Urmat_83
- Кыймылы жок
- 1 (0 )
- Суперстандын архиви (1 )
- 22 Февраль 16
- 3 475
25 Окт 2016 11:05
- Момун
- 46
- 13, 1980
- Жынысы:
-
-
«СУПЕР КЕЛИН» сынагы
28 Фев 2016
Мээрбан
Жакшы кабар жанга жагымдуу дегендей сиздердин “Супер келин" сынагыңыздарга көзүм түшүп көздөй болгон абысынымдын кыял жоругун жарыялоону туура көрдүм.
Абысынымдын аты Мээрбан. Кыларман келин билерман дегендей, кызматы менен жагып кайындардын кандай гана чабуулу болбосун айтылуу Акылкарачачтын акылындай акылы менен жеңишке жетишип отуруп, азыр анын катышуусуз маселе чечилбейт.
Жаңы келин болуп келген күндөрдүн бириндеги окядан айта кетейин. Кечкисин жарык өчүп, шам күйгүзүп кечки дастаркондо отурабыз. Чай демдөө үчүн келин тура калса шам өчүп калып жатпайбы. Анда кенже кайын сиңдиси "жеңе бул жагы кандай болду?" десе күлүп ушундай "менин шамалыма шам өчөт деп кырдаалдан чыкты. Аңгыча жарык күйүп калса кайната кайненени унутуп "ураа" деп кыйкырып алакан чаап жиберди. Анан кайра чочуп унчукпай отуруп калып жатпайбы. Келинден мындай иш аракетин күтпөгөн биз аябай күлдүк. Эмдигиче кайын сиңдилерим жеңемдин шамалына шам өчөт деп күлүп калышат.
Жакшы аялдын белгиси сыртта бийкеч үйдө күң дегендей жасаган ишине көзүң да, көңүлүң да тоёт. Чынын айтсам Мээрбанды комбайнга окшоштурам. Жараткан ушундай келинди ар бириңерге насип кылсын деп ич ичимден тилек кылам. Ылайым сага көз тийбесин абысынжан. Мактайын деген деле оюм жок эле, бирок элет жериндеги табиятынан өзгөчө жаралган жан экендигин айткым келди.
Жаманкеева Дамира
Добушуңузду берүү үчүн бул жакты басыңыз.
Ушуга добушумду берем
Urmat_83

Супер-Инфо
super.kg
видео



Мобилдүү версия
Rus-lan
28 Сен 2016 - 19:32