Aylini Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Кыймылы жок
- Билдирүүлөр:
- 125 (0,04 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Жүрөк сыры (110 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 04 Июль 16
- Кароолор:
- 9 690
- Соңку аракети
01 Окт 2017 15:19
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Карапайым
- Жашы:
- 109 жашта
- Туулган күнү:
- Январь 1, 1916
- Жынысы:
-
Белгисиз
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- Жашыруун
Менин билдирүүлөрүм
-
Темасы: Туура эмес сүйлөп алган кезде
Жазылган күн: 27 Сен 2017
-
Темасы: Чоң энеме кат
Жазылган күн: 31 Мар 2017
Айсалкын эже башынан өткөнүн кайра наалып туугандарына эч качан айтпайт экен, өткөндү эстейттир бирок билдирбейт. Мен өзүм аябай кызыгам бирөө менен баарлашып, анын арманын угуп ага сонун сөздөр менен поддержка бергим келет жети жыл кошуна болуп жашап апам менен Айсалкын эже да аябай ынак үчөөбүз узун кептин учуна түшүп алып бул дүйнөдө жашап жаткан тирүү адам экенибизди да унутуп койчубуз. Апам ар дайым бата кылган сайын мага бербеген бакытты кызыма бер дечү, Айсалкын эже да. Апам кайненеден запкы жесе, Айсалкын эже күйөөнүн запкысында калган экен. Кайненем андай болгону менен келиндерге жакшы болчу дейт Айсалкын эже, карга да баласын аппагым дегендей болгону жарыктык баласы ошондой болсо да болушканы тура.
Айсалкын эже келини кылбай калган иштерди секин өзү кылып койот аны кайра келинине деле, баласына деле айтпайт. Баласы менен келини көп урушуп кетет андайда Айсалкын эже экөөнө тең карап, экөөнө тен насаат айтат. Кыйкырып урушпайт эч качан, жулунбаган аял аны келини деле айтат. Качан келиндин тили салаңдап ээгине түшүп жүгүн көтөрүп жөнөйт кату кыйкырып сен жамансын, сенин кыялын жаман кылган ишин жаман кыскасы жаман жаман дей берсе адам жаман болот дейт эже, келинине кандай кырдаал болбосун ачуусу келип турса да билдирбей (мен лично жети жыл жашап Айсалкын эженин ачуусу келип урушунганын көргөн эмесмин, ошол домдо 15жылдай жашап бир кошуна менен ажаандашпаган момун аял )балам деп алдап салдап акыл насаатын айтып катуу айтып урушпай сөз менен секин жеткизип койот. Айсалкын эже күйөөсүнүн өлгөнүнө ушунча жыл өтсө да кайненеси өлгөнгө чейин үйүнө келип жүрдү ал кемпирди мен көп көргөм, дагы деле эне деп сыйлачу. Башка авысындары бүт кубалап чыгып акыры эжеге келген байкуш. -
Темасы: Чоң энеме кат
Жазылган күн: 31 Мар 2017
-
Темасы: Чоң энеме кат
Жазылган күн: 30 Мар 2017
-
Темасы: Чоң энеме кат
Жазылган күн: 30 Мар 2017
Сабиранын апасынын колундагы келинге да кайнежелик кылып телефондо сүйлөшүп жатканын уккам, байкуш келинге атам менен апамы жакшылап баккын, ошол эки адамдын көңүлун таппай не? Сен келгенден бери үйдө жаңжал, бала сенде эле бар бекен баарыбызда эле бала бар мен балдарымы таштап койуп эле жүрөм дейт. Кой Сабира өзүн деле кайнене кайнатага кызмат кылбайсынго келиндин ордуна өзүңү койсон дедим, экөөбүздүн деле кучактагы жаткан эрлерибиз асмандан түшүп калган жери жок, биз кандай азап менен төрөдүк төрөш өлүм менен бирдей ошондой азап менен төрөгөн апам дагы балдарын биз деле милдеттүүбүз атам апамы карашка же кичине баланы эле тууп койгон дейсинби ошол эле баксын деп десем? Баксын даяр үйгө келди дагы не дейт. Унчукпадым. Түшүнбөйт өзүнүкүн бербейт. Ар кимге өзүнүн оюу туура деген ошол да.
Айсалкын эженин жүрүм -туруму, сүйлөгөн сөздөрү, айтор адамдык эң бийик сапатын карап туруп ушундай жакшы адам эмнеге мынча азап көргөн экен деп кетем. Уулун үйлөгөн, келини экөө аябай жакшы карап туруп келини экенине ишенбейм кызындай мамиле жасайт. Ушунчалык бир түшүнүктүү кайнене суктанам карап туруп суктанам, ушундай кайненеге туш болгон келинине суктанам, ушундай апага уул болгон баласына суктанам. Келиним кеч турду эрте турду дебейт, эч кимге айтпайт тийиштирип эч качан сүйлөбөйт. Баласы озү сүйүп үйлөнгөн, балам көңүлүңө жаккан кызга үйлөн дечү экен. Бирок баласынын уруп коймой адаты бар. Бир күнү подьездге желкесинен сүйрөп уруп чыгарып жатыптыр келинди үйдөн атып чыктым, эже базардан келе жаткан экен колундагы пакетин ыргыта баласына кыйкырды анан кой берди келини ыйлап алган, баласы кетирем дейт үйгө киргиле дейт баласы укпай ачуусу менен көчөгө чыгып кетти. Сырттагы чачылган пакетин мен жыйнап жүрөм, келин кетем дейт. Пакетин кармата үйүмө кирип кеттим уруш аңдыгандай болбойун деп. Келини менен жакшымын эртеси өзү ушундай кайненеге туш болгонума шүгүр деп, мен да көп айтам сен бул дүйнөдөгү эн бактылуу келинсин деп. Ооба дейт. Күйөөсү чай кой деген экен озун койуп алчы десе уруш ошондон чыгып уруп кириптир. Айсалкын эже айтыптыр келинине кой дегенде койуп койо бер деп а баласын бөлүп алып ортодогу баланы ойло ура берсен жоолугун ыргытып кетип калат мен Умарсыз кантем(небересинин аты)баланы алып кетип калат ойлон дептир, кайра экөөнү кошуп алып узаак насаат айтыптыр өтө сонун сөздөр кыскасы ошол сөздөрдү уккан экөөнүн сүйүүсү таанышкан күндөгүдөй жанып акылман апасына баласы раазы, ушундай кайненеге тушуккан келин раазы. Көрсө ушундай кайненелер бар үчүн үй бүлөөнүн коломтосу өчпөй жанып турат окшобойбу. Менин кайненем болгондо уруп жатса унчукпай кайра баласына кирип тилинен урдунда деп келинине эркектин көңүлүн калтырып алсан жаман болот демек. Анткени үйдөгү келинди ушинтет. Кайним экөө урушса көңүлү куунак боло түшөт
Комментарийлер
Aylini ге комментарий жазыла элек. "Кандайсың" деп жазып койбойлубу?