Суперстан: Perishte96 - Профилди кароо

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Профилди кароо
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток

Perishte96 Өздүк маалымат Рейтинг: -----

Perishte96 фотография
  • Билдирүүлөрүн табуу Колдонуучунун билдирүүлөрүн табуу
Тайпасы:
Кыймылы жок
Билдирүүлөр:
30 (0,01 күнүнө)
Активдүү форуму:
Адабият жана поэзия (29 билдирүүлөр)
Катталган:
05 Сентябрь 16
Кароолор:
2 929
Соңку аракети
Пользователь офлайн 11 Дек 2019 03:28
Учурда:
Offline

Маалымат

Статус:
Момун
Жашы:
27 жашта
Туулган күнү:
Октябрь 1, 1997
Жынысы:
Белгисиз Белгисиз

Байланыш маалыматтар

E-mail:
Жашыруун
  1. Статустагы өзгөрүүлөр
  2. Мен жөнүндө
  3. Темалар
  4. Билдирүүлөр
  5. Блог

Менин билдирүүлөрүм

  1. Темасы: Чындык издебе.

    Жазылган күн: 11 Дек 2019

    Сонун чыгарма экен
  2. Темасы: Мени туура түшүн алтыным.

    Жазылган күн: 16 Окт 2016

    Админ эгер кирип калсаныз бул теманы жаап салынуузду суранам. Темагы мен ачтымбы эми сиз жаап салыныз. Мен сизге кат дагы жиберген болчум. Сизден сураныч жаап салынызчы.
  3. Темасы: Мени туура түшүн алтыным.

    Жазылган күн: 16 Окт 2016

    "Мени туура тушун алтыным!" 27-барак!

    -Салима сага эмне болду? Кантип эле жолдошун сага кол которду? Мен аны олтуром Салима дедим тиштенип.Салима мурункудай кайраты менен -Мен сиздин болок аялыныз эмесмин.Мен болок эркектин никесинде экенимди унутпан.Эгерде менин кандайдыр бир чечилбеген туйундорум болсо жалгыз жолдошум кана чечет,жат бироонун уй-булолук чырларыбызга аралашын каалабаймын деди Салима.-Салима кантип бул созду айтып жатасын?Кантип эле мен сага жат инсан болдум?Эмне учун сен озунду озун олтуруп жатасын? Кантип эле сен мени унуттун? дедим.-Бул тагдырдын буйругу.Биз ага баш ийгенден болок айлабыз жок.Бардык нерсенин башталышы жана аягы бар.Биздин турмуш жомок сымал кандай башталган болсо ошондой аяктады.Мен сиз менен жашаган омурумдун эч бир барагын эстей албайм.Демек мен сизди эч качан жакшы коргон эмесмин,эч качан.Мен бар омурумду жолдошума жанада келечектеги балдарымдын атасына арнаймын.Сизда оз омурунузду уй-булонузго арнан,балдарыныз менен чогу болун.Канча жыл сиз менен чогу жашапда билбеген экенмин сизди бироонун никесиндеги аялга коз артат деп.Суранам эч качан менин жолумду тоспон.Сиз мага эч кандай жардам бере албайс.Менда сизден эч кандай жардам кутпоймун.Тескерисинче сиздин ар бир ойлонбой койгон кадамыныз менин башыма бале алып келет.Кокус жолдошум угуп же коруп калса уй-булом бузулат.Сиз ошону каалап жатасызбы?деди. -Жок Салима андай эмес.Абалынды бир кара.Сага боорум оруп кетти.Сен мен учун энедей эле ыйык затсын.Мейли сен мени мурунку жолдошум деп кабыл алба.Болгону акен катары жардам беришиме каршы болбо дедим.-Эмне учун тушунбойс.Мен жардамды жалгыз жолдошумдан гана кутом.-Ушулбу жолдошундун сага жардам бергени.козундун когорткону аз келгенсип,кош бойлуу экенинеда карабай турмуштун бардык оор жугун сага артып койуптур.Мен буга чыдап карап тура албаймын Салима дедим менда айтканымдан кайткым келбеди.-Турмушта ойдо ылдый коп болот.Турмуштун азабын тартпасан,ырахатыда болбойт.Унуткан корунос,сиз менен алгач жашаганымдада козум когорбогон болсода,ичимден ирин отуп жашаганмын. Ошонун баарына сабыр кылып женген Салима бул жолуда жолун табар.Менден кам саноонун эч кереги жок.Мен биринчи жолу турмушка чыкканым жок.Биринчи жолу турмуш азабын коруп жатканым жок.Уруп сокпогон болсода,журогундо бирда жылуу сезими болбогон,муз журок эркек менен жашагандан коро,уруп тилдеседа журогундо дарты жок эркек менен жашаган артык.Бардык аялдарда сизге Салимадай боло бербейт.Аялыныздын убагында баркына жетип,сыйлай билин.ойунузду бироонун аялына болгондон коро.Эки аялдын сезимдеринин арасында жашап журуп,биздин жашоо эмне менен аяктады кордунуз.Откон омурунуздон сабак алын.Бир гана аялды жактырып жашан дедида Салима жоноп кетти оор сумкаларын которуп алып.Анын акыркы создору башыма балта менен бир койгондой эле болду. Салима чындыгында сен озгоруп кетипсин.Кантип эле озунду кордотуп койдун.Эмнеге мынчалык тагдырын татаал болбосо.Кайда ошол акмак,сага кол которгон деп муштумумду туйуп тиштенип машинама кайтым,сумкаларымды топтоштуруп. .....
    Мен уйго келишим менен эле Гулкайыр дароо сезди корунот-Эмне учун мынча конулун чогуп кайтын базардан,конулсуз бир окуя болдубу деди.-Жок баары жакшы эле.Эски бир досумду коруп калып бираз кармалып калдым дедим.-Тилек менден эч нерсени жашырбасан деле боло берет.Мен турмуштун ойдо ылдыйын кооп коргон аялмын.Ошондуктанда сени туура тушуном.Сен мен жазып берген нерселердида толук албай келипсин.Биринчи жолу чала була базарлык кылып келдин Тилек.Деги озу эмнелер болуп жатат.Балким мен сага жардам берермин Тилек деди.-Сенден жардам сурай турган эч нерсе деле болгон жок.Балдардын курсагын тойдуруп кийимдерин дайарла,кечикпей жолго чыгалы,мен бираз эс алгым келип жатат деп болмомо кирип кеттим.Коп аял менен жашасан коп нерселерди билип калат экенсин.Гулкайыр баарысын билип туруп,менден сурап жатат,эмне деп айтат деген ойдо.Салимада менин ага ичим ачышып турганын коруп турупда мени четке какты.Анысы аз келгенсип ото жаман эр болгонумдуда эскерти мага,менден такыр конулу калып мени эстебесин дегендей.Урсада соксода ошол кызыл камчы акмак эрин менден жогору койду.Кайсы акмак кош бойлуу аялына оор кылып жук которгусуп, козун когортот.Мейли Салиманы ойлобосода анын курсагындагы оз канынан жаралган перзентин ойлосо болмок.Барибир бир кун сенинда козунду когортом акмак шашпай тур.Барибир бир кун колума тушосун....... .........
    Биз уй-булобуз менен жайлоого жоноп кеттик.Барар баргыныбызча балдарым чурулдап -ата мага аны алып берин десе бироосу,экинчиси ата мен ат минем дейт.Учунчусу болсо ата мен сиз менен кой багам дешип чурулдашып барышты.Балдар менен болуп бардык жагымсыз окуяларда эстен чыгат турбайбы?Жакшыда ортобузда балдарым бар экен.Болбосо Гулкайыр окообуз жайлоого баргынча бири бирибизди тиктешип бармакпыз... .. Бир убакта тырык деп телефонума кат келип калды.-Карачы Гулкайыр ким жазды экен.Эч ким деле мага кат жазчу эмес болуучу дедим.Балдар чурулдашып чарчашкан корунот мемирешип укташып жаткан болуучу апасына суйонушуп.Гулкайыр катты ачып окуй баштады "Салам досум.Мени кечир Суранам! Сенин алдында куном чон.Уйлонгонунду уктум.Чын журоктон бактылуу болушунду каалаймын.Кудайым сага коптогон бала беришин тилеп калам"-деп кат аяктаптыр.Гуйкайыр окуп болуп -ким экенин жазбаптыр деди.Мен бул катты Эрмек жазганын дароо тушундум.Сенда бактылуу бол досум деп койдум ичимден.-Азыр коп журбой байланыш такыр узулот.Мындан ары байланыш болбойт.Балким катка жооп жазып же чалып койосунбу деди.-Жок жазбаймда,чалбайда. Менин жобум кандай болушун ал жазбасамда билет.Анчейин деле тарыныштуу окуя болгон эмес арабызда.Ал жакын досум болот.Бир кун буйруса таныштырам аны менен сени дедим........... .....
    Эх жайлоодо кымыз ичип жургон кандай гана керемет.Такыр болок дуйного барып калгандай гана болуп жатам.Балдарым чырпыктан ат жасап минишип жугурушуп ойноп журушот коншу балдар менен.Аларды коруп жашоонун манызы бар экенин тушундум.Барибир аялын озундон улуу болсо,сенден кобуроок нерсени ойлойт экен.Озу эс алганы келгенибизгеда карабай -Тилек кара кой козулардын жундору бекер эле жатат.Кел андан коро кийиз кылалы.Кышы менен бекерчиликде бойоп,ойуп оймотеке менен шырдак тигемин.Озубузгода болот,кичине кызгада болот.Кызда бойго жетип келе жатат.Себин тайардашым керек.Энем болгондо кылмак деп оксуп калат деди.-Гулкайыр эмне кыласын озунду кыйнап базардан эле сатып алабыз канча керек болсо дедим.Ал да болсо Салимадай айтканынан кайтпай -Тилек акчасы коп адам бай болбойт.Акчаны уномдогонду билген адам бай болот.Эмне учун баары бекер болсо,колубуздан келсе,ден соолугубуз дуруз болсо кылбашыбыз керек.Сатып алган менен колдо жасагандын айырмасы ото чон.Кичине кыз бир омур женем кылып берген деп эстеп журот.Сен мага бираз жардам бер калганын мен чабандардын аялдары менен озум кылам деди.Мен макул дегенден болок айлам калган жок.Гулкайыр аялдар менен жун сабаб кийиз кылышат.А мен болсо суу ташып,суу кайнатып берип жаттым.Анысы аз келгенсип озубузго кышка май курут кылып алалы,кышы менен сага курут эзип берем деп мени бал тилге салып тинбай губу быштырат,кап кап кылып сузмо ташытып,курут тердирип жатты.Эс алууда мурдубуздан чыкты.Ачуум келгенде -эми жайлоого эс алганы келгенибизде Гулкайыр сени алып келбеймин.Умут кылбай койо бер.Балдар менен эле озубуз келебиз деп тамашалашып койом.Бирок ичимден Гулкайыргада ыраазы болуп калам,мени кулдай иштетседа.Себеби Салимада ушундай аял эле.Тиричиликке бут жан дуйносу менен кирип кетчу.Эч бир нерсени ысрап кылчу эмес озубуздо ашып ташып жатсада.Жетпеген нерсени ар дайым уномдоп турчу.Деги озу апам ошондой аял болчу.Апамдын тарбиясын алган Салимада дал апамдын озундой иш кылчу.А Гулкайыр кайдан мынчалык сезимтал,тазза ыймандуу аял билбедим.Балким башына тушкон оор турмуш аны бардык нерсенин кадырына жетууну уйроткон корунот.Кее учурларда кулагыма чалынып калат,той топурларда, кочо жайларда.Балким ушакчы аялдар мени уксун дешеби уктурушуп эле суйлой беришет.-Кантип эле ушул жаш баланын башын айлантырып тийип алды экен тигил бети жок.десе бири экинчиси-тобба табылбай эле турган экенда ага,бир беле кылып кайырмагына илиндирдида. Ото кыйын аял экен.Уч баласы менен бойдок балага тийип алганын айтсан десе.Кийингиси -Ообада баласы болбогондон сон Тилек бойдок баладан эмне айырмасы бар.Кудай корсотпосун бул жузу жок Тилектен тороп берсе барбы? Тилекти олду дей бергиле ошондо дейт.Дагы бири -Жакшы аял болгондо уч баласы менен эри таштап кетет беле дейт.Эх аялдар угуп турсан буларда жаман создор ото коп.Мен алардын созун кайсы жерде уксам ошол жерде калат.Эч кимисинин созун соз дебеймин.Женем мен Гулкайырга уйлоно элегимде оз айылыбыздан коптогон бойдок кыздарды мага таныштырган. Бирок бирида мага жаккан эмес.Алар жаш,сулуу чырай,ойун карак кыздар болуучу.Топтой асманга секиришет.Менин мунозумо андай кыздар такыр тура келбегендиктен мен алардын бири мененда мамиле кылган эмесмин.Мага Гулкайырдай токтоо муноздуу,турмуштун ачуусун коргон тажрибалуу аял керек болуучу.Ошондой аялды издеп копко жалгыз журдум,корунгонго соз болуп.Бул ушак суйлоп жаткан аялдар ошол кыздардын тууган уруктары болсо керек менин ойумча.Апам мага айткан болуучу.Эркек эч качан аял дартын тушунбойт.Аял дартын аялгана тушунот деп.Бирок эч бир аял Гулкайырдын уй жайы жок бироонун эски эки болмолуу уйундо уч бала менен жалгыз гор тиричилик менен алышып тишинин кирин соруп жашаганын айтышпайт.Беш жылдан бери бир жолу чалып,ал акыбалын эмне болуп жатат деп сурабай же балдарым бар эле деп бир сом акча салбаган эркекти дагы канча кутуу керек.Ал Москвада бир бай аялдын кучагында жыргап жашасын.А Гулкайыр болсо эмне уч бала менен гулдой солуй берсинби?Гулкайырда аял,ал да эне бактылуу болгонго акысы бар.Мен ойлобойм Гулкайыр мени он сегиз жаштагыдай суйуп,куйуп олгонунон тийди деп.Уйлонгонго чейин канча жолу Гулкайыр менен суйлошкон болсом ал мага бирда белги берген эмес,менде конулу бар экенин билдиркидей. Мени суйгон болсода бир гана никеден кийин гана суйду корунот....... ..................
    Биз жайлоодон кайтып келгенибизден сон Эрмек мага кат жазганын эстеп ага чалдым.Ал бирда телефонун которгон жок.Бирок кийинчерек ал мага дагы кат жазып жибериптир "-досум мен сени менен суйлошкону бетим чыдабайт.Мен сага кыйанат кылдым.ушунча болуп откон окуядан сон сени менен суйлошуунун жолу барбы озу.Мени унутуп жиберсенда жакшы болмок.Бир кун сен барибир акыйкаттын тубуно жетесин.Ошондо мени эч качан кечирбе дос эч качан.Мени айтты дейсин сен эн бактылуу ата болосун биздин арабызда" -дептир.Анын катын окуп дароо сездим.Эрмекке бир нерсе болгон окшойт,эмнеге ал мынчалык мени деп кыйналып жатат деп.Ага жооп жаздым.-Досум кандайсын?Уй- булон тынч аман журушобу? Балдарында чонойуп калгандыр.Эрмек отмушто эмне болгон болсо болду.Эми окунгон менен пайда жок.Мага эч кандай акыйкаттын кереги жок.Эми менин оз уй-булом жана балдарым бар.Сен уй-булон жана балдарын менен бактылуу болсон гана болду.Мен сенин уйуно бара албаймын билесин.Сен болсо балдарынды алып меникине Белектин уй-булосу менен келип конок болуп кетсенер башым асманга жетмек.Дос досту сагынат экенда.Силерди коргум келет"-деп жазып жоноттум.Журогум чыдабай дароо эле Белекке чалдым -Досум кандайсынар? Венара жана балдарын тынч аман журушобу дедим.-Рахмат досум бизде баары жакшы.Озунор кандайсынар? Эмнеге телефонун очук болуп жатты деп сурады Белек.-Жайлоодо болчубуз.Эмне жанылыктар бар дедим-а тушунуктуу жанылык суйунчу бер дагы кыздуу болдум жакында деп калды Белек.-оо дос болсун,болсун. Жолуксак соссуз суйунчусун берем.Кутуктаймын досум аябай кубанычтамын. Венера озун кандай сезип жатат.Аябай толкундап жаткан болсо керек дедим.-Ооба досум кубанычта чек жок.Конок болуп келсенер жакшы болмок.Биз тиричилик менен алек болуп уйлонгонундон бери бара албадык деди.-Оба досум менда ушуну ойлоп жаткам.Сеникине барып конок болуп,аяштарды таныштырып, андан сон баарыбыз Эрмектердин уйуно барсак жакшы болмок.Качанга чейин мен Чынарадан бекинип жашайм.Эми баарыбыздын уй-булобуз,бала чакабыз бар катташып тургандын эмнеси жаман дедим.Белек Эрмек жонундо соз кеткенде деми ичине тушуп кеткендей уну угулбай калды.-Белек Эрмекте баары жайындабы? Алар тынч эле жашап жатышабы? деп сурадым.Ал -тынч эле досум.Болгону Эрмек бираз ооруп калган болуучу.Жакында эле барып коруп келдим.Аттай болуп калыптыр.Келсен жакшы болмок,окобуз барып кабар алып келебиз деди.-Макул жумуштарымды иреттеп алайын кийин чалып айтам сага качан барышымды деп мен Белек менен коштоштум... .......
    Бир куну турмушка чыккан чон карындашым Айка жолдошу менен конок болуп келип калышты.Биз аларды аябай конок кылдык.Эртеси куйо бала кетип Айка калды.Айкада жакында эне болот буйруса.Биз Айка окобуз багыбызды аралап бастык озубузчо суйлошуп алайык деп.Эмнегедир Айканын менде созу коптой сезилди мага.Мен ага -Айка жакында эне болосун буйруса.Агада карабай эмнеге карегинде капа бар.Же болбосо жолдошун сени тарынтып жатабы ? деп сурадым.Ал ойлонуп туруп-менден конулунуз ток болсун.Куйоо баланыз аябай жакшы адам.Менин эсиме откон кундор тушуп кетти.Мен куткон эмес элем.Мынчалыкка жетет деп.Аял тандагандан адашпапсыз. Гулкайыр женемда Салима женемден отсо отот бирок кем калышпайт экен.Жайлоодон кылып келген кийиздерин, бойолгон кийиздерин мага корсотуп кичине кыздын себине шырдак тигип дайардайм деди.Журогум жылып кетти женемдин создоруно.Апам олгон болсода апамдын ордун баскан аял тандапсыз аке.Бирок деп карындашым токтоп калды.-Эмне бирок Айка.Журогундо эмне болсо тартынбай айта бер дедим.-Гулкайыр женемди коруп Салима женем эсиме тушуп ичим ачышып кетти.Эсинизде болсо керек женемда мага ушундай кылып кийизден шырмал тигип,сайма сайып бардык себимди дайардап койуп анан кеткен болуучу.Азыр кантип жашап жатканын коруп ыйлагым келет аке.Биз эч кандай жардам да бере алганыбыз жок деди.-Мен Салимага жолукан болчумун.Ага жардам бермектигул ал мени жакынынада жолоткон жок.Куйоосу жаман адам экенин билдим ошондо дедим.-Ооба аке Салима женем сизге кокусунан жолугуп калганын айтты мага.Биз суйлошуп турабыз аке.Ал жолдошу жонундо бирда жаман соз айтпайт.Бирок мен уктум.Жолдошу иштеп акча таппаганы ас келгенсип ичетда экен.Кала берсе колда которот экен женеме деди Айка.-ошондой экенин Салиманы коргондо эле билдим.Бирок кантип Салимага жардам берсек болот.Ал бизден эч нерсе каалабайт.Мени озуно жакын жолошумада жол бербейт дедим.-Бир гана жолу бар аке.Сиз женемдин ата энеси аркылуу гана жардам берсениз болот.Аларда биз учун ата энебиз менен барабар.Биз аларды ата апа деп айтабыз.Откондо куйоо баланыз окобузда алардан кабар алып келгенбиз сизда барып суйлошуп корун деди Айка.-Атамдамдарда оздоруно тын,жетиштуу жашашат.Билесинго Салима ото ожор кыз.Алардында жардамын четке кагып жаткан болсо керек дедим.-Барибир барын аке.Бир себебин билип келес.Кантип болсода женеме жардам беруу керек.Же болбосо жат адамдар аркылуу болсода анын жолдошун жумушка орнотуу керек.Уй-булолук киреше булагын ачып деди.-Макул Айка ойлоп кором.Биринчи анын жолдошунун ким экенин аныктоо керек.Суунуда синген жерге куйуу абзел дедим..... Уландысы бар.
  4. Темасы: Мени туура түшүн алтыным.

    Жазылган күн: 14 Окт 2016

    "Мени туура тушун алтыным!" 24-барак!
    Мен кайнене жана кайнатамды жылуу жумшак кабыл алдым.Аларда мени коргондон кубангандарын жашырган жок.Жайылган дасторкондун устундо чай ичип олтуруп калдык.Бир убакта Кайнатам соз баштады.-Балам Тилек.Бул деген тагдыр.Пешененерге ажырашуу жазылган экен,биздин колубуздан эмнеда келмек.Салима бизге апа ата руксат берсениздер мен ажырашам.Куйоо баланыздар болокко турмушка чыкса балалуу болот экен.А мен болсо дагы пешенемдегини корормун деп журду.Бизда макул боло албай копко ойлонуп журдук.Акыры аргабыздын кеткениненда макул болдук балам.Салима сенин келечегинди, озунун келечегин ойлоп ушул жолду тандады балам.Мен апана убада бергем.Сага аталык кылам деп.Салима менен ажырашкан болсонда сен мен учун балам болуп кала бересин.Эркек баланын башына эмнелер гана келип кетпейт Тилек.Жыгыласын, бугулосун,акылын болсо кайра бутуна туруп кетесин.Турмуш бул курош балам.Оной келген турмуштун кадырыда болбойт.Курошуп курулган бакыт туболуктуу болот.Аябай сенден камтама болдум эле.Жашсын,кызуу кандуулукка алдырып ичип албады бекен деп.Ылай ченгелдеп иштеп жатканынды коруп кубанганымдан коздорумо жаш келди балам.Булда болсо сени апан ырахматылык жакшы тарбиялаганынын белгиси.Сендей малы дуйносу жетиштуу адам мындай жумуш кылбайт.Бирок сен туура жолду тандагансын. Канча коп иштесен,ошончо сергек болосун,ойундун баары иште болуп,откон омурундуда унутасын.Бирок оз турмушун,келечегинди унутуп койгонун жакшы эмес балам.Эркектин жалгыз жашаганы кудайымада жакпайт.Ажырашкан бир гана силер эмессинерго? Балам тенинди таап уйлонуп,турмуш жолунду улант.Малынданда, коро жайынданда кабар албайсын.Тигил таятандан калган уйдо бироо олтурчу.Алда жакында кочуп кетти озу уй салып.Ал уй эми сеники балам.Озун барып бироо жарымды киргизип кой же болбосо сатып бир кемчилдинине иштет.Мен эми карып калдым балам.Сенин малы дуйноно баш коз болгонго алы кучум жок.Эми баарын сен оз колуна ал.Малынды карап,колунда иштеп жаткан адамдар менен ото жакшы мамиледе бол.Акысын оз убагында бергин балам деди Кайнатам.Макул дегендей эле баш ийкеп олтурдум.Атамдан сон кайненем соз баштады.-Салима менен ажырашкан болсонда бизге оз ата энендей суйоно бер балам.Атан айткандай биз сага колубуздан келгенче жардам беребиз.Ушунча арекет кылдым.Очогунар бузулбасын деп.Аял заты баласыз,момосу жок дарактай.Салимада болок бироо менен баш кошсом балалуу болуп каламбы деген умут менен кеттида байкушум арманда.Сен эртерек уйлонсон,Салимада турмушка чыгат эле.Сенден мурда турмушка чыгып сенин башынды аттап кеткен менен барабар болбосун деп байкуш келген жерлердида кайтарып жатат.Тагдырдын буйругу ушул экен,эми окооун тен оз тенинерди тапкыла балдарым.Уйлонсон бизди соссуз чакыр мурда куйоо бала болгон болсон,азыр жон эле балабыз болуп калдын.Мурункуданда жакын болуп калдын балам.Атан айткандай эми малдарындыда озун кара,Атан каарыды,анын устуно бутуда ооруп калат.Сени барибир келетдеп куттук,куттук барбаганын сон келдик балам деди.Мен аябай уялып кеттим.Ата энемден бирда кабар албаганымдан. -Куноолуу адамдай жер караба Тилек.Буйруганы болор.Балам дагы бир айтар нерсе байлыктында закатин бериш керек.Мен мурда дайым берип турчумун.Сага откондон бери бергенин жок.Колунда жок,жетим жесирлерге жардам берип тургун.Бечаралардын ырыскысы байлардын чонтогуно чачылган.Садака берген эн жакшы деди атам.-Рахмат ата соссуз садака берем.Озумда ойлоп жургон болчумун дедим.Атамдар кечке чейин мейман болушуп андан сон гана кетишти.Коптон бери биринчи жолу кубандым.Оз ата энемди корондой.Дуйнодо дагыда жакшы адамдар бар экенине ишенип калдым..
    Кудайым эч бир инсанды жакшы коргон адамынан айырбасын.Жалгыздык канчалык жаман нерсе экенин жалгыз калып,мына эми сезип олтурам.Кундузу жумуш менен алек болуп журо берет экенсин.Кун батып,кугум кирип тан атканча,карангы тун гана болот экен жолдошун.Салима уйдон эч бир буйумун,кала берсе эн жакшы коргон кийимдеринда алып кеткен эмес,аларды коргон сайында,Жарк деп карангы тунду жарыткан Чырактай болуп Салима кирип келип калат деп куто берем......... -Жан эсиниздеби? Кичкинебизде балдар кыздар уй-уй ойночу элек.Биз баарыбыз келин куйоо болуп эки экиден болунуп уй жасап тамак кылган болуп,бирибиздикине бирибиз мейман болуп барып ойночу элек.Сиз чырпыктарды топтоп окообуз учун эн жакшы уйду жасоочу элес.Мен болсо жалбырактар менен уйдун сыртын жапчумун.Уйубуз буткон сон мен сизге -курсагыныз ачкандыр азыр тамак бышып калат десем.Сиз унунузду жоон чыгарып-алида тамагын бышкан жокпу? Бугун озу тамак бересинби мага кемпир деп ачууунузду чыгарып койчусуз.-Азыр, азыр куто турунузчу абышка.аз эле курсагы ачса чыдабай кетет деп айтчумун апама окшоп.Сизда атаныздын создорун айткан болсонуз керек.Куш уясында коргонун кылат дегендей.Уйубуздо уккан создорубузду айтып ойночубуз.Кийин болсо сиз мага жыгачтан курчак жасап берип -Мен бул биздин балабыз сен жаны тородун десениз.Менда кубанып балабызды эркелете баштоочумун. Ар дайым биз балдар кыздар ушентип уй-уй жасап ойногондон тажоочу эмеспиз.Сиз келсениз сиз менен ойноймун деп ардайым сизди кутчумун.Балалык бизди биргана ойнотпой,журогубуздо сезимдерди козгоон турбайбы.Сиз ойлобон Салима никебизден сон гана мени суйуп калды деп.Мен сизди балалыгымдан бери жакшы кором.Эми мен сизге курчак бала эмес,чыныгы бала тороп бергени арзуу кылам...... Ооба Салима сен бул айткан создорун мени балалыгыма кайттарган болуучу. Аруу тазза дилим менин балалыгымда калган экен.Сага уй куруп,сага жыгачтан бала жасап,сен тородун деп айткан менин тазза журогум,ошол окообуз ойногон суунун жеектеринде калыптыр асылым ...
    Салиманын тунук суййсун,тазза журогун ойлоп жатып козум илинип кетиптир.Телефонум катуу чынгыраганынан чочуп ойгонуп кеттим.Туну бир убакытта ким болду экен деп карасам Белек экен.Бир азга жооп бергим келбей туруп,акыры эмнеге туну чалат тынчылык бекен деп алдым.-Кандайсын досум.Билем мага жооп бергинда келбей жатат.Мен болгону сенин абалын кандай экенин билуу учун гана чалып жатам дос.Венара окообуз сен менен Эрмектин бактысы учун колубуздан келгенче жардам бердик.Биз милдет кылбайбыз.Силердей досторго жардам колун сунуу бул биз учун кубаныч.Бирок эн жаманы ортодо куноокер адам болуп калганыбыз. Билал Эрмектин кочурмосу болуп торолгондон бери Венера окобуз ойлоно берип ич этибизди жеп койдук.Билал Эрмектин баласы экенин биз ал торолгондо гана билгенбиз.Мен сагада айткам бала Эрмекке аябай окшойт деп.Чынарада бир ооз бар чындык жонундо мага эмес эн жакын досу Венарагада айтпаган экен.Мен сенин Чынара бир эле убакытта мени мененда Эрмек мененда жашап журуптур деген ойуна кошулбай дос.Чынара андай кыз эмес,Бирок Эрмек зордуктаган болушу мункун.Бирок кайсы убакытта жетишкен билбейсин.Менин ойумча Чынара зордуктаган бала Эрмек экенин билбей калган же таныбай калган. -Эмнеге антип ойлоп жатасын? шек санаган жерин барбы озу? дедим мен.-Чынара зордуктаган бала Эрмек экенин билгенде ага эч качан турмушка чыкпайт болуучу.Чынара Билалды сенин балан болушун каалаган.Ал мага Тилек макул болсо эле болду,экинчи аялы болуп болсо деле жашай берем деп айткан болуучу.Бул жерде чындыкты бир гана Эрмек билет.Сенин апандын номерин менин телефонумдан уурдап алган болушуда мункун.Мен Эрмеккеда каттуу тийдим.Кандайча Эрмек сенин балан болуп калды деп.Ал болсо -Дарыгерлер адашты корунот.Балким кудайымда ушуну каалагандыр. Бала тапкандыкы эмес,баккандыкы деп.Мен озумда куткон эмес болчумун.Эч ким билбеседа сен жакшы билесин Чынара менен мен эмес Тилек жашаган.Чынаранын алсыздыгынан пайдаланып Тилек анын намысын булгаган.Бала менден болгудай эмне сен Чынараны сойку кыз деп ойлойсунбу? Мени мененда Тилек мененда жатып жургон.Жок досум Чынара андай кыз эмес.Ата болуу оной досум аталык кылуу ото кыйын дос. Сенда атасын мени тушунсон болот.Сен менин ордумда болгонунда баланды берет белен.Жок бербейсин.Билал менен Чынараны бири бирисиз элестетуу ото кыйын.Мен бугун баламды жоготсом эртен Чынараны жоготом.Чынара азыркыга чейин Тилек жонундо ойлонот.Мага сездирбеседа Тилек анын журогунун бир торундо жашайт дос.Ошондуктанда мен эч качан алалдын жолугушуусун каалабаймын. Кучагындагы аялдын журогундо эмне бар экенин билбей жашоо канчалык азап экенин билсен керекМагада оной деп ойлобо дос.Андан коро эртерек Тилектин уйлонушуно жардам бер деп калды.Мен болок Эрмекке эч бир соз айта албай калдым Тилек.Мен кобунчо сени куноолочумун. Бирок Эрмек жанымда журуп ушундай иштерди кылды бекен деп тан калып олтура.Сен болсо мени кунолоп жатасын.Акыйкат барибир бир кун билинет.Откондогу создорун мага аябай каттуу тийди.Досундун ит болгону ото жаман.Акыйкат билингенде менден уялып калбасан эле болгону дос.Мен барибир акыйкаттын тубуно жетем,озумду сенин алдында акташ учунда деди Белек.-Досум кечирип кой.Ачуу устундо айтып жибердим дедим........... . Озумда Белек менен Венераны бул иштерге аралашкан деп эч ойлобойм.Бул жерде бир гана Эрмек баарыбызды алдап жургондой сезилет.Бираз куто туралы,кылмыш кырк жылда болсода билинет....... ....
    Мен атам менен апам соз бергеним учунда жаны гана жайлоодон келе баштаган малдардан кабар алганы бардым.Короолордун эскирген жерлерин жамап,кайрадан куруп бир сыйра ремонт кылдым.Карап жаткан Чабан менен кенешип сатылат турганын сатып,жайлоо акыларын жана башка чыгымдарды толодум.Деги койчу кородогу бардык жумуштарды аяктагана арекет кылдым.Кыштын камын коруп,Жем чоп дегендей.Андан сон базарлык кылып алып атам менен апамды коруп кайтым.Канча озумду алдабайын барибир Салиманын уйу болгондуктан да копко олтура албадым.Салима жонундода батынып сурай алганым жок.Кайнатамдардын айылынан кийинки айылга келип калган болчумун.Жол жегинде бир жудогон аял эки чоон сумканы арандан сорго которуп кетип жатыптыр.Артында аралыгы чамамда бир жаштан болгон уч баласы отун судуроп бара жатышат.Балдардын кийген кийимдерида кир,жыртык болгондон боорум оруп дароо эле машинаны токтотум.Атамдын бечераларга садака бер деген созу эсиме келди.-Эже сумкаларыныз оор корунот.Жакын арада турсаныз жеткизип койойун.Балдарынызда кыйналышыптыр дедим.-Ракмат уком.Ас калды жетип алабыз.Ушул эле ортодо турабыз деди жудогон эже.-Эже барибир сизди жеткизип койом.Кун куркуроп келе жатат азыр жамгыр жаайт суу болостор дедим.Эже болсо унчукпай туруп калды.Мен эженин сумкаларын машинамдын артын ачып салдым.Чынын айтсам кутпогон элем Эженин сумкалары тим эле толтуруп ташты салып алгандай оор экен.-Кана чыккылачы балдарым мен силерди уйунорго жеткизип койом деп машинанын эшигин ачсам балдар отундарында таштап кубанышып жугуруп чыгышты.Эже корсоткон жол менен мен аларды жеткизип койдум.Эски тушуп калайын деген эки болмолу уйдо турушат экен.Машинамда бир пачка шириндик бар болуучу алып балдарга болуп бердим.Алар аябай кубанычты.Мени айланчыктап ороп алышып бири чачымдан кармаса,бири колдорумдан сылайт.Балдардын колдору денеме тийген сайын тамырларыма кан жугуруп денеме жан кире баштагандай болду.-Сиздин атыныз ким болот деди ичинен чонурагы -Тилек силердикичи дедим мен.-Менин атым Арстан десе бири меники Мурат дейт.учунчусуда алар менен жарыша менин атым Эмил деди.Балдар менен ойноп конулум ачыла тушконуно кетким келбей турсада эженин жолдошу келип калып,туура эмес тушунуп калбасын деп кетууго камдандым балдар менен коштошуп.Эч кандай айыбы жок балдар коздорун жалдыратышып -дагы качан келес?Качан бизге кант алып келес? дешип жатты.Балдардын конулун кыйа албай -Колум бошосо эле келем балдар.Соссуз келем деп койдум.-Рахмат уком.Балдарымдыда аябай кубантын.Булар атасын эстейда алышпайт.Чон балам жакшы эстеп турчу.Бирок азыр айтпай калды унутуп калган корунот деди менден он жаштай улуу корунгон эже оор ушкуруп.Бул жудогон эженин жузунон арманы коп экени билинип турду.-Айыпка буйрубайс эже,Эмне жолдошунуз каза болуп калганбы? деп сурадым.-Эй уком каза болгондо умутумду узгон болот элем.Уй-жай кылабыз деп Орусияга иштегени кеткен бойдон жок.Башында бир келип кеткен.Ортончу балам колумда эле ошондо.Бир ай туруп эле кетип калган.Ал кеткенден сон билдим кош бойлуу экенимди.Тородум мына быйыл балам торт жашка чыгат кичинеси.Ошодон бери бирда жолу кайтып келген жок.Аз маз акча салып турчу.Уч жылдан бери такыр акчада салбай койду.Ошол жакта озунон он беш жаш чон аялга уйлонуп алган деп угам дегенде эженин коздоруно жаш тегерене тушту.-Мейли эже капа болбон.Бир кун инсап кирип калар дедимда кашологумду ачып бар акчамдын барын эжеге сундум-бул акчаларга балдарынызга кийим кече ,тамак аш алып берин.Буйруса баары жакшы болот.Сабыр кылын дедим.-Кой уком сенинда уй-булон бардыр бала чакан бар.озуно иштет тапканынды. Ушунча жеткизип койгонунада рахмат деди.Эженин албайм дегенинеда болбой кондурдумда -эже жолдошунуз келбесе бул тушуп калайын деген уйдо кантип кыштайсыздар. Эгер каршы болбосонуз тигил коншу айылда менин уйум бар.Бош эле турат.Ошол жерде кыштаныздар. Балдарынызда жаш экен.Колумдан келгенче жардам берип турам дедим.-Рахмат уком ойлонуп коройун деди жудогон эже.Мен уйго карай жол алдым.Коз алдымдан ай мончоктой балдардын элеси кетпей жатты.Баланын жыты аябай башкача болот турбайбы.Жон эле дене бойумду эритип жиберди.Адамдаргада тан калам.Кантип коз мойчоктой болгон балдарын бир кайактагы карыган шум тулку аялга алмаштырат. Соо аял баласындай эркектин уй-булосун бузуп тийбесе керек.Эх эмне болсода ар бир инсанга озго журта ыйман берсин.Сынчынын сынар отугу кыйшык дегендей озум коруп келдим Орусияны,озумда адаштым,эми минтип сында тагып койом бироого.Байкуш жудогон эженин абалын коруп ичим ачышып кетти.Байкуш аялдар балам деп эмнеге кана чыдашпайт.Бала учун ийне менен кудук казышат.Бул эже жудоо корунгону мененда Сабырдуулугу жана дагы кайсы бир жерлери Салимага окшоп кетет экен..... уландысы бар.....
  5. Темасы: Мени туура түшүн алтыным.

    Жазылган күн: 14 Окт 2016

    "Мени туура тушун алтыным!" 23-барак!
    -Апа,апаке алтын апам.Кимге ишенип сиз мени таштап кеттиниз апакем.Апа эмнеге мага айтпай кеттиниз?,Сиз билгез апаке Билал менин балам эмес экенин.Сизге мен менен Чынара жонундогу кабарды ким жеткизип турган болуучу?.Эмне учун оз баланыздан акыйкатты жашырдыныз апаке.Эми эмне кылам апаке.Эн жакын адамдарым мени таштап кетишти.Апа эгер эки карындашым болбогондо, оз омурумду кыймакмын.Эки карындашым гана мени кармап турат апаке.Кантип Салимасыз уйго жалгыз барам апаке.Карындаштарыма эмне деп айтамын.Кантип аларга эн жакшы коргон женеси бизди таштап кеткенин айтып тушундуром апаке.Апа эми кантип тентуштарымдын арасында баш которуп журом апаке.Кантип жашайм озун жол корсот апаке.........Жан дуйномдун кайгы мунун,арманын агызып сай соогумду сыздатып,сызып чыгып жаткан коз жаштарым апамдын мурзосуно тогулду.Туура эле мен биринчи апамдын мурзосуно бардым.Апамдан болок арманымды ким угат озу.Кимгеда айтам кокурогумдун ачуу арманын....... ......... Апам туура айткан экен.Эркек киши жаш баладай болот,аныда балдарынды карагандай ак жууп,ак тара Салима деген эле Салимага.Оо апаке сенден калып жетим бала болгонумду бугун сездим.Салима жок жетим баладан айырмам калган жок.Балам барго жашоо учун курошом деп бар кайгымды ичиме жутуп жашадым.Баламда меники эмес болду апаке........... ........ Канча коп олтурган болсомда ападын башында эч кетким келбей жатты.Карындашым чалып -аке кайсыл жерге келип калдыныздар, тамакда муздай турган болду деп калды.-Келип калдык,коп отпой уйдо болуп калабыз дедим........... ....
    Эки карындашым жана биздин уй-булобуздун эн жакын адамдарынын бири болгон женем мени жалгыз кутуп алышты.Жалгыз келгенимди коруп баарысынын уройлору учуп кетти.Мен балабызды жоготконубузду жана Салима мени таштап кеткенин айтым.Эки карындашым эки жерде олтурушуп алып опколору толуп ыйлашты.Кансин байкуш карындаштарым. Мен уйлонгондон бери менин азабымды мени менен тен тартышып келе жатышат....... ...................
    Бугун оз уйумдо,оз тошогумдо алгачкы жолу Салимасыз жалгыз калдым.Карындашым -аке тошогунузду салып берейин дегенине макул болгонум жок.Себеби мен жалгыз озумо салынган тошокто жаткым келген жок.Коздорумо толгон жашым менен Салима кандай кылып тошок салган болсо ошондой кылып Салима окобузго тошок салдым.Салима мени таштап кеткенин билип турсамда.Журок кургур эч нерсеге ишенбейтда кулакда салбайт туура.Бираз уктабай тур Салима сыртка чыгып кетти,мына-- --= мына....азыр ..азыр келип калат.Коздорунду жумба ,куто тур.Билесинда сен уктай калсан Салима тарынып калат коздорунду жума корбо,сен кандай сагынган болсон,Салимада сени сагынып кечти кутот деп Журогум коздорумо уйку бербей койду.Унумдун барынча бакырып ыйлап -Салима периштем сен ушуну сездин бекен деп кыйкырып ыйлагым келди.Эшик шарт ачылып эле -куто берип ачуунуз чыккан жокпу? Казан табакты жайгаштыргынча ушул убакыт болдуда деп эле Салима сыртан крип келе турган сяктуу эле уламдан улам эшиктен коздорумду узо албадым.Чакырганга келбеген ымдаганга зар болот деген создун канчалык чындык экенин оз башынан мендей откоргон адамчалык эч ким тушунбосо керек.Мен ушул ак тошогумдо канча жолу Салиманы ыйлаттым.Кучагымдагы Салиманы суу жетпеген дарактай куйратып,алыстарда калып кеткен Чынара менен жашадым.Суу перисиндей болуп жанымда жатсада андан озумду алып каччуумун.Журогумдо жалгыз Чынара жана анын курсагындагы балам жашаганы учунда Салиманын жанымда бар жок экени эч бир мени кызыктурчу эмес.Качан гана эркектик делебим козголгондо гана аялым бар экени эсиме тушуп,Салимадан пайдаланып оз кумарымды кандырчу элем.Ошондода сойку кыздардан жиркенгендей, кумарым канганча,бир жолуда Салиманы ооп жыттаганымды эстей албаймын.Ушунчалыкда таш боор,ушунчалыкда мерез адам боломунбу?.Мага бул азаптарда аз озу.Гул турмактугул чопда оспогон таштай болгон конулумдун эшигин Салима озунун сабырдуулугу жана акылдуулугу менен ачты.Какшап калган конулумду гулзарга айландырды. Салиманын менин кучагымда,гулдой солуп тарткан азаптарынын алдында,менин башыма тушкон тагдыр сыноолору,ат менен тоодой айырмасы бар.Мен Салима менен Чынаранын тарткан азаптарынын жарымында тартканым жок.Демек алдыда мени жакшы кундор кутпой жатат.Эки тоонун чобун энсеп журуп ара жолдо олгон аркар мен болдум.Кучагымда гана эмес,тошогумдода аялдын жытыдагы жок калды.Аларды ооп жыттамактугул элесинда таппай калдым......... ...................... ....
    Бардык мени сыздап калсын деп каргашты,Чынараны кош бойлуу абалында таштап кеткеним учун,Бардык мени айыптайт.-Ал менин балам эмес деп Чынараданда, баладанда кечкеним учун.Бардык мени куноолойт оз баламды кайтарып бер дегеним учунда.Эч ким мени уккусу ,эч ким мени тушунгусу келбейт,арманымды айтсам.Мен омурумдо уч катага жол койдум.Бирок тагдыр мени биринчи аял менен апанын ортосуна таштап сынады.Мен аргасыз болдум.Мен апамдын кимдендир оч алуу максаты бар экенин билген эмесмин.Экинчи жолу тагдыр досторумду каршы койду мага.Эрмек менен Белек отунуп суранганы учунда,Эрмектин бактысы учунда,Чынара такыр мен жонундо ойлонбосун, менден бир омурго конулу калсын,мендей болуп,бироонун тошогундо мени ойлоп жатпасын деп дагы баламданда кечип,ушул эркек адам тилге алгыз жаман созду айтым.Эрмектин бактысы учунда.Мен Чынараны бутундой озун Эрмекке арнасын деп ойлогон элем.Бирок мен билген эмес болчумун Эрмектин жаман иштери,арам ойлору бар болгонун.Кантип ал кайсы убакытта жетишкен.Мен Чынаранын намысын булгаганымда Эрмек арактан баш которо албай жургон болуучу Чынаранын куйутундо.Ошондуктанда мен Эрмек менен Белектен болунуп,болок батирге чыккан болчумун.Ошол батирге Чынараны конокко чакырып,ушул баленин баарын баштап жатпаймынбы. Эстедим Чынара окобуздун ортобузда болуп откон иштен кийин,Чынара бир эки жумадан ашык убакыт ичинде телефонун очуруп,менден такыр байланышты узгон.Кийинчелек чалып -менин бойумда бар деп айткан болуучу.Эгер Чынара менен Эрмектин ортосунда бир иш болгон болсо ошол аралыкда болгон.Чынара жаман жолдогу кыз эмес.Мен ага ишенем.Болсо болбосо Эрмек аны зордогон.Эрмек мага -мен оз суйум учун куроштум деп айтты.Демек ал апама мен менен Чынара жонундо жалган жала создорду кошуп жеткизип турган.Чынара окобуздун мамилебизди Белек менен Эрмектен болок эч ким билген эмес.Эмне учун бул жонундо башта ойлонбодум экен.Мен досторума ото каттуу ишенип,Орусияда жакшы жаман кундорубуз чогу болгону учунда,балким уй-буломдо менин агам же иним болбогонунандыр аларды ото каттуу жакшы корчумун.Эми болсо журогум кирдеди.Бирок мен барибир бир кун акыйкаттын тубуно жетем........... .......
    Менин турмушумдагы учунчу катам бул менин оз баламды талашканым. Мен сотко бергеним менен да барибир баланы тартып алалбастыгымды билем.Бирок мен Эрмекти мени тушунот деген ойдо гана айткан болчумун.Дуйнодо баладан айрылуу ото оор экен.Уч жолу баламды жоготконумду коруп,анысы аз келгенсип Салиманында мени таштап кеткенин билген Эрмек мага ичи ачышып бир журок жылытар соз айтар деп умут кылган болчумун.Бир чети Эмне учун Билалдын Эрмекке тамчы суудай окшоп калганын билгим келди.Бул жон эле тагдырдын окшоштугубу же бул жерде кандайдыр бир сыр бар бекен деген элем............. ...........
    Арадан кундор отуп жатты,Мен Салиманы ойлоп,Салиманын элеси менен жашап жаткан болсомда аны издеп барганым жок.Салима кеткени учунбу билбедимго Салиманын атасы таятандын мал мулку деп мага откозуп берген уй жайданда,мал калданда,коро сарайданда, кабар алганым жок.Бир убактары таятамдын озуно,андан сон апама насип этпеген байлык уй жай эми мага буйруйт беле деген ойдо кайнатам менен кайненем канча телефон чалышсада алганым жок.Карындашым сураштырып билиптир Салима атамдардыкына да келбептир.Эмнегедир Чынара жонундода ойлонгум келбей калды.Анда куноо жок экенин билип турсамда.Эмне учун акыйкатты менден жашырды деп журогум кирдей баштады.Ушентип бара бара жакын адамдарындыда унутканга мажбур кылат экенда тагдыр.Озумда баарын унутуп такыр болок жашоону энсей баштадым..... .....
    -Салам досум абалын кандай эмне учун телефонунду которбойсун? Досум сени ойлоп акылымдан адаша жаздадым деди Белек. -Досум.Тагдыр сыноолоруна мен талкаланганым жок.Тескерисинче башыма тушкон иштер мени мурдагыданда кучтуу кылып салды.Ойлоп жаткандырсын арак ичип кетти бекен же дербиш болду бекен деп.Мен Эрмектен коро эрки кучтуу баламын.Аракты тандабаймын. Мен апам учун ушул жолду тандагам.Мындан арыда апамдын создорун эстеп кадам таштайм досум.Досум мен откон омурумду бутундой унутууну чечтим.Махабатымдыда, досторумдуда. Мындан ары эски кундорумду элестетчу эч кимди угууда,корууда максатым жок дедим.-Тилек шашылба,менде эмне куно дос.Баланын атасы мен болуп чыкпаган болсом керек деди Белек.-Сен баарын билгенсин досум.Билип мага жалынгансын Чынарадан да баланданда баш тарткын.Эрмек шордуда бактын тапсын деп.Эгер билсен мен айылга келгенимде апам мага Чынара менен эмне кылып жургонумду, кала берсе балада менден эмес экенин айткан болуучу.Апама кимдир бироо ар бир баскан кадамымды жеткезип турган.Чынара менен менин мамилемди Сен жана Эрмектен болок эч ким билген эмес.Чынаранын бойунда болуп калганын бир гана мен сага айткан болчумун досум.Жалгыз сен Чынара жана мен билгенмин.Досум дагы бир нерсени эсине салып койойун.Мен апамдын атына акча которуп келип акчанын коду жазылган чекти столдун устуно койгон болчумун.Колумду жууп чыкканымча сен апамдын номерин жазып жаткан экенсин.-Досум эмне кылып жатасын десем сен-аяш энемдин номерин жазып койойун,кокус Чынара менен жоголуп кетсен чалып кабар берем деген элен.Эстединби досум дедим -Эсимде бар Тилек ооба жазгам аяш энемдин номерин.-Сенден болок эч кимде менин апамдын номери болгон эмес.Мен Эрмек оконунорго гана ишенип сырымды да ырымдыда айткам.Белек мен акыйкатты билууну каалаймын дедим.-Тилек мен эч нерсе билген эмесмин.Азырда билбейм.Кантип Билал Эрмектин баласы болуп калганынада акылым жетпей жатат деди Белек.-Белек мен эми эч кимге ишенбейм.Эмне учун сен менин бардык сырымды билесинда,Эрмектин сырын билбей каласын.Демек бул арам ишке сенда аралашкансын досум.Башыма тушкон ушунча кайгыда силердинда кунонор бар.Мен кылган куноолорумду башыма таш келип тийгенде билдим жана сездим.Ошол менин башымды жарып кеткен таш сенин башына барып тийе электе бар акыйкатты мага айт же билип бер.Акыйкатты билмейинче сенида кунолой берем досум дедимда телефонумду очурдум.Белек кунолуу жандай ойлонгончо калды.......
    Женем байкуш -бала уйлонушунуз керек.Чон карындашынызда бойго жетип калды.Ал жактан,бул жактан айткыскандар коп.Озунунда суйлошуп жургон жигити бар корунот.Салима келбейт турган корунот.Карындашыныздында ашык кемин кылып эне ордуна эне болуп бироо узатыш керек.Жалгыздык жаманго деди.-Жене озумда ойлонуп журом.Бираз шашылбай турунуздар. Убактысы келер.Мага турмушка чыгар келинда табылып калар дедим.-Уйдон эле чыкпасаныз сизди издеп кыздар келет беле.Эмнеге келин алам дейс.Акчасы бар чалдаргада бойдок кыздар тийип жатпайбы.Алардын алдында сиз гулдойсуз бала.Сизге бала тороп бере турган,ден соолугу кучтуу,бут жагынан бышып жетилген 23-жаштан 25-жашка чейинки кыздардан керек.Ошол жаштагы кыздардын бойуна тез бутот деди женем.Женем менен соз тартышкандын пайдасы жок экенин билгеним учунда кулуп эле кутулдум.А женем болсо -бала сизго шашылбайс.Карындашыныздын жигити атам менен апамды жонотом деп шаштырып жатат.Карындашыныз болсо акем уйлонбойунча кантип турмушка чыгам,мен кетсем синдимда жалгыз калат.Акем ал жак бул жакка кеткенде.Акем эртерек уйлонсо жакшы болмок.Озуда аябай жудоп кыйналып кетти деп сыгылып журот бала.Кызбалага оной эмес бала.Сиз бактылуу болсонуз карындашынызда кулуп ушул уйдон турмушка чыгат деди.Мен макул дегендей баш ийкеп койдум.Эх жашоонун мыйзамы ушул экенда катын барда,конул болбогон,эми конул болсо катын жок.............
    Коптон бери кылам деп жургон болчумун,бирок колум бошобой жаткан.Бош калганымдан пайдаланып уйдо курулушту баштадым.Иштеп жатсам кайненем менен кайнатам келип калышты.Кутпогон болчумун.Эмне кылуунуда билбей туруп калдым......... .. уландысы бар....

Достору

Perishte96 Досторду кошо элек

Комментарийлер

Perishte96 ге комментарий жазыла элек. "Кандайсың" деп жазып койбойлубу?


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 20 Июл 2025 03:06

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: