Суперстан: akylai.timurova - Профилди кароо

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Профилди кароо
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток

akylai.timurova Өздүк маалымат Рейтинг: -----

akylai.timurova фотография
  • Билдирүүлөрүн табуу Колдонуучунун билдирүүлөрүн табуу
Тайпасы:
Кыймылы жок
Билдирүүлөр:
140 (0,04 күнүнө)
Активдүү форуму:
Оюн, күлкү, тамаша (63 билдирүүлөр)
Катталган:
11 Июнь 16
Кароолор:
11 870
Соңку аракети
Пользователь офлайн 06 Окт 2016 22:35
Учурда:
Offline

Маалымат

Статус:
Карапайым
Жашы:
Белгисиз
Туулган күнү:
Белгисиз
Жынысы:
Аялзаты Аялзаты
Калаасы:
Ош

Байланыш маалыматтар

E-mail:
Жашыруун

Мага баш баккандар

  • Фотография Mihrimah 
    03 Ноя 2017 - 00:34
  • Фотография Alisher.Tagai... 
    20 Фев 2017 - 02:14
  • Фотография Umar. 
    23 Окт 2016 - 18:38
  • Фотография Eka. 
    16 Окт 2016 - 22:51
  • Фотография OMOH 
    11 Окт 2016 - 20:50
  • Фотография Nuriza.kubatova 
    11 Окт 2016 - 18:50
  • Фотография ELmuSS 
    06 Окт 2016 - 18:41
  • Фотография kaprizka89 
    06 Окт 2016 - 17:48
  • Фотография Marat. 
    05 Окт 2016 - 23:40
  • Фотография akjoltoy 
    05 Окт 2016 - 21:53
  1. Статустагы өзгөрүүлөр
  2. Мен жөнүндө
  3. Темалар
  4. Билдирүүлөр
  5. Блог

Менин билдирүүлөрүм

  1. Темасы: Сабак болчуу окуялар...

    Жазылган күн: 5 Окт 2016

    ТААСИРДУУ ОКУЯ...

    Аялым биринчи перзентимди төрөгөндө отуз жашта элем. Ошол түн алигүнчө эсимен кетпейт...Досторум менен түн жарымга чейин чайканада сөз жарыштырып отурдук. Маанилүү бир нерсе болгонун эстей албаймын, бирок пайдасыз гайбат ʺөрдөк учурмайʺ сөздөр менен түндү өткөрдүк. Башынан тапан болгонум үчүн, сөздүн жылоосу менин колумда болуп, ар кандай анекдоттор менен курдаштарымдын боорун эздим... Эсимде. ..Ошол түнү чайкананын жанындагы кичинекей базарчада отурган көзү азиз карыяны абдан маскара кылдым: ал кандай аракет жасаган болсо, мен дагы анын дал ошондой аракетин кайталап жасай бердим, досторум күлө берип көздөрүнөн жаш агып кетти.Бул аздык кылгансып, ордунан туруп кетип жатканда бутунан чалып жибердим.Гүпп. Каткырыгыбыз көчөнү жаңыртты...Адаттагыдай үйгө түн бир оокумда бардым...Аялым курсагын чандайтып, аянычтуу абалда күтүп отурган экен, муңдуу үн менен: -Рашид, кайда жүрөсүз, менин дарманым кетип турат. Көз жаруу убактым келип калган окшойт-деди. Ушул сөздөрдү айтканда көзүнөн аккан чолок жаш бетинен ылдый тоголонду... Бечара аялыма көңүл бөлбөй көчөдө, чайканада пайдасыз сөз жарыштырып жүргөнүмө өкүнүп кеттим, тогуз айлык боюнда бар болсо, мен эч ишим жок көчөдө жүрсөм деп өзүмдү өзүм жемеледим. Дароо төрөт үйүнө алып барып жаткырдым.Медсестралардын айтуусунда ʺбышып калыптырʺ , күтүп туруумду өтүнүштү. Бир нече саат күттүм, эч ким чыгып сүйүнчүлөбөдү. Акыры медсестрага телефон номеримди таштап, үйгө кеттим. Бир сааттан кийин телефон чырылдап, төрөт үйүнө чакырышты. Врачтын алдына кирдим. Ал мага Аллахтын тагдыры экен, тагдырга ыраазы болуш керек деген сыяктуу насааттарын айтып : -Уулдуу болдуңуз! Бирок, көзү...сабыр кылыңыз эми деди. Ошол замат базарда шылдыңдаган сокур карыя көзүмө элестей түштү. Тамагыма бир нерсе тыгылып калгандай болду.... Я, Раббим! Эккениңди оросуң дегени ушулбу ? Шордуу аялым ай! Ушундай кайгыны көрүп турса да билдирбегенге тырышат. Тагдырдын жазмышына тан берип , ыраазы болуп жаткан экен. Адамдарды кемсинтип маскара кылганымда мага : „Кишилерди кайбат кылбасаныз жакшы болоор беле“ деп насаат айтчу аялым бул ирет дагы кайраттулугу менен мени таң калтырды. Үйгө келдик. Эми үйдө үчөө болдук. Кичинекей Батыр,апасы жана мен. Чынын айтсам балама эч бир көңүлүм жылыбады. Жадагалса үйдө бар же жок экени мени кызыктырбайт. Көп ыйлай баштаган кезде бөлмөдөн чыгып, башка бөлмөгө чыгып жатып алчу болдум. Айлар өтүп, чоңое баштады. Бир жашка чыгып, там-туңдап баса баштаганда, бир буту кыска экени билинди. Чолок да экен! Балага болгон мамилем андан бетер сууп кетти. Арадан жылдар өтүп, дагы эки уулдуу болдук: Омар жана Осмон. Жылдар өтө берди. Балдар дагы чоңое берди...Эми мен Батыр жөнүндө таптакыр ойлонбой калдым. Мурунку ыр-күлкү кайрадан өз нугу менен кете баштады. Бирок, аялым менин оңолуп кетишимден үмүт үзбөй, менин кер какшык азилдериме сабыр кылып, ар дайым (көбүнчө өз алдынча калганда) дуба кылаар эле !!! Бирок башка балдарымды эркелетип Батырды четке сүрүп койгонумду көрүп ичинен сызып, билгизбей ыйлап алат курганым. Батыр мектеп жашына жетти. Майыптардын мектебине окууга бердик. Убакыттын өтүшүн анчалык деле байкабайт элем. Күндөрүм коендой окшош таризде – жумуш, уйку, тамак, досторум менен көңүл ачып сайрандоо,эртеси, бүрсүгүнү, кийинкиси... күн ушинтип өтүп жатты. Бир күнү...Жума болчу...саат он бирлерде Бешимге жакын ойгондум. Саат экиде бир жерге тойго барышым керек.Шашылбай жуунуп – таранып, кийинип, жыпар жыттуу атырлардан себинип көчөгө жөнөп калдым. Эшикке жакын калганда Батырдын буулугуп ыйлаганын көрүп көңүлсүз алдына бардым. Көзүнөн куюлган мөлт-мөлт жашы бетин жууп, бөйтөйгөн колдору менен азиз көзүн аарчып үлгүрбөйт! Бул менин ага ымыркай кезинен бери биринчи көңүл буруум эле! Он жыл аралыгында! Бул жолу дагы ички бир шум туйгу карабай кетүүгө үндөдү. Балам болсо, менин бар экенимди билген жок. Муңдуу ый аралаш үн менен „ апаке – ее, кайдасыз! Апаке-е-е кайдасыз! “ – деп ыкылдайт. Батыр, эмнеге ыйлап жатасын ? – деп сурадым. Доошумду угуп ыйлабай калды. Сокур көздөрү коркуудан чоң-чоң ачылды. Жакындаганымды сезгенде, менден өзүн алып качууга далаалат жасады жана айланасын кармалап, кагылып – сүрүлүп бөлмөсүнө житип кетти! Ох!!! Бул өксүктү эч качан унута албасам керек! Анын баскан аракеттери, бөлмөсүндөгү нерселеринин баары тилге кирип: „Он жылдан бери кайда элең!“ – деп айтып жаткандай болду! Артынан акырын басып бөлмөсүнө кирдим. Оболу эмне үчүн ыйлап жатканын айткан жок. Анан...өмүрүмдө биринчи ирет эркелетип,башынан сылап сурадым. Ошондон кийин гана шолоктоп ыйлап, капаланганынын себебин айтып берди. Көрсө, бүгүн аны ар дайым мечитке жетелеп алып барып келүүчү иниси Омар үйдө жок экен. Жума намазы жакындап калгандыктан, биринчи саптан орун алалбай калам деп ыйлап жатканы экен. Батыр ушул арманын айтып улутунуп алды...Сокур көздөрүнөн дагы жаш куюла баштады. Он жаштагы сокур баламдан бул сөздөрүн укканда апкаарып, тамагыма бир нерсе тыгылып калгандай болду. Батырымдын бетин колум менен сылап, өзүмдү кармай албай, ый аралаш: - Ушул үчүн ыйладыңбы Батырбек ? – дедим. -Ооба, хык... Ошол маалда мен бир нерсени унуттум....досторумду, убада кылынган тойду, баарын...Анан балама кайрылдым: - Батыр уулум, сени мечитке бүгүн ким алып барат билесиңби ? -Омар алып барса керек, хык...бирок кечигип жатат.. -Жо-ок. ..Бүгүн сени мечитке мен алып барамын балам, ме-ен! Батыр айран таң болуп калды. Ишенгиси келген жок. Кантип эле! Башкаларды мазактап, келекелеп жүргөн атасы эми өзүнүн майып перзентин да мазактап жатат деп ойлоду окшойт. Бирок, ниетим чын экенин эптеп билдиргенимден кийин гана мойнума асылып, дагы ыйлап жиберди. Бирок бул Батырдын сүйүнүч жаштары эле. Көздөрүн колум менен аарчып, колунан кармап, машинага отургузууга камынганымда : - Ата, мечит жакын го – мечитке кадамдарымды санап баргым келет-деди. Биз жетелешип алып, жөө жөнөдүк. Мечит адамдарга толо баштаган экен. Ошентсе да, Батыр экөөбүз биринчи саптан орун таба алдык. Жанаша отуруп жума хутпасын уктук, ал менин эмес мен анын жанында намаз окудум. Намаздан кийин Батыр текчеден Кураани Карим алып беришимди суранды. Кызык!!! Көзү азиз болсо кантип окуйт? Укпагандай болуп отура берейин дедим бирок, капа болуп калышынан коркуп, колуна Кураани Каримди карматтым. - „Кахф“сүрөсүн ачып бериңизчи?.. . Ары ачып, бери ачып, таба албай кыйналып, акыры мазмунунан карап араң таап бердим. Кураанды колуман алып, алдындагы жапыз столго коюп, азиз көздөрүн жумган бойдон окуй баштады: „Алхамду лиллаах иллазии...“ Оо, Раббим! Оо Жараткан! Уулум Кахф сүрөсүн толук жаттап алган экен! Өзүмөн- өзүм уялып кеттим. Мен дагы колума Кураанды алдым.Ошондо дене боюм титиреп кетти. Уулумдай шатырата албасам да эжелеп окуй бердим...Жасаган күнөөлөрүмдү, акмакчылыктарымды кечиришин Аллахтан суранып...Бир, эки тамчы менен башталган көз жаш, шолоктогон ыйга айланды. Мечиттин ар кайсыл жеринде намаз окуп жаткан адамдардан уялып, ыйымды ичиме жуттум. Ушу бойдон үнсүз ыйлап канча отурганымды билбейм. Бир маалда назик, ичке, алсыз колдор бетимди кармалап таап, селдей агып жаткан көз жашымды аарчый баштады. Бул менин сокур уулумдун колу эле. Уулум! Жүрөгүм толуп - ташып Батырымды кучагыма алдым, боорума узак кысып, ушуларды ойлодум: ʺСен сокур эмессин! Чыныгы сокур мен экенмин! Тозокко сүйрөп жаткан бузуку дейдилерге кошулуп алып, суудай ысырап болгон өмүр жолума бир да кылчайып карап койбогон атаң сокур экен!!! ʺ Жетелешип үйгө келдик. ...Ушул күндөн баштап намазды ар дайым мечиттен окуй турган болдум.Эски үлпөттөрүм менен кош айтышып, мечиттен , айылдан жаңы досторду таптым. Мен алар менен жүрүп көп нерселерди үйрөндүм: эч бир намазды калтырбай турган, Кураанды бир айда бир жолу баштан -аяк кайталап (хатм кылып) окуп чыга турган болдум. Үй- бүлөм, бала- чакама болгон илгерки суук мамилем жоголуп, анын ордун мээрбандык, камкордук ээледи. Өмүрлүк жолдошумдун кабагындагы муңдуулук да жоголуп, көңүлү куунак болуп, чырайына чыгып, чыныгы маанисинде он жашка жашарып кеткендей болду. Айрыкча уулум Батырдын жүзүнөн жылмаюу кетпейт. Көргөн адам бул дүйнөдөгү бардык казыналарды таап алган экен деп ойлойт эле......Бир нече күндөрдөн кийин досторум узак мөөнөткө даваатка бара турган болушуп, мага да сунуш кылышты. Батырдын алдына барып, сапарга кетип жатканымды билдирдим. Ал ичке, назик колдору менен мойнума асылып мени менен коштошту.... Сапарыбыз үч жарым айга созулду...Убакыт тапкан мезгилде дароо үйгө телефон чалып, аялым, балдарым менен сүйлөшүп турдум, аларды абдан сагынган элем, айрыкча Батырды...Кызык, качан телефон чалсам Батыр мечитке же мектепке кеткен болот. Аялымдан анын абалын сурасам, менин ага мынчалык байланып калганымды угуп күлүп калаар эле. Анан кайтаардан эки күн мурда телефон чалганымда адаттагы күлкүсүн укканым жок, добушу дагы өзгөргөндөй. .. - Батырга ысык салам айтып кой! - Болуптур, Кудай кааласа. Сапар мөөнөтү бүтүп, үйгө жетип келдим. Балдарым, аялыма бир кучак белек-бекчектер менен, андан көбүрөөк сагыныч менен эшикке карап турдум, мына азыр Батыр эшикти кармалап болсо да таап өзү ачат...! Бирок, эшикти Батырым эмес, эми гана төрт жашка чыккан кенже уулум Осмон ачты. Аны көтөрүп алганда ʺатта...аттаʺ деп бир нерсе айтмакчы болгонун байкап калдым. Батыр кайда?! Жүрөгүмдү бир нерсе мыкчып алгандай болду. ʺШайтандын азгырыгынан өзүң асырагынʺ деген дубаны окуп үйгө кирдим. Эмнегедир аялымдын куунап- жайнаганын да байкабадым. Кабагы салыңкы. Көздөрү дагы муңдуу... - Тынчылыкпы ? Эмне болду сага ? - Эч нерсе... - Батыр кайда ? - ... ... .. - Аялым бул суроомо башын четке буруп, буркурап ыйлоо менен жооп берди. Көңүлүм андан бетер караңгылашып кетти. Ушул мезгилде Осмон келип өзүнүн толук чыга элек чулдур тили менен: ʺАтта, Батый акам даннатка тетти...Аллага теттиʺ десе болобу! Турган жеримде селейип калдым! Кулагым тунжурап эч нерсе укпайт! Ким, эмне дегенин укканым жок. Сезимдерим өлүк! Болгону аялымдын бетин басып үйдөн чыгып кеткенин элес- булас байкадым. Кийин билсем, мен кайтаардан эки апта мурда Батыр кокустан безгек менен ооруп, ысытмасы көтөрүлүп кетиптир. Апасы дароо больницага алып барган. Ысытмасы күчөп, өз атасынын мееримине тойбогон бойдон, ичке, назик колдорун апасына сунган бойдон түбөлүк жайга узап кете бериптир...

    Темур кызы Акылай
  2. Темасы: Сабак болчуу окуялар...

    Жазылган күн: 5 Окт 2016

    БИСМИЛЛАХИР РОХМААНИР РОХИИМ

    =БАЙЛЫГЫҢ КАЛАТ БУЛ ДҮЙНӨДӨ=

    Бир падыша кооз үй салдырыптыр. Үйүн абдан жасалгалаптыр. Дүйнөнүн бардык булуң-бурчунан баалуу бую-теримдерди алдырып үйүн толтуруптур. Качан гана үйү кемчиликсиз болуп жасалгаланып бүткөн соң, элди чакырып той бериптир. Элдин баары чогулган кезде, падыша эл алдына дин илимин жакшы билген аалымды чыгарып, ага: “Хазирет, бул үйдон кандайдыр бир кемчилик тапсаңыз аны айтып коюңуз. Мен аны дароо эле түзөтүп коёюн” – дейт. Аалым үй ичин бир топко айланып карайт да: “Падышам, бул үйдо бир эле кемчилик бар экен. Тилекке каршы аны сиз оңдой албасыз” – дейт. Падыша: “Ал кандай кемчилик?” – деп сурайт танданып. “Бул үйдүн бир кемчилиги – андан сиз өлүп чыгат экенсиз, бирок кайра кайтып келе албайт экенсиз” – деп жооп берет.

    Бул дүйнөнүн байлыгы, кооздугу бул дүйнөдө гана калат. Мүрзөлөргө барып карап көргүлө. Мүрзөлөрдүн үстүндө айырма болуусу мүмкүн, бирок астында баары окшош. Мүрзо астындагы айырма бир гана алардын жасаган амалдарында. Абдулмалик бин Марван аттуу белгилүү падыша өткөн. Ал өзүнө Курандагы Аньам сүрөсүн окуп турчу. Анда:
    “Мына, биринчи жолу жаратканым сыяктуу, Бизге өзүңөр жалгыз келдиңер го! Жана Биз берген (байлык, бийлик, дос, кызматчы ж.б.) нерселерди да артыңарга таштап келдиңер. Силер Аллахтын шериги деп эсептеген жардамчыңарды да көрбөй жатабыз. Араңар үзүлдү. Силер (пайдалуу) деп ойлогон нерсеңер жок болду!” деп айтылган болчу. (Анаьм, 94-аят). Ислам тарыхындагы белгилүү падышалардын бири Харун Рашид базардан өз кепинин сатып келип, Курандагы: ” Мал-дүйнөм мага пайда бербей калды. Менин күч-кубатым да жок болуп кетти” деген аяттарды окуйт эле. (Алхакка, 28-29-аяттар). Атасы Харун Рашид каза болуп, аны мүрзөгө жашыргандан кийин Маьмуун деген баласы: “Оо, бийилиги эч качан колунан кетпеген Зат, бүгүн бийлигин жоготуп, Өзүндүн алдыңа барган атамдын күнөөлөрүн кечир” – деп дуба кылат. Хасан ал-Басрий жашы улгайып калган адамдарга карап: “Оо, ак сакалын жайкалткан улуулар, эгер эгин бышып жетилсе эмне болот” – деп суроочу. Ал эми жаштарга карап: “Оо, менин кырчын курактагы жаштарым, эгин бышып жетиле элек кезинде эле сел алып, же шамал талкалап кеткени көргөн эмессиңерби? ” – деп айтчу. Ал, бул сөздөрү менен жаш-карыга өлүмдү эскертип турчу. Өлүмдү эч ким каалабайт. өлүмдөн баары качышат. Бирок, кайда качпагын, кайда жашынбагын баары бир өлүм сени таап алат. Куранда Аллах Таала: “(Оо, Мухаммад): “Силер коркуп качып жүргөн олүмгө баары бир жолугасыңар” деп айткын” – деп буйруган. (Жума, 8-аят).
  3. Темасы: Сабак болчуу окуялар...

    Жазылган күн: 5 Окт 2016

    БИСМИЛЛАХИР РОХМААНИР РОХИИМ

    =КУЛАКТЫН ДАРЫСЫ=

    Бир абышка теңтушуна арыз-арманын айтат:
    -Ээ,теңтуш,кемпирдин кулагы болбой калды,-дейт ал.-Догдур-согдурга көрсөтпөсөк болбойт окшойт.
    -Ой,аны догдурга көрсөтүп эмне кыласың. Аларың акчаңды кураткандан башка эч нерсеге жарабайт. Андан көрө кыргызча эле дарылабайсыңбы? -дейт теңтушу.
    -Кыргызча да дарыласа болобу? Сенин бир билгениң бар эж? Анда айтчы билгениңди? -деп шаштырат,сүйүнүп кеткен абышка.
    -Алгач,жыйырма метр аралыктан сүйлөп көр. Эгер укпаса,беш метр жакындап сүйлө. Анда да укпаса дагы жакында. Ошентип,канча аралыктан угарын билип алсаң болот. Калганын анан көрө жатарбыз,-дейт тиги.
    Абышка үйүнө келсе кемпири очок жакта бир нерсеге иришип жүрүптүр. Жыйырма метрдей аралыктан:
    -Кемпир,эмне тамак жасап жатасың?" -деп кыйкырат. Кемпири унчукбайт. Бир аз жакындап,дагы сүйлөйт. Кемпири дагы деле унчукбайт. Абышка дагы жакындайт. Ошентип кемпирин жанына келип:
    -Кемпир,эмне тамак жасап жатасың?-деп кыйкырса,кемпири ачууланып:
    -Ой,жанатан бери беш жолу айттым го!Тоок бышырып жатам,-дептир.
    ->>>Албетте, бул жөнөкөй бир икая. Бирок,мындан алына турган өзгөчө сабак бар. Учурда адамдардын көбү өзүнүн айыбын билбей,башкаларга сын такканы адатка айлантып алышкан. Бул өтө өкүнүчтүү нерсе.....
  4. Темасы: Сабак болчуу окуялар...

    Жазылган күн: 5 Окт 2016

    =ЖАНЫМ УЗУЛГОН ЖЕРГЕ БЕШ УБАК БАРЫП ТУР!=
    Жалбырактар кубулгон куздун айлары да бутуп,кычыраган кыш колун созуп,келе жаткан эле.Бакыт менен Али сабактары буткон сон дайым зангыраган мечитти коздой чуркашаар эле.Алар аран 7-класс болушса да ото зирек ары акылдуу,боорукер, ыймандуу жана адептуу балдардан.
    Бакыт Алиге абдан суктанчу.Анткени анын ата-энеси динзар,илимдуу, кадыр-барктуу кишилер.Копчулук учурда Бакыт Алинин уйундо болчу.Экоо бир туугандай болуп калышкан.Кундордун биринде Бакыт досуна:
    -Досум,менин ата-энем да сеникиндей Кудайдан корккон,намаз окуган ,туура жургон адамдардан болушса ээ?-деди.
    -Албетте ошондой болот!Досум сен коп дуба кыла бер,Аллах албетте аларды туз жолго салат.
    -Мен элестетип коройун да Али?
    -Эмнени?
    -Ата-энемдин намаз окуп,жакшы иштерди кылууну адат кылып,арам аракты таштап,ыймандын таттуу каймагына малынып жатышканын. -деп Бакыт,козун жумуп,созун улантты:
    -Эгерде ошондой болсо ,мен Багымдатка алардан эрте туруп,апакеме, атакеме дааратына суу даярдап,алардын чекелеринен суйуп ойготмокмун, анан биргеликте намаз окумакпыз.Апакем биздин усту-башыбызды карап,кийимдерибизди жууп,таттуу тамак-аш кылып,акылдуу аял болмок.Атам болсо бизге адалдан тамак-аш табып келип,бакмак. Мектептеги ата-энелер жыйналышына тынбай барып,менин келечегим учун кам корушоор эле.
    Билесинби досум,ата-энем жанымда жана тируу болушса да,мен бары бир эмнегедир жетим сыяктуумун. -деди ыйлап. Али досуна боору ооруп:
    -Кайгырба Бакыт,буйруса баары ордуна келет.Сен ойлогондой, кыялдангандай кун созсуз келет.-деп досун кучактады...
    Бакыттын уй-булоосу жакыр жашачу.Ата-энесинин ичкиликтен башы чыкчу эмес.Кээде уулу Бакыттын бар экенин да унутуп коюшчу.Аларда мээримдуулук, боорукерлик сыпаттар очуп,жашоосунун манызы жок,супсактан супсак эле.
    Бакыт мектептен чыгып уйуно келди.Адатынча уйдун берекеси учуп,арактын, тамекинин жыттары буркурап,конулду айлантып,бака- шака добуштар маанайынды тушурот.Бакыттын журогу тилинип,жан- дуйносу ыйлап турду.Ал басып барып алар отурган болмону ачты.Караса атасы,апасы жана ичкилик ичкен атасынын достору отурушат.Апасынын чачы албарстыдай болуп саксайып,жудоп калган.Бакыттын ичи ирин болуп,эмне деп соз айтаарын билбей нес болуп турду.Анан апасы:-Келдинби? -деди корсулдап.
    -Ооба апа.
    -Келсен эмне корбой турасынбы уйдун абалын?Тезинен жыйнап идиштерди жуу да,анан билгенинди кыла бер.-деди да ахаалап,башка баласына конул бурган жок.
    Ношорлоп жааган жамгыр кандай болсо,Бакыттын коз-жаштары да ошондой болду.Ыйлап уйду жыйды,эки-уч кундук топтолуп калган идиш-аяктарды жууду.Бир убакта атасынын достору да кетти.Бакыт алар ичип отурушкан болмого башбакты.Адатынча атасы менен апасы ызы-чуу салып,атасы апасын уруп жатыптыр.Идиштер талкаланып тамактар тогулгон...Бакыт ыйлап,бакырып, колдон келген аракетин кылып жатып аран аларды болуштурду. Ата-апасы экоо тен алжып мас жана коркунучтуу абалда эле.Ошентип кеч да кирип баары укташты.
    Тун ортосунда Бакыт жаш болсо да ,суукка карабай,карангыдан коркпой,даарат алып,тахаджуд намазын ыйлап окуду,жана ал алакан жайып,
    -Оо Аллахым сен эн боорукер,эн мээримдуу затсын!Суранам ата-энемдин куноолорун кечир.Аларды озуно жакындат! Дуйнодо алар да сени таанып,ибаадат кылып калышсын.Мен сенден байлык ,акча сурабайм,сенден ата-энемдин шайтандын торунан ак жолго чыгуусун суранам.Бизди ачка кылсан кыл бирок жан-дуйнобузду, журогубуздогу ыйманыбызды алсыратып ачка кылба!Туура! Балким сен ата-энеме таарынгандырсын, бирок алар жакшы адамдаар,мен аларды жакшы кором.Суранаарым аларды ороп алган карангылыктан чыгара кор.Аллахым эгерде аларга туура жол насип этпесен,алардын акыбалы акырээтте кандай болот?Кабырда жан чыдагыс азап тартып,коркунучтуу тозокто куйуп,ирин суу ичип,кылган куноолору учун чынжырларга байланып кыйналышын каалабайм! Эч каалабайм! Айрыкча алар бул дуйнодо сени унутуп,тааныбай кеткен болсо,сен ата-энеме акырээтте "МЕН ДА СИЛЕРДИ УНУТТУМ"дешинден корком.Бизди арамдардан алыстат!-деп коз жашын кол кылып ыйлап дубаа кылды да,кайра ордуна барып,муздак жуурканын жамынып,умут менен уйкуга кетти.
    Эртеси Бакыт багымдат намазынан сон,ата-энесине тамак даярдап аларды ойготту.Бети- колдорун жуушкан ата-энеси чайга отурушту.Тып- тынч тамактанып жатышты.Ал тынчтыкты Бакыт бузуп,мындай деп кеп баштады:
    -Атаке-апаке суранаам силерден эми башка ичпегилечи. Мени ойлобосонор да озунорду ойлогулачы. Кааласанар тизе бугуп жалынайын.Суранам алтындарыым, ушул арам сууну оозунарга албагылачы. ..-деп жатканда Атасы тамак ичкен столду тарсылдатып, -Токтот,очур унунду!Айбандын гана баласы!Сен эмне бизге акыл уйрото турган даражага жетип калдынбы?! Акмак!Бир тыйын уйго алып келбейсин дагы анан кайдагы сандырак создорду суйлойсун! -деди.Бакыт ыйлап,тамак ичкен болмодон чуркап чыгып кетти.Кийинип, коздору шишип,окуусуна жонойун деп батинкесин кийди эле,бут кийиминин ичи суу экен.Башка батинкесинин жоктугунан ошол суу батинкеси менен окуусуна кете берди.Жолдо Бакыт эмнегедир кундогудон озун абдан жаман сезди.Журогу ойнолоктоп, козу кубара тушту.Журогу катуу ооругандыгынан жерге отура калды.Бир аз отургандан сон оорусу женилдей тушуп,жакшы боло тушту.Бакыт журогунун ооруганына маани берген да жок.Оюнун баары ата-энесинде эле.
    Ошентип кундор куштай учуп,бир жыл заматта отуп кетти.Бакыттын уй-булоосу озгоргон жок,мурда кандай болсо азыр да ошондой эле.Бирок Бакыттын журогу мурдакыдан коп оорумай болуп,оорусу кучоп бараткан.Ата- энесине айтайын десе,алар тушунууну каалашчу эмес.Ары даарылатканы чак-чамалары да жогун тушунгон Бакыт,дартын жашырып, эч кимге ундогон да эмес эле.
    Бакыт 8-класста окуп жаткан кез.Сабак буткон сон,досу Али менен чогу басып келе жаткан. Анан досуна :
    -Али,мен сага бир катты берем,суранам, аны ата-энеме тезинен жеткире аласынбы?-деди. Али танкалып:-Сен эмне бугун уйуно барбайсынбы? -деди.Бакыт болсо:
    -Уксан Али,ашыкча суроо бербечи суранам,аны озум да билбейм.Сен болгону менин кичине кагазымды ата-энеме жеткирип берчи.
    Али кулуп:-Бугун сага эмне болгон?Ой макул жеткирем да ,качан созунду эки кылдым эле?-деди.Бакыт колундагы кичинекээй катты Алиге сунду да,досун катуу кучактап,кундокудон башкача коштошту.Али эч нерсеге тушунбой,танкалып турду.Экоо эки жака кетишти.
    Бакыт жолдо баратып,апасын- атасын кучактап,опкусу келди.Бирок ата-энеси уулун эс тарткандан баштап, бир да жолу жакшы эркелетип,оппогондуктон, мени жаман коротко деп ойлочу.Эмнегедир олоорун билгенсип,катуу чуркап,досу менен кундо намаз окуучу мечитти коздой чуркады.Акыры жетип,даарат алып,намаз окуп баштады.Коз- жашы молт-молт агып,журогу катуу кысылып,денеси чымырап ,аран намаздын эки рекетин окуп,учунчусун окуп жаткан кезде,шайы кетип,шалдырап, коздору тумандап акыры Бакыт жан берди...
    Али катты берейин деп Бакыттын уйуно барса Кудай жалгап экоо тен соо экен.Али:
    -Ассальаму алайкум,байке сизге Бакыт кат берип ийди.-деди.Атасы:
    -Кат?Кандай кат ?-деди таныркап.
    -Билбейм,мага да айткан жок,болгону ушул катты сизге берип коюумду отунду.-деп Али катты берди да уйуно кетти.Ал катты атасы алаары менен окуду да,эч нерсеге тушунбогон бойдон турду.
    Ал катта Бакыт: " Ардактуу атакем,асыл апакем мени кечиргиле.Мен силерди катуу жакшы кором,катуу! Апа-ата Алланы эстегиле! Атаке сизден отунуп суранаарым ЖАНЫМ УЗУЛГОН ЖЕРГЕ БЕШ УБАК БАРЫП ТУР!
    <<уулунар Бакыт>>."
    Алар эмне деп ойлонгучакты мечиттен Бакыттын олгондугу тууралуу кабар келди.Ошондо гана ата-энеси уулунун жиберген катына толугу менен тушунушту.Апасынын журогу,суйуусу эми гана ойгонуп,чыркырап ыйлады.Балам- балаам десе да Бакыттын кайрылып келбестигине ишенбей турду. . .
    Атасы акылына келип,жакшы уулунун баркына жетпегенине окунуп,баласынын суранычын жерге таштабай,кундо беш убак Бакыттын жаны узулгон мечитке барып,жакшы адамдарга кошулуп,намазын узбой окуп жатты.....
  5. Темасы: Сабак болчуу окуялар...

    Жазылган күн: 5 Окт 2016

    ОКУЯ

    "ТАШ БООР" ДОГДУР

    Жаш келин жеке догдуруна келет да:
    - Эже, мен сизден жардам сурап келдим. Мага жардам бербесениз болбойт. Менин балам бир жашка чыга элек, бирок кайра кош бойлуу болуп калдым. Озубуз жаш болсок, анын устуно экоосу тен ымыркай болсо, эки баланы кантип багабыз деп ойлонуп жатам. Мага жардам беринизчи,- дейт. Андан догдур кандайча жардам беруу керектигин сурайт.
    - Аборт, кош бойлуулугумду токтотуу керек, эже, - дейт анда жаш келин. Бир аз ойлонуп туруп догдур мындай дейт:
    - Менде бир жакшы ой бар. Ден соолугуна да доо кетпейт, эки бала багып да убара болбойсун.
    Макулмун дегендей келин жылмайып, ал кандай жол экенин сурайт. Ошондо догдур:
    - Сиз эки баланы бага албайм деп кыйналып турсаныз, анда торолуп калган баланын омурун кыялы. Ошондо аборт кылып ден соолукка да доо кетирбейбиз, экинчиси торолгончо эс алып да аласыз, - дейт.
    Мындайды кутпогон келин ордунан атып туруп:
    - Эмне- ее ! Бул деген кылмыш да! Кайсыл эне оз баласынын омурун кыйсын?Мага кантип ушуну айтып жатасыз ? Бул кандай акмакчылык! Таш боор турбайсызбы. .- деп чанырат.
    Догдур жылмайып:
    - Туура, оз баласынын омурун кыюу- кылмыш, акмакчылык. Бирок сиз бир аз мурун ушул эле сунуш менен мага озунуз келбединиз беле, мен бар болгону башкача жолун айтып койдум,- дейт.
    Келин унчукпай отуруп калат да, ыйлай баштайт. Бир убакта ордунан шарт туруп кетууго камданат. ” А абортчу ?” деп жылмайган догдурга да карабай эшикке атып чыгат.

    Кандай кылууну билбей турсан, туура деп эсептеген жолду танда. ( К.Краус).


    " Турмуш Сабактары" китебинен....

Комментарийлер

Баракча 1 - 1
  1. Фотография

    iman_91 

    05 Окт 2016 - 21:01
    деги бул жакта эмнелер болуп жатат
Баракча 1 - 1

  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 17 Июн 2025 01:42

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: