарын айтып Айтумардын нымдашкан жүзүн сүрттү. Талгаттын көкүрөгүнө башын жөлөгөн келинчеги дагы деле үмүт үзбөгөндөй кучагына бекинди. -
"Суйология" Мирлан Алтымыш уулунун ырлары
Жазылган күн: 15 Дек 2015
ЮМОРДУК ЫРЛАР
СҮЙОЛОГИЯ
(апама кат)
«Социология», «Биология»
илимдердин тармагы.
Филология – улуу илим
элге маалым ал жагы...
«Билим алсаң өмүрүңдө
көп тиет» дейт жардамы.
«Билим алып көкөлөйм» деп,
балаң канат байлады.
Жаңы илим ачтым апа
элге жагат ал дагы.
«СҮЙОЛОГИЯ» деген илим
сүйгөндөргө пайдалуу.
«Сүйология дейсиңби?» - деп
апа анча чоочуба!
Сүйология болот экен
күйсөң сүйүү отуна.
Сүйгөнүмдү көрүү үчүн
калбай барам окууга.
«Филология», «сүйология»
жан дүйнөмдө кошуна!
Эки коён бир атамын,
менден кетет бир эле ок.
Көп коёнго көп ок аткан,
мен эмесмин пулемот.
Адабият тилди үйрөнсөм
болуп чыгам «филолог»!
Сүйүүнү да кошо окуп
менден чыгат «сүйолог»!
Ал сулууга үйлөнгөндө
анан болом «КҮЙӨӨЛОГ»!
Катты сизге жаздым, апа,
кандай болот чечимиң?
Экөөбүздү үйлөнтүүгө
доллар жетет ЖЕТИ МИҢ...
Жыл айланып келиниңиз
терметкенде бешигин.
Мен ошондо окуй баштайм
«АТАЛОГИЯ» кесибин.
Катты сизге жаздым, апа,
макул болуп койсоңуз!
Келиниңиз болчу кызга
азыр жакын ортобуз.
Неберени жетелеген
ал да сиздин олжоңуз.
Куп жарашып калат сизге
«НЕБЕРОЛОГ» болсоңуз!
УУЗ СЕЗИМ
Кызыгы көп бала кезди өткөргөм,
Кылыктанган кыз кылыгын көп көргөм.
Секелек кыз, окуучулук куракта,
Сени сүйүп бир заматта өзгөргөм.
Сенден жүрөк сүрдөсө да титиреп,
Сага жетсем дечү элем күч үрөп.
Жагыш үчүн бир маал жууган тишимди,
Жолугарда жууп алчу элем үч ирет.
Ичке батпай сезимдерим жашыруун,
Ий, кокуй күн, анда аз да акылым.
Себеп болуп жагып калар бекем деп,
Себинчү элем апакемдин атырын!
Жоогазындай назик сезим тамырлап,
Жолугушчу күндү эскертсең маалымдап.
Он күндө бир араң жуучу башымды,
Ошол күнү жуучу элем самындап.
Жолугалы деп жазылган катыма,
Жооп алганда «Ай конгонсуп башыма».
Кийип жөнөйм туфилисин байкемдин,
Чүпөрөктү тыга салып башына.
Мектебиңден келээр маалың болгондо,
Мен турчу элем сени күтүп чоң жолдо.
Сүйүнчүмүн Күн көтөрүп алгандай,
Чооң сумкеңди маа көтөртүп койгондо!
БААРЫ СЕНИ КҮТҮШӨТ...
Кел экөөбүз баш кошолу дегенге,
Чок баскансып чоочуп турсуң сен эмне?
Сен күйөөгө чыкпай эле алтыным,
"Эр алайын"-дедиң беле же эмне?
Сага айткан сунушумду кабылда,
Койгун эркем жок деп сүйлөп жаңылба.
"Бакыт болуп үйгө келин келсе"-деп,
Баары сени күтүп жатат айылда.
Бара калсам жандап короо тарапты,
Үмүттөнүп мени жал-жал карашты.
"Келин алып келсең бизди сойгун"-деп,
Короодогу койлор маарап мага айтты.
Короодогу ноктосунан байлануу,
Мал да болсо барбы билбейм арманы.
"Калыңына мени берсең кантет?"-деп,
Карагерим кишенеди ал дагы.
Жанындагы тай торпогу жулкунат,
Ары жактан "мөө-мөө" деген үн чыгат.
"Эне сүтүн бериш үчүн ал кыздын,
мени берип жиберчи"- деп уй турат.
Тоюнууга тойго келген көп конок,
"Качан мага "борк-борк" кайнап эт толот?"
Кара казан;-"Качан келип келинчек,
Качан мага тамак асат?"-деп коёт.
"Бизге ысык чайдан куюп турса"-деп,
Чыныларда жакшы тилек тиленди.
Шыпыргы да:"Курбум качан келет?"-деп
Менден сага салам айтып жиберди.
Үйгө кирсем төрдө турган жыйылып,
Жууркандардын бул суроосу күч болду.
Төшөк айтат;-"качан мени салынып?" ,
Жууркан айтат;-"качан мени жамынып?"
"Качан ойнойсуңар? "-деди фудболду.
Карагерим, койлор дагы, уй дагы.
Казан, чыны шыпыргылар бул дагы.
Идиш аяк төшөктөр да күткөн соң,
Атам-апам айтпасам да өзүңдү,
Белгилүү да кандай күтүп турганы.
БААРДЫГЫНА КАЙЫЛМЫН
«Аркырап беттен алса алган жарың,
не пайда сулуулугу?» деп айтышкан.
Мен үчүн ал накыл сөз маанилүү эмес,
Алысмын ошол кепти мен айтыштан.
Чолпондой асманымда жанып турсаң,
Чөнтөктү иштен келсем кагып турсаң.
Унчукпай кыялыңа чыдай алам,
Уу тилдүү жылан өңдүү чагып турсаң...
Каруум жок сени менен кармашканга,
Каяша айтпайм тилди сайратсаң да.
Баарына чыдай берем сени сүйүп,
Башыма ышкыртып чай кайнатсаң да...
Колуңду башка жанга карматпастан,
Колуктум болуп дайым жандап бассаң.
Кызыгып ажарыңа жүрө берем,
Кыңк этпей так төбөмө жаңгак чаксаң.
Деп сени азырынча алдайын да,
Алганча алтынымсың, оо чырагым!
«Алган соң катынымсың» дейт кыргызда,
Кош колдоп ушул сөзгө кошуламын.
Жубайыма кайрылуу
Эркеси элең атаңдын,
Эми сен келин аталдың.
Көп жашайм десең мен менен,
Көңүлүн тапкын апамдын.
Атамды сыйла атаңдай,
Апамды сыйла апаңдай.
Кокустан андай кылбасаң,
Калабыз үйгө бата албай.
Катаалдык болсо тоготпой,
Кайратты чыңа болоттой.
Жакшысы болсоң келиндин,
Жашообуз болот жомоктой.
Болсо да мал-мүлк саналуу,
Болсо да оокат чамалуу.
Бош өткөрбөстөн түндөрдү,
Бололу көп-көп балалуу.
Балдардын үнү угулса.
Бак-таалай үйгө жыйылса,
Балалуу үйлөр базар дейт,
“БАЗАРКОМ” болгун буюрса.
Редакторум
Окурмандар мен жөнүндө кеп кылат,
Ошолордон мына мындай сөз чыгат.
Көп кат келди “үйлөнгөн соң жаш акын
көп ыр неге жазбай калдың”- деп сурап.
Ооба, мурда бойдок кезде жыргапмын,
Далай кызга, далай жолу ыр жаздым.
Ар сөзүмдү аңдып турган жарым бар,
Азыр болсо ырларыма кылдатмын.
Жаш акындын ырын көрсөң баштагы,
Жалаң сулуу кыздар эле жазганы.
“Ал ырларды кимге жаздың”- деп күндө,
Азыр жарым суракка ала баштады.
Сулууларга ыр жаза албай каламым,
Суктансамда билмексенге саламын.
Ырларыма катуу салып тартипти,
Редакторум болуп алган аялым.
ИЗДЕЙМ СЕНИ
Издейм сени аска-зоодон, тоолордон,
Издейм сени адыр, кыя жолдордон.
Изин суутуп издеттирген адамым,
Билбейм деги, кайда житип жоголгон?
Издейм сени дабандардан, белдерден,
Издейм сени топ жыйылган элдерден.
Күндү санап, жолду карап көп улам,
Тажадым эх, күндө күтө бергенден!
Күттүргөнүң жанга баткан күч болду,
Жол кароодон эки көзүм «үч» болду.
Зарыктырып мени кечке күттүрбөй,
Таштап кетчи карызга алган ЖҮЗ СОМДУ!
БОЁКСУЗ ЭЛЕ СУЛУУСУҢ
Чымырканып көп кыздар,
Чырай менен күрөшөт.
Бетке сүйкөп бир айда,
Беш «кил» упа түгөтөт.
Жактырбай өз тырмагын,
Жасалмасын тагышат.
Аңкып турсун жытым деп,
Атыр «ичип» алышат.
Кыркып узун чачтарын,
Кызыл-тазыл боёшот.
Көрктүү сулуу болууга,
Көп убакыт коротот.
А сен селки боёксуз,
Өзүң эле сулуусуң.
Жоосун алып көздөрдүн,
Жоогазындай турушуң.
Жөпжөнөкөй болсоң да,
Жарык шамсың өчпөйсүң.
Кыздар шаарда көрктөнсө,
А сен, шаарды көрктөйсүң! -
Бакыт издеп
Жазылган күн: 22 Ноя 2015
БАКЫТИЗДЕП. ..
(повесть)
Май айынын аяк чени. Күн ысык.Үйүндө улам тынчсыздана келинчегин күткөн Жусуп каардана баштаган. Дал ушулучурда шашыла бөлмөгө Айжан кирип эле жолдошунан кечирим сурады.
- Азыр саат канча болду? – дегенЖусуп анын сөзүн бөлдү.
- Билем, беш жарымга бармакпыз,эстен чыгып кетиптир…
- Азыр саат канча болду? – деп жолдошу ачуулу кайталады.
- Алты кырк – деген Айжан күнөөнү мойнуна алган кичинебаладай жер тиктеди.
- Анан... – деди Жусуп тиштеринкычырата, - сен ушул убакытка чейин аны менен болдуңбу?
- Жусуп...
-Кыйнабачы мени Айжан.Үй-бүлөбүздү бузбачы, ыдыратпачы. .. Сага эмне жетишпеди? Мен жакшы эле аракеткылдым. Айтчы эмне керек сага? - деп ызырына дубалды уруп калды.
- Жусуп мен сени эч качан алдаганэмесмин, суранам башымды бошот, ажырашабыз, бири-бирибизди кыйнабай, тоскоолболбой. ..
- Жыйырма төрт жыл бирге өмүрсүрүп тоскоол болуп калган экенбиз да...
- Түшүн мен аны сүйөм, дагы делесүйөм! – дегенде жинденген Жусуптун ою уйгу-туйгу боло колуна тийген нерсениалып ыргытканда чоң күзгүгө тийип, ал майдалана түштү. Коркуп кеткен Айжан селтэтти. Жүрөгүнүн дүкүлдөгөнү кулагына угулду. Шарактаган күзгүнүн дабышын укканкызы да бөлмөгө чуркап кире апасын кучактай калды. Күнбийке атасынын мындайабалын биринчи көрүшү. Ошон үчүн Жусуптун «апаңа кол көтөрбөйм, өзүңө бар» депайткан сөзүнө ишенип-ишенбей айласыз бөлмөдөн чыкты.
- Башка чыдай албайм! – деп Жусупсөзүн улантты. – Мен акмакмын. Ушунча жылдан бери сени..., мен акмакмын...Башка кармай албайм, жолуң ачык! Сен бошсуң! Бирок бир нерсени билип ал! Магабакыт тартуулап, ошол бакытты да, мени да бактысыз кылган сенсиң! – деди ЖусупАйжандын көзүнө тике карап. Ал көздөрдө сүйүү да, таарыныч да, кайгы да, өкүнүчдагы бар эле… Алар дагы жаш сыяктуу агып кетсе гана?! Чыдай албады Жусуп мынданары, көңүлү майышып. Мурдагы Айжанды караган көз караштын жалындуу оту даөчкөндөй сезилди.
Эртеси окуудан жаңыдан келгенКүнбийке кире бериш жердеги чемодандарды байкап атасына тигиле карады:
- Кызым биз апаң экөөбүз өзүнчөжашайлы деп чечтик. Бирок, бил, бул чечим дароо кабыл алынган жок – деп баштадыЖусуп сөздү, Айжан экөөнүн ажырашуусун ушинтип түшүндүрүүнү туура көрүп.
- Кече урушсаңар, бүгүн жарашыпалбайсыңарбы? – деди Күнбийке атасына акыл айткандай, алардын жылуу мамилесичыны менен үзүлгөнүн сезбестен.
- Азыр бизди түшүнүшүң кыйынболот, кийин... Бийигим менин! Биз апаң экөөбүз акыркы күндөрү тил табыша албайкалдык.
- Эмне апам башка тил үйрөнүпалыптырбы? !
- Кызым атаңды кыйнабачы.
- Азыр кетсеңиз, мен сиз мененбашка эч качан сүйлөшпөйм, барбайм дагы.
- Бийигим, сен барын түшүнөсүң.Сен менин акылдуумсуң! – деп атасы кызынын чекесинен өбүп чыгып кете бергенде,ары жакта тыңшап турган апасы Күнбийкени чакырды:
- Күнбийке отурчу кызым жаныма.Мени бактылуу болсо экен дейсиңби?
- Албетте, апа!
- Анда мени ук. Сен мени түшүнүшүң керек. Сендей кезимде мен бирадамды абдан жакшы көрүп калгам. Тилекке каршы биз бирге боло алган жокпуз. Эмиарадан ушунча жыл өтсө дагы мен аны унута албадым. Ал кайрадан... Биз...
- Эмне дейсиз? Кулак уккус нерсе!Атамдын кетишине сиз күнөөлүү турбайсызбы!
- Ушул убакытка чейин мен силердеп жашап келгем, эми өзүм үчүн уруксат бергиле. Сага көп нерсе түшүнүксүзболуп, бардыгы тез арада чечилип жаткандай сезилсе керек. Бирок, андай эмес менаны көп жыл күттүм. Көп...
- Сүйлөбөгүлө! Башка уга албайм!– деди Күнбийке көзүнө тегеренген жашы көз ирмем менен ылдый түшө. – Демек, -деди кайтадан сөзүн уланта, - менин түшүнүгүм боюнча бакыт сиз үчүн үй-бүлөнүнбузулушу!
- Андай эмес.
- Анда бакыт- бул сиз үчүн менин бактысыздыгым!
- Күнбийке эмне деп сүйлөпжатасың?
- Сиз сурадыңыз бактылууболушумду каалайсыңбы деп. А сиз менин бактымды каалайсызбы? Менин бактым - булбиздин бирдиктүү үй-бүлө!
- Гүлкыял турмушка чыкты, сендагы өзүнчө үй-бүлө курасың. Ушул учурга чейин силер деп келдим. Дагы делеэмнеге өзүмдү курмандыкка чалышым керек? Өзүм үчүн дагы жашагым келет! МенТаалай менен бирге болууну каалайм...
- Мынаке, сиздин сырдуу сүйүүңүз! Таалай! Атамчы? Атам менен өкүнүчтүү өмүр сүрдүңүзбү? ! Кантип ушунун барын магаайтып жатасыз? Кантип? Ошончолук сүйүүңүз күчтүү болсо дагы жашыңызга карап ишкылбайсызбы? ! Кырк үчкө чыгып деле атам замандагы сүйүүңүздү эстебей!
- Кызым…
- Болду башка эч нерсе уккумкелген жок – деп Күнбийке сыртка чуркап кетти. Башы айланды. Үңүлдөп, кыйкырыпыйлап алгысы келди, бирок, ыйлай албады. Жашы тамагына кысылып катып калгандай.Буга бир жагынан ишенгиси да келбеди. Үйдө болсо апасы бир аз убакыт өтсөкөнөр, Таалай менен тааныштырсам кабыл алаттыр деген ойдо калган. Алүй-бүлөсүнүн астында күнөөлүү экенин сезсе дагы экинчи жолу, эңсегенмахабатынан айрылгысы келбеди. Бул оюн шашыла бир жума өтүп-өтпөй ишке ашырганыаракет кылды. Айжан Таалайды үйгө чакырды. Ал экинчи кабаттан түшүп келе жатканкызын көрүп:
- Мына бул менин кызымКүнбийке - дегенде негедир катуу толкундана жакындай келген Күнбийкеге Таалай:
- Кандай? - деп колунсуна койду.
Күнбийке аны баштан аяксыноо менен карады да:
- Майга бышкан нандай! -деп сыртка чыгып кете берген. «Шайтан кыз» деди Айжан ичинен, эч нерсе дейалбай, ыңгайсыздана туруп калган Таалайды көрүп.
Кечке жакын Күнбийкеүйүнө көңүлү көтөрүңкү кайтты. Ал кыңылдай ырдап ашканага кире өзүнө тамаксалып отурду. Артынан кирген апасын көрүп:
- Айсулуу жокпу? – дедиүй жумушчусун сурап. Айжан жини келгендей:
- Ал кетти. Башка эчнерсе айткың келбей элеби?- деди.
- Эмнени айтайын? Тамакиче элексизби? Мени аябай карадыңыз го! Сизди Таалай менен ичкен чыгар дедим.
- Эч нерсе болбогондойжүрөсүң!
- Эч нерсе болбогондойсиз жүрөсүз атамды кетирип коюп! Башка айтар сөзүңүз жок болсо мен тамакичейин.
- Таалайдын машинасынэмне кылдың?
- Эмне кылыптырмын? ??
- Билбемиш болбо,айнегине боёк чачып, дөңгөлөктөрүн жарып салганыңар эмне? Азамат экөөңөрдүн кылыгыңарбы? Дагы алдынкы айнегине «желмогуз! » деп жазып койгонун мунун!
- Мен экенимди далилдейаласызбы? Анан дагы Азаматты кийлигиштире бербесеңиз - деп Күнбийке өйдө турупапасына жакындады.
- Сенин мамилең магаөзгөрүп, чектен чыгып баратасың. Анан улуу киши кол сунса жооп бербегениң эмнедеген тарбиясыздык? !
- А эмне тарбиялуу адамапасынын ойношу үйгө келгенде күлүп жайнайбы? - дегенде Айжан аны жаактан арыбир чапты. Күнбийке чымырай кызара түшкөн бетин кармап апасына тике карады да,- Мен атам менен жашайм! - деп бөлмөсүнө жүгүрүп кирип эле кийимдерин жыйнайбаштады. – Калпычы! - деп жатты, - калпычы! Үй-бүлө барынан алдыда туруш керекдеп коёт! Алдамчы, жек көрөм сени! - деди эми гана көздөн аккан жашы менен...Айжан кызын өзүнө күтүүсүздөн чаап алып, оозун колу менен беките титиреди. Бирнече мүнөттөн кийин чемоданына кийимин ныгыра салган Күнбийке, апасы тараптыкарабастан эшикти тарс эттире жаап чыгып кетти. Көп убакыт өтпөй көзүн шишикалган кыз атасынын маңдайында турду:
- Кечирчи мени ата! Мен сүйлөшөберейинби?
- Бийигим менин атаңдын жүрөгүноорутпачы! – деген Жусуп мойнуна асылган кызын кучактады. Ал дагы кызын абдансагынган эле. Жусуп адатынча Күнбийкени чекесинен сүйүп, мурдунан чымчыйэркелетти. Аңгыча аркы бөлмөдөн саламдаша бир аял чыгып келди.
- Катчыңыз бул жерде эмне кылыпжүрөт? – деди Күнбийке аны дароо таанып. Атасы жооп бергиче, - аа, билдим үй -жумушчусу кылып жалдадыңызбы? – деп Күнбийке сүйүнө кетти. Бул сөзгөнамыстанган Марина:
- Мен атаң менен жашап жатам,экөөбүз үйлөнөбүз - дей салды.
- Түшүңүздөбү? - деп Күнбийкежанына келе калган аялдан атасын алысыраак өзүнө тартты да, - сиз канчадасыз? –деди.
- Отуз алты – деди Мариначачтарын кулагынын артына тарта Жусуптан жаш экендигине мактангандай.
- Аии, бир топ улуу көрүнөт экенсиз,кырк жети десеңиз дагы ишенбейт элем!
- Кызым...- деди Жусуп.
- Жөн кой Жусуп, бала да – деди Марина ызырынса да.
- Анан күйөөгө чыктыңыз беле?
- Жок.
- Хм, таң калыштуу эмес!
- Бийигим! – деди атасы кайрадан.
- Жөн кой ата, баламында! -дегенде Жусуп Маринага бара турчу дегендей белги берди. Ал чоюла басып, Күнбийкенижактырбагандай карап башка бөлмөгө өттү.
- Бийигим, бул эмне кылганың?Апаң экөөбүз ушинтип үйрөтпөдүк эле го.
- Апам экөөңөр үйрөтпөсөңөртурмуш үйрөтүп жатпайбы ата! – деди Күнбийке олуттуу сүйлөп өзүн чоң киши сезе.- Ата мен билем сиз апамды сагындыңыз, кайтыңызчы. Бирге жашайлы. Мен бары бирсиз тараптан дагы, апам тараптан дагы бөлөк адамды кабыл албайм. Апамдыкечириңизчи. Мен билем мунун баарына ким күнөөлү...
- Жок кызым, апаң...
- Апам эмес, Таалай күнөөлү ата! – деген кызынжылмая карап кучагына бекиткен Жусуп үндөбөдү. Бир нече саат өтүп, Күнбийкеүйүн айланып чыга, бөлмөсүнөн эски чоң курчагын ала кайра атасына келди. - Ата,бул үйдөгү дубалдарды бат-бат сагынып турамын. Гүлү экөөбүз улам жыйнаганыкелип турчук эле, ал кеткенден бери жалгыз келген эмесмин. Бул жерде экөөбүздүнбала чагыбыз өттү. Апамды алып келбейлиби! Мүмкүн апам барын эстеп бизгекайтат. Ал дагы сагынгандыр бул үйдү – деди Күнбийке бардыгы өзү ойлогондой оңойсезиле. Аңгыча Марина тамакка чакырды. Бардыгы столду тегерене отурушту. -
Махабат туткуну
Жазылган күн: 14 Ноя 2015
Асманда чанда булут шамалдын жылуу желинен улам жылып көрүнбөй да калды. Күн бир топ өйдөлөп калган. Бул учурда Назида доктордун жанында отурган эле. Ал доктордун эмне деп айтарын билген, ошондой болсо да эмнегедир жүрөгү ылдамдай дүкүлдөйт. Назидага жолдошу каршы чыкса керек деген ой келди. Апасы сыртта күтүп отурат, ал дагы кызынын чечимин туура көрбөдү. «Эч нерсе эмес, чогуу күрөшөбүз! » деди Назида ичин сылай… Бир аздан кийин доктор баягы издеп жаткан кагазын таап Назидага карматты. Ал ай сайын анализ тапшырууну эскертип, куттуктады. Кубана сыртка чыккан Назиданын алдына чуркап келип «Апалёк!» деп кыйкырган баласы бутуна жабыша калды. Анан тайенеси экөө аны ортого ала жолго түшүштү. Назиданын апасы мурдагы оюнан кайтпагандай боюндагы баланы алдыртып салууну кайрадан суранды. «Сегиз жума болсо дагы деле кеч эмес» деди түз эле жолду карап баратып.
- Мен кыздуу болгум келет! Ринат макул болсо да, болбосо да төрөйм – деди Назида жолдошун айтып. Апасынын сөзүнө каршы чыга. - Эң негизкиси Дастан каршы эмес, ээ уулум карындаштуу болгуң келеби? Үйгө кичинекей алдей алып келелиби? - деп ал уулуна карады.
- Ооба! Алып келеличи. Азырбы апа? Азыр барып алып келеличи!
- Көп күндөн кийин алып келебиз макулбу?
- Көп күндөн кийин мен чо–оң болом! Оюнчуктун барын берем эээ апалёк?! – деп бала кубанат.
- Ооба уулум, сен агасысың да. Карындашыңа кам көрүшүң керек. Кам көрөсүңбү?
- Ооба, мен аны висапедке отургузам – деди бала велосипетти чулдур тили менен. Назида баласын башынан эркелете сылап күлүп койду. Бирок, апасынын көңүлү тынч эмес. Ал күйөө баласын көп жактыра бербегендиктенби кызына кыжаалат болуп кичинекей баланын улам «ээ, таене?!» дегенине «ооба!» деп коюп баратты. Таенеси ага эмнеге «ооба!» деп жооп бергенин деле билбейт. Ал ойго батып кызынын азыркы турмушуна ичи ачышат. Апасы минтип катуу ойго батканда алардын жанынан өтүп бара жаткан бирөө Назиданы токтото, анын да оюн бузду. Ал кыз: «Ой, Нази! Сенсиңби?! Кандай?» деп бетинен өбө учурашып калды. Назида тушунда турган группалаш кызы Алинаны таанып бетин тартып күлүмүш этти. Назиданын апасы баланы жетелей, кызын группалашы менен эркин калтыра үйүнө жөнөдү.
- Арадан беш жыл өтсө керек э? Ринат кандай жүрөт? Аны дагы көп болду көрбөгөнүмө - деди Алина Назида менен чогуу кафеге кирип баратып.
- Ал эртеден кечке иште, бошобойт...
- Ким билиптир ушундай болуп каларын. Динара менен Ринат биринчи курстан тартып чогуу жүрүшүп, анан акыркы бешинчи курста Ринат сага үйлөнүп алды го. Бардык группалашттар таң калып эле калдык.
- Башкалар таң калса дагы сен таң калбашың керек. Динара курбуң да, билесиң эмне болгонун.
- Кечир, мен ашыкча сүйлөп койдум окшойт. Динара экөөбүз катышпайбыз деле. Ал жанагы чет өлкөлүк миллионерге күйөөгө чыккандан бери бизди киши сезбей калган. Мейли ал жөнүндө сүйлөшпөй коёлучу. Андан көрө айтчы баягы агаңдын досу силердин тоюңарга келген Нурлан беле? Жакшынакай болчу го өзүнчө эле!
- Нурдин! Эмнеге болчу? Азыр деле бар! – деп күлдү Назида.
- Ии, ошол Австралиядагы тоюңарга келе албай калган агаңдын атынан келип квартира белек кылганы эсимде. Үйлөндүбү ал? Үйлөнбөсө мени алып албайбы! Ха-ха! Тамаша! – деди Алина да күлүп.
- Сен турмушка чыга элексиңби?
- Жок, кайдан?! Мен дагы деле Санжарды унута албай жүрөм. Ушунча жыл өтсө дагы...
- Сен аны жакшы көрөрүңдү айткансыңбы?
- Айткан эмесмин. Ал чет өлкөдөн келе элек. Ага айтканда деле эмне тыянак чыкмак эле!
- Айт да, сен анан ушинтип сүйүп жүрө бересиңби? Канча убакыт өттү!
- Ооба, бир 7-8 жыл жөн эле өтүп кетти го. Башка бирөө укса мени жинди десе керек. Сыртынан кантип ушунча жыл жакшы көрсүн деп.
- Жүр анда! Интернетке кирип, азыр ага кат жазасың. Минтип жүрө берүүгө болбойт! – деп айтканда Алина эмне жазаарын билбейм дегендей башын чайкады. Ага азыр Санжар менен жолугууга бараткандай жүрөгү дүкүлдөп кыжаалат боло колунан тартып бараткан Назиданын артынан кафеден чыкты. Интернет клубуна кирип Алина компьютердин алдына отуруп, Назидага бир көз сала, оюн жыя шашпай тере баштады:
«Салам! Алдын ала сизге кат жазып жатканыма кечирим сурайм! Чынында айтсам, жазганга кудуретим жеткенине өтө кубанычтамын. Сиз бул катты окуган кезде, мага бир аз жеңил болсо керек деп ойлойм. Өзүмө ушунча жылдан бери катып жүргөн сырымды айтам, мындан ары бул сырды ичиме сактай албастырмын.
Бул биз достор болуп Ысык-Көлгө эс алганы барганда башталган. Мен сизди ошондо абдан жакшы көрүп калдым. Буга чейин сизди канча көрсөм дагы андай сезимде болгон эмесмин. Мүмкүн мен адашып жаткандырмын, бирок, сизди да мени жактырарыңызды сездим. Түн ичинде бир кичинекей бөлмөдө барыбыз ар кайсы бурчта тизилип жаттык. Мен уктай албадым. Эмнегедир сиз да уктабай мени карап жаткандай сезилдиңиз… Анан Ысык–Көл жээгинде баары сууга кетип экөөбүз гана калдык. Мен анда уялчак экенмин, ордуман туруп ары жакта турган селкинчекке барып отурдум. Бирок, сиздин көз карашыңыз дагы деле мага кадалды. Чынында, ичимден абдан сүйүндүм! Жинди экенмин кетип калып. Өкүнгөнүмдү айтпаңыз! Азыр ошондой мүмкүндүк болсо жаныңыздан чыкпайт элем! Кийин шаарда сиздин үйүңүздө чогулдукко, ошондо да сиздин көз карашыңызды сездим. Мен анда ашканада сүрөт көрүп отургам, сиз келип балканго чыктыңыз да мени карап турдуңуз. А мен байкамаксанга салдым. Анан сиз бизди үйгө жеткирдиңиз. Эң бактылуу көз ирмем мен үчүн машинанын ичинде сизден көздү албай караган кезим. Анткени ушинтип карай албачумун. Маңдайыңызда турган күзгү аркылуу дал артыңызда отуруп карай бердим! Ошол учурдун өтүп кеткенин! Азыр дагы ошол убакытка кайтып баргым келет! Мен сизди кайра-кайра карай бергим келди, өзүмдү абдан бактылуу сезбедимби! Сиз менин көз карашымды байкаган кезде мен көзүмдү ала качтым. Сиз кайрадан түз жолго көз салдыңыз, а мен сиздин карегиңизге тигилдим! Кайра байкаган кезде, башымды башка жакка бура салдым. Ошондо эле мен үчүн ал эң бактылуу көз ирмем болуп жүрөгүмө сакталарын билгем.
Эми мына, сизди көрбөгөн ар бир күндү эсептеп отуруп жылдар өтүп кетти.
Достору
perishtesi Досторду кошо элек
Комментарийлер
perishtesi ге комментарий жазыла элек. "Кандайсың" деп жазып койбойлубу?