No-love0000 Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Кыймылы жок
- Билдирүүлөр:
- 4 (0 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Адабият жана поэзия (4 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 24 Июль 16
- Кароолор:
- 5 746
- Соңку аракети
24 Авг 2016 01:09
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Момун
- Жашы:
- 32 жашта
- Туулган күнү:
- Апрель 27, 1993
- Жынысы:
-
Эркек
- Калаасы:
- Ош
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- Жашыруун
Мен ачкан темалар
-
Поэзия саптары. Түш
Жазылган күн: 26 Июл 2016
Түш.....
Ар качанда тартууладын сүйгөнүмдү,
Аптыктырдын чырды салып жүрөгүмдү,
Алакчыда сенин мага көрсөткөнүң.
Ажайыптан кооздодуңда түндөрүмдү.
Балдай уйкум уланууда түн кыскарып,
Бир түш кирди көз алдыма гүл кыстарып,
Бакыт өзү ушул өңдүү көрүнөтко,
Бүлүк салды жан-дүйнөмө кубанч салып.
Ал мындайча ал мындайча башталат:
Уккан дилдер эрий түшөт тамшанат,
Бул түш өчпөйт шамал болсо күкүмдөп,
Атборойдой муз жүрөккө чок салат..
Ал адеми сулуу жүзү келишип,
Чачтарыны шамал өөп турчуле,
Сулуулукка сулуулугун беришип,
Асманы жер, колдоруну сунчуле.
Келеме жака алтын күмүш оролгон
Жакут түстүү кызыл көйнөк чоролгон.
Кылпыраса шамал тийип өйдөлөп,
Ошол кооздук асабасы өндөнөт..
Мойнундагы асыл таштуу маржаны,
Шуру болуп тизилишкен көөхары,
Суктандырат чийме болгон каштары,
Нур таратат көзу жылдыз жанганы.
Бунча сүйкүм камаштырат бул көзүмдү,
Сезип турдум, туйдум шондо бир өзүңдү,
Илек жылда бир жаралчу бу сулуулук
Сенде болчу кыдырсамда жер жүзүнү.
Мезгилдида мээримине алганбы?
Агала жамгыр шыбыргагы баштады.
Кол чатырым тоссомбу деп жеткиче,
Эхх жамгырдай жоголдуда
кайтпады.
Көрсө ошол түшүм мени алдаптырда,
Супа саадак таңын сүрүп баштаптырда,
Сагынганым Аймиримди түшүнгөнсүп.
Сүрөтүнү тартып мага таштаптырда. ,.,.
Арап уулу Майрамбек
Кээбир создор "Манас" эпосунун Саякбай Каралаев вариантында кездешет.
Кокустан окуп калсанар ой калтырып койгула?....
Комментарийлер
No-love0000 ге комментарий жазыла элек. "Кандайсың" деп жазып койбойлубу?