Kaytpaym Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Кыймылы жок
- Билдирүүлөр:
- 5 (0 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Жүрөк сыры (4 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 21 Январь 16
- Кароолор:
- 1 789
- Соңку аракети
29 Янв 2016 21:16
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Момун
- Жашы:
- 31 жашта
- Туулган күнү:
- Апрель 5, 1994
- Жынысы:
-
Белгисиз
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- Жашыруун
Мен ачкан темалар
-
Мен эң бактысыз адаммынбы?
Жазылган күн: 23 Янв 2016
Саламатсыздарбы урматтуу достор! Акыркы убактарда жашоомдо болуп көрбөгөндөй өзгөрүүлөр орун алды. Мен буларды эч бир жанга айта албай, силерден кеңеш алууну чечтим.Бирок суранам ыйлап турган жүрөгүмдү беттер ыйлатып кеңеш бербеңиздер.
Мен түштүк жергесинде төрөлгөнмүн. Балачагымдан эле кыздар менен чоңойуп, кыздар менен бирге ойноп, машина оюнчуктарды эмес, куурчак ойноп өстүм. Ошондонбу айтоор, өтө тез таарынам. Сезимталмын десем жаңылышпайм. Мен мектепти бүтүп, шаарга эл катары окууга жол алдым. Биринчи курсумда аябай жакшы оку окуу, окуу дештен башкасын билбеген экем. Бирок бул ойлорум тез эле өзгөрүлүп кетти. Күндөрдүн биринде социалдык тармактардан бир бала менен тааныштым. Аны өзүмө дос катары көрдүм мамилебиз күндөн-күнгө жакындап ага ушунчалык байланып калдым. Ал байкуш болсо, мени дос катары көрөт. Ошентип арабыздагы алыстык,сагыныч жок болуп ал окуусун Бишкекке которуп келди. Ошондогу көз ирмемдерди сөз менен айтып жеткире албайм. Ошентип биз бир үйдө жашап калдык. Өзүңдүн сүйгөн адамың сенин көзүңчө кыздар менен таанышса, алар менен сүйлөшсө кызганычтан өрттөнөт экенсин. Мен аны кызганып жүрүп, акыры жээк көрө баштадым. Ортобузда уруштар, түшүнбөстүктөр көбөйө берди. Азыр мен айылда, алда өз айылында. Бирок бири-бирибизге таарынып сүйлөшкөн жокпуз. Аны унутуп жиберсемби же башка үйгө көчсөмбү деп ойлойм бирок ансыз жашай албасымды билем. Ушундай шумдук сүйүүгө кабылганыма кээде тагдырыма нааразы болуп кетем. Мен өзүм атайын мындай жолду тандап,же атайы гей болгон жокмун. Мен үмүт кылып жашап келем. 5 убак намаз окуйм, бул жолдон чыгууга аракет кылсаңда табият ушинтип жаратып койсо арга жок экен. Кээде өлүп калгым келет, бирок Ата-энемди ойлойм аларды азапка салгым келбейт. Аларды уят, намыска калтырып элдин алдында жер каратпоо үчүн мен өз сүйүүмдөн кечтим. Мен бир сыйкырды күтүп жашайм кана мунун баары түшүм болсо эх...
Мен эң эле бактысыз инсанмынбы? Кайда барбайын, эмне жумуш кылбайын ар дайым ал мени менен. Аны ушунчалык каттуу сүйүп берилгендиктен көздөрүм тумандап баратат. Суранамын жакшы сөзүңүздөрдү аябаңыздарчы. .. 23.01.2016 11:03
Достору
Kaytpaym Досторду кошо элек
Комментарийлер
Kaytpaym ге комментарий жазыла элек. "Кандайсың" деп жазып койбойлубу?