Lady_90 Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Кыймылы жок
- Билдирүүлөр:
- 76 (0,02 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Жүрөк сыры (62 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 02 Ноябрь 15
- Кароолор:
- 7 415
- Соңку аракети
19 Май 2018 23:54
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Карапайым
- Жашы:
- 35 жашта
- Туулган күнү:
- Май 6, 1990
- Жынысы:
-
Аялзаты
- Калаасы:
- Жаштардын шаары Жалал-Абад.
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- Жашыруун
Мен ачкан темалар
-
Китепке каткан сырларым.
Жазылган күн: 4 Ноя 2015
Саламатсынарбы форумчулар. Мен бул теманы жазганымдын себеби, азыркы учурдагы Москвачылык, алданган кыздар, саясат, уй-булоодогу чыр-чатактардан алыстап, тынч жашап жатканыбызга шугур кылалы деген ойдо, артта калган, каардуу согуш жылдарына баш баккым келди. Алдын ала катачылыктар учун кечирим сурап кетем.
Атам уйдун кичуусу болгондуктан биз чон энемин колунда остук. Мен чон энем мн бир болмодо уктачубуз. Кечинде сандыгын ачып, ичинен мага таттууларды алып берчу. Сандыгында эмне бар экенине кызыкпайт экенмин эле. Бир куну кокустан эле чон энемин козу отуп кетти. Ыйладым, оксудум. Ар куну чон энеми сагынчуу элем. Энемин козу откондон кийин сандыгынын ачкычын апамдар мага беришти. Бир куну кызыгып ичин ачтым. Эски ак кара тустогу суроттор, сырты бир аз эскирген дептер бар экен. Кызыгып дептерди барактай баштадым. 1970-жыл, 1-январь деп башкы бетке датасы жазылыптыр. Энемиин баштан откон окуялары экенин дароо эле сездим.
Быйыл кыш оор келди. Кун да суук. Же мен жалгызсырап ушуп жатамбы?! Сенин жоктугун менин конулуму чоктурот. Бирок уулдарыма алаксыйм. Ошол шум ажал коп уй-булоону азапка, кайгыга салды. Бири балам деп зар какшайт, бири атам деп. Согуш жылдардагы азап кем беле мага. 6 жашыман ач калып, бир узум нанга зар болду, уйдо сегиз жан элек. Кийим кече да бирибизге жетсе,бирибизге жетпей, тузук эле кыйналдык. Ал арада согуш болот деген имиштер таркап, уу-дуу болуп, журокту тушурчу кабарлар чынга айланды. Ишке жараган эркек аттуунун баары согушка аттанды. Оорукчан карыялар, жаш балдар гана калдык. Менин агаларым, атам да кетти. Мына ошондо гана чыныгы армандуу, ачуу, азап кундорум башталды. Атам кеткенинен бир ай откон сон кара кат алдык. Торт агаман биринин да дайыны чыкпады. Апам бечара балдарын ойлоп, атам каза болгонун уккандан кийин эле чунчуп, катуу оорудан улам коз жумду. Мен жетим болдум, жаштайыман бутум ылайга батты. Уруштан бир жыл отсо да, токтоор ою жок. Кара кат келгендердин саны арбын. Ачаарчылык, дан эгиндерине кара коо тушуп, тушуму аз. Эжемдер тылда иштеп, таруу тазалап, аштап, талкан жасап согуштагыларга жиберишчу. Эчендеген кан тогулуп Согуштун 3-жылы башталды. Конушу эжеге уулунан кара кат келгенине ишенип ишенбей,жер тырмалап, фашисттерди каргап ыйлап жатты. Кана эми энелердин коз жашын менен эле тынчтык орноп калса. Бир куну бир агамын дайыны чыгып, бутунан ок жеп ооруканада жатканын айтышты. Ошондо гана мен озумду жалгыз сезбей, конулум которуло тушту. Бирок дагы эле жакшы кун болбоду. Менден эки жаш улуу эжем катуу ооруп калды, жанында отурдум, улам кусат, канча аралаш суу гана чыгат. Аш казаны бош, тамак жебеген экен. Таару аштап тамак жасап жегизсем баарын кусуп салды да, оозунан ак кобук чыгат. Мен болуп калат окшойм,бирок жашагым келет, тынчтык кундорду коргум келет деди да кете берди. Ыйладым козумон жаш да чыкпады,карегим соолуп бутуптур. Кундор айга,айлар жылга алмашып кубанычтуу кабар таркады. Тынчтык музыкалары жанырып баары кол чабышат. Арт жака эч ким кылчайгысы келбейт. Кундор ото берди. 15 жашка толуп, Кадырбек менен тааныштырып женемдер куйоого узатты. Эки уулдуу болду. Эми бактылуу жашайм дегенимде жолдошуман айрылдым. Ал согушта колунан жараат алып, соокко зака кетип, соогу чирип кеткен деген диагноз коюшту. Олгондун артынан олмой жок, балдарым учун жашап келем-деген жазууларды окудум да, озуму энемин ордуна коюп кордум. Мындай азап тарткан жалгыз Энем эмес. Мен суйуп жетпей калып азап тартып атам деген убагым эле, меники жыргализм заман экен дедим. Бактылуу Адам экенмин. Ата-энем, бир туугандарым жанымда, курсагым ток, кийимим бутун, заманыбыз тынч.
А сиздер БАКЫТ-дегенде эмнени тушуносунор?
Комментарийлер
Lady_90 ге комментарий жазыла элек. "Кандайсың" деп жазып койбойлубу?