Feliz Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Кыймылы жок
- Билдирүүлөр:
- 11 (0 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Эркин тема (6 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 08 Июнь 16
- Кароолор:
- 7 488
- Соңку аракети
27 Апр 2017 04:47
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Момун
- Жашы:
- Белгисиз
- Туулган күнү:
- Белгисиз
- Жынысы:
-
Аялзаты
- Калаасы:
- Кыргызстан
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- Жашыруун
Мага баш баккандар
-
mechta2016
17 Фев 2019 - 01:33 -
unt_75
11 Фев 2019 - 12:20 -
Suluuushka
05 Сен 2016 - 19:27 -
Atlantida.
26 Авг 2016 - 03:45 -
nurtilek969796
24 Авг 2016 - 09:33 -
marapat
03 Авг 2016 - 01:17 -
asly
21 Июл 2016 - 13:59 -
lucky_star
21 Июл 2016 - 03:00 -
argen.kg4
14 Июн 2016 - 18:19 -
Shalunka1215
12 Июн 2016 - 10:09
Менин билдирүүлөрүм
-
Темасы: Сүйгөнү менен түбөлүккө коштошкондор барбы?
Жазылган күн: 21 Июл 2016
Салам форумчулар. Сиздерден (жашы чон ага-эжелерден) кенеш сурайын деп кирип калдым. Озунчо тема ачпастан ушул жерге эле жазайын деп чечтим.
Менин положениям томондогучо.
Бир байке бар, менден алты жашка улуу. Мен иштеген жерде администратор болуп иштечу (апам аркылуу ишке алган да ошол адам)
Таанышкан кундон баштап эле коз-караштарыбыз жылуу болуп, мен аны жакын адамымдай коруп журдум. Элдер администратор, башчы катары коркушса мен жакшы коргон адамдай, оз агамдай сыйлачумун. Бир созун эки кылбай, каяша кайтарбай. Ал да мага билгизбегени менен озгочо мамиле жасачу. Башка кыздардын алдында калп эле урушса да конулго тие турган соз айтчу эмес. Тунку сменде иштечумун. Таанышканыбызга бир ай болуп боло электе эрте менен жумуштан чыксам маршруткада анан уйго чейин жеткизип келип, бир блок сникерс менен "жактырган кызым болчу?" деп чекемен (бешенемден) ооп сунуш киргизди. Апаман сурайын деп ичимен суйунгон бойдон уйго кирип кеттим. Апам ал баланы жакшы тааныгандыктан (апамы озгочо сыйлачу) мейли, озунду этият кыл, мени жер каратпа деп макул болду. Ошентип кыз-жигит болуп суйлошо баштадык. (Болгону телефон аркылуу гана коп убакыт суйлошпосок, жумушта бир жургон учун сыртка чыгып жолугушкан эмеспиз)
Кандайдыр бир убакыттын ичинде иштеген жерибизде кыздар коп соз кыла беришип экообуз тен тажадык. Жумушта кыздар жаман ойлошпосун деп урушчу болуп калды. Жон гана ал башчы, мен кызматкер болуп калдык. Ашыкча суйлошпой. Ошентсе да мен аны, ал мени жактыраарыбызды сезчубуз. Арадан 10 ай отту. Ал убакытта мен ал жумуштан чыгып кеттим. (Башка себептер менен) Азырга чейин телефон аркылуу ал-акыбал сурашып турабыз. Кечээ эки кун мурун "Мен сени жакшы кором. Аны билесин. Тез арада уйлонушум керек. Атам-апам карыды. Апамдын тамак жасап кир жууганын корсом козумо жаш келет. Мага чон тойдун кереги жок. Ата-энебиздин алдында бири-бирибизди сыйлап, суйуп, бактылуу жашасак жетет. Бул дуйнодо негизгиси байлык эмес, бакыт го. Мага турмушка чыкчы. Апан мага макул болот. Эгер сен макул болбосон мени тоготподун деп билем" деди. Озум шаарда чонойгом, ал айылда турат. Айылдын да эн алысы Баткендин ич жагында экен. Уйундо да эн кичуусу. Ата-энесин караш керек. А мен азыркы учурда турмушка чыгууга даяр эмесмин. Ата-энемдин да шарты жок. Эми эле 18ге толдум. Ата-энемди кыйнап койом. Алыска да кетким келбейт. Бирок, ошол эле учурда аны жакшы кором. Сыйлайм. Адамгерчиликтуу, адамдын кадырына жетет. Акылдуу. Токтоо. Ойлоп иш жасайт. Апама акырын четинен айтып баштасам "Иий кокуй, кой, алыс экен. Бизге он жылда бир келип каласын, болбойт. Мен сени шаарга, жаныбыздан, окуган балага берем, бирок азыр эмес" деп созуму да акырына чыгарбай койду. Озумдун деле турмушка чыккым жок. Эки жыл кутунуз десем (озу 23-24 жашта чыгам деп ойлонуп жургом) апамдын уй иштерин кылганын корум жашаш олум болуп жатат. Жашым да келип калды. Кутсом козумду жумуп бир жыл кутушум мумкун дейт. А эгер аны кутунуз деп койсом, бир жыл отсо да апам макул болбой калса анын да бир жыл убактын алып коем. Эмне кылсам? Башкага уйлоно берин десемби? Же апамды кондурсомбу? Озум моралдык жактан да, финансы жактан да даяр эмесмин. Мен аны, ал мени жактырабыз. Ал болсо Кудай кааласа сага уйлоном, апамын суйуктуу келини, он колу болосун деп суйунуп журот. Катуу ойлонуп журом. Турмуш куруу деген оюнчук эмес да. Жакпаса ажырашып кеткидей. Кооп ойлондум. Башым жетпей жатат..... -
Темасы: Монолог.
Жазылган күн: 13 Июн 2016
Кечээ экообуз жолуктук. Кечээтен бери журогумдун соккону озумо даана угулуп жатат.. Дук. Дук.. Дук. Мен сага буга чейин айткан создорум сени канчалык жаралабасын, канчалык журогунду оорутпасын, сен адаттагыдай жузундогу жылуу жылмаюун менен, мээримге толо коздорун менен мени карап тосуп алдын. "Мен сени сагынган жокмун, коргум келген жок, мен сени суйбойм, унут мени ж.б..ж.б" А бирок, сен сезип жаттын, сага айткан бардык создорум тескерисинче болуп жатканын. Журогум кансырап, жуз болукко болунду. Жаным... Мен сени бир коруу учун бардык нерсеге даяр экенимди билесин. Бирок.. Натыйжасыз. Экообуздун мамилебиздин аягы эмне менен бутоору экообузго тен белгилуу.. А бирок, сен баарына даярсын, билем. Мен сенсиз, сен менсиз бул дуйнодо денизде калагы жок кайыкпыз.. Жалбыраксыз даракпыз. Айсыз тунбуз.. Сени канчалык унутууга аракет кылбайын, ар бир секунд сайын коз алдымдасын. . Мен сен экообуздун мамилени мынчалыкка жетет деп ойлобогон элем. Себеби, мен чыныгы суйуу эмне экенин билбептирмин. . Билгенимде гана?! А бирок, сен менен откоргон ар бир мунотумо Ыйык Жаратканга чексиз шугур келтирем. Сен менин жашоомдогу алгачкы, тунук, таза суйуумсун. Сенсиз жашоомду элестете албайм. Сен экообуздун кыял-максаттарыбыз менин акыл-эсимди ээлеп алган. Аларсыз мен оз келечегимди элестете албайм. Сен экообуз кыялданган "кинодогудай" махабатыбыздын "кинодогудай" чон тоскоолдугу бар экенин экообуз тен биле бербедик. Билбейм. Сенин жагымдуу конур унун, бакырайган капкара козун, апапак чон колдорун, жыгылганда жолок болоор алп ийиндерин, жылуу кучагын... Мен билбейм, сенсиз кантип алдыга кадам таштап, сенсиз бул ырайымсыз жашоодо жашайм??!! ! Бирок, сен да, мен да билебиз, бул ортодогу тоскоолдукту ото албайбыз... Бирок, мени кубантканы, экообуз чогуу откоргон кундор.. Алар менин оюмду бир секундага да таштабайт. Ошолор мени калп болсо да жылмайтат. Мен сен учун турмушка чыкпайм. Канча болсо ошончо кутом. Качан сен кыздуу болуп, экообуз даярдап койгон ысым менен бойтойгон кызынды эркелетип чакырганында гана мен бул дуйного ыраазы болом... Мен ошол кунду кутом.. Мен бул тагдырга капа эмесмин. Ошол кунду корсом гана баарына ыраазымын... -
Темасы: Кайсы форумчуну реалда көргүңүз келет?
Жазылган күн: 11 Июн 2016
Бугунку кундун эсебинен акыркы билдируум экен. Ошондой. Оз атым Арууке. -
Темасы: Кайсы форумчуну реалда көргүңүз келет?
Жазылган күн: 11 Июн 2016
-
Темасы: Кайсы форумчуну реалда көргүңүз келет?
Жазылган күн: 11 Июн 2016
Жаны катталдым. Эч кимди тааныбайм.
Комментарийлер
Feliz ге комментарий жазыла элек. "Кандайсың" деп жазып койбойлубу?