erkeni04 Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Кыймылы жок
- Билдирүүлөр:
- 8 (0 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Жүрөк сыры (5 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 09 Май 16
- Кароолор:
- 4 159
- Соңку аракети
15 Авг 2016 23:13
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Момун
- Жашы:
- 10 жашта
- Туулган күнү:
- Январь 4, 2015
- Жынысы:
-
Белгисиз
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- Жашыруун
Мен ачкан темалар
-
Өзүмдү өзүм кечире албай келем
Жазылган күн: 10 Май 2016
Озумду озум кечире албай келем
<input type="checkbox" id="checkbox_2922152" name="selectedpids[]" value="2922152" class="post_mod" style="margin: 0px 6px 0px 15px; padding: 0px; float: right;">
Саламатсынарбы, мен дагы журок сырымды жаза кетейин деп чечтим.
Жашоодо ойлонбой коп ката кетирет экенсин. Мен дагы убагында туура эмес кылып, ката кетирип, азыр окунуп отурган учурум. Бул тема мен жана атам жонундо, анда соз башынан болсун.
Атам 6 бир туугандын эн кичуусу болчу. Кичинекейинде жетимчиликти коргон чон атам кийин элге кадыр-барктуу болуп, жакшы акча таап уй булосун бакчы. Анан балдары дагы жакшы окуп, чон окуу жайларда окушупп, турмуштан ордун табышып, атамды эркелетип чонойтушкан экен. Атам болсо эрке болуп, акелерине эл айдабаган машиналарды алдырып, досторунун арасында кадыр баркы чон болуп убагында аябай эле жыргап, акелерине ишенип озунун жашоосунун пайдубалын жакшылап кура албай калыптыр. Ал эми берки достору убагында кыйналып жашап журушсо азыр бутуна турушуп оз жашоосун жакшы жашап журушот. Атам окуучулук кундорундо эле тамеки чегип, арак ичип коргон экен. Анан жогорку окуу жайга да тапшырып, акелери эптеп окутуп алышыптыр. Анан атам уйлонуп, биринчи наристеси (акем) чарчап калат. Андан кийин эле мен торолдум. Атам ичип келип апама кол которчу экен болбогон жерден чыр чыгарып. Анан апам чыдап журуп акыры чыдай албай мени которуп алып кетип калат. Ошондо мен 2 жашта экем. Анан апам мени таежеме(таэжемди апам деп ойлочумун) таштап, шаарга иштегени кетиптир. Кийин таэжемдикине менин чон атам(атамдын акеси) келиптир мени алып кетем деп. Мен барбайм деп ыйлаганым азыр да эсимде, таэжем дагы бербейм деди акыры болбой койду окшойт анан менин кийимдеримди салыштыра баштады. Мен
- каяка барабыз?-десем, - шаарга барабыз- деп, мени чон атама берип койду. Анан чон атам мени уйго алып келди озумдун чон апама. Ошондон бери чон апам, атам, мен болуп жашап калдык. Апамды 6-7 жашыма чейин коргон жокмун. Ал россияда иштечи. Апам Домашний телефон менен суйлошуп турчу. Мени болсо чон апам бакты. Козумду карап, кирпигимди тарап чонойтту. Окууга баргычакты эле мени тамга таанытып, коп нерсеге уйротуп койду. Анан окуп да калдым. Каникулда апам менен жолуктуруп апам менен болчум, кайра окуу башталарда окуу кийимдеримди алып берип жонотуп койчу. Чон апам жакшы киши, апам кетип калса дагы кайын энелик кылып бир жаман соз айткан жок апам жонундо.
"Атадан алтоо болсо да ар жалгыздык башта бар" дегендей атамдын акелери бары озу менен озу болуп, атам болсо иштебечи, чон апамдын пенсиясына жашачык. Ал болсо эмнеге жетмек эле. Атам болсо иччи. Бирок ичсе дагы мени жакшы корчу, мага жакшы созун айтып, жакшы тарбия берип чонойтту. Кееде катуу мас болуп калганда катуу суйлочу. Кееде мени магазинге жонотуп койчу арак алып келип бер деп.кееде магазинге мени кошо ээрчитип алчы, арак ичкен досторуна мени "менин охраннигим, мени карап журот" деп койчу. Ошонтип мас болуп журуп кочого кулап калып, тургуза албай кыйналган кундор да болгон. Андай окуялардын Баарын айтпай эле койойун. Бирок ошентсе дагы атам мени аябай жакшы корчу. Кечинде ичип келип алып, мени жанымда отуруп турчу, жомок айтып берчи дей бермей адаты бар эле. А мен тажай берчим. Ошонтип журуп аябай тунт болуп, элден уялып, озунун оюн айта албаган тунт болуп чонойдум. Жылдар отуп жатты, чоноюп, наркы-беркини тушунуп калдым. Мектепте жакшы окучум, классымда президенттиктен такыр тушчу эмесмин. Атам болсо кундолугумду кундо коруп суйунуп мен менен сыймыктанчы, элге кошуналарга да мактанып менин кызым жакшы окуйт, деп сыймыктанчу. А мага болсо сен 2 алсан дагы кубанам, анткени ал сенин мектепке барганындын белгиси деп айтчы. Атам ичкенде башка, соолукканда таптакыр башка адам болчу. Ичкенде коп суйлоп, мага коп нерсе айтып берчи кругозорунду кенейтишин керек деп. А мен уккум келбей тажай берчим. Кочого чыкса кичинекей балдардын баары атамды жакшы корушчу, анткени аларга уйдон конфет печенье ала чыгып, кееде акча берип койчу озунон ашып ташып аткансып. Анткени аябай боорукер, ак конул эле. Болгону эле ичип келип уйдо чыр чатак болуп турчу кечинде. Ал эми соолукканда таптакыр башка адам болчу. Коп суйлобогон, сурдуу, колунан коп иш келген, багбан болчу. Бир жумадай кыйналып жатып анан 1-2 ай ичпей койчу. Ошондо уйубузго кулку толуп,маанайыбыз жакшы болуп калар эле. Корообузду ирээтке келтирип, момолуу бактарды чогуу тигип, чакан огородубузга жемиштерди отургузар элек.. Ошондо "Кийин балдарын менен жейсин" деп айтар эле. Анан арак деген да кайра эле азгырабы эмне кайра эле бир куну ичип келет. Ошондо ичпей калар деген умутубуз кайра очот. Анан ичип келгенде эле апам жонундо айта берчи кечке, анткени апамды аябай жакшы корчу, суйчу. А апам башка куйоого тийип кеткен.
- апанды алып кел, кайра жакшы жашайлы, чогуу бактылуу болуп жашайлы, мен ичпейм- десе, мен апамдын кайтып келберин билип турсам дагы атамдын айткан созуно очкон умут шамым кайра жанып,
-ооба, алып келем, биз бактылуу болуп жашайбыз, болгону эле сиз арагынызды таштаныз-деп атам экообуз макулдашып алар элек.. А апама канча айттым" келиниз, атам сизди жакшы корот, жашнакай болуп жашайлы эл катары, ушинтип мен дагы орто жолдо журо беремби" деп. Баарыбир майнап чыккан жок.
Уландысы бар.
Достору
erkeni04 Досторду кошо элек
Комментарийлер
unt_75
11 Фев 2019 - 03:40