Ali_Kyrgyztaniy
- Кыймылы жок
- 142 (0,04 )
- Эркин тема (60 )
- 21 Март 16
- 3 873
15 Авг 2016 11:19
- Карапайым
- 10
- 2, 2015
- Жынысы:
-
- Калаасы:
- Убактылуу Дуйно...
-
Борбор Азия
22 Мар 2016
АКШ мамлекеттик департаменти Борбор Азия мамлекеттерин ыктымалдуу теракттардан эскертти
АКШ мамлекеттик департаменти 3-марттагы глобалдык террористтик коркунуч туурасындагы документинде Борбор Азия мамлекеттерин ыктымалдуу теракттардан эскертип өттү.
“Өзбекстан Ислам кыймылы”, “Ал-Каида”, “Исламий жихад биримдиги” сыяктуу террорчу топтордун тарапкерлери Борбор Азияда мурункудай эле өтө активдүү. Бул топтор Америкага душмандык маанайды калыптандыруу аркылуу АКШ кызыкчылыктарына коркунуч туудурушу мүмкүн”, – деп айтылат документте.
АКШ мамлекеттик департаменти мындай чабуулдар Борбор Азияда эле эмес, бүт дүйнөдө, айрыкча Жакынкы Чыгыш, Түндүк Африка, Европа жана Азияда ишке ашырылышы мүмкүн экендигинен эскертип өттү.
Документте келишинче, “экстремисттер кадимки куралдар жана массалык кыргын кылуучу куралдардан пайдаланып, расмий жана жеке кызыкчылыктарга зыян жеткирүү максатында чабуул уюштурушу мүмкүн”.
АКШ өкмөтү жок эле коркунучту көбүртүп көрсөтүү аркылуу Борбор Азиядагы диктатор режимдердин ансыз деле Ислам жана мусулмандарга каршы жүргүзүп жаткан согушуна май чачып келе жатат. Бул режимдер болсо АКШдан “ак бата” алгандан кийин өздөрү үчүн жагымсыз болгон адам же уюмдарды жок кылуу жана куугунтуктоодо мына ушул сыяктуу “эскертүүлөрдөн” пайдаланып жатышат.
Ali_Kyrgyztaniy

Супер-Инфо
super.kg
видео




Мобилдүү версия
Ali_Kyrgyztaniy