kitepkana.kg Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Кыймылы жок
- Билдирүүлөр:
- 15 (0 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Соода (9 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 11 Июль 16
- Кароолор:
- 2 726
- Соңку аракети
12 Окт 2018 14:02
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Момун
- Жашы:
- 106 жашта
- Туулган күнү:
- Июнь 17, 1919
- Кызыгуусу:
- кыргызча китептер
- Жынысы:
-
Белгисиз
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- Жашыруун
Менин билдирүүлөрүм
-
Темасы: Кыргызча китептердин интернет-дүкөнү
Жазылган күн: 20 Фев 2017
Бул китепти окугандан кийин сиздин жашооңузда стресс деген таптакыр болбойт!! !
"Дартыңдын дабаасы өзүңдө". Жашоонун ырахатын татып кандайча дени сак болуш керек. Валерий Синельников .
Валерий Синельниковдун бул китебинен бирөөнү кечирүү, өзүн күнөөлө сезиминен арылуу, чүнчүп кетпөө, кызганчаак болбоо, көптөгөн оорулардан сакаюу үчүн өзүңүздүн ички туюмуңуздун күчүн кантип бекемдеш керек экендигин билесиз. #kitepkanakg Китеп баасы 480 сом. Заказ үчүн телефон 0706-123-004. whatsapp жазсаңыз болот. Толук маалыматты жана Валерий Синельниковдун башка китептерин биздин негизги сайтыбыздан ала аласыз.
http://kitepkana.kg/ ...0%B4%D3%A9.html
-
Темасы: Кыргызча китептердин интернет-дүкөнү
Жазылган күн: 4 Янв 2017
PatriotKG01 (18 Декабрь 2016 - 21:11) жазган:
роберт кийосакинин богатый папа и бедный папа деген китебинин кыргызча варианты бар дейт сиздерде барбы
бизде Роберт кийосакинин китептери бар. 1) "Бай атам, кедей атам" 2) "Бизнес-мектеп" 3) "акча агымынын квадранты"
Дүйнө жүзүндө белгилүү бул китепти, эми кыргыз тилинде окуй аласыз. Бай ата баласын эмнеге үйрөтөт, кедей ата эмнеге үйрөтөт? Кантип бай, бакубат жашоо кечирсе болот? Бул суроолорго ушул китептерден жооп таап аласыз. Которгон Бактыбек Сөлпиев.
китептердин баасы 150 сомдон
http://kitepkana.kg/ ...4&product_id=61 -
Темасы: Кыргызча китептердин интернет-дүкөнү
Жазылган күн: 8 Дек 2016
Чыңгыз Айтматовдун чыгармалар жыйнагы,8-томдон турган китептерге автордун баардык чыгармалары топтолуп кирди. Айтматовдун таланты баалагандарга жана китеп окурмандар үчүн мыкты белек. Бул жыйнак менен кошо балдарыңызга бир жомок китеп белекке беребиз.
Китеп баасы 2200 сом, саны чектелүү. Бишкек шаары боюнча жеткизүү бекер, башка облустарга салып жиберебиз .Заказ үчүн телефон чалып 0706-123-004 whatsapp же sms жазсаңыз болот
Айтматовдун чыгармаларын толук окуй электер үчүн жакшы мүмкүнчүлүк.
-
Темасы: Кыргызча китептердин интернет-дүкөнү
Жазылган күн: 17 Окт 2016
Сулуулугу менен таланты дал келген, көпчүлүктүн кумирине айланган, кыргыз элинини таланттуу актрисасы Таттыбүбү Турсунбаева жөнүндө кызыктуу маалыматтарды жана буга чейин эч жерде жарыяланбаган сүрөттөрү камтылган өзгөчө китеп эми биздин интернет дүкөндүн окурмандарынын назарында.
Китептин автору Ракыя Жусупова.
Окуучу кезинен Таттыбүбү Турсунбаеваны көрүүгө дилгир болгон Ракыя Жусупова алыскы айылдан борборго окууга келип, студенттик күндөрүнүн биринде Кыргыз драма театрына актрисаны издеп барып таанышат. Ошол күндөн тарта экөө эже-сиңдидей ээрчишип, алты жыл бою ынак жүрүшөт.
Ал күндөр кечээ эле болуп өткөндөй элестеп, Ракыя Жусупованын көз алдынан улуу актрисанын жарык жүзү өңүнөн да, түшүнөн да кетпейт. Мына ошол түштөрүндө актрисанын бирде муңайым, бирде жадырап, бирде жаш, бирде ак саамай болуп киргенинин сырлары автордун китебинде чечмеленип берилет. Китептеги залкарлардын эскерүүлөрү Таттыбүбү Турсунбаеванын канчалык назик жан, баладай таза ойлуу, ишенчээк, адамгерчилиги бийик, ички дүйнөсү бай адам экендигин ачып берип, мындай талант убагында баркталбай калганына “аттиң...” дедиртип өкүнүчкө салат.
“Таттыбүбү Турсунбаева жөнүндөгү жазылган көп жылдардан берки изилдөөмдү, ой-толгоолорумду “Таттыбүбү” китеби аркылуу окурмандарга сунуштап, актрисанын өзү жана чыгармачылыгы тууралуу жаш муундарга аздек аңгеме куруп берүүнү парзым катары эсептейм. Китептин мазмунун Таттыбүбү эже жөнүндө 20-кылымдын 70-90-жылдары кыргыз адабияты, маданияты жана искусствосунун залкар таланттары менен уюштурган маектерим, замандаштарынын, кесиптештеринин, шакирттеринин, урук-тууган, балдарынын жана өзүмдүн эскерүүлөрүм, театр жана кино сынчыларынын, күйөрмандарынын пикирлери жана каттары, алардын актрисанын чыгармачылыгына карата ой-чабыттары түзөт. Китепте буга чейин эч жерде жарыяланбаган сүрөттөрүнүн баары камтылган” дейт “Эрайым” аялдар коомдук бирикмесинин жетекчиси Ракыя Жусупова. P.S. “Эрайым” аялдар коомдук бирикмесинин жетекчиси Ракыя Жусупова менен болгон маектен кыскартылып алынды (“Көк асаба”, 8-июль, 2015-жыл)
.....................
китептен үзүндү
Сабира КҮМҮШАЛИЕВА, Кыргыз эл артисти:
“Эркелеп турганы адамды элжиретип жиберчү”
— Бул актриса сахнада болсун, турмушта болсун өтө мээримдүү, кыргыз элинин жакшы сөзү менен айтканда мээр чөбү бар актриса эле. Жашым бир топ өтүп кетип, мен элдик артист болгондо Таттыбүбү театрга келди.
Аябай суктанчу элем. “Атаңын гөрү, же мойун жок, же бой жок менде” деп койчумун ичимден. Бул актрисадан элди билбейм, мен сүрдөп кетчүмүн. Адам сүрдөй билиш керек. Адам ошондон коруна билиш керек. Адам ошол актрисаны сыйлай билиш керек. Корунуп, жүдөп калганың, ошондон үйрөнөйүн дегениң. Сахнадагы жашоо менен турмуштагы жашоо эки башка нерсе болот. Бул актрисанын сахнадагы жашоосу өтө кызыктуу, өтө мээримдүү, өтө таң калтыра турган бөлөкчө эле. Тянь-Шань Ала-Тоолоруна чак келе турган эч нерсе жок эмеспи! Абасы да, суусу да таза, мөңгүлөрү аппапак. Ошонун суусун ичип ыракаттанып олтурабыз. Актриса нак ошол Ала-Тоодой залкар эле.
“Мен муну ойноймун” деп бирөө менен роль талашканын, бирөө менен айтышып жатканын, бирөөгө бир ичи тарлык кылганын эч бир уккан жокмун. Анткени бул өзүнүн талантын, өзүнүн бийиктикте экенин билчү. Таттыбүбү бала кыял, ичи кенен, бардык адамга жакшылык кылган, эч кимге эрегишпеген адам эле. Мунун бир оозун кыйшайтып туруп эркелеп турганы адамды элжиретип жиберчү. Аткарган ролдоруна карата ачууланып сындап койгон учурларда таарынып, тултуйтуп калгандын ордуна негедир эркелеп, адамды ээритип сүйлөп жиберчү жагымдуу мүнөздөрү бар эле. Бул актриса кайра келбес жакка эрте кетип калды. Мына ушуга биз өкүнөбүз.
Актриса кинодо өлбөс-өчпөс образдарды жаратты. “Атадан калган туякта” менин келиним болуп ойноду. “Отко таазим”, “Кызыл алманы” алалы, “Ак Мөөр”, “Ак куулар конгон айдың көлдү” алалы – баарында ролдорун укмуштуудай ойноду. Уркуя — Таттыбүбүнүн кинодо түзгөн образдарынын эң алдыңкысы. Актрисанын оргуштап төгүлүп турган таланты, көрк-келбети Уркуянын образынын тереңдеп ачылып берилишине өбөлгө түзүп, фильмдин көркөмдүк деңгээлин жогорулатты. Аз күн жашаганына карабай искусствонун даңгыраган жолунда өз изин калтырып кете алды. Аны акыркы сапарга узатуудагы актриса менен коштошууга келген элдин көбүн айтпа. Ошол учурда ичимден “жаш болгону менен аз эле убакыттын ичинде ушунча элди өзүнө багынтып тартып алган азамат экен, “Эмгеги бар – элге таандык, эли бардын – эмгеги бар” деген ушул да деп койдум. “Отко таазим” фильминде обкомдун секретары (Б.Бейшеналиев) менен арабада кетип бараткан жерин тартып жатканда атайын көргөнү бардым. Ал эпизод тартылып жаткан учурда Таттыбүбүгө суктанып тамшанбаган адам калбады. Таттыбүбүнүн ойногон ролдору өзүнчө бөлүнүп-бөлүнүп турчу. Ар бир образды ар кандай алып чыкчу. Сахнага чыгып, аны тең жарып басып өткөнүндө эле өзүнчө образ түзүлүп калчу.
Бир жолу биз Оштогу жибек комбинатына барып, жумушчулар менен пикир алмашуу иретиндеги жолугушуу уюштурдук. Ошондо элдин арасынан бир жумушчу кыз: “Сиз “Отко таазим” фильминде Уркуянын (Т.Турсунбаеванын) энеси болуп аткардыңыз эле. Бизге Таттыбүбү эже жөнүндө айтып берсеңиз?” деген суроо берип калды. Таттыбүбү жөнүндө айтып жатып ыйлап жибергенимди сезбей калыптырмын. Элдин жүзүнөн жылтырап жаш куюлуп жатканын көрүп, Таттыбүбүнү бир гана биз эмес, элдин бүт баары жакшы көрүшөрүн сездим. Мындай учур Ош шаарындагы Крупская атындагы орто мектептин окуучулары менен болгон жолугушууда да кайталанды. Менин 70 жылдык юбилейлик тоюмда фильмдерден үзүндү көрсөтүлгөн. Ошондо Таттыбүбү көрүнө калган жерлерде эл күрүлдөп ордунан туруп шартылдатып кол чаап жиберишти. Ушундан эле Таттыбүбүнү эл кандай деңгээлде жакшы көрөөрүн сезсек болот.
Мындай актриса эми биздин театр үчүн көп-көп мезгилдерден кийин жаралат. Ал биздин сахнабызга конуп калган көз тойгуз ак куу эле. Барктай албаганыбыздан соң көздөн кайым болуп эч кимге карматпай учуп кете берди.
http://kitepkana.kg/ …/%D1%82%D0%B0%D1%82% D1%82%D1%8B%D0%B1%…
Китеп баасы 888сом, саны чектелүү. Бишкек шаары боюнча жеткизүү бекер, башка облустарга салып жиберебиз .Заказ үчүн телефон чалып 0706-123-004 whatsapp же sms жазсаңыз болот
-
Темасы: Кыргызча китептердин интернет-дүкөнү
Жазылган күн: 17 Окт 2016
Үч жаштан кийин кеч.
Китептин автору - «Sony» компаниясынын негиздөөчүсүн бири Масару Ибука. Китептин автору бала менен алгачкы күндөн тартып өтө дыкат алектене баштоо абдан зарыл экендигин белгилейт. Кенже курактагы балдар эмнени болбосун абдан жеңил үйрөнө аларын турмуштук мисалдардын негизинде, жалпак тил менен айтып берет. Балдардын толук кандуу өнүгүшүндө, бактылуу жана ийгиликтүү болушунда ата-эненин жана курчап турган чөйрөнүн чечүүчү мааниге ээ экендигине басым жасайт. Китеп балдар үчүн мыкты мүмкүнчүлүктөрдүн ачылышына жана алардын ар тараптуу өнүгүшүнө кам көргөн бардык ата-энелерге арналат. Баланы тарбиялоо боюнча дүйнөгө белгилүү болгон «Үч жаштан кийин кеч» китеби, «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду тарабынан дярдалып, кыргыз тилине которулган. Кыргыз тилине которгон Асылбек Жоодонбеков.
Урматтуу окурман, ата-эне, бүгүн биз сиздер менен дагы бир жакшы саамалык аркылуу кездешип отурабыз. Дүйнөгө белгилүү “Сони” корпорациясын негиздөөчүлөрдүн бири, гениалдуу инженер, жапон атуулу Масару Ибуканын ушул китебин кыргыз тилине которуп, сиздерге тартуулоо мен үчүн бир чети сыймык болсо, бир чети кайрылуу, балдар темасына көңүлүңүздөрдү бурдуруу. Мындай дүйнөлүк алкактагы ири менеджер, ири корпорациянын негиздөөчүсү эмне себептен кичинекей балдар үчүн китеп жазды, инженер болуп туруп балдарга билим берүү жана тарбиялоо маселесине эмнеден улам кызыкты деген суроолорду өзүбүзгө берсек. Бул таң калыштуу деле эмес экен. Адам ресурсуна, алардын билимине, тарбиясына жана эмгекчилдигине таянуу менен гана ийгиликке жетсе болорун ал жакшы түшүнгөн. Дүйнөлүк атаандаштыкка туруштук бере турган алдыңкы ишкананын кызматкери кандай сапаттарга ээ болушу керек, балдарды тарбиялоо канча жаштан башталат деген суроолордун үстүндө ойлонгон. Жыйынтыгында акыркы эки кылымдан бери Жапония жаратылыш ресурстарынын чектелгендигине карабастан дүйнө жүзүндөгү эң алдыңкы экономиканы куруп, жашоо стандарттары боюнча өтө жогорку деңгээлге чыга алды. 1947-жылы Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин, такыр талкаланган өлкөдө өнөктөштөрү менен биргеликте болгону 700 доллар менен гана “Сони” фирмасын негиздеген. Азыр да модернизациялануу доорун басып өткөн, илимий-техникалык жактан дүркүрөп өскөн Жапония күжүрмөн, талыкпаган инженерлердин, адистердин, жумушчулардын эмгегине таянат ...... Баш сөзүн жазган Роза Отунбаева
………………..
Баланы көбүрөөк колго алыңыз
Бала ызаланганда апасы колуна алат, ал ыйлаганын токтотуп, күлө баштайт: мындай жагдай кимдерге гана тааныш эмес, ар бир ата-эне мындай абалды жүздөгөн жолу башынан өткөргөн. Бирок салттуу акылмандык бала ыйлаган сайын, колго ала берүүнү туура көрбөйт, анткени бала өз каалоосун ыйдын жардамы менен аткартканга көнүп калышы мүмкүн. Аны кандай алаксытпа, колуңа алмайын, сооронбойт, деп ата-энелерди коркутушат. Бул ушундайбы? Бул өз баласына ашыкча ыксыз эле үзүлүп түшө берүүгө карата эскертүү катары кабылданса, мен макул болушум мүмкүн. Бирок муну сөзмө-сөз түшүнүүгө тап такыр каршымын. Мен баланы мүмкүн болушунча
көбүрөөк колго алуу керек деп эсептейм. Өзүн билдирүүнүн башка жолун билбеген нарис
те үчүн ыйлоо – өзүнө көңүл бурдуруунун бирден-бир каражаты болуп саналат. Ал ыйлап жатса, бул анын бир нерсени өтүнүп жаткандыгын түшүндүрөт, анын өтүнүчүн жоопсуз калтыруу башынан баштап аны баарлашуудан куру калтыруу дегендикке жатат. Жүйөлүү маани, эне менен баланын баарлашуусу, өзгөчө тактилдик баарлашуу анын акыл жактан өнүгүшү үчүн өтө маанилүү экендигин далилдөөдө. Бир аз күн мурун жапон гезити маймылдар менен жүргүзүлгөн кызыктуу эксперимент жөнүндө кабар лады. Америкадагы Висконсин университетинин приматтарды изилдөө боюнча борборунун жетекчиси доктор Гарри Харлоу жаңы туулган маймылдын чыныгы энесин жасалма куурчактар менен алмаштырып коюп, кайсынысын тандай турганына байкоо салган. Бир куурчак цилиндрдин формасында зымдан, экинчиси кездемеден жасалган. Ар бир “эненин” колунда шише толо сүт болгон, эки жакка термеле алган. Маймылдын баласы жылуу, жумшак кездемеден жасалган “энени” тандап, анын кыймылдарына реакция кылган. Доктор Харлоу жаңы төрөлгөн адамдын баласы да жылуу, жумшак жана кыймылдуу нерсени издемек, эне баласын колуна алгандагы мээрим баланын эмоционалдык абалы үчүн маанилүү болгондой эле, сүт да анын физикалык саламаттыгы үчүн абдан маанилүү.
китеп баасы 450 сом, заказ 0706123-004, whats app же sms
http://kitepkana.kg/ ...&product_id=139
Достору
kitepkana.kg Досторду кошо элек
Комментарийлер
kitepkana.kg ге комментарий жазыла элек. "Кандайсың" деп жазып койбойлубу?