aidaijanybekova Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Кыймылы жок
- Билдирүүлөр:
- 7 (0 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Жүрөк сыры (7 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 12 Апрель 16
- Кароолор:
- 6 822
- Соңку аракети
29 Июл 2016 17:37
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Момун
- Жашы:
- 32 жашта
- Туулган күнү:
- Февраль 2, 1993
- Жынысы:

Белгисиз
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- Жашыруун
Мен ачкан темалар

Бактылуу болгум келет
Жазылган күн: 13 Апр 2016
Саламатсынарбы форумчулар! Бул жакта ар кандай баштан откон окуяларды окуп отурум озумдукун да жазууну туура кордум. Китеп болуп кетмек, бирок мен кыскача гана жазганга аракет кылдым Келбеттуу, башкаларды коз караш менен тартып алган жылдыздуулугум болбосо, кыйраткан сулуу деле эмесмин. Жонокой, ошол эле учурда бир нерседен бат тажаган бирок, адамдардын конулун оорутпаган кызмын. Ата-энем Кудайга шугур, белгилуу чиновник болбосо да элдин алдынкыларынан болуп жашап келишет. Бирок оздорунун ордун билген, жонокой, алактап-шалактаганы жок туз жургон адамдар. Уйдун улуусу болгонум учун, чон ата-чон эненин тарбиясын да кордум. Турмушту тушунгон, жонокой болууга умтулуп келатам. Менин сынганым да ушул жонокойлугумдон болсо керек.

...Мектепти бутуп, бала чагымдан бери келаткан тилегим врач болом деп чыктым. Албетте апам каршы болду. "Назиксин, коркоксун, кыз балага анчалык озун кыйнап окуугандын кереги жок. Эртен жолдошун уйго отургузуп койсо дипломунду чан басып эле жатат"- деп гуманитарныйга тапшыртып коюшту. ЖОЖду кыйратып окубасам да коомдук иштерде активтуу элем. Ар дайым спонсор болуп, муктаж болгондорго жардам берип журдум. Артымдан эрчиген жигиттер коп эле болуптур. Куда тушуп келе беришип апамды да жулотушчуу. Ошондой кундордо озум курактуу бала менен таанышып калдым. Жонокой, жылдыздуу жигит. Экообуз бат эле тил табышып, суйлошуп калдык.

Досторум "шаарда билим алдын, уйун, машина, акчан бар, канча балдар артындан чуркады, тапкан жигитин ушулбу" ,- деп тан калып, менин аны таштап кетээриме ишенип журушту. Анткени шаарда квартирада турчу, бош убактысында такси менен алектенчуу.

Азыр ойлосом жигитим аябай кызганчаак экен, менин айланамда эч ким калбаптыр, иш чараларга баруума да каршы болчу. Ошентип убактымдын кобу жигитим менен отуп калды. Чогуу тамактанып, чогуу эс алып, дегеле аны менен откоргон кун мен учун жомок эле. Аны менен откоргон убакыт кинодогудай болчу. Мурун ойлочумун 'эгерде тойго чейин "жатып& quot; алсам озумду олтуром деп. Башында аны жакын жолотпой журдум. Бир куну кандай шайтан азгырды, намысымдан айрылууга макул болдум, никесиз жашоого макул болдум. Мен аябай бузулдум. Сабагыма деле кыйратып барбай калдым. Озумо келгиче боюма бутуп калды. Мен ал учурда 4-курста окуучумун. Жаштык кылдым дейин десем ал учурда мен тендуулор 2-3баласын кутуп жатышкан. Жигитим алдыр деп туруп алды. Алдырдым. Бирок эч нерсе билинген жок, же коркконумдан баарын жашыргангабы билбейм. Ыйладым, аны жек кордум, бирок жанынан кете албай журо бердим.

Анын уйундогулор мен жонундо биле баштаганда каршы болушту. Обу жок шаардын кызы экен, андан коро сабагынды оку дегендерин айтпаса да сезчуумун. Бизде жакшы да жаман да кундор отуптур. Менин андан да чон кемчилигим ар дайым ал эмес мен милдеттуудой сезчуумун. Тамак аш, кээде бензин, кийимин да сатып алып берген кундорум болду. Ар дайым колдочуумун, боор оорутчуумун.

Уйлончуудой туру жок, анан айттым нике окутуп алалы деп ага да макул болгон жок.

Экообуздун мамилебизге жыл айланып калганда дагы боюмда болуп калды. Мунусунда аябай кыйналдым. Журогум айланып, тамак жей албай. Окунучтуусу муну да алдыр, ата-энемдин бетин кантип карайм деп туруп алды. Алдады, ыйлады. Баланы алдырба, бирок мен жашоонордон жок болом, балабызды чонойт дегенге чейин барды. Журогумду бычак менен кескилегендей болду. Таблетка менен тушурду. Капысынан тырмактын жарымындай болгон баламды коруп калдым. Асман жарылып кеткендей болду. Оз баламды олтургон озумду жек корум, журогумду бычак менен сайгылагым келди. Бирок жан таттуу экен, эч нерсе кыла алган жокмун. Жашымды ыйдан гана чыгардым. Кунуго ыйлай берип оорулуу болуп баратам. Подружкаларым психологко бар дешет. А мен алдагы адам сорой жигитим менен дагы деле суйлошуп журом. Конулум коп жолу калды, журогум муздады деген менен дагы деле анын жанындамын. Ата энем кыз бала учун уй було башкы оорунда туруш керектигин коп айтчуу болду. Бир убактарда баары суктанган кыз ичи толо арман, мун, кайгы. Эмне кылам? Кимге тием, аны бактылуу кыла аламбы? Баары мага тунгуюк; карангы туман. Мумкун кудай мага аялдык бактылуулукту буюрбагандыр. Билбейм, тушунуктуу мырзанын мен деле бактылуу келинчеги, балдарынын энеси болууну самап, кыялданам. Болгон нерсеге абдан окуном, бирок убактытты кайрый албайт экенбиз айла жок
Комментарийлер
aidaijanybekova ге комментарий жазыла элек. "Кандайсың" деп жазып койбойлубу?