bakulina995 Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Кыймылы жок
- Билдирүүлөр:
- 18 (0,01 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Жүрөк сыры (13 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 30 Июль 16
- Кароолор:
- 9 723
- Соңку аракети
22 Ноя 2020 15:15
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Момун
- Жашы:
- 29 жашта
- Туулган күнү:
- Ноябрь 15, 1995
- Жынысы:
-
Аялзаты
- Калаасы:
- Ош шаары
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- Жашыруун
Мен ачкан темалар
-
Мен сизди сагынган бойдон жүрөм...
Жазылган күн: 5 Дек 2017
Сүйгөнмүн деп да сүйбөгөнмүн деп да айтуум кыйын. Көп эстейм, көп жоктойм. Көчөдөн окшош бирөөнү көрүп калсам да жан дүйнөм башкача болуп кетет. Өзүмдү коерго жер таппай калам (жерде турсам да). Жүрөгүмдү өзүңүз менен алып кеткенсизби билбейм, эч кимди жактырып, тандап кете албай койдум. Билем, буга сиздин да күнөөңүз жок. Мен ал учурда жаштык кылдымбы же өзүмө ишеничимдин жоктугунан пайдаландымбы билбейм, колумду сураганыңыздада кол сунбаганыма өкүнөм... Өмүр бою сизди сагынган бойдон өтөрүмө көзүм жетип турат. Өмүр бою сизди унутпасымды билип жүрөм. Кызыгы, сиз да мени мендей эстер бекенсиз..? Азыркы күндөрдө бир эле жолу көрүүгө зар болуп турам. "Курсагың токпу? Жылуу кийиндиңби? " деп камкор болгонуңуз эле сагындырса керек... Сизди азыр чындап сагынып турам, чындап эле сагынгам.((( -
Күйөөмдүн ойношунан баласы бар....
Жазылган күн: 1 Авг 2016
Жашоодо адам баласы көп жаңылыштарга бут таштайт экенбиз. Өзүбүздүн жаман же жакшы экенибизди билбей жатып бирөөлөргө сын-пикир бергенге устабыз... Өз башынан өткөн окуясын айтып берген бул эженин окуясын угуп алып эмне деп кеңеш берээримди да, кеңеш эмес жөн эле сөз да айта албадым. Анда мына ошол эженин окуясын сиздер менен бөлүшөйүн... .
Орто мектепти аяктап, ЖОЖго сырттан тапшырып коюп эле ата-энем менен Москвага кеткен элем. Ал жакта эл сыяктуу алты жылдай иштеп ошол жакта эле, өзүм теңдүү эле бир жигит менен таанышып алты айдан кийин турмуш курдук. Шаң шөөкөтү жок эле, мечитке барып нике кыйдырып бирге жашап калдык. Мен ойлогондой жыргал жашоо деле болгон жок, кызганычтын айынан көп жолу урушуп, көп жолу мушташтык. Ал аралыкта боюмда бүтүп сегиз айлык болгондо Кыргызстанга келип кайын журтум менен таанышып, ушул жакта көз жардым. Кыздуу болуп, кызыбыз бир жашка толгондо атабызда келип шаарда жашап калдык. Дагы эле баачгы жашоо, мен аны ал мени кызганып уруш-талаш болуп жүрүп төркүнүмө таарынып беш-алты жолу барып келипмин. Баары жакшы болот өтүп кетет деп жүрүп экинчисинда төрөдүм. Уул болчу. Мурда дагы бир урса кетип калам деп жүргөн жаным эки балалуу болгон соң такыр байландымда калдым. Ошого карабай бир күнү аябай катуу уруштук, мушташтык. Ата-энемди чакырып баарын жыйыштырып, жүк-чагым менен кетип калдыс. Күйөөм алып калууга бир топ аракет жасаса да болбой кеттим. Бул жолку таарынычыбыз алты айга созулуп кетти... Балдарымдын тили чыгып, отурса турса атам деп жүрөгүмдү эзишет. Бул ооруга чыдай албасымбы билип, балдарым үчүн күйөөмө чалып алып кет дедим. Таппай эле турган экен кайнэнем экөө келип көчүрүп кетишти.
Жолдошум мурункудан өзгөрүптүр, иштериме киришпейт. Жакшы сүйлөп, балдарым менен алек болот. Эрте менен жумушуна кетпт, кеч келет. Бирок, бул күндөоүбүз узак созулган жок.. мен таарынып үйдө жүргөнүмдө күйөөм башка бир жесир аял менен жолугуп жүргөн экен. Анында эки баласы бар экен. Ошентип бирин-бирин алаксытып жолугуп жүрүшүп анысынын боюнда болуп калыптыр. Ал келинда башынан айтсам алдыртып коёт деп төрт айлык болгондо айтыптыр. Жалган деп башында ишенбей жүрдүм эле акыр аягы келип чын болуп чыкты...(((((( Азыр эмне кылаарымды билбейм, менден өтүп ал көгөрөт, андан өтүп мен көгөрөм.. Эки баламды атасыз өстүргүм келбейт. Жолдошум азыр ара жолдо турган кези. Мага айтпай барышып нике кыйдырып алышыптыр. Никесиз бала төрөлбөсүн дешкен го. Жолдошумду жек көрөм. Бирок чырактай болгон уул-кызымдын атасы. Кантейин аларды эстеп сай-сөөгүм сыздайт.
P.S. Жашоодо баары болушу мүмкүн экен дедим... Кантсе да убакыт өзү баарын ордуна коёт деңиздерчи, ага чейинки адам жашоосу эмнелерди кечээри белгисиз....(((( -
Убакытты артка кайтаруу мүмкүн болгондо...
Жазылган күн: 1 Авг 2016
Кээде өз кыялдарымдан өзүм жадайм, өз кыялдарыма өзүм күлкүмм келип келет. Мына ошол чексиз кыялдарымдан натыйжасынан көп каталарга жол коём. Бир күн келип барибир тагдыр айткандай болоорун өз көзүм менен көргөн күнүмдө да бул кыялдардан арыла албай койдум. Темада айтканымдай убакытты артка кайтарууга мүмкүн болгондо көптөгөн адамдардан мамиле курууга баш тартмак элем анткени, баарын жакын адамдарым деп так ошол кыялым менен кыялданып жүрүп азыр биринда таппай калдым. Көрсө булда куру кыялдарымдын бири экен эле..... Кыядануудан кантип арылса болот...????
Комментарийлер
bakulina995 ге комментарий жазыла элек. "Кандайсың" деп жазып койбойлубу?