CEKET Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Кыймылы жок
- Билдирүүлөр:
- 145 (0,04 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Жүрөк сыры (138 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 20 Ноябрь 15
- Кароолор:
- 8 135
- Соңку аракети
20 Апр 2019 00:10
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Карапайым
- Жашы:
- Белгисиз
- Туулган күнү:
- Январь 1
- Жынысы:
-
Белгисиз
- Калаасы:
- Токтогул
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- Жашыруун
Мага баш баккандар
-
Zaatulilm
08 Окт 2019 - 19:00 -
madina.87
01 Май 2019 - 03:10 -
Jeleza1
22 Апр 2019 - 09:05 -
Kyrgyz-jigit.com
20 Апр 2019 - 03:26 -
Suluuushka
17 Апр 2019 - 17:01 -
oSporte
17 Апр 2019 - 13:06 -
unt_75
12 Фев 2019 - 05:54 -
KRIMINAL
29 Апр 2018 - 11:57 -
aslan_akjol89
28 Апр 2018 - 22:46 -
bikusim
28 Апр 2018 - 16:39
Менин билдирүүлөрүм
-
Темасы: Жыртык жүрөк
Жазылган күн: 20 Апр 2019
Ссылкасын кетире албадым однокласникиде "60летка города Нарын"деген профилде журот.Суроту менен.Каза болду дегенге ишенгендер ошол жактан тактап алып анан аза кутсонор болчудай -
Темасы: Жыртык жүрөк
Жазылган күн: 20 Апр 2019
Тируу кишини каза болду дегенге кандай диьинер барды я?
Айида типтируу эле бул жакта журот го
https://m.[moderated]/ profile/566898565770 -
Темасы: Жыртык жүрөк
Жазылган күн: 17 Апр 2019
жалган дегендерине карабай окудум эле.Сезимдер менен ойноп бекер кылыптыр.Айидани олтурбой эле койбопсун Фартуна -
Темасы: Жыртык жүрөк
Жазылган күн: 17 Апр 2019
-
Темасы: Тагдырымды өзгөрткөн хиджаб
Жазылган күн: 26 Апр 2018
Питерден кеткенден кийин баягы уйундо жашаган аяшым менен гана байланышып турдум.Бир жолу куйоом келгенин менин сураганын айтты.Бирок кыйла озгоруп кетиптир,мурункудай намазга деле бек эмес деди.Номеринди сураса берейинби дегенинен жок деп алып кийин бир кандайдыр умут жетеледиби макул болдум.Жалган айтпайын тымызын кутуп журдум чалат деп.Чалбады.
Атамдар кайнатамдыкына барып балдарымды алып кетишти.Чон жанжал,уруш болот деп кутком.Кайнатам эстуулук кылдыбы эч нерсе айтпай эле кайра куда кудагый деп сыйлап кошуп берип жонотуптур. Балдарым апамдарга келгенде конулум тынды.Скайптан суйлоштуруп турат.Кызым бир тыкылдайт.Тамырчы дейт го баланы апалап жаны калбайт.Уулум атасына окшош бир муноз болуптур.Он суйлосом ооба же жок деп бир жооп берип коет.Атамдар кабарымды тез тез алып турушчу болгон.Кызым биздин козубуз тируу кезинде балдарын кор болбойт дешет.Демек мен да бироолорго керек экенмин.Буларды коруп мага канат буткондой болду,ишке да конулум келип белимди бекем буудум.Аз отпой куйоомдун уйлонуп алганын уктум.Уйлонду дебей бир аялдын устуно кирип алыптыр дешти.Одноклассниктен бир даректи беришти.Кызыктым. Менден сулуу,менден акылдуу,менден ыймандуусун коргум келди.Кордум. Мен улуу,толук,оронгон бирок боекту ашыкча колдонгон аял экен.Коксогонун ушул беле дедим.Кызганыч эмес аёо сезими ойгонду.Баш айланткан коп суротторун бирден карап чыктым.Природада, тоодо,шашлыкта, туулган кун,майрам,ичкилиги бар жайнаган стол устундогу суроттор.Бир суротто куйом журот.Капталынан чала тушкон экен,жазбай тааныдым.Ичимдик коюлган столдо бир кезде атамды арам тамакка чыгарып,магазиндин тамагына тыюу салган куйом отурат. Демек буга кундо майрам,шаан шокот жетпей жургон экен деп койдум.Эсебимде 3 баласы бар окшойт.Кыздары чон чон экен.Оз канынан жаралган балдарын таштап бироонун балдарына кеткенине тилинбедим жон гана байкуш деп боорум ооруп турду.Бул озунун тандаган жашоосу болчу.Менин жашоом балдарым эле.Бой жургон сон соз айткандар болбой койгон жок.Бири сынап айтса бири ойноп айтат.Ажырашкан аял десе ажыдаардай коруп анча мынчасы эрин коруп калганычы.Ушундай терс коздордон тажаганда обручалкамды кайра алып тагынып алдым.Эри бар корунгум келди.Тынч жашагым келди.Аны тушунбогондор ортодон соз чыгарып улгурушту.
Биртке топтогон акчамы атама салдым да уйунорду тузоп алгыла дедим.Биздин уй жакшына эле,андан коро балдарындын келечегин туздо деп койду.Балдарыма деп салган акчаны да топтоп коюшкан экен,оздору бир аз кошумчалап шаардын сыртынан 7сотых жер алып беришти.Акчасын салып турсам акырындап уй тургузуп берем деди атам.Жер алгандан кийин жашоого кызыгуум кучоду.Максат пайда болду.
Отпуска алдым да балдарыма барып келмей болдум.Садаган кетейиндерим, чырактарым десе апалап жаныман чыгышпады.Эмне учун,ким учун жашап жургонумду тушундум.Кайнатамдарга барбадым.Анча мынча келип неберелеринен кабар алып турат экен.Шаардагы уйдун ачкычын атамдар алып койгон эле.Балдарым менен ошол оз уйубуздо болдук.Аталарын сурашкан деле жок,алыста иштеп журот деп ойлошот экен.Балдарын бир да жоктоп койбоптур.
Кайнатам ээрчитип келгенин киргизбейм, эшик аттатпайм деп отурат дешти.
Эс алуум бутуп балдарыма кыйылып атып аран таштап кайра келдим.
Жашоо уланып атат.Артка кылчайып окунбодум,калганын келечек корсотоор.
Аягы.
Комментарийлер
CEKET ге комментарий жазыла элек. "Кандайсың" деп жазып койбойлубу?