Суперстан: aisu9695 - Профилди кароо

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Профилди кароо
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток

aisu9695 Өздүк маалымат Рейтинг: -----

aisu9695 фотография
  • Билдирүүлөрүн табуу Колдонуучунун билдирүүлөрүн табуу
Тайпасы:
Кыймылы жок
Билдирүүлөр:
14 (0 күнүнө)
Активдүү форуму:
Жүрөк сыры (14 билдирүүлөр)
Катталган:
10 Февраль 16
Кароолор:
12 185
Соңку аракети
Пользователь офлайн 06 Июн 2016 17:57
Учурда:
Offline

Маалымат

Статус:
Момун
Жашы:
28 жашта
Туулган күнү:
Август 29, 1996
Жынысы:
Аялзаты Аялзаты
Калаасы:
Москва

Байланыш маалыматтар

E-mail:
Жашыруун
  1. Статустагы өзгөрүүлөр
  2. Мен жөнүндө
  3. Темалар
  4. Билдирүүлөр
  5. Блог

Мен ачкан темалар

  1. Мен жөнүндө...

    Жазылган күн: 6 Мар 2016

    199*-жыл,**-август айы,тан агарып,элдердин кунумдук жашоосу башталганда менин жалгызым апам мени жарык дуйного алып келген.Таята таяэнемдин биринчи небереси болгонумданбы айтоор аябай кубанышыптыр. Атам мага ***** деген ысым ыйгарат.Ошентип биз роддомдон чыктык.Чон энем аябай таш боор аял эле.Апама корбогон кунду коргозот.Анысы аз келгенсип,атам да ичип алып,апама кол которуп,коп эле кордукту коргозот.Акыры бул нерсе ажырашуу м.н аяктайт.
    Апамдар 5 бир тууган,Апам эн чону.Биз барганда тайкелерим, тайэжелерим аябай кубанышкан. Мен анда 9 айлык наристе элем.Ошентип кундор отуп,атам келип мени алып кетем деп чыр чыгарчуу адат чыгарган.Бирок Таятам сурдуу,токтоо киши болгондуктан мени алып кетпеген.Тайкелерим атам келгенде мени жуктун (жыйылкан тошок) артына бекитип койушканы азыркыдай эсимде.
    Апам аябай сулуу,аракетчил, колунан баары келген,шустрая. Коп жерден жуучулар келген,кызын деле кошо алып кетебиз деп.Бирок апамдын конулу эркек,кайнене аттуудан калып калган болчу.Мен 5 жашка толгондо Апам Россияга кетет.
    Мен тайларымдын колунда журдум.6 жашка чыкканда мектепке баргам.Мени эч нерседен кем кылбай бойго жеткиришти. Апам ар 2 айда акча салып турчу.Анда тел биздин айылда бир эле адамда бар эле.Апам чалганда,Тайкелерим 10-15 кундо бир мени суйлоштургону алып бараар эле.Апамды аябай сагынып,баары уктаганда ыйлачуумун. Баары менин конулумо караса деле,апамдын мээримине жетпейт эле.Апам 1 жылда бир 10-15 келет эле.Ал убакта самолёт м.н каякта,поезд м.н 3-4 кундо барат эле,Эми кутконумду айтпагыла.Тамагымдан тамак отпой,уйкум келбей.Эжемдер чачтарымды турлоп,жаны койнокторумду кийгизип койушат эле.Менден бактылуу Адам жок.Андай куткондо кочобузго машина да келбей койчу.Апамды аябай сагынып кутконум м.н сыр берчуу эмесмин.Алыскы жолдон чарчап келип Апам байкуш келип эле уктап калат эле.Баш жагындаа апамдын чачын сылап,суйунуп отураар элем.Кайра качан кетес деп кундо сурачумун,тажаганыман эмес,кетпейм дешин кутчумун.Кайра кетет.Ошентип окшош кундор отуп жатты.Тайкелерим, эжелерим бойго жетишип баары уй-було курушту.Айылдын жашоосун айтпасам деле билесиздер. Талаа иштери жакчуу эмес.Уйго женелерим келип,иштен кичине болсо да арылам десем,наоборот атандашуу Эми башталды.Мен анда 6-7 класста окучумун.Тайнем мени такыр урушчу эмес эле.Барган сайын уруша баштады (женелерим уруштуруп койчу).Ошентип 2 тайкемдин балдарын чонойттум урушун да уктум,алкышын да уктум.Кээде баарынан тажаганыман жашагым келбей кетчу.Мен тендуу кыздар кочо таптап ойносо,мен уйдогу жумуштардан кочого даже чыга алчу эмесмин.Апам дайымкыдай 1 жылда бир келет.Тайта тайнемдин конулу деп,кыйналганымды апама билдирчуу эмесмин.
    Тайнем мени урушканы м.н мени аяп,тайке,женелеримен коруп турчу.9-классты аяктап,англис тилине кызыкканыма Апам колледжге тапшырттырды. Оз Кучум м.н окууга оттум.Студенттик кундорумдо ач калдым,кеч калдым.Анда менде паспорт жок эле (15 жашта элем).Апам акчаны тайтама салат.Алар мага акчаны олчоп эле берип койушат.Ал акчасы же проездге же тамагыма жетпей кыйналдым.сецияларга билимим жеткени м.н акчам жетпейт.5-6 ай окуганда,Апам келди.Ошондо биринчи жолу апама ачылып сырымды айткам.
    16 жашка чыгып,паспорт алдым.Москвага апамдын жанына келдим.Келип эле бир жерге уборкага ишке кирдим.Эми кыйналганымды эстесем озумо озум боорум ооруп кетет.Бирок мен учун айылдагы ажаандарга (женелериме) Караганда бул жакта пол жууп жургонум жакшы эле.Аябай назик Жан болгонум учунбу? Уборкада кечке Колумду сууга салып,шишип, ооруй баштадым.Апам акчандын кереги жок,ден соолугун керек мага деп иштен чыгарып Алды.
    Ошентип баарын оздоштуруп, жакшы ишке орношуп алдым.16 жашыман чыныгы жашоого,тирилике аралаша баштадым.Кыйналсам да за то алтын АПАКЕМ жанымда)
    Мен откон жашоом м.н эмнени айткым келди,адам баласы эч убакта бироого коз каранды болбосун экен.Анан дагы ар перзенттин оз АПАСЫ жанында болсун.
    Атамды коргон эмесмин,мени баары "Атана окшошсун" дешет.Апамдан бир да жолу Атам жонундо сураган эмесмин.Апакемдин Эски жаратын козгогум келбейт.
  2. Өзүмө өзүм түшүнбөйм

    Жазылган күн: 5 Мар 2016

    Салам форумчулар! Мен 20 жаштамын.Сиздерден кенеш сурайын дегем.Мен курактуу кыздар,бойго жетип,уй-було куруп,бактылуу болуп жургондорун коруп суктанып кетем.Коп эле балдар предложения беришет бирок конулумо туура келбейт.Бир жери жакса,бир жери жакпайт.Кээде озумо-озум жиним келет.Мисалы, бироо м.н таанышып,суйлошом, менин козумо карап,мага конул буруп,сыйлап, айтканымды кыла берсе жакпай калат.Конул бурбай,чалбай койсо дагы таарынып,жиним келе берет.Балким, Апамдын жалгызы болгонумадыр.

Достору

  • Фотография
    Suiorbek  
  • Фотография
    manas93kg  
  • Фотография
    raia  
  • Фотография
    4elovek1  
  • Фотография
    isabek_kg  
  • Фотография
    tavanova.s...  
  • Фотография
    bella.bell...  
  • Фотография
    unknown666  
  • Фотография
    Bonia9189  
  • Фотография
    Musabaeva  
  • Фотография
    narime  
  • Фотография
    Rozinda  

Комментарийлер

aisu9695 ге комментарий жазыла элек. "Кандайсың" деп жазып койбойлубу?


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 31 Июл 2025 18:46

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: