jai
-
Биз баскан жолдор
16 Jul 2024
Азыр жайдын аптаптуу куну бутуп,салкындап калган абаны терезени ачып,болмо ичине киргизип терен,кере кере дем алып карангы болмодо отконду эстеп,канчалык кучтуу болгонубузга бир чети сыймыктана бир чети жалындаган жаштык чагыбызды кор турмуш жулуп алганына таарына калам да кайра Кудайга шугур деп уктаганы болмомо кирем.
Жашообу же тагдырга жазганыбы билбейм. Бирок бизди турмуш эрте уй-було куруу менен сынады. Уйдун эркеси,эч кыйынчылык корбой чонойгон мага турмуш жолуна конуп кетуу аябай оор болду. Биз баш кошкондо мен мектепти аяктап да бутконго жетишпей калдым. А жолдошум эми окуп жаткан студент эле. Ооба жаштыктын жанылыш жолу болуп,уйлоноор замат наристелуу болуп эми чыныгы сыноолор келе баштады.
Оз уйумдон озго уйго коно албай кыйналган мага эми жапжаш туруп эне болуп,энелик милдетимди аткаруу бир топ кыйын болду. Жудоо экен деген созду укпадым,озумо тыкан,баламды да таптаза кармап,жаркыратып эски,кичине уйду дагы кутконго жетишип жаттым. Аптасына 2 гана кунго келген жолдошумду кайра таза кийим кечеси менен окуусуна узатып,кунумдук жашоо менен алек болдум да калдым. Албетте мунун баары башталышы гана болчу)
Эртен менен мен турганда танкы тамак даярдап,жок дегенде жаны уюган айран ичип алсын деп Чон атам, Чон энем кутуп олтураар эле... Эми минтип тан атпай туруп уй саап,нан жасап,ботко бышыра калып тын келин болдум.))) -
Жолоочунун арманы.
4 Jul 2018
Жолдо жалгыз уктап кетпейин деп,вокзалга кайрылып,шыр кетем деп жаткан эжени салып алдым. 50 го чамалап калган экен. Жолдо ойлуу келе жатты. Суйлоп барса,рульда олтурган мага эле жакшы болмок.
-канчадасын? -деди сапардашым.
-23 томун,
-ээх,чон жолго жаны тушкон экенсин да,кызым. Тушунбосом да кулуп койдум. Зэриктиби,айтор, чечиле суйлошо баштадык.
Аты-жонубузду, ал-жай сураштык.
-мен сени тааныбайм,бирок тааныбаган адамга сыр айткан жакшы дейт,деп ойлонуп калды.
Кыскача жазам. Кай жерлик,атын сыр сакьагым келди. Оз созу боюнча жазам:
Балалыгым эркин куштай отту. Шаарда жашагангабы, назик,жаны ачылган кызгалдакча остум. Атам табып,иш билги киши болчу. Азыр карыды. Апам да картайды(жашып). Мен ээээн жакын адамдарым. Студенттик кундор кандай сонун ээ. Эки жыл окуп,учунчу жылы 2 жолу коргон бала ала качып кетти. Кыйкырып-окуруп ыйлоо менин мунозумо алыс болчу. Жай гана соз менен айттым. Ата-энем алыс калды. Козумдо салаа салаа жаш,уйулгон аялдар,коркок коёндой бужуройгон мен. Эки уч кундо фрунзеге кабар жетип,ата-энем келди. Бирок,бул убакта баары кеч эле. Мурун адамдар карангы беле,салт деп азыркыга чейин кармап келе жатышат.

Супер-Инфо
super.kg
видео



07 Mar 2026 21:26
