Суперстан: AMEH - Профилди кароо

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Профилди кароо
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток

AMEH Өздүк маалымат Рейтинг: -----

AMEH фотография
  • Билдирүүлөрүн табуу Колдонуучунун билдирүүлөрүн табуу
Тайпасы:
Кыймылы жок
Билдирүүлөр:
10 (0 күнүнө)
Активдүү форуму:
Жүрөк сыры (6 билдирүүлөр)
Катталган:
06 Март 16
Кароолор:
2 717
Соңку аракети
Пользователь офлайн 26 Июн 2023 06:37
Учурда:
Offline

Маалымат

Статус:
Момун
Жашы:
33 жашта
Туулган күнү:
Январь 6, 1992
Жынысы:
Белгисиз Белгисиз

Байланыш маалыматтар

E-mail:
Жашыруун
  1. Статустагы өзгөрүүлөр
  2. Мен жөнүндө
  3. Темалар
  4. Билдирүүлөр
  5. Блог

Мен ачкан темалар

  1. Сүйүүдөн жек көрүүгө бир кадам

    Жазылган күн: 26 Июл 2016

    Улук экообуз биздин досубуз Чынгыз аркылуу таанышканбыз. Алгач соц.тармактардан, телефон аркылуу байланышып журдук.Эч кимибиз "жолугалы" деген созду айткан жокпуз..Арадан бир жарым айдай откондо,адаттагыдай эле уйдо олтургам,сабак окуп.Бир маалда таекем чалып, женем кырсыктап больницага алып келгенин айтты.Шашкан бойдон эле такси кармап бара жатсам, Улук чалып калды.Жагдайымды айтсам эле," Мен дагы барам.Экообуз ошол жактан жолугабыз" деп, менин жообумду укпастан, телефонду коюп койду.Больницанын алдына келип токтогон таксиден чыкканымда эле,мандайымда жылмайып, бою узун, келишимдуу жигит турган экен.
    -Кандайсын, Жылдыз- деп келип эле эки бетимден опту да,-Журу, Тез жардамды кабыл алуу болуму бул жакта экен-деген бойдон,дагы деле жообумду кутпостон,озу жол баштап кетти.Болумдун алдына жеткенимде, "Сен бул жерде кутуп тур" дедим да,кирип кеттим.Кудай жалгап, таекемди бат эле таптым.Женемдин да омуруно эч кандай коркунуч жок экен.Бир аз тынчтангандан кийин, таекем "Эми сен уйго кете бер"деп мени сыртка узатып койду.Арадан бир сааттай убакыт отуп кеткен эле,Улукту кетип калды экен деп ойлосом,жок дагы деле мени кутуп олтуруптур. Экообуз бир аз суйлошуп,аялдамага чейин жеткирип келди.Мага жашоодо коп суйлобогон, бир аз тартынчаактай корунду,бирок жанылышыптыр. Алгачкы жолугушуу болгондуктан балким кысынган болсо керек.Менин маршруткам келип,экообуз коштоштук да мен уйго кеттим. Ошол кечтен кийин экообуздун байланышыбыз дагы да куч алып жолугушуулар кобойо баштады.Жолукканыбызда экообуз шаарды эле кыдырып журо берчубуз созубуз бутпой.Бир жолу сейил бактардын биринде олтурсак эле,чонтогунон чылымын алып чыгып,тутотуп кирсе болобу.Экообуздун таанышуубузга эки ай болсо да чеккенин билчу эмесмин.Чыдабай кеттим да,оозуна салып келе жатканында колунан жулуп алып,таштанды салуучу урнага салып салдым.
    -Менин атам менен агаларым чылым менен ичимдиктен алыс-десем, мени карап кулуп койду.Ошол кундон кийин чылымды чегинуу азайтып,таштоого аракет кылууга отту..Билинбеген менен убакыттар отуп жатты.Экообуз сунушсуз эле дайымкы жолугушуу,байланышуулар менен кыз-жигитке айланып кеттик.Бир куну мени уйуно чакырды.Иниси экоо чогуу жашайт эле.Анын жумуштан келбесин билгенде, мени конокко чакырыптыр корсо.Бардым, уйдогу эжемден суранып алып.Тамак жазап тосуп алды,андан кийин Роберт Кийосакинин китебин талкуулап,талашып тартышып жатканыбызда, мени обуп жиберди.Экообуздун алгачкы обушуубуз болду.
    Убакыттын отушу менен мен ага аябай конур бара жатып.Чалбай калса озум чалып,издеп, сарсанаа болом.Дээринен кызганчаак болгонумдан, аны курчаган кыздарынан кызганам.Коп тааныш дос кыздары бар эле.Ар биринин кайда окуурун,эмне иш кылаарын, канча жашта,кайда жашаарын да билип алчумун.Бирок, ага эч нерсе деп айта албайм.Урушуп, таарынышып кетуудон коркчумун.Ал менден кетип калса,аалам токтоп калчудай болоор эле.А ал болсо эч кандай сезимдерин билдирчу эмес. Коп учурда менин кийген кийимдерим, уккан музыкаларыма сын такчу.А мен баарын озгорттум.Ага жаккандай кийиндим, ал уккан музыканы, ал кайсы китепти окуса ошону окуп. кыскасы ага жагынууну каалачумун. Бул озгорууну менин жакындарым да байкады.Мурдагыдай курбуларым, курсташтарым менен жолукпай калгам,уйдогу эжеме да жардамым азайып баштады.Каникул башталганда же болбосо жума кундору сабагым жок болуп калса,шашкан бойдон, айылды коздой ата-энеме "Сагындым" деп жетип барчу Жылдыз жок болуп баратты.Аны озум деле сездим,бирок, такыр мойнума алчу эмесмин.Болгон бар убактымдын баарын Улукка арначу болдум.
    Биздин мамилеге жарым жылга чукулдап калганда, менин мурунку жигитим пайда болуп, чалып калды.Мен ага мындан ары чалбоосун,жигитим бар экенин айтканымда, " макул,бактылуу бол"деген бойдон калды.Бирок, Улуктун мага деген ишеничи жоктой болгондой сезилди,ошентсе да мурункудай эле мамилебиз улана берди. Ал кеч жонундо соз козгогон жокпуз. Анан калса да экообуздун мамилебизди коп адам билчу эмес,саналуу гана адамдар билчу.Ал жетелеп барып достору менен тааныштырган жок, мен да унчуккан жокмун.
    Ошол жылы мен колледжди бутуп,практикага бир мекеме орноштум.Улук да жакшы айлыгы менен жумуш таап алып иштей баштады.Мен практикага кечирээк баргандыктан, суйуктуумду кочодон тамак алып жебесин деп дайыма тамак жазап алып барып берип,озум практикага кетчумун.Ошондой кундордун биринде адаттагыдай эле Улуктун жумушуна бара жатканмын,эми кочодон отойун дегенимде, дал мандайымдан Улук бир кыз менен ээрчише, каткыра суйлошкон бойдон жакынкы кафеге кирип кетишти.Бироо устумдон муздак суу куюп жибергендей эле болду.Козумон аккан жаш менен жумушка келдим.Ал Улук кечинде гана смс жаздым "Бейпил тун" деген.Эртеси куну уйдон эрте чыгып анын жумушунун алдына барып,обочодо кутуп турдум.Аз отпой эле биринчи жумушчу келгенде, тундосу соц тармактардан тапкан Улуктун жанындагы кыздын суротун корсотуп, издеп журом дедим.
    - а бул кыз бизге практикага жаны келди,-деди. Рахматымды айтып аялдаманы коздой жоногонумдо, Улук менен Алисаны (жаны практикант кыз) кордум.Ээрчише жумушка келе жатышыптыр. Ичимден кайнап чыккан кызганычымды жашырып,жылмайган адамдын маскасын тагынып аларды коздой кадас таштадым.
    -Жылдыз?-деди Улук мени коруп тан калганын жашырбай.
    -Кандайсын.Сени менен суйлошойун деген элем
    -Азырбы?Эмнеге чалып айткан жоксун?
    -Сага сюрприз болсун дедим-козумду жанындагы кыздан козумду албай.Улук болсо бир мени бир тиги кызды карап,акыры ага "Сен бара бер" деп мени жетелеген бойдон элдин козунон далдоо жерге алып барды.
    -Эмне болду? Эмнени суйлошойун дедин?
    -Мен кече да сага келгенмин, бирок, сени тиги кыз менен кордум.
    -Анан?-деди Улук кекеткенин токтотпой.
    -Ал кыз ким?Экоондун ортондо кандай мамиле бар?
    -Жаны практикант кыз.Эч кандай мамиле жок.Ушул созду угайын деп келдин беле?!-деп суйлонгон бойдон шаша баса жумушу коздой басып кетти.Мен болсо эмне дээримди билбей,оз жолума туштуп.Жумушта олтуруп оюмдун баары эле тиги кыз менен Улукта болду.Мындай карасан кичине нерсе корунгону менен,бир жагынан баары майда барат нерседен башталат да,туурабы?Конулсуз жумуштан чыксам,Улук турган экен.Суйунуп кетип эле,чуркап барып мойнуна асылдым.Ал да мени коптон бери корбой калган адамындай сагыныч менен кучагына алды.Жетелешип алып сейил бакты аралай жонодук.Эртен мененки урушту да унутуп калдык,соз козгобой.Качан гана аялдамага келгенибизде, ал мени карап соз баштады.
    -Сен бекер кызгана бербе.Ал кызга мен тек гана жардам берип жатам,макулбу? Мени билесин баарын ачык эле айтам.Бир нерсе болсо сенин журогунду оорутпаганга аракет кылам-деп соз берди.
    Улуктун жумушу жакшы болгондуктан, "машина албайсынбы? " деп кенешимди бердим.Ал да бул оюмду туура коруп куну-туну иштейт.А мен болсо тамагын жазап,кийимдерин жууп тазалап, кээде окуудагы тапшырмаларын аткарууга да жардам кылып,колдоо корсотуп жаттым.Тундосу гана экообуз эки башка уйдо уктаганыбыз менен,кундузу анын жубайындай эле журдум.
    Ошондой кундордун биринде мен практикамдын отчетун ийгиликтуу тапшырып,Улукка суйунчулоп чалсам телефону очук экен.Уйуно барсам да бек.Маанайым жок уйго келип кечке чала бердим.Бир ордумда тынч ала албай эле,кыжалаат боло бердим.Инисине чалсам "мен жумуштамын, бир жерде журсо керек,сарсанаа болбочу" деди камаарабай. А мен кайдан унун угуп жай алмайынча тынчыбадым. Аны издеп жумушуна барсам,иш убактысы бутуп баары тарап кетиптир.Андан кийин машыккан залына барсам, келбептир.Ого бетер тынчсыздануум кобойо берди.Тааныган бир досуна чалсам ал да албай койду.Ошентип тээ тундун бир маалында уйго келип,чарчаганымдан тошокко кулап эле,козунуп илинип кетиптир.Бир маалда телефондын чырылдаганынан алсам-Улук.
    -Эркем,мага канча жолу чалгансын?элдин баарын дурботупсун го
    -Улук...жаным сен кайда журдун?Сага сарсанаа болду кечке- дедим ыйлаганымды жашырбай.
    -Биз балдар болуп кокустан эле чогулуп,тоого чыгып келдик.Азыр эле келдим-дейт жайбаракат. Ошондо аябай жиним келип:
    -Канча кыжалаат болгонумду билесинби?Уйуно бардым,жумушуна, залына бардым.Эч жерден таппадым.Мен ушундай кетип жатам деп чалып койсон бир нерсе болобу?
    -Телефонумдун зарядды очуп калган...
    -А эмне досторундун арасында сенде эле телефон бар бекен?Мен сени жек кором,уктунбу? !-дедим да телефонду коюп салдым.Кайра- кайра чалып тынчыбаганынан очуруп салдым.
    Эртеси куну экзамендериме дагы бир апталык убакыт бар болуп,бош болгондуктан айылыма кетип калдым.Улукка айтпай дебей.
    Айылга келип,ата-энемдин кашында конулум тынч,эс ала туштум.Уктаар алдында телефонумду куйгузсом Улуктан коп смс телефон чалуулар келиптир.Баарын карап буткучо дагы чалуу келди.Алдым. Айылга келгенимди айтсам, жинденгенинен кыйкырып баштады. а мен болсо анын меникиндей абалда болгонуна кулкум келди.Аягы ал да чыдабай мага кошулуп кулду."Болуптур, очунду алдын.Канааттандынбы эми" дейт анан калса.Эртеси куну уйдо олтурсам,андан смс келди."Уйдун алдында турам.Чыгасынбы? "деген.Ишение ишене албай чыксам чын эле турат."Уйду кайдан таптын?"дедим. Анткени ал менин айылыма омуру келген эмес эле да."Элден сураштырдым" деди.Досунун машинасын айдай келиптир.Айыл четиндеги шар аккан суунун жээгине келип суйлошуп олтурсак,эртен эле алып кетем деди.
    -Эмнеге?-дедим тан кала.
    -Бул айыл да. а сен бойго жеткен кызсын.
    -Анан?
    -Анан сени ала качып кетиши мумкун,ошондуктан эртен эле кайра кетелик.
    Ал куну уйго келгенимде Улуктун мени суйооруно тушундум.Негизи, ал сезимдерин ичке катып, кобунчо кыймыл аракети менен билдирчу.Ошентсе да, анын "Мен сени суйом" деген 3 созун кутоор элем.
    Эртеси куну Улуктун суранычы менен кайра шаарга келдик чогуу.
    Аз отпой Улук машиналуу болду.Мен машина алган немедей кубанганымчы. Бирок, ал кубаныч копко узабады.Мага мурункудай конул бурбай, ар кай шылтоогу айтып,же чогуу болсок телефондон козун албай,озгоруп баштады.Бир жолу ноутбугун колдонууга алган элем, дал ошол маалда мандайыма балп этип бир кыздан кат келип калбаспы." Окуба" деп журогум айтса, акылым "оку" деп жатып, акыр аягы ачтым.Экоонун ортосунда чындап эле мамиле бар экен.Суйуу создорун окуганда журогум чыдабай кетип, жаап салдым.Уйго келип алып копко ыйладым.Мен чынында Улукка Колумдан келишинче колдоо корсотуп,ооруса жанында дарысын,тамагын даярдап,ал учун эжемдер агамдар менен мамилем бузулган эле.
    Ошол маалда окуумду бутуп,экзамендерге даярдыктар да коп болуп,убактым аз болуп жаткан.Тиги кыз менен жазышкан смстерди окубаган адам болуп кулуп жайнап эле суйлошуп коюп,бирок, окуумду шылтоолоп, бир аз да болсо алыстыкты сактап,озумчо ойлонууга шарт тузуп жаттым.Коптон куткон окуумду бутуп, дароо эле соода борборлордун бирине финансист болуп кирип алдым. Ал нерсе Улукка жаккан жок.Анткени эки жигит менен кошо иштешчумун. Ар кун сайын жумушумдан алып кетип, уйго жеткирет.Баягы мамилеси сууп бара жаткан Улук жок. Бир жолу жумуштан чыгып бара жатканымда коллегам Бек кошо чыкты.Улук да кутуп туруптур.Бек экообуз коллегалардай эле кол алыша коштошуп, мен машинага олтураарым менен эле суракка ала баштады мени."Бул ким?Эмнеге сени менен чыгат?Экоондун ортондо эмне бар?" деген суроолор.Менин тушундургонумду да уккан жок.Кыш айлары болчу.Жаш гвардия бульварынын жанына келип токтоп, "Суйлошолу сыртка чыгып"деп сыртка чыктык.Карангы кирип саат 9дар болуп калган.Элдер жокко эсе.Бир аз баскандан кийин эле дагы созун баштады.Телефонумду текшерди.Ошол эле коллегам Бектин жумушка байланыштуу смс менен аягында "тунун бейпил болсун"деген созду чон трагедия кылды да,уруш баштады.Мен суйлогон жокмун.Баары бир тушунбойт да.Ал ошонума чыдабай телефонумду ыргытты да, басып кетип калды.А мен болсо кучумду ыйдан чыгарып, башка тарапты коздой чуркадым.Баарынан качып кетким келди.Ал учун баарын берсем да, мени татыктуу суйо албады.Дайыма ортобузда тоскоолдуктар. ...Кээ бир кыздардай гул алып кел,белек бер, кафеге алып бар деп сурабадым.Менин жанымда болгонуна суйунуп ганаьжашачумун. Жок дегенде, колумду кармап "Мен сени суйом" деп айтпады...Анын мамиледе ишенич боюнча койгойу бар экенин эн жакшы билчумун.Анткени, мага чейин жоопсуз суйууго кабылып, каттуу конулу калган эле.Бирок,Мен да журок бар го.
    Ыйлап бара жатып, кокустан тайгаланып жыгылып туштум.Озум кыйналып турсам,карга жыгылганыма ого бетер кучоп ыйлап баштадым.Бир маалда аркамдан келип, мени бироо тургузганда карасам Улук экен."Кечирип койчу" деп айтат экен десем, "Мени менен бир нерсе болот деп ойлогон жоксунбу?Жини менен барып, кырсыкка кабылат деп ойлободунбу? "деп оозумду ачырды.Акыры мен да чыдабай жарылдым.Анын жазышкан смстерин окуганымды, озгорулгонун. ..айтоор ичимде катып жургон таарынычтарымды айттым."Токто, болду"дегенин укпадым.Бир маалда колу жаагыма тийди.Козум чыбырчыктап кетти.
    Ошондо, экообуздун болуп откон эки жылдык мамилебиз коз алдыма тасмадай тартыла тушту. Мен эки жыл бою ал учун кылгандарым текке кеткенин тушундум. Аны суйгонум учун козумду май басып баарына коз жумуп койгонума, чон жанылыштык кылганыма тушундум.
    Жерге тушкон сумкамды алдым да, унчукпастан баш ооган жагыма кете бердим.Ал болсо артымдан чуркап келип Кечирим сурай баштады.Менин болсо суйлогум келбейт.Саатымды карасам 11ге чукулдап калыптыр.Эжеме, "Мен курбумдукунда калдым,сарсанаа болбонуз" дедим.Анын менин мындай абалда коруумду каалабадым. Андан кийин Улукка бурулуп,мени уйуно алып баруусун отундум.Ошол туну бир жерде туношуп керек эле.Ал макул деп эле уйуно алып барды.Бир ооз ачпастан берген жатып алдым.Жаныма жатайын дегенинде макул болбодум.
    Тан аткыча уктабадым.Жанымда жаткан адамга жек коруум куч ала баштады.Ошондо тушундум," Суйуудон жек корууго бир кадам"деген создун торкунун.Эртен менен ал уктап жатканда,уйдог чыгып кеттим.Ошол бойдон кайрылбадым. Журогум ооруп, кыйналып турсам да озумду озум женууго аракет кылдым..
    Мен аны буткул журогумдун баары менен суйдум.Оз дуйномду аныкына алмаштырып суйдум. Мен билем, ал мени суйгон, болгону чечкинсиздик менен менин суйуумду тепселеп салды.Жок кылды.
    Менин бирден бир жаман коргон да жакшы коргон да сапатым кекчилдигим. Бир эле убакта жардамын берсе,экинчиде тоскоол болот.Ал Улук экообуздун акыркы кечибизден кийин артымдан келди, кечирим сурады, кайрылыр келуумду суранды...бирок, мен колуман келбеди кечирууго.Дагы деле коз алдымда мага тийген колу...Арадан эки жарым жыл отсо да дагы деле жигиттерге ишене албайм.Таанышуу болот,бирок, эртеси куну эле шылтоо таап жоголуп кетем.Улукка деген очум, кегим дагы деле бар.

    Азыркы убакта чет жерде иштейм.Жарым жыл мурун Улуктан смс келген эле "Сага деген айтылбай калган сырларым бар.Келгенинде созсуз мага жолук.Кутом" деген.

    Смздерден сурайын деген кенешим: Менин ага деген кегимди алуу туурабы?Ал учун кыйналып,журок оору болгонум учун оч алуум туурабы?Коп убакыт отсо дагы деле озумо келе албай келем....Чет жерге кетуумдун себеби да ошондон эле.Эл жер алмашса озумо келеби дегем.....
  2. Польша, Варшавадагы мекендештерди издейм

    Жазылган күн: 25 Мар 2016

    Урматтуу,суперчилер. Эгерде аранарда Варшавада жашап,иштегендер болсо,купуяга кайрылуунуздарды отуном.Кичинекей жардамыныздар керек болуп жатат,болгону бир эле кун.
    Балким,кимдир бироонун тааныштары бардыр?

Достору

AMEH Досторду кошо элек

Комментарийлер

AMEH ге комментарий жазыла элек. "Кандайсың" деп жазып койбойлубу?


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 23 Июн 2025 23:11

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: