MIRBOLOT
- Кыймылы жок
- 4 (0 )
- Жүрөк сыры (1 )
- 14 Апрель 16
- 7 608
13 Дек 2021 17:17
- Момун
- 44
- 18, 1982
- Кызыгуусу:
- Интернет, сканворд, гезит-журнал китеп окуу, машина айдоо, боевик кинолор
- Жынысы:
-
- Калаасы:
- Түп айылы
-
Бала кезде эмнеден коркчу элеңер?
4 Май 2016
Мен иттен коркчумун, 6-класс окуп жатканда коңшунун чоң ити тиштеп алган. Бутумду тиктирип, ооруканага жатып чыккам. Эртеси ээси баягы итти бакка байлап туруп, атамдардын көзүнчө, "атпай эле коюңузчу" деп суранганына карабастан атып таштаган. Анан үркөнчөөк аттан да коркчумун. -
Сүйүү күчтүүбү же көңүл калуубу?
25 Апр 2016
Көңүл калган күчтүү го, себеби сүйүү келе берет, кете берет. "Көйнөктүн кири кетет, көңүлдүн кири кетпейт!" деген сөз бар да. Бирок кээ бир адамдар көңүлү калса да, унута алышат, ак көңүлдөр, бири кекчил өмүрү өткүчө унута албайт -
Тамак жасоодо эмне кылуу зергичтүү?
20 Апр 2016
Студент кезде картошка аарчыгандан эринчүмүн, кийин иним келгенде: "Сен картошка эле аарчып берип турчу, калганын өзүм жасайм" дегем. -
Кыргызстанда орусча сүйлөөгө милдеттүү эмессиң
20 Апр 2016
Кытайдагы кыргыз туугандар нукура кыргызча сүйлөшөт экен. Кээ бир орус тилинен алынган сөздөрдү которо албасак, анда ошол туугандардан "сөздүк" алыш керек го.
Жеңишбек акын айткандай: ...башка тилдер минип жүрөт Мерседес,
Кыргыз тили минип калган араба.
Акын Шайлообек Дүйшөев: Калдайгандын бары эле канат эмес,
Кабыландын бары эле Манас эмес.
Калкын чанган, калкынын тилин чанган,
Кан болсо да кыргыздын баласы эмес!
MIRBOLOT

Супер-Инфо
super.kg
видео



Мобилдүү версия
MIRBOLOT