Суперстан: bobotiik - Профилди кароо

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Профилди кароо
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток

bobotiik Өздүк маалымат Рейтинг: -----

bobotiik фотография
  • Билдирүүлөрүн табуу Колдонуучунун билдирүүлөрүн табуу
Тайпасы:
Кыймылы жок
Билдирүүлөр:
26 (0,01 күнүнө)
Активдүү форуму:
Жүрөк сыры (23 билдирүүлөр)
Катталган:
09 Февраль 16
Кароолор:
4 639
Соңку аракети
Пользователь офлайн 29 Апр 2016 00:51
Учурда:
Offline

Маалымат

Статус:
Момун
Жашы:
9 жашта
Туулган күнү:
Август 7, 2015
Жынысы:
Белгисиз Белгисиз

Байланыш маалыматтар

E-mail:
Жашыруун
  1. Статустагы өзгөрүүлөр
  2. Мен жөнүндө
  3. Темалар
  4. Билдирүүлөр
  5. Блог

Менин билдирүүлөрүм

  1. Темасы: КҮНСЕРЕПтеги темаларды талкуулайбыз!

    Жазылган күн: 29 Апр 2016

    Кыргыз өлкөсүндө акыркы
    жылдары жер көчкү
    коркунучундагы 4016 үй
    аныкталып, анын 1064ү коопсуз
    жерге көчүрүлгөн. Учурда 2952 үй-
    бүлө айтылган эскертүүлөргө көңүл
    бурбай кооптуу аймактарда жашап
    жатышат. Канткен күндө да
    адамдардын бейкүнөө өлүмүнүн
    алдын алуу зарыл. Өкмөт алардын
    баш калкалоосуна шарт түзүп,
    жашоочулар тобокелчиликти
    токтотуп башка аймактарга
    көчүүлөрү керек.
    Кыргызстанда адам өлтүрүп өмүр
    бою эркинен ажыратылгандар үчүн
    №19-түзөтүү колониясы ишке
    берилди. Сокулук районуна
    караштуу Жаңы-Жер айыл
    аймагында жайгашкан мекеменин
    өзгөчөлүгү - кылмышкерлерге
    түзүлгөн шарт. Мындай шарттар
    Кыргызстандын мектептеринде
    жок. Колония жетекчисинин
    милдетин аткаруучу Нурдин
    Турусбековдун билдиришинче,
    кылмышкерлердин ден соолугуна
    кам көрүлүүчү атайын жайлар бар.
    Жеңил операциялар ушул
    имараттын ичинде эле жасалары
    маалым болду. Дары-дармек жана
    керектелүүчү каражаттары
    жетиштүү. Абактагылардын
    жакындары жана туугандары
    менен кездешүүчү жаңы имарат
    курулуп жатканы белгилүү болду.
    Кыска мөөнөттөгү жолугушуулар
    эки сааттан төрт саатка чейин
    созулса, андан сырткары үй-
    бүлөлүүлөргө ылайыкталып 3
    суткага чейин узак мөөнөттөгү
    жолугушуулар үчүн курулуп
    жаткан бөлмөлөр бар. Өкмөт оор
    кылмыш кылгандарга мыкты
    шартын эртерээк түзүп бүтсө экен
    деп тилейбиз. Балким, андан кийин
    кезек ооруканалар менен
    мектептерге да жетээр...
  2. Темасы: КҮНСЕРЕПтеги темаларды талкуулайбыз!

    Жазылган күн: 29 Апр 2016

    Премьер-министр Сооронбай
    Жээнбеков баштаган өкмөт
    мүчөлөрү бүгүн парламентте ант
    беришти. Бир нече премьер-
    министрди отставкага узаткан эски
    министрлер дагы бир жолу өлкөгө
    кызмат кылууга, мыйзамдарды
    кынтыксыз аткарууга, кокус аткара
    албай калса керт башы менен жооп
    берүүгө даярдыгын айтышты.
    Өкмөт алмашты аты калды,
    арасындагы айрымдары экс-
    премьерлер Бабанов, Сатыбалдиев,
    Оторбаев жана Сариевдин
    министрлери. .. Анттан кийин
    депутаттар өкмөттүн 2015-жылкы
    отчётун угууга киришти.
    Депутаттарга маалымат берүүдө
    премьер Сооронбай Жээнбеков
    тердеп кургап, берилген
    суроолордун көбүнө конкреттүү
    жооп узата албай шаштысы кетти.
    Кызматка жаңы дайындалды, анча-
    мынча маселелерди билбей
    калышы мүмкүн... Бирок
    ипотекалык насыя, "Кумтөр"
    сыяктуу маанилүү иштерге карата
    премьердин жообу даяр болушу
    керек эле. Өкмөт ипотекалык
    насыялар менен карапайым
    мугалимдер үйлүү болууга
    мүмкүнчүлүк алганын былтыртан
    бери айтып келет. Ошол долбоорду
    ишке ашыра турган Сооронбай
    Жээнбековго депутаттар
    "ипотекалык насыяга ай сайын 15
    миң сомдон төлөө керек экен.
    Мугалимдердин көбүнүн айлыгы
    7-8 миң сом, кантип ипотекага үй
    алышат" деген суроо беришип
    конкреттүү жооп уга алышпады.
    Өкмөт жетекчиси "Кумтөр"
    маселесин кантип, качан чечүү
    керектиги тууралуу өкмөттүн көз
    карашын ачыктабай, мунун үстүнөн
    президенттик аппарат да иштеп
    жатканын айтуу менен чектелди.
    Айтор, Жээнбековдун премьер-
    министрлик дарамети көрүнө
    баштады...
    Өкмөттүн отчётундагы айрым
    маалыматтар депутаттардын
    сынына кабылды. "Республика- Ата
    Журт" фракциясынын депутаты
    Максат Сабиров ырчылар Жийдеш
    Идирисова менен Кайрат
    Примбердиевдин эл аралык
    сынакта жараткан ийгиликтерин
    өкмөт өзүнүн отчётуна киргизип
    алганын билдирип, өздөрүнүн күчү
    менен сынактарга катышкан
    ырчылардын жеңишине авторлош
    болууга өкмөттүн акысы жоктугун
    айтты.
    Кыргызстанда эстрада
    ырчыларына, дегеле шоу-бизнес
    тармагына жыргаткан өкмөттүк
    колдоо жок. Көпчүлүгү сынактарга
    жана фестивалдарга өз чөнтөгүнүн
    эсебинен же демөөрчүлөрдүн
    колдоосунун арты менен катышып
    жүрүшөт. Аталган ырчылар чет
    мамлекеттеги сынактарга катышуу
    үчүн демөөрчү издеп бир топ убара
    тартышканда Көк үйдөн жардам
    болгон эмес. Кантсе да сынакта
    ийгилик багынтышып, өлкөнүн
    желегин желбиретип келишти. Эми
    алардын мээнетин өкмөттүн
    менчиктеп алышы канчалык
    жөндүү? Өкмөттүн мындай "эрдиги"
    биринчи жолу болуп жаткан жок...
    2012-жылы Темир Сариев
    экономика жана монополияга
    каршы көзөмөл министри болуп
    турганда “Чехия-Словакия
    таланттарды издейт” сынагынан
    биринчиликти утуп, 100 миң евро
    алып келген Атай Өмүрзаков менен
    “Евразия жылдызы” сынагынан 30
    миң доллар алып келген Гүлжигит
    Калыков мамлекеттин бюджетине
    кирешенин 10 пайызын салык
    иретинде төлөшү керектигин
    айтып, көпчүлүктүн кыжырын
    келтирген.
    2015-жылкы парламенттик
    шайлоонун алдында КСДП партиясы
    өзүнүн жетишкендиктерин
    тизмектеп, анын катарына
    Кыргызстанда адамдардын
    санынын көбөйүп жатышын да
    кошкон. Анда элдин көбөйүшүнө
    КСДПнын кандай салымы бар
    экенин билбей таң калгандар көп
    болгон.
    Жалал-Абаддын Сузак районуна
    караштуу Кызыл-Туу айыл
    өкмөтүндө 1 адам жер көчкүнүн
    алдында калды. Тийиштүү
    министрликтин куткаруучулары
    жер алдында калган 14 жашар
    баланын денесин бүгүн табышты.
    Аталган айыл аймагындагы бул
    экинчи жер көчкүсү. Биринчиси
    быйылкы жылдын 11-апрелинде
    болуп, айылдагы 31 үй электр
    жарыгысыз калган. Өзгөчө
    кырдаалдар министрлигинин
    адистери жер көчкү жүрүшү
    мүмкүн болгон жерлерди аныктап,
    кооптуу аймактын тургундарынын
    көбүн башка жакка көчүрүшкөн.
    Мындайда жергиликтүү
    жашоочулардын айрымдары үйүн
    таштап кеткиси келишпей, өз
    өмүрлөрүн тобокелге салган
    учурлар кездешет. Өзгөчө
    кырдаалдар министрлиги да бүгүн
    ушул жагдайды белгиледи.
    Министрлик жыл башынан бери
    жергиликтүү бийликке 18 жолу
    эскертүү берип, жашоочуларды
    көчүрүү зарылдыгын айткан. 27-
    апрелдеги жер көчкүнүн алдында
    калып каза болгон бала, анын
    жанында бир аял, дагы бир бала
    ошол күнү кооптуу аймакка мал-
    жандыктарын жайып, кашааларын
    бекемдеп жүрүшкөнү айтылды.
  3. Темасы: Себепсиз сезимдерим...

    Жазылган күн: 28 Фев 2016

    Экоо тен эле озумо тиешелуу окуя.
    Ата энем казакстанда иштечу. Апам келип кетип жургондо, атам башка аял мн жашап алат. Ошол кезде мен да ЖОЖдо окуп калгам. Апам атама таарынып суйлобой коет. Атам болсо ошол аял мн жашап журо берет. Окуума акча жетпей тартыш болгондо, мен орусияга кетем. Артыман апам да келет. Кийинчерээк атам бизге контейнер откоруп берет. Менден жардам болсун деп. Орусияда жарым жыл жургондон кийин апам казакстанга кетет. Агам экоо ошол жакта иштешет. А менин жумушум жакшы болгондуктан 1 жылдан кийин баргам. Ата энем тууралуу айткым келген эмес эле. Жогоруда кыскартып эле жазылган. Мен атамды жакшы кором, бизди таштап башка мн жашаса да. Кабар алып турат. Байкасаныздар керек атам жонундо жазган деле эмесмин.
  4. Темасы: Бөтөн жердеги күндөрүм...

    Жазылган күн: 26 Фев 2016

    Асель адам эч качан бир калыпта журбойт. Коомго карап озгоро берет. Тыйындын да эки жагы бар. Ошол сынары адамдын да жакшы жаман сапаты бар. Бугун жакшылык кылган адам, балким артындан жамандап жургондур. Аны жон гана соз менен ордуна келтириш керек. Мамилени узуп салам дебестен. Шариятта 3 кун гана саламдашпай коюга мумкун . 3 кундон кийин да кек сактап, саламдашпасан куноого бата бересин. Анан адамдын генийи болбойт. Айрыкча азыркы заманда. Болсо да ото аз. Дайыма эле жакшылык кылып журо берчу адамдар аз. Бардыгынан мамиленди узуп салсан анда болунуп каласынго. Просто ошондой ситуацияда кандай жолду колдонуш керек. ошону гана билсен, дос душмандыгы озу билинет.
  5. Темасы: Бөтөн жердеги күндөрүм...

    Жазылган күн: 26 Фев 2016

    Иштен чыктым. Такырле башка жакта иштеп калдым. Жаман кундорду откорсом да ошо пиццерияны, ошо кыздарды сагынат элем. Жалан орустар менен иштеп калдым. Жакшы экен. Ушак, коралбастык деген жок. Бири бири мн деле иши жоок. Ошентип башка жакта иштеп, досум экообуз бири бирибиздин кадырыбызды билип жаттык. Сагынышып, кабар алышып дегендей. Билбейм ал кандай ойдо мага мамиле кылып жатты. Бирок мен болуп откон капачылыктардын барын унутуп, досума мамилем туз болуп калган элем. Жакын журсон кадырын кетет окшойт. 1,2 айда бирле жолу жолугушкан кундор да болот эле. Мен иштеген жерде , майрамдан кийин орустар 3,4 кун келбей коюшчу. Админ ошого жинденип, барын уволить этип, ордуна озбек тажиктерди алды. Алардын копчулугу орусча билишпейт эле. Ошого мени алардын устунон дайындап койду. Ишим жакшы, айлыгым андан жакшы болчу. Озум жеталбай жургон бардык нерсеге жеттим. Кийим, алтын, айфон, ноутбук деги баарына жеттим. Шугур! Кайра келип окууму уланттым. Мен бул жкрде болгону биз кыргыздардын акча колго тийгенде кооп , адамга мамилебиз озгоруп кала турганын айтайын дегем. Калганын озунуздор таразалап аластар. Ушул жеткен нерселериме досумдун да тиешеси бар. Андыктан откон капачылыктарды унутуп кек сактабай журуум керек. Калганын Аллах озу таразалайт. Аягы.

Достору

  • Фотография
    nazgul90  

Комментарийлер

bobotiik ге комментарий жазыла элек. "Кандайсың" деп жазып койбойлубу?


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 29 Июн 2025 22:59

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: