kofesmolokom
-
Кандай кылам ...
13 Июл 2017
Бекеринен эркектин жүзүнө түк чыкпайт дейт. Кээ бирөөлөрдүн достору үгүттөйт, азгырат, шылдыңдашат. Аялыңан коркосун деп айтышат экен. "Ойнош күтпөгөн эркекти көрсөтчү мага", деп айтышат. Же болбосо, "Күндө аш жей берсең, шорпо дагы ичкиң келет экен" деп. Андай иш менин дагы башыман бир нече жолу өттү го... Сен го өзүң кайсы бир жактан угуп алыпсың. А мага ойноштору биринен бири кызганып, өздөрү айтып келишсе дагы ишенбей, беттештирип ишенгенмин. Ошондо ойношунун бирөөсү айткан: " Аялым менен ажырашамын, сага үйлөнөмүн дегенсиң" деп. Унчукпай туруп берген. Ошол мезгилде үчүнчү перзентибизди күтүп жатканбыз. "Аялды күйөсүнүн акчасы жокто, эркекти аялы кош кат экенинде сына", дейт. Ойнош күткөнү аз келгенсип, жаман ооруну жугузганычы! Өлбөгөн эле эки шыйрагым калды ошондо. Көчөгө чыккандан уялганымчы. "Ии, байкуш! Ушул келиндин күйөөсүнүн бир эмес эки ойношу бар" деп, мени шылдыңдагандай сезилчүү. Азыр ойлосом, күйөө сөрөй уялбай, мен уялып жүрүпмүн. Жанагы жаман оорудан дарыланып, канча дагы жыл учетто турганбыз. Ал кезде уулубуз 1,5 жаш, жаңы төрөлгөн кызыбыз, мен жана атабыз ар алты айда анализ тапшырабыз. Өзүм лөлүдөй болуп, бирин жетелеп, бирин көтөрүп барат элем больницага. Атакебиз болсо "жугузгандан" уялбай, даарылангандан "уялат" имиш, биз менен барбайт болчу. Төрөгөндө дагы отдельная палатада жатасың, жалаякты өзүң жууйсуң. Ал кезде (токсонунчу жылдар) памперс деген кайда?! Бирок, ажырашуу оюма келбептир.
Эркектерге айтаарым, "Жүрө алсаңар, жүргүлөчү. Эч ким билбей тургандай болуп. Анан, ар кандай "паразиттерди" үйгө ташып келбей, ден соолукту бузбагылачы. Биз го кечирип жашап келебиз, балдарыбыз үчүн! Өзүңөргө эле кыйын болот, алдан күчтөн тайганыңарда. Өмүр бою жаш болбойсуңар!
Ал эми синдим, убакыт өзү таразалайт! "Дворняшка" эркектер ар кимге сугун арта берет экен, "породистый" эркек бир гана аял менен жашап өтөт экен. Жолдошуңу балдарың үчүн кечир. Бир гана өзүңү ойлоп, эгоист болбо. Балдарыңы жетим кылба. Сабырдуу болсоң, жеңиш сеники. Убагы келгенде, уже эмоциясы жок айтып аласың. Балким бир жылдан кийин, балким мага окшоп 20 жылдан кийин. Башкалар "ажырашып кет, жүрөсүңбү кор болуп" дегендерди укпа.
Азыр менин жашоом Кудайга шүгүр, баары жакшы. Чоң Ата, Чоң Эне статусуна ээ болуп отурабыз. Сага дагы аял затына таандык бакыт каалаймын! Балдарыңар менен бактылуу бүтүн үй бүлө болуп жашап кеткиле. -
Орусча сүйлөшөбүз
12 Июл 2017
Суйлогонду уйронуш учун орусча суйлошунуз, грамматикасын уйроном десениз, орусча китеп окунуз. -
Бала чак
11 Июл 2017
Абдан маанилуу баян жазып кеттиниз. Чоон рахмат, Рая эже! Сабак алчу жерлери коп экен. Оштук акебиз менен бактылуу карылык сурунуз! -
amway
16 Апр 2017
Amwayдин продукциясы жогорку сапатта, ошондуктан баасы кымбаттай сезилет. Көпкө жетет, эсептеп келсек арзанга түшөт экен. 2008 жылдан бери колдонобуз. -
Күйөөмдү ойношу менен тутуп алдым
7 Апр 2017
Эркекти аялынын боюнда барында сына,
Аялды куйосунун акчасы жогунда сына,
деп бекеринен айтпаган экен да...

Супер-Инфо
super.kg
видео



16 Июл 2021 21:49

Мобилдүү версия
kofesmolokom