Суперстан: Nasi1981 - Профилди кароо

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Профилди кароо
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток

Nasi1981 Өздүк маалымат Рейтинг: -----

Nasi1981 фотография
  • Билдирүүлөрүн табуу Колдонуучунун билдирүүлөрүн табуу
Тайпасы:
Кыймылы жок
Билдирүүлөр:
11 (0 күнүнө)
Активдүү форуму:
Жүрөк сыры (8 билдирүүлөр)
Катталган:
16 Октябрь 15
Кароолор:
9 223
Соңку аракети
Пользователь офлайн 27 Май 2016 08:39
Учурда:
Offline

Маалымат

Статус:
Момун
Жашы:
44 жашта
Туулган күнү:
Май 19, 1981
Жынысы:
Белгисиз Белгисиз

Байланыш маалыматтар

E-mail:
Жашыруун
  1. Статустагы өзгөрүүлөр
  2. Мен жөнүндө
  3. Темалар
  4. Билдирүүлөр
  5. Блог

Мен ачкан темалар

  1. Өз балдарынан акчасын бекиткен ата

    Жазылган күн: 9 Фев 2016

    Эх жашоо, жашоо каякка баратасын. Алсыз бечара аялдарды, арсыз эркекке кор кылдынго. Ушунчалык мерез куу митаам эркек, кантип жашап журот эркек болуп. Мен сиздерге он жыл бирге жашап, бирге тытынып соода кылып, Астананын ысыгына, суугуна чыдап соода кылып, уч баланы тороп, акырында ак жерден жаманатты болуп калган синдим жонундо айткым келип турат. Синдим беш маал намаз окуган, Кудайга чын журоктон берилген, аябай мээнеткеч келин. Куйоо балабыз менен 2004 - жылы баш кошушуп, ошол боюнча Астанада соода кылышкан. Адамдын ичинде ушунчалык начар арам ойлор болот экен, тооба кылдым уй-булоодо жашап жатып ажырашканды пландап жашагандар болот экен. Корбогондун коргону курусун деген эн таамай айтылган соз экен. Синдими куйоо балабыз алып качып, артынан кууп барганыбызда эки комнат кичинекей уйдо жашашчуу. Нике кыйган маалда кууп баргандар, сыртка чыгып турганбыз. Ошентип соода кылганы кетишип бутка турушту. Астанадан уч контейнер, айылдан уй, машина, бизнесинде деле жакшы эле акчалары бар эле. Биздин митаам куйоо балабыз алган уйун апасынын атына, машинасын укасынын атына алып баарын башкача пландап журуптур. Бечара синдим оюнда эч жаман ою жок жашап журо бериптир, мал аласы сыртында адам аласы ичинде болот турбайбы. Куйоо балабыз кызыл камчы чыгып, синдиме коп эле кордукту корсотту. Озунун куйоо балдарынан, досторунан, кошуналарынан кызганып деле кысмакка алып, уруп, уруп жатып боюнда бар баласы да ичинде олуп калган экен. Синдим балдарымы жетим кылбайын деп, баардык кордугуна чыдап бизге да айтпачуу. Жашоо шартын баарын ондоп, бутуна туруп алып синдими, сатуучулукка ишке алган, озунун укасынын кайнисинен кызганып, синдимин бетине коо жаап, айдап жибериптир. Синдим отуз тортко чыккан, а жабыштырган баласы 95жылкы бала экен. Ал бала барганда айлыгын кымбаттыраак айтыптыр, ушунчага иштейм деп, куйоо бала ынааптыр, синдим кымбат айтып жатат иштетпей эле коелу десе, куйоо бала оор устачылык иштерди иштетип аласын, бир айда буттуруп айдап жиберем деп алып калыптыр. Анан ошо бир айдын ичинде ушундай арам оюн ишке ашырып, синдими ак жерден азап тарттырып койду. Ал балада беш маал намаз окуган бала экен. Астанада билесиздер жер тамда ижарага катар комнаттарда жашай беришет. Орозо маалы, эрте менен багымдатка туруп сырттан даарат алып келген синдими, сен ошол бала менен жатып келдин деп уруп, айдап жиберди. Куйоо баланын атасы эрте отуп кеттип апасы жаман жолго журуп кеткен, же аялдардын баарын ушундай жаман ойлойбу тушунбодум. Олуп кетсин ага дагы Кудай бар, ушундай жинди чалыштан синдимин кутулганына деле суйунобузда, ачык камакта жашап жатыптыр. Ушундай нажмга, кордугуна чыдабай ичиндеги баласы олуп калганда синдим ванага кирип озунун жанын кыймакчы болгон экен (аны биз жакында уктук). Кыргызтанда сот системасында адилеттуулук жок десе маани деле бербепмин. Корсо ачык эле ошондой экен. Капар (куйоо бала)откондо келип сотко арыз жазып кетиптир. Эки кызы менен синдим биз жакта, бир жарым жыл болду келгенине, бир жолу мейли аялынан болбосо да, кыздарынан бир ахыбалын сурап койбоду. Анан откондо келип, сотко ажырашканы арыз таштап кетип, озунун канынан жаралган балдарына бир жолугуп же бир ооз сурап коюш колунан келбеди. Эх акча акча адамдарды ушунча мерез, ушунча пас кыласын, жыйырма сомдук эдиницада балдарынан кымбат корунду окшойт. Аа созум башка жакка бурулуп кетти, эми ошол сотко балдарына ыраа корбогон акчасын, ошол арам тамактарга ыраа коргон окшойт, биз жакта закон мындай Казакстандыкын билбейбиз башканын атында болсо карай албайбыз (сотко берели ушунча жыл иштеп эчтекеси жок калабы деп суйлошсок, апам тааныш билиш адамбыз соттошсок уят мен жон эле адамча суйлошуп келем деп, Астанага барган. Капар бербейм акчаларым изи чыкпай жатат , кызыныз бекиткен окшойт деп катынга окшоп эзилип жатып депозитте 14000$бар ошону берем, бирок сиздин колунузга эмес, кийин албадым деп танып койсонуз не кылам деп озунун кайненесинен, озунун биринчи класста окуткан эжекесинен кумон санап бербептир. Апам ушундай маскаралыктан конулу ооруп, бас сотко соттошолу десе мен Кыргызстанга арыз жазып таштап койгомун, ошолорго берем ошолор берет деп апамы жолго салыптыр. Эми 14000$эмес 10000$берем деп арыз жазган адамына айтыптыр. Ал болсо синдиме 10000$ ала бербейсинби, куйоон сотко келбей ойнотсо 10000$эмес, эчтеке албай каласын деп жатат. Мурда кийин сотко кунубуз тушпогон жаныбыз не кылышты да билбей жатабыз. Карга карганын козун чукубайт дегендей, ошол сотто иштеген алысыраак туугандар бар, акча жеп алган окшойт, адвокат жалдагыла деп коет. Бугун сот болуш керек эле, барсак жок. Сот мен башка жактамын дейт. Капар келбептир, доверенность ошол сотко бериптир, Капардын оордуна ошол арам тамак озу аткарат имиш. Капар да, синдим да Казакстандын жарандыгын алышкан. Аябай башыбыз катып жатат. Иттуу конок батат, биттуу конок батпайт. Синдим эки кызы менен каякка батат. Бир жарым жылдан бери меникинде, синдими оор корбойм, уй булоодо казан аяк кагышат дегендей, эркектерди билесинер, бала менен бала урушуп кетет. Синдимин ыйлап жатканын коруп эзилип кетем. Капар, ушу тируулой жетим кылган эки жетиминен, бекиткен ошо акчан насип кыла бекен. Ушу жетимдерине бербеген акчаны арам тамак сотторго бердинби? Бироонун акысы эч качан жалчытпайт, тем более сеники аялынкы. Эх Капар капар бул дуйнонун азабынан кутуласын, наркы дуйнодон качып кутула албайсын. Балдарынан бекиткен акчаларын насип кылса даамын татасын, насип кылбаса жок. Баарын озундой арам ойлобо, Аллах баарын коруп турбайбы. Бир торпокту алдап жолго салдым кубанба, сен дагы бур кун бироого торпок болуп калаарынды унутпа. Балдарынан да, баарынан акчаны бийик койгон акмак Капар (Гафурбек ).

Достору

  • Фотография
    gulkar  
  • Фотография
    admin_portal  

Показать 50 случайных друзей 3

Комментарийлер

Nasi1981 ге комментарий жазыла элек. "Кандайсың" деп жазып койбойлубу?


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 15 Июн 2025 18:12

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: